ТоктомКүчүндө

КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 17-августундагы № 578 «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 20-февралындагы № 128»Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын маселелери жөнүндө«токтомуна өзгөртүү жана толуктоо киргизүү тууралуу» токтому

Редакция17.08.2015 редакциясы
Жүктөө .docx
Бул документ орус тилинде да барОрусча
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ѲКМѲТY

ТОКТОМ

2015-жылдын 17-августу № 578

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 20-февралындагы № 128 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын маселелери жөнүндө" токтомуна өзгөртүү жана толуктоо киргизүү тууралуу

Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 90-беренесине, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 20-февралындагы № 128 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын маселелери жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү жана толуктоо киргизилсин:

- жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматы жөнүндө жободо:

1-пунктундагы "ошондой эле кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо" деген сөздөр "кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо, ошондой эле Калктын бирдиктүү мамлекеттик реестрин түзүү, сактоо жана актуалдаштыруу" деген сөздөр менен алмаштырылсын;

7-пунктунун "г" пунктчасы төмөнкүдөй мазмундагы бешинчи абзац менен толукталсын:

"- шайлоочуларды эсепке алуу тутумун колдонуу менен шайлоочулардын маалыматтарынын - алардын биометрикалык жана жеке маалыматтарынын негизинде шайлоочулардын тизмесин түзөт жана шайлоочулардын электрондук тизмесинде жарандарды идентификациялоону жүргүзөт;".

2. Ушул- токтом расмий жарыяланган күндөн он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

 

Премьер-министр

Т.А. Сариев