Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ѲКМѲТY
ТОКТОМ
2015-жылдын 17-августу № 578
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 20-февралындагы № 128 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын маселелери жөнүндө" токтомуна өзгөртүү жана толуктоо киргизүү тууралуу
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 90-беренесине, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 20-февралындагы № 128 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын маселелери жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү жана толуктоо киргизилсин:
- жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматы жөнүндө жободо:
1-пунктундагы "ошондой эле кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо" деген сөздөр "кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо, ошондой эле Калктын бирдиктүү мамлекеттик реестрин түзүү, сактоо жана актуалдаштыруу" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
7-пунктунун "г" пунктчасы төмөнкүдөй мазмундагы бешинчи абзац менен толукталсын:
"- шайлоочуларды эсепке алуу тутумун колдонуу менен шайлоочулардын маалыматтарынын - алардын биометрикалык жана жеке маалыматтарынын негизинде шайлоочулардын тизмесин түзөт жана шайлоочулардын электрондук тизмесинде жарандарды идентификациялоону жүргүзөт;".
2. Ушул- токтом расмий жарыяланган күндөн он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Премьер-министр | Т.А. Сариев |