Загрузка документа…
КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 14-мартындагы № 120 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ѲКМѲТY
ТОКТОМ
2015-жылдын 19-августу № 583
Укук коргоо органдарынын кызматкерлерин, Куралдуу Күчтөрдүн жана мамлекеттик органдардын башка аскердик түзүлүштөрүнүн аскер кызматчыларын турак жай менен камсыз кылуу жөнүндө
(КР Ѳкмѳтγнγн 2015-жылдын 27-октябры № 738 токтомдун редакциясына ылайык)
Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Баңгизаттарды контролдоо боюнча мамлекеттик кызматынын кызматкерлерин, Куралдуу Күчтөрдүн жана мамлекеттик органдардын башка аскердик түзүлүштөрүнүн аскер кызматчыларын кызматтык батирлер менен камсыз кылуу максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Баңгизаттарды контролдоо боюнча мамлекеттик кызматынын кызматкерлери, Куралдуу Күчтөрдүн жана мамлекеттик органдардын башка аскердик түзүлүштөрүнүн аскер кызматчылары үчүн Ош шаарында "Манас-Ата" кичи району, И.Раззаков көчөсү, 46 "А"; "Достук" кичи району, Макаренко көчөсү, н/ж дареги боюнча жайгашкан турак үйлөрдөгү батирлерди ушул токтомдун тиркемесине ылайык бөлүштүрүү бекитилсин.
2. Ушул токтомдун 1-пунктунда аталган мамлекеттик органдардын жетекчилери:
- ушул токтомдун тиркемесинде аталган батирлерди баланска кабыл алышсын;
- ушул токтомдун тиркемесинде аталган кызматтык батирлерди алуучу адамдардын тизмесин түзүү жана бекитүү үчүн ведомстволук комиссияларды түзүшсүн;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык кызматкерлерге кызматтык батирлерди берүүнү камсыз кылышсын.
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 15-июлундагы № 495 "Ош шаарынын мэриясынын муниципалдык менчигине объекттерди өткөрүп берүү жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
- жогоруда аталган токтомдун тиркемесиндеги 19 жана 20-пункттар күчүн жоготту деп таанылсын.
4. Ушул токтом расмий жарыяланууга тийиш жана 2015-жылдын 15-июлунан тартып күчүнө кирет.
5. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын коргоо, укуктук тартип жана өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнө жана социалдык өнүктүрүү бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр | Т.А. Сариев |
Тиркеме
Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Баңгизаттарды контролдоо боюнча мамлекеттик кызматынын кызматкерлери, Куралдуу Күчтөрдүн жана мамлекеттик органдардын башка аскердик түзүлүштөрүнүн аскер кызматчылары үчүн Ош шаарында "Манас-Ата" кичи району, И.Раззаков көчөсү, 46 "А"; "Достук" кичи району, Макаренко көчөсү н/ж, Моторная кѳчѳсγ, 8 дареги боюнча жайгашкан турак үйлөрдөгү батирлерди БӨЛҮШТҮРҮҮ
(КР Ѳкмѳтγнγн 2015-жылдын 27-октябры № 738 токтомдун редакциясына ылайык)
№ | Мамлекеттик органдар | Батирлердин саны | Анын ичинде | Дареги | ||
бир бөлмөлүү | эки бөлмөлүү | үч бөлмөлүү | ||||
1 | Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги | 60 | 20 | 10 | 10 | "Манас-Ата" кичи району, И.Раззаков көч., 46 "А" |
5 | 10 | 5 | ||||
2 | Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлиги | 33 | 15 | 9 | 9 | "Манас-Ата" кичи району, И.Раззаков көч., 46 "А" |
3 | Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги | 15 | 5 | 5 | 5 | "Достук" кичи району, Макаренко көч. н/ж |
4 | Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик улуттук коопсуздук комитети | 30 | 7 | 13 | 10 | "Достук" кичи району, Макаренко көч. в/ж, "Манас-Ата" кичи району, И.Раззаков көч., 46 "А" |
5 | Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек ара кызматы | 33 | 15 | 9 | 9 | "Манас-Ата" кичи району, И.Раззаков көч. 46 "А" |
6 | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Баңгизаттарды контролдоо боюнча мамлекеттик кызмат | 10 | 4 | 3 | 3 | "Достук" кичи району, Макаренко көч. и/ж |
7 | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматы | 11 | 4 | 3 | 4 | "Достук" кичи району, Макаренко көч. н/ж |
8 | Кыргыз Республикасынын Улуттук гвардиясы | 14 | 10 | 2 | 2 | “Манас-Ата” кичи району, И.Раззаков кѳч., № 46 “А” |
Жыйынтыгы: | 206 | 85 | 64 | 57 |
| |