Редакцияот 12.08.2015
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ѲКМѲТY

ТОКТОМ

2015-жылдын 12-августу № 569

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2001-жылдын 21-ноябрындагы № 721 "Кыргыз Республикасында кызматтык жана граждандык куралдарды жана алардын ок-дарыларын жүгүртүү эрежелерин бекитүү жөнүндө" токтомуна толуктоо киргизүү тууралуу

"Курал жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 8-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2001-жылдын 21-ноябрындагы № 721 "Кыргыз Республикасында кызматтык жана граждандык куралдарды жана алардын ок-дарыларын жүгүртүү эрежелерин бекитүү жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй толуктоо киргизилсин:

- жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасында кызматтык жана граждандык куралдарды жана алардын ок-дарыларын жүгүртүү эрежелеринде:

10-пункт төмөнкүдөй мазмундагы абзац менен толукталсын:

"Билим берүү уюмдарынын, саламаттык сактоо, коомдук тамактануу уюмдарынын аймактарында, ошондой эле мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жайгашкан имараттарда граждандык, кызматтык куралдарды жана алардын ок-дарыларын сатууга тыюу салынат.".

2. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

 

Премьер-министр

Т.А. Сариев