ТоктомКүчүндө

КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 13-августундагы № 573 «2014-жылдын 10-октябрында Минск шаарында кол коюлган 2012-жылдын 5-декабрындагы Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине катышуучу мамлекеттердин финансылык чалгындоо бөлүмдөрүнүн Жетекчилер кеңешин түзүү жөнүндө макулдашууга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу протоколду бекитүү жөнүндө» токтому

Редакция13.08.2015 редакциясы
Жүктөө .docx
Бул документ орус тилинде да барОрусча
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ѲКМѲТY

ТОКТОМ

2015-жылдын 13-августу № 573

2014-жылдын 10-октябрында Минск шаарында кол коюлган 2012-жылдын 5-декабрындагы Көз карандысыз Мамлекеттер  Шериктештигине катышуучу мамлекеттердин финансылык чалгындоо бөлүмдөрүнүн Жетекчилер кеңешин түзүү жөнүндө макулдашууга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу

протоколду бекитүү жөнүндө

 

“Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 18-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. 2014-жылдын 10-октябрында Минск шаарында кол коюлган 2012-жылдын 5-декабрындагы Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине катышуучу мамлекеттердин финансылык чалгындоо бөлүмдөрүнүн Жетекчилер кеңешин түзүү жөнүндө макулдашууга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу протокол бекитилсин.

2. Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин Аткаруу комитетине жогоруда аталган Протоколдун күчүнө кириши үчүн зарыл болгон мамлекет ичиндеги жол-жоболорду Кыргыз Республикасынын аткаргандыгы жөнүндө белгиленген тартипте кабарласын.

3. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

 

Премьер-министр

Т.А. Сариев