Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН
ТОКТОМУ
2012-жылдын 30-августу № 601
Мектепке чейинки билим берүүчү уюмдарга барбаган балдарды мектепке даярдоо жөнүндө
(КР Ѳкмѳтγнγн 2015-жылдын 21-августу № 598, 2016-жылдын 27-апрелиндеги № 216 токтомдун редакциясына ылайык)
"Мектепке чейинки билим берүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 3-беренесине жана 6-беренесинин 2-бөлүгүнө ылайык, башталгыч мектептерде балдарды окутуу үчүн бирдей старттык мүмкүнчүлүктөрдү түзүү максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги 2015-жылдын 1-сентябрынан тартып республиканын жалпы билим берүүчү мектептеринин базасында 480 сааттык программа боюнча мектепке чейинки билим берүүчү уюмдарга барбаган балдарды мектепке даярдоону ишке ашырсын.
- республиканын жалпы билим берүүчү мектептеринин базасында мектепке чейинки билим берүүчү уюмдарга барбаган балдарды мектепке даярдоону ишке ашырсын;
- (КР Ѳкмѳтγнγн 2015-жылдын 21-августу № 598 токтомуна ылайык кγчγн жоготту)
(КР Ѳкмѳтγнγн 2015-жылдын 21-августу № 598 токтомдун редакциясына ылайык)
2. Мектепке чейинки билим берүүчү уюмдарга барбаган балдарды мектепке даярдоо төмөнкү ченемдерге ылайык келиши керек:
- жылдык жүктөмдүн көлөмү - 480 саат;
- программанын узактыгы – 32 жума, жумасына 15 саат;
- топтордун толукталышы – 30га чейин адам.
(КР Ѳкмѳтγнγн 2015-жылдын 21-августу № 598 токтомдун редакциясына ылайык)
2-1. Ар бир мугалимге мектепке чейинки билим берүүчү уюмдарга барбаган балдарды республиканын жалпы билим берүүчү мектептеринин базасында мектепке даярдоо программасы боюнча даярдоочу топтордо жумасына 15 саат иштеген окутуучулук иши үчүн сабакка даярданууга 1,5 саат убакыт берилет.
(КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 27-апрелиндеги № 216 токтомунун редакциясына ылайык)
3. Мектепке чейинки билим берүүчү уюмдарга барбаган балдарды мектепке даярдоону ишке ашырган мугалимдердин эмгек акысын төлөө республиканын жалпы билим берүүчү мектептердин базасында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 19-январындагы № 18 "Билим берүү уюмдарынын кызматкерлерине эмгек акы төлөөнүн жаңы шарттарын киргизүү жөнүндө" токтомунун 1-тиркемесине ылайык баштапка класстарда сабак берген мугалимдин бир сааттык окутуучулук иш үчүн саатына карата эмгек акы төлөөнүн өлчөмүнө жараша жүргүзүлөт.
(КР Ѳкмѳтγнγн 2015-жылдын 21-августу № 598 токтомдун редакциясына ылайык)
4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын социалдык жана гуманитардык өнүктүрүү бөлүмүнө билим берγγ, маданият жана спорт бѳлγмγнѳ жүктөлсүн.
(КР Ѳкмѳтγнγн 2015-жылдын 21-августу № 598 токтомдун редакциясына ылайык)
5. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Премьер-министринин милдетин аткаруучу |
Ө. Бабанов |