Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ѲКМѲТY
ТОКТОМ
2015-жылдын 13-августу № 573
2014-жылдын 10-октябрында Минск шаарында кол коюлган 2012-жылдын 5-декабрындагы Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине катышуучу мамлекеттердин финансылык чалгындоо бөлүмдөрүнүн Жетекчилер кеңешин түзүү жөнүндө макулдашууга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
протоколду бекитүү жөнүндө
“Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 18-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 2014-жылдын 10-октябрында Минск шаарында кол коюлган 2012-жылдын 5-декабрындагы Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине катышуучу мамлекеттердин финансылык чалгындоо бөлүмдөрүнүн Жетекчилер кеңешин түзүү жөнүндө макулдашууга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу протокол бекитилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин Аткаруу комитетине жогоруда аталган Протоколдун күчүнө кириши үчүн зарыл болгон мамлекет ичиндеги жол-жоболорду Кыргыз Республикасынын аткаргандыгы жөнүндө белгиленген тартипте кабарласын.
3. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Премьер-министр | Т.А. Сариев |