Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН АТЫНАН КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ СОТУНУН КОНСТИТУЦИЯЛЫК ПАЛАТАСЫНЫН
ЧЕЧИМИ
2020-жылдын 16-декабры
Нурбек Акбарович Токтакуновдун кайрылуусуна байланыштуу Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексинин 293-беренесинин 5-бөлүгүнүн конституциялуулугун текшерүү жөнүндө иш боюнча
Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы:
төрагалык кылуучу - К.А.Дуйшеев, судьялар: М.Р.Бобукеева, Л.П.Жумабаев, М.Ш.Касымалиев, К.Дж.Кыдырбаев, Э.Ж.Осконбаев, Ж.И.Саалаев, Ж.А.Шаршеналиевдин курамында, катчы Ж.А. Лобанованын,
кайрылуучу тарап - Нурбек Акбарович Токтакунов жана анын ишеним кат боюнча өкүлү Малик кызык Сайкал;
жоопкер тарап - Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын ишеним кат боюнча өкүлү Таштемир Абазович Чилдебаевдин, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун ишеним кат боюнча өкүлү Эркин Бакбурович Искаковдун, Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасынын ишеним кат боюнча өкүлү Рысбек Карагулович Альчиевдин, Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин ишеним кат боюнча өкүлү Аида Маратовна Курманбаеванын катышуусунда,
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 97-беренесинин 1 жана 6-бөлүктөрүн, "Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы жөнүндө" конституциялык Мыйзамдын 4, 18, 19, 37 жана 42-беренелерин жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексинин 293-беренесинин 5-бөлүгүнүн конституциялуулугун текшерүү жөнүндө ишти ачык соттук отурумда карап чыкты.
Бул ишти кароого Н.А.Токтакуновдун өтүнүчү себеп болду.
Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексинин 293-беренесинин 5-бөлүгүнүн Кыргыз Республикасынын Конституциясына ылайык келүүсү жөнүндөгү маселеде күмөндүүлүктүн пайда болуусу бул ишти кароого негиз болду.
Ишти соттук отурумга даярдаган судья-баяндамачы М.Ш.Касымалиевдин маалыматын угуп жана келтирилген материалдарды изилдеп чыгып, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы
ТАПТЫ:
Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасына 2019-жылдын 2-июлунда Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексинин 293-беренесинин 5-бөлүгүнүн Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 24-беренесинин 1-бөлүгүнө, 26-беренесинин 1, 2-бөлүктөрүнө, 4-бөлүгүнүн биринчи сүйлөмүнө, 99-беренесинин 3-бөлүгүнө ылайык келүүсүн текшерүү жөнүндө Н.А.Токтакуновдун өтүнүчү келип түшкөн.
Арыздануучунун пикири боюнча талашылып жаткан ченем эркиндикке жана жеке кол тийбестикке болгон конституциялык укукту негизсиз чектейт, ошондой эле сот процессинде күнөөсүздүк презумпциясынын, атаандаштык жана тең укуктуулук принциптерин бузат.
Н.А.Токтакунов өзүнүн кайрылуусунда көрсөткөндөй, Жазык-процесстик кодекстин 293-беренесинин 5-бөлүгүндө камтылган "өзгөчө учурларда" деген туюндурма ачылбайт, анын маңызы түшүндүрүлбөйт. Натыйжада белгиленген мөөнөттө соттук териштирүүнү аяктоонун мүмкүн эместик фактысынын өзү бөгөт коюу чарасын узартууга, анын ичинде камакка алууга жол берген "өзгөчө учурга" айланууда. Өз кезегинде, ошол эле ченемде камтылган "бир жылдан ашуун" деген туюнтма бир жылдан ашуун белгиленбеген узак мезгилге бөгөт коюу чарасын узартууга жол берет. Бөгөт коюу чарасын колдонуунун эң узак мөөнөтүн чектөө Жазык-процесстик кодекстин 117-беренесинин 10-бөлүгү менен сотко чейинки өндүрүштө эле каралган.
Арыздануучунун пикири боюнча эркиндик жана кол тийбестик укугунун курамдык бөлүгүнүн бири болуп Атуулдук жана саясий укуктар жөнүндө эл аралык пактынын 9-беренесинин 3-бөлүгүндө бекитилгендей "жазык иши боюнча күнөө коюлган ар бир камалган адамды акылга сыяр мөөнөттүн ичинде бошотууга же сот ишин караштырууга укугу" саналат. Өзүнүн мааниси боюнча жогоруда көрсөтүлгөн укук ушул Пактынын 14-беренесинин 3-параграфынын "с" пункту менен кепилденген "орунсуз кечиктирүүсүз соттолуу укугун" менен ажырагыс байланышта.
Ошентип, кайрылуу субъектиси белгилегендей, Жазык-процесстик кодексинин 293-беренесинин 5-бөлүгү, "өзгөчө учурларда" деген туюнтманын мазмунун ачпастан, бир жылдан ашуун белгиленбеген убакытка бөгөт коюу чарасын узартуу менен, жазык айыбы боюнча камакка алынгандардын акылга сыяр мөөнөт ичинде соттук териштирүүгө же бошотууга укугун, ошондой эле орунсуз кечиктирүүсүз соттолуу укугун бузат. Ошентип, Жазык-процесстик кодекстин 293-беренесинин 5-бөлүгү Конституциянын 24-беренесинин 1-бөлүгү менен кепилденген эркиндик жана жеке кол тийбестик укугуна карама-каршы келет.
Н.А.Токтакуновдун пикири боюнча бир жылдан ашык белгиленбеген узак убакытка камакка алуу түрүндөгү бөгөт коюу чарасын узартуу мүмкүндүгү мамлекеттик айыптоо органдарына камактагы айыптууларды белгиленбеген узакка кармоо аркылуу басым жасоого, аны менен күнөөсүн моюнуна алдырууга же күнөөсүн моюнуна албаганы үчүн жазалоо аркылуу өзүнүн укуктары менен кызыкчылыктарына зыян келтирүү менен башка компромисстерге барууга жол берет. Бул мүмкүндүктүн эң эле аз өлчөмү, сот адилеттик тутумун орунсуз кечиктирүүсүз соттук териштирүүнүн акылга сыяр мөөнөтү менен чектебестен, мамлекеттик айыптоо органдарынын айыптоо милдеттерин аткарууда, ал эми судьяларды сот адилеттигин камсыздоого шалакылык мамиле жасоого өбөлгө түзөт. Натыйжада айыпталуучуларга өзүнүн күнөөсүздүгүн далилдөө түйшүгү нагыз жүктөлөт, ал эми айыптоочулардан жазык иши боюнча күнөөнү далилдөө түйшүгүнүн бир топ бөлүгү алынып салынат. Мыйзам менен камакта кармоонун мыйзам менен чектелбеген узактыгы айыпталуучуларды өзүнүн күнөөсүздүгүн жигердүү далилдөөгө мажбур кылат, аларды күнөөсүн таанууда ар кандай компромисстерге алмашууга кыйла ачык жана даяр кылат. Демек, айыптоочуга жазык иши боюнча күнөөнү далилдөө боюнча жүктөлгөн милдеттенмени аткарууну болушунча жеңилдетет.
Арыздануучу болжогондой, эгер мыйзам белгиленбеген узак убакытка бөгөт коюу чарасын узартуу мүмкүндүгүн чектесе, соттук териштирүүнү акылга сыйган мөөнөт ичинде аяктоого көрсөтмө берсе, орунсуз кечиктирүүсүз соттолуу укугун кепилдесе, мындай мыйзам мамлекеттик айыптоого кыйла ыкчам, жанын аябастан иштөөгө дем бермек.
Ошентип, Жазык-процесстик кодекстин 293-беренесинин 5-бөлүгү бөгөт коюу чарасын белгиленбеген узак мөөнөткө узартууга жол берүү менен, күнөөсүздүк презумпциясынын конституциялык принцибин бузат.
Н.А.Токтакуновдун пикири боюнча талашылып жаткан ченемдин колдонулушунун жогоруда белгиленген терс жактары жазык процессте айыптоо тарабына кескин артыкчылыктарды жаратат, бул Конституциянын 99-беренесинин 3-бөлүгүндө бекитилген тараптардын атаандаштыгынын жана бирдей укуктуулугунун негизиндеги сот өндүрүшүн жүргүзүү принцибин бузат.
Баяндалгандын негизинде, арыздануучу талашылып жаткан ченемди Кыргыз Республикасынын Конституциясына карама-каршы келет деп таанууну суранат.
Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын судьялар коллегиясынын 2019-жылдын 27-августундагы аныктамасы менен бул кайрылуу өндүрүшкө кабыл алынган.
Кайрылуучу тарап соттук отурумда өзүнүн талаптарын өзгөрткөн жана талашылып жаткан ченемди өзгөчө учурлардын толук тизмесин тактаган өлчөмдө, ошондой эле камакта кармоонун мөөнөтү аяктагандан кийин токтоосуз бошотулууга жаткан жана болушунча мөөнөттү камтыбаган өлчөмдө Конституцияга карама-каршы келет деп таанууну суранат.
Жоопкер-тараптын өкүлдөрү сотко келген жок жана соттук отурум башталганга чейин ишти алардын катышуусуз кароо жөнүндө өтүнүч менен кайрылышкан.
Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы жоопкер-тараптын жүйөлөрүн талкуулап, кайрылуучу тараптын пикирин угуп, жоопкер-тараптын катышуусуз ишти кароо мүмкүндүгү жөнүндө тыянакка келди.
Жоопкер-тараптын өкүлдөрү М.И.Арзиевдин жана А.Дж.Бакаевдин жазуу жүзүндө берилген каршы пикирлеринен арыздануучунун жүйөлөрү кийинкидей негиздер боюнча жараксыз.
Жазык-процесстик кодекстин 293-беренесинин 2, 3, 5-бөлүктөрүнө ылайык бөгөт коюу чарасы көрсөтүлгөн Кодекстин 274-беренесинде каралгандай соттук териштирүү мөөнөтүнө колдонулат. Соттук териштирүүнү мөөнөтүндө аяктоого мүмкүн эмес болгон учурда жана бөгөт коюу чарасын өзгөртүүгө же жокко чыгарууга негиздер болбогондо, бул мөөнөт ар бир жолу эки айга чейин узартылышы мүмкүн. Өзгөчө учурларда бөгөт коюу чарасын колдонуунун бир жылдан ашуун мөөнөткө узартуу иштин өндүрүшүн жүргүзгөн судьянын жүйөлөштүрүлгөн токтому менен жүргүзүлөт.
Жогорку Кеңештин өкүлдөрү мыйзам чыгаруучу жазык-процесстик мыйзамдарда Жазык-процесстик кодексинин 274-беренесинин 2-бөлүгү менен белгиленген териштирүүнүн мөөнөтүнө ашуун соттук териштирүү мезгилинде бөгөт коюу чарасын колдонуу мөөнөттөрүнүн өзгөчө учурларына узартуу мүмкүндүгүн караштырып, жазык иштеринин татаалдыгынын ар кандай деңгээлин жана аларды кароонун мөөнөттөрүн шарттаган объективдүү жагдайларды эске алган деп эсептешет.
Мында мыйзам чыгаруучу бөгөт коюу чарасын колдонуу мөөнөтү ар бир жолу эки айга чейин узартылышы мүмкүн деп аныктап, сотко бөгөт коюу чарасын өзгөртүү же жокко чыгаруу үчүн негиздердин жоктугун текшерүү жөнүндө маселени кароого кайтып келүү үчүн ушул мөөнөттөн кем эмес болуу талабын койгон. Өзгөчө учурларда бөгөт коюу чарасын колдонуу мөөнөтүн бир жылдан ашуун мөөнөткө узартуу Жазык-процесстик кодексинин 293-беренесинин 3-бөлүгү менен белгиленгендей аталган талапты ар бир жолу эки айга чейинки мөөнөткө узартуу эсебин болжой тургандыгын эске алуу керек.
Ошондой эле, алар сот Жазык-процесстик кодексинин ченемдеринин маанисинен келип чыккандай айыпталуучуга карата бөгөт коюу чарасын узартуу маселени соттук териштирүү этабында чечүүдө аталган Кодекстин 107 жана 109-беренелерин жетекчиликке алышы керек, башкача айтканда айыпталуучу соттон жашырынып кетүүсү; ишти сотто териштирүүгө тоскоолдук кылышы мүмкүн экендиги; кылмыштуу иш менен алектенүүнү улантышы мүмкүн экендиги болжоого жетиштүү негиздер менен бирге, айыпталуучунун инсандыгы жөнүндө маалыматты, анын жаш курагын, саламаттыгын, үй-бүлөлүк абалын, ишин жана башка жагдайларын эске алып, чечим кабыл алышы керек экендигин белгилешет.
Эгер Жазык-процесстик кодекстин 107-беренесинин 1-бөлүгүндө каралгандай негиздер ордун таппаган учурда, соттук териштирүү процессинде бөгөт коюу чарасын колдонуунун чектүү мөөнөттөрүнүн жазык-процесстик мыйзамдарда жоктугу аны катаалдыгы боюнча кыйла жеңилине өзгөртүү, же болбосо жокко чыгаруу мүмкүндүгүн алып салбайт.
Сот бөгөт коюу чарасын колдонуу боюнча өзгөчө ыйгарым укуктарга ээ болуу менен, ал жагдайлардын бардык комплексин, анын ичинде кылмышты жасоодо айып тагылып жаткан адамдын кылмышынын оордугун жана мүнөзүн болуусуна негизделип бөгөт коюу чарасын узартуу, өзгөртүү же жокко чыгаруу жөнүндө чечим кабыл алат жана тараптарга Жазык-процесстик кодекстин 293-беренесинин 4-бөлүгүнүн негизинде сот алдында соттук отурумда өзүнүн көз караштарын негиздөөгө мүмкүндүк берет.
Ушундан келип чыккандай, соттук териштирүүнү аяктоого жагдайдын мүмкүн эместиги бөгөт коюу чарасын узартуу жөнүндө соттун чечим кабыл алуусу үчүн негиз катары бааланбайт.
Андан тышкары, Жогорку Кеңештин өкүлдөрү белгилегендей, Жазык-процесстик кодекстин 394-беренесинин 3, 4-бөлүктөрү менен тараптарга бөгөт коюу чарасын узартуу жөнүндө судьянын токтомун, даттанылып жаткан чечим чыккан күндөн тартып 10 сутканын ичинде апелляциялык даттануу укугу берилген. Даттануу тыянактоочу соттук чечим чыкканга чейин жүргүзүлөт. Демек, Жазык-процесстик кодексте соттун жогору турган инстанцияларга кайрылуу жолу менен соттун биринчи инстанциясында бузулган укуктардын коргоо жана калыбына келтирүү механизмдери түптөлгөн.
Ошону менен бирге, соттук териштирүү мөөнөтү туурасында алар соттун биринчи инстанциясында жазык ишти кароонун чектүү мөөнөтү жазык-процесстик мыйзамдарда орнотулган эмес деп белгилешет. Сот бөгөт коюу чарасын узартуу жөнүндө, анын ичинде камакка алуу жана үй камагы түрүндө маселени кароодо айыптоонун көлөмү, иштин татаалдыгы, объективдүү жагдайлардын болуусу сыяктуу критерийлерди жетекчиликке алып, мөөнөттөрдүн акылга сыяр принциптеринен келип чыгуу керек.
Андан тышкары, камакка алуу түрүндөгү бөгөт коюу чарасын колдонуу процесстик мажбурлоонун чарасы болуп саналат жана жоопкерчилик чарасы катары каралышы мүмкүн эмес, анткени кылмыш жасаганы үчүн эмес, ал айыпталуучу тарабынан Жазык-процесстик кодекстин 107-беренесинин 1-бөлүгүндө көрсөтүлгөн бузууларды жасоосун болтурбоо үчүн колдонулат.
М.И.Арзиевдин пикири боюнча сот мамлекеттин атынан айыптоочу өкүмдү чыгарууга ыйгарым укуктуу жалгыз орган катары камакка алуу мөөнөтүн узартуу жөнүндө маселени чечүүдө күнөөсүздүк презумпциясынан жана жазык сот өндүрүшүн камсыз кылуу чараларын колдонууга жана инсандын эркиндикке укуктун маанилүүлүгүнө байланыштуу коомдук кызыкчылыктар ортосунда тең салмакты сактоодон келип чыгуусу керек.
Конституциянын 26-беренеси күнөөсүздүк презумпциясынын принциби бузулган учурда, аны сактоо үчүн сот аркылуу материалдык жана моралдык зыяндын ордун тургузууну караштырган.
М.И.Арзиев Жазык-процесстик кодексинин 18-беренеси тараптардын атаандаштык жана бирдей укуктуу принцибин камсыз кылуу максатында сот объективдүүлүктү жана бейтараптуулукту сактап, тараптар процесстик укуктары менен милдеттерин колдонуу үчүн зарыл шарттарды түзөрүн белгилеген деп билдирет. Жазык сот өндүрүшүндө катышкан тараптар тең укуктуу. Сот ар бир тарап далилдерди бирдей негиздерде изилдөөгө катышуусун камсыз кылганда, ошол бирдей изилденген далилдерге гана процесстик чечимди негиздейт.
Ошентип, жоопкер тараптын пикири боюнча талашылып жаткан ченем ар кимдин эркиндикке жана жеке кол тийгистикке болгон укугун ашыкча чектөө, ошондой эле күнөөсүздүк жана тараптардын бирдей укуктуулук принциптеринин бузулушу катары бааланышы мүмкүн эмес.
Баяндалганды эске алуу менен, жоопкер тарап кайрылуучу тараптын Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексинин 293-беренесинин 5-бөлүгүн конституциялуу эмес деп таануу жөнүндө өтүнүчүн канааттандыруусуз калтырууну суранат.
Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын өкүлү Т.А.Чилдебаев, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун өкүлү Э.Б.Искаков, Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасынын өкүлү Р.К.Альчиев жана Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин өкүлү А.М.Курманбаева жоопкер-тараптын жүйөлөрүн колдошту жана Жазык-процесстик кодексинин 293-беренесинин 5-бөлүгү Конституциянын 24-беренесинин 1-бөлүгүнө, 26-беренесинин 1, 2-бөлүктөрүнө, 4-бөлүгүнүн биринчи сүйлөмүнө, 99-беренесинин 3-бөлүгүнө карама-каршы келбейт деп эсептешет.
Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы тараптардын жүйөлөрүн талкуулап, башка жактардын пикирлерин угуп жана иштин материалдарын изилдеп чыгып, төмөнкүдөй тыянактарга келди.
1. "Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы жөнүндө" конституциялык Мыйзамдын 19-беренесинин 4-бөлүгүнө ылайык Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы кайрылууда ченемдик укуктук актынын конституциялуулугу күмөн саналган бөлүгүнө гана тийиштүү болгон предмет боюнча актыларды чыгарат.
Ошентип, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын бул иш боюнча кароо предмети болуп төмөнкүдөй мазмундагы Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексинин 293-беренесинин 5-бөлүгү саналат:
"293-берене. Бөгөт коюу чараларын колдонуу мөөнөтү жана аларды узартуу тартиби
5. Өзгөчө учурларда бөгөт коюу чараларын колдонуунун мөөнөтүн бир жылдан ашыкка узартуу иш өз өндүрүшүндө турган судьянын жүйөлөнгөн токтому боюнча жүргүзүлөт. Аталган токтом 5 күндүк мөөнөттө маалымат үчүн Жогорку сотко жөнөтүлөт.".
Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодекси мыйзамдарда белгиленген тартипке ылайык кабыл алынган жана "Эркин Тоо" гезитинин 2017-жылдын 15-февралындагы № 23-28 номурларында жарыяланган, Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизилген жана колдонуудагы ченемдик укуктук акт болуп эсептелет.
2. Кыргыз Республикасынын Конституциясы адамдын негиз салуучу укугу деп анын эркиндик жана жеке кол тийгистик укугун тааныйт, анын корголуу деңгээлинен коомдун демократиялуулугунун даражасы, ар бир инсандын жана анын бедели мамлекет үчүн баалуулук, ошондой эле анын автономия чөйрөсүнө негизсиз кийлигишүү мүмкүндүгү көз каранды. Так ошон үчүн Конституция ар кимдин эркиндик жана жеке кол тийгистик укугунун кепилдиктеринин жогорулатылган деңгээлин караштырып, ушул укукту ал белгилеген максаттарда зарыл болгон бөлүгүндө гана жана мыйзамда белгиленген тартипте гана чектөө мүмкүндүгүнө жол берет (20-берененин 2-бөлүгү, 24-берененин 1-бөлүгү).
Жогоруда аталган конституциялык орнотмонун маңызы адамдын укуктары менен эркиндиктерине негизсиз таасир этүүгө жана мүмкүн болуучу чектөөлөрдүн өзгөчөлүгүнө жол бербөөдө турат. Тактап айтканда, биринчиден, чектөөлөр негиздерди жана колдонуу тартибин мыйзамдарда бекитүү жолу менен орнотулуш керек, экинчиден, конституциялык маанилүү максаттарга өлчөмдөш болуу керек жана, үчүнчүдөн, укуктук жөнгө салуунун айрым көйгөйлөрүнүн чечилиши башка укуктук каражаттар менен чечүү мүмкүн болбой калган шарттарда кабыл алынышы керек.
Кыргыз Республикасынын Конституциясы адамдын жана жарандын укуктары менен эркиндиктерин чектөө мүмкүндүгүн мыйзам чыгаруучуга өткөрүп берүү менен, аны ар кимдин эркиндик менен жеке кол тийгистикке болгон укугу жана жалпыга маанилүү конституциялык баалуулуктарды сот адилеттиги аркылуу коргоону камсыз кылуу мамлекеттин милдети ортосундагы кызыкчылыктардын өлчөмдөш тең салмакты камсыз кыла ала турган укуктук механизмди иштеп чыгууга милдеттендирет (Конституциялык палатанын 2015-жылдын 4-мартындагы Чечими).
Конституциялык баалуулуктарды, анын ичинде мыйзамдуулукту, укуктук тартипти жана коомдук коопсуздукту коргоону кошкондо, коомдук кооптуу жосундардын жазык-укуктук тыюулардын мыйзам чыгаруучулук аныктамаларды жана алардын бузгандыгы үчүн жазалоону талап кылат, сот чечими аркылуу жана мыйзамдарда белгиленген тартипте эркиндик жана жеке кол тийгистик укугун чектөө мүмкүндүгүн бекитет; ал коргоп жаткан баалуулуктар кылмыштык кол салуулардын объекти болуп калган учурларда жазык иштери боюнча сот адилеттиги кылмыштан жабыр тарткандарга да, жазык мыйзамын бузган жактарга да соттук коргонуу укугу камсыз кылынганда жүргүзүлөт (Конституциянын 24-беренесинин 3-бөлүгү).
3. Сот адилеттигинин милдеттерин жүзөгө ашыруу үчүн мыйзам чыгаруучу камсыз кылуучу чараларды карай алат, аларды кабыл албай коюу сот адилеттигинин максаттарына жетишүүнү татаалдаштырышы мүмкүн.
Жазык сот өндүрүшүнүн максаттарына жетишүү үчүн багытталган мындай камсыз кылуучу чаралардын бири болуп айыпталуучуларга карата жазык-процесстик мажбурлоонун ар кандай чараларын колдонуу мүмкүндүгү саналат. Бөгөт коюу чарасы - айыпталуучу тергөөдөн, соттук териштирүүдөн жана өкүмдү аткаруудан жашырынып качып кетүү, жазык иши боюнча акыйкатты орнотууга тоскоолдук кылуу, кылмыш ишин улантуу мүмкүндүгүн бербөө үчүн адамдын укуктарын жана эркиндиктерин убактылуу чектөөчү жана ага карата тергөөчү, прокурор, сот тарабынан колдонулуучу жазык-процесстик мажбурлоо чарасынын бир түрү.
Бөгөт коюу чарасы сот адилеттигинин кызыкчылыктарын коргоо үчүн натыйжалуу болуу керек, бирок мында чектен тыш болбошу керек, ал адамдын эркиндигин зарылдык менен шартталбаган чектөөлөр менен түйшүк келтирип, анын укуктарына ашыкча жүктөмдү түзбөшү керек. Сот ушул тең салмакты сактоого жана аны менен айыпталуучунун конституциялык укуктары менен эркиндиктерин тиешелүү коргоону кепилдөөгө чакырылган.
4. Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 24-беренесинин 1 жана 4-бөлүктөрүнүн жоболорун анын 16 (1-бөлүк), 17-беренелери менен өз ара байланышында камакка алуу сыяктуу бөгөт коюу чарасына карата ачык-айкындоо менен, Жазык-процесстик кодекc бардык жазык сот өндүрүшү үчүн аны колдонуунун бирдиктүү ченемдик негиздерин аныктайт, ошондой эле камакка алуунун мөөнөттөрүн жана аларды узартуу тартибин бекитет.
Алсак, Жазык-процесстик кодекстин 108-беренесинин 1-бөлүгүнө ылайык прокурор бөгөт коюу чарасын колдонууда сот алдында тийиштүү өтүнүчтү козгойт. Өтүнүчтү козгоо жөнүндө токтомдо анын айынан айыпталуучуга карата тиешелүү бөгөт коюу чарасын колдонуунун зарылдыгы келип чыккан жүйөлөр менен негиздер баяндалат. Токтомго өтүнүчтүн негиздүүлүгүн ырастоочу материалдар тиркелет.
Мында көрсөтүлгөн Кодекстин 116-беренесинин 1-бөлүгү менен бөгөт коюу чарасы катары камакка алуу жазык мыйзамы менен 5 жылдан ашык мөөнөткө эркинен ажыратуу түрүндөгү жаза каралган кылмыштарды жасоого айыпталган адамдарга карата башка, кыйла жеңил бөгөт коюу чарасын колдонуу мүмкүн болбогондо соттун чечими боюнча колдонулат деп белгиленген. Камакка алуу түрүндөгү бөгөт коюу чарасын колдонууда судьянын токтомунда, соттун аныктамасында алардын негизинде мындай чечимди кабыл алган конкреттүү, иш жүзүндөгү жагдайлар көрсөтүлүүгө тийиш. Соттук отурумдун жүрүшүндө текшерилбеген же болбосо Жазык-процесстик кодекстин талаптарын бузуу менен берилген маалыматтар мындай жагдайлар болуп саналбайт.
Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы 2015-жылдын 4-мартындагы өзүнүн Чечиминде бөгөт коюу чарасы катары камакка алууга байланыштуу маселелерди чечүүдө камакка алуу айыпталуучунун эркиндигинен ажыратуусунан турган эң катаал бөгөт коюу чарасы экендигин эске алууну белгилеген. Аны колдонуу Конституция менен кепилденген жарандардын эркиндикке жана жеке кол тийгистикке болгон укуктар чөйрөсүнө өтө курч кийлигишүүсүн билдирет.
Камакка алуу превентивдүү мүнөзгө ээ жана айыпталуучуга гана карата колдонулушу мүмкүн. Бөгөт коюу чарасы катары камакка алуунун маңызы болуп адамдын айыптуулугу жөнүндө маселе сот тарабынан акыры чечилгенче ал эркиндиктен ажыратылат. Мында негизги максат болуп айыпталуучунун тергөөдөн жана соттон жашынып качуу, сотко иш боюнча акыйкатты аныктоодо тоскоолдук көрсөтүү мүмкүндүгүнө жол бербөө, сот өкүмүн аткарууну камсыз кылуу саналат.
Ошентип, камакка алуу процесстик мажбурлоонун чарасы болуп саналат жана жоопкерчилик чарасы катары каралышы мүмкүн эмес, анткени ал кылмыш жасаганы үчүн эмес, а айыпталуучу тарабынан мыйзамды бузууну болтурбоо үчүн колдонулат.
Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодекси жазык сот өндүрүшүнүн сотко чейинки жана соттук стадиялары үчүн камакка алуунун мөөнөттөрүнүн узактыгы боюнча өзүнчө ар кандай мөөнөттөрдү бекитет, ошон үчүн мындай камакка алуунун бирдиктүү чектүү мөөнөтү мыйзам чыгаруучулук менен бекитилген эмес, ошону менен катар, соттук стадиялар үчүн камакка алуунун максималдуу мөөнөтүн аныктоочу формалдуу чектөөлөр каралган эмес.
Алсак, оор жана өзгөчө оор кылмыштар жөнүндө жазык иштер боюнча соттук стадияда иш анын өндүрүшүндө болгон сот соттук териштирүүнү мөөнөтүндө аяктоо мүмкүн болбогон учурда жана бөгөт коюу чарасын өзгөртүү жана жокко чыгаруу үчүн негиздер болбогондо бөгөт коюу чарасын колдонуу мөөнөтү ар бир жолу 2 айга чейинки мөөнөткө узартылышы мүмкүн (Жазык-процесстик кодекстин 293-беренесинин 3, 4-бөлүктөрү).
Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы айыпталуучунун камакта андан ары кармоо үчүн негиздердин болушу жөнүндө маселени кароого эки айдан кем эмес жолу кайтып келүү сотко даректелген талап, бул боюнча тараптардын кайрылууларынын бар же жоктугуна карабастан - ушул бөгөт коюу чарасын колдонуунун негиздүүлүгүнө жана мыйзамдуулугуна соттук контролдоону жана андай зарылдык далилденбеген учурда, аны жокко чыгарууну камсыз кылат деп белгилейт.
Мында Жазык-процесстик кодекстин 293-беренесинин 5-бөлүгү менен өзгөчө учурларда бөгөт коюу чараларын колдонуунун мөөнөтүн бир жылдан ашыкка узартуу иш өз өндүрүшүндө турган судьянын жүйөлөнгөн токтому боюнча жүргүзүлөт деп караштырылат.
Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын укуктук көз карашына ылайык чектөөчү мүнөзгө ээ болгон чаралар конституциялык көздөгөн максаттарга өлчөмдөш (пропорционалдуу) болуу керек, адекваттуулукка, укуктук аныктыктын талаптарына жооп бериш керек, кеңейтип чечмелөөгө жана негизсиз колдонууга жол бербеген формалдуу анык, так туюнтмаларды камтышы керек. Мыйзам жоболору укуктук ченемдердин тактык, айкындуулук, кош маанилүү эместик жана алардын колдонуудагы укуктук жөнгө салуу тутумундагы шайкештик талаптарына жооп бериши керек, анткени алардын укуктук аныктыгы укуктук ченемди бирдиктүү түшүнүү жана чечмелөө шартында гана камсыз кылынышы мүмкүн. Укуктук аныктык принцибинин талаптарын сактабоо карама-каршы укук колдонуучулук тажрыйбаны жаратат, аларды маанилеш эмес түшүндүрүү жана негизсиз колдонуу мүмкүндүгүн түзөт жана, аны менен адамдын жана жарандын укуктары менен эркиндиктерин бузууга алып келиши мүмкүн (Конституциялык палатанын 2017-жылдын 7-июнундагы, 2018-жылдын 30-майындагы, 2019-жылдын 6-мартындагы чечимдери).
Талашылып жаткан ченемдин диспозициясына ылайык мыйзам чыгаруучу иш өз өндүрүшүндө турган судьяга бөгөт коюу чарасы бир жылдан ашык мөөнөткө узартылганда өзгөчө учурлар маселесин өз алдынча аныктоону жүктөйт. Аны менен, ушул маселени чечүүдө судьянын чексиз ыктыяры үчүн өбөлгөлөр түзүлөт. Ал эми мындай укуктук жөнгө салуу усулдары менен адамдын жана жарандын конституциялык укуктары менен эркиндиктери чөйрөсүнө кийлигишүүгө жол берилбейт. Инсандын эркиндиги жана кол тийбестиги сыяктуу мындай аяр чөйрөдөгү укуктук аныктык принцибин тоотпогондук сот адилеттигин жүзөгө ашырууда тутумдук бузууларга гана алып келбестен, мамлекеттин адамдын жана жарандын укуктары менен эркиндиктерин коргоо чөйрөсүндөгү беделин түшүрүп коюшу мүