Загрузка документа…
Тиркеме
|
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 20-августундагы № 594 токтому менен бекитилген |
Жергиликтүү мамлекеттик администрация жөнүндө ТИПТҮҮ ЖОБО
(КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 2-октябрындагы № 636 токтомунун редакциясына ылайык)
1. Жалпы жоболор
1. Жергиликтүү мамлекеттик администрация райондун аймагында Кыргыз Республикасынын министрликтеринин, мамлекеттик комитеттеринин, административдик ведомстволорунун жана башка мамлекеттик органдарынын аймактык бөлүнүштөрүнүн макулдашылган иштерин, алардын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен өз ара аракеттенүүсүн камсыз кылуучу жана берилген функциялар жана ыйгарым укуктар боюнча алардын иштерине мамлекеттик контроль жүргүзүүчү аткаруу бийлигинин мамлекеттик органы болуп саналат.
2. Жергиликтүү мамлекеттик администрациянын ишинин укуктук негизин Кыргыз Республикасынын Конституциясы, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамы, "Жергиликтүү мамлекеттик администрация жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы, Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актылары, ошондой эле ушул Типтүү жобо (мындан ары - Жобо) түзөт.
3. Жергиликтүү мамлекеттик администрация юридикалык жактын статусуна ээ, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик гербинин сүрөтү түшүрүлгөн, мамлекеттик жана расмий тилдерде өзүнүн аталышы жазылган мөөрү бар.
2. Жергиликтүү мамлекеттик администрациянын негизги милдеттери жана функциялары
4. Жергиликтүү мамлекеттик администрациянын негизги милдеттери болуп төмөнкүлөр саналат:
1) аймакты социалдык-экономикалык өнүктүрүү программаларын иштеп чыгуу, бекитүү жана аткаруу;
2) райондун тиешелүү аймагында министрликтердин, мамлекеттик комитеттердин, административдик ведомстволордун жана башка мамлекеттик органдардын аймактык бөлүнүштөрүнүн макулдашылган ишин камсыздоо;
3) өз ыйгарым укуктарынын чегинде жарандардын жана жергиликтүү коомчулуктун укуктарын жана мыйзам менен корголуучу кызыкчылыктарын камсыз кылуу;
4) жарандык коргонуу жаатындагы иш-чараларды координациялоону камсыз кылуу жана ишке ашыруу;
5) жергиликтүү мамлекеттик администрациянын ишин уюштуруучулук, укуктук, маалыматтык-аналитикалык жактан камсыздоо.
(КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 2-октябрындагы № 636 токтомунун редакциясына ылайык)
5. Милдеттерди аткаруу максатында жергиликтүү мамлекеттик администрация төмөнкү негизги функцияларды ишке ашырат:
- административдик-аймактык бирдиктин чегинде региондук жана аймактык программаларды ишке ашырат;
- жергиликтүү мамлекеттик администрациянын компетенциясына кирген маселелер боюнча мамлекеттик бийлик органдарынын аймактык органдары, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, ишканалар, уюмдар жана мекемелер, эл аралык уюмдар, жалпыга маалымдоо каражаттары менен жергиликтүү мамлекеттик администрациянын өз ара аракеттенүүсүн уюштурат жана камсыз кылат;
- облустагы жергиликтүү мамлекеттик администрациянын Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн облустагы ыйгарым укуктуу өкүлү менен өз ара аракеттенүүсүн уюштурат жана камсыз кылат;
- жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен өз ара аракеттенүүнү уюштурат жана камсыз кылат;
- жергиликтүү мамлекеттик администрациянын карамагына кирген маселелер боюнча маалыматтык-аналитикалык ишти уюштурат жана жүргүзөт;
