КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ѲКМѲТY
ТОКТОМ
2015-жылдын 19-августу № 588
2015-жылдын 28-апрелинде Москва шаарында кол коюлган 2009-жылдын 11-декабрындагы кыйыр салыктардын төлөнгөн суммалары жөнүндө Евразия экономикалык союзунун мүчө мамлекеттеринин салык органдарынын ортосундагы маалыматтарды электрондук түрдө алмашуу тууралуу протоколго Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматынын кошулуусу жөнүндө протоколду бекитүү тууралуу
Мамлекеттик ички жол-жоболорду аткаруу максатында, "Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 2015-жылдын 28-апрелинде Москва шаарында кол коюлган 2009-жылдын 11-декабрындагы кыйыр салыктардын төлөнгөн суммалары жөнүндө Евразия экономикалык союзунун мүчө мамлекеттеринин салык органдарынын ортосундагы маалыматтарды электрондук түрдө алмашуу тууралуу протоколго Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматынын кошулуусу жөнүндө протокол бекитилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги Евразия экономикалык комиссиясына аталган Протоколдун күчүнө кириши үчүн зарыл болгон мамлекеттик ички жол-жоболорду Кыргыз Республикасынын аткаргандыгы жөнүндө белгиленген тартипте кабарласын.
3. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын финансы жана кредит саясаты бөлүмүнө жүктөлсүн.
4. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Премьер-министр | Т.А. Сариев |