Загрузка документа…
КР Ѳкмѳтγнγн
2015-жылдын 3-декабры № 829
токтомуна ылайык
кγчγн жоготту
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ѲКМѲТY
ТОКТОМ
2015-жылдын 20-августу № 592
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1998-жылдын 24-августундагы № 560 "Аскердик, атайын жана ведомстволук форма кийимдерди кийип жүрүүнү тартипке келтирүү жөнүндө" токтомуна толуктоо киргизүү тууралуу
Кийимдин атайын жана ведомстволук формаларын кийип жүрүүнү тартипке келтирүү максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1998-жылдын 24-августундагы № 560 "Аскердик, атайын жана ведомстволук форма кийимдерди кийип жүрүүнү тартипке келтирүү жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй толуктоо киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кызматкерлери аскердик, атайын жана ведомстволук форма кийим кийип жүрүүгө укугу бар Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын убактылуу тизмесинде:
- "Ведомстволук форма кийими" бөлүмү "Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин алдындагы Салмак-габариттик контролдоо департаменти" деген позиция менен толукталсын.
2. Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин алдындагы Салмак-габариттик контролдоо департаментинин кызматкерлеринин ведомстволук форма кийимин сатып алуу менен байланышкан чыгымдары учурдагы жана кийинки жылдарга республикалык бюджетте каралган каражаттардын чегинде сарпталаары белгиленсин.
3. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын курулуш, транспорт жана коммуникациялар бөлүмүнө жүктөлсүн.
4. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Премьер-министр | Т.А. Сариев |