Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ѲКМѲТY
ТОКТОМ
2015-жылдын 20-августу № 594
Жергиликтүү мамлекеттик администрация жөнүндө типтүү жобону бекитүү тууралуу
"Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине, "Жергиликтүү мамлекеттик администрация жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 4 жана 5-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жергиликтүү мамлекеттик администрация жөнүндө типтүү жобо тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Райондордун мамлекеттик администрацияларынын башчылары - акимдер:
- ушул токтомдун 1-пунктунда аталган Жергиликтүү мамлекеттик администрация жөнүндө типтүү жобонун негизинде жергиликтүү мамлекеттик администрация жөнүндө жоболорду иштеп чыксын жана бекитсин;
- ушул токтомдон келип чыгуучу зарыл болгон чараларды көрүшсүн;
- өзүнүн чечимдерин ушул токтомго ылайык келтиришсин.
3. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын уюштуруу-инспектордук иштер жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу бөлүмүнө жүктөлсүн.
4. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Премьер-министр | Т.А. Сариев |