Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ѲКМѲТY
ТОКТОМ
2015-жылдын 21-августу № 598
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 30-августундагы № 601 "Мектепке чейинки билим берүүчү уюмдарга барбаган балдарды мектепке даярдоо жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоо киргизүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2013-жылдын 21-январындагы № 11 Жарлыгы менен бекитилген 2013-2017-жылдардын мезгилине Кыргыз Республикасын туруктуу өнүктүрүүнүн Улуттук стратегиясын ишке ашыруу, балдарды мектепке окутууга карата психологиялык-педагогикалык даярдыгынын деңгээлин жогорулатуу максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 30-августундагы № 601 "Мектепке чейинки билим берүүчү уюмдарга барбаган балдарды мектепке даярдоо жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоо киргизилсин:
- 1-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"1. Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги 2015-жылдын 1-сентябрынан тартып республиканын жалпы билим берүүчү мектептеринин базасында 480 сааттык программа боюнча мектепке чейинки билим берүүчү уюмдарга барбаган балдарды мектепке даярдоону ишке ашырсын.";
1-пункттун үчүнчү абзацы күчүн жоготту деп таанылсын;
- 2-пунктта:
экинчи абзацтагы "240 саат" деген цифралар жана сөз "480 саат" деген цифралар жана сөз менен алмаштырылсын;
үчүнчү абзацтагы "жумасына 18 саат" деген сөздөр жана цифралар "32 жума, жумасына 15 саат" деген цифралар жана сөздөр менен алмаштырылсын;
төртүнчү абзацтагы "20" деген цифралар "30га чейин" деген цифралар жана сөз менен алмаштырылсын;
- 3-пункттагы "ылайык" деген сөздөн кийин "баштапкы класстарда сабак берген мугалимдин" деген сөздөр менен толукталсын;
- 4-пункттагы "социалдык жана гуманитардык өнүктүрүү бөлүмүнө" деген сөздөр "билим берүү, маданият жана спорт бөлүмүнө" деген сөздөр менен алмаштырылсын.
2. Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги Кыргыз Республикасынын республикалык бюджетинде министрликке каралган каражаттардын чегинде 2015-жылы 40779100 (кырк миллион жети жүз жетимиш тогуз миң бир жүз) сом мектепке чейинки билим берүүчү уюмдарга барбаган балдарды мектепке даярдоого жумшасын.
3. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги "Кыргыз Республикасынын 2016-жылга республикалык бюджети жана 2017-2018-жылдарга болжолу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун даярдоодо мектепке чейинки билим берүүчү уюмдарга барбаган балдарды мектепке даярдоо үчүн Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигине 40000000 (кырк миллион) сом өлчөмүндөгү каражатты караштырсын.
4. Ушул токтом расмий жарыяланууга тийиш жана 2015-жылдын 1-сентябрынан тартып күчүнө кирет.
Премьер-министр | Т.А. Сариев |