- мамлекеттик чек араны кайтаруу жана анын режимин камсыз кылууда көмөк көрсөтүү боюнча иш жүргүзөт;
- ишкердикти колдоо чөйрөсүндө иш-чараларды ишке ашырат;
- жаныбарлар дүйнөсүн коргоо, пайдалануу жана көбөйтүү жагындагы функцияларды ишке ашырат;
- мобилизациялык даярдык жана мобилизация маселелери боюнча иш-чараларды өткөрөт;
- коргоо жана аскер кызматчыларын, аскер кызматынан бошотулган адамдарды жана алардын үй-бүлө мүчөлөрүн социалдык-укуктук коргоо жаатындагы Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын жана башка ченемдик укуктук актылардын аткарылышын камсыз кылат;
- терроризмге каршы аракеттенүүнү жүзөгө ашыруучу субъекттерге тиешелүү колдоо көрсөтүшөт;
- экологиялык программаларды иштеп чыгууга жана айлана-чөйрөнү коргоо боюнча чараларды ишке ашырууга катышат жана мамлекеттик бийликтин жергиликтүү органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишин жөнгө салуучу мыйзамдарга ылайык иш алып барат;
- жайыттардын чек араларын белгилөө боюнча комиссия түзөт;
- өз компетенциясынын чегинде укук бузуулардын алдын алууга багытталган чараларды тиешелүү аймактарда ишке ашырат;
- мыйзамдардын чегинде жергиликтүү мамлекеттик администрациянын ыйгарым укуктарын камсыз кылууга зарыл болгон башка функцияларды аткарат.
3. Жергиликтүү мамлекеттик администрациянын министрликтер, мамлекеттик комитеттер жана административдик ведомстволор жана алардын аймактык бөлүнүштөрү менен өз ара аракеттенүүсүнүн тартиби
6. Жергиликтүү мамлекеттик администрациянын министрликтер, мамлекеттик комитеттер жана административдик ведомстволор жана алардын аймактык бөлүнүштөрү менен өз ара аракеттенүүсү төмөнкү маселелер боюнча ишке ашырылат:
- аймактын экономикасын өнүктүрүү;
- айыл чарбасын өнүктүрүү;
- суу ресурстарын өнүктүрүү;
- мамлекеттик чек араны кайтарууга көмөк көрсөтүү;
- ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздукка көмөк көрсөтүү;
- экологиялык жана техникалык коопсуздукка көмөк көрсөтүү;
- салыктарды жана башка жалпы милдеттүү төлөмдөрдү чогултууну уюштуруу;
- коомдук тартипти коргоо жана укук бузуулардын алдын алуу;
- калкты социалдык жактан коргоо;
- билим берүү, маданият, туризм жана массалык спорт системасын өнүктүрүү;
- калкты иш менен камсыз кылуу;
- аймактардын инфратүзүмдөрүн өнүктүрүү;
- ишкердик чөйрөсүн колдоо;
- жайыттардын чек арасын белгилөөнү камсыз кылуу;
- тиешелүү аймакта этностор аралык кагылышуулардын алдын алуу жана алдын болтурбоо;
- жер казынасын пайдалануу;
- жарандык коргонуу;
- жерлерди которуу (трансформациялоо);
- айлана-чөйрөнү коргоо;
- жарандардын саламаттыгын сактоо.
(КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 2-октябрындагы № 636 токтомунун редакциясына ылайык)
7. Жергиликтүү мамлекеттик администрация министрликтер, мамлекеттик комитеттер, административдик ведомстволор жана алардын аймактык бөлүнүштөрү (мындан ары - мамлекеттик органдар) менен Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларында каралган башка маселелер боюнча өз ара аракеттенет.
8. Жергиликтүү мамлекеттик администрациянын ыйгарым укуктарын ишке ашыруу үчүн башка мамлекеттик органдардан маалымат, корутунду алуу, экспертиза жүргүзүү талап кылынган учурларда жергиликтүү мамлекеттик администрация аларга жазуу жүзүндө суроо-талап менен кайрылууга укуктуу.
9. Маалымат, корутунду берүү, экспертиза жүргүзүү жана башка документти берүү тууралуу кайрылууну алган мамлекеттик орган Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте тиешелүү жоопту берет.
10. "Кызматтык пайдалануу үчүн" (КПҮ) маалыматтарды камтыган маалыматтарды берүү, "КПҮ" документтер менен иштөө тартиби жөнүндө ченемдик укуктук актыларга ылайык ишке ашырылат.
11. Ыйгарым укуктарды ишке ашырууда тиешелүү маселелерди чечүү үчүн мамлекеттик органдардын жетекчилеринин биргелешкен чечими менен ведомстволор аралык жумушчу топтор түзүлүшү мүмкүн.
12. Аткаруучу-тескөөчү иштердин кыйла маанилүү маселелерин кароо үчүн жергиликтүү мамлекеттик администрацияда консультативдик-кеңешүүчү орган - коллегия түзүлөт. Коллегиянын курамына райондун мамлекеттик администрациясынын башчысы - аким, анын орун басарлары жана райондун мамлекеттик администрациясынын башчысы - аким тарабынан аныкталуучу мамлекеттик органдардын башка кызмат адамдары кирет.
4. Жергиликтүү мамлекеттик администрациянын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен өз ара аракеттенүү тартиби
13. Жергиликтүү мамлекеттик администрациянын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен өз ара аракеттенүүсү жергиликтүү өз алдынча башкаруу чөйрөсүндөгү мыйзамдарга ылайык ишке ашырылат.
5. Жергиликтүү мамлекеттик администрациянын түзүмү жана штаты
14. Жергиликтүү мамлекеттик администрациянын түзүмү жана штаты Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилет.
15. Райондун мамлекеттик администрациясынын башчысы - аким өзүнүн орун басарларынын ортосунда милдеттерди бөлүштүрөт, ошондой эле жергиликтүү мамлекеттик администрациянын түзүмдүк бөлүнүштөрү жөнүндө жоболорду бекитет.
16. Жергиликтүү мамлекеттик администрациянын түзүмдүк бөлүнүштөрү өз иштерин бири-бири менен тыгыз байланышта жүргүзүшөт.
17. Жергиликтүү мамлекеттик администрациянын кызматкерлери мамлекеттик кызмат жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык мамлекеттик кызматчылар болуп саналат.
18. Ушул Жободо жана жергиликтүү мамлекеттик администрациянын тиешелүү түзүмдүк бөлүнүштөрү жөнүндө жоболордо аныкталган компетенциянын чегинде жергиликтүү мамлекеттик администрациянын жооптуу кызматкерлери аймактык мамлекеттик жана башка органдар, ошондой эле жарандар менен болгон мамилелерде анын ыйгарым укуктуу өкүлдөрү болуп саналат.
19. Өз иштеринин маселелери боюнча жергиликтүү мамлекеттик администрациянын кызматкерлери аткаруу бийлигинин аймактык бөлүнүштөрүнүн жетекчилери жана башка кызмат адамдары тарабынан токтоосуз кабыл алуу укугун, ошондой эле кызматтык милдеттерин аткарууда кызматтык күбөлүгүн көрсөтүү менен бардык аймактык мамлекеттик органдарга, мамлекеттик ишканаларга, мекемелерге жана уюмдарга тоскоолдуксуз кирүү укугун пайдаланышат.
20. Жергиликтүү мамлекеттик администрациянын кызматкерлери Кыргыз Республикасынын эмгек мыйзамдарына жана мамлекеттик кызмат чөйрөсүндөгү мыйзамдарына ылайык өз укуктарын ишке ашырышат, милдеттерин аткарышат жана жоопкерчилик тартышат.
6. Башка жоболор
21. Жергиликтүү мамлекеттик администрациянын ишин финансылык, материалдык-техникалык камсыздоо Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте ишке ашырылат.
22. Жергиликтүү мамлекеттик администрацияны кайра уюштуруу же жоюу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жүргүзүлөт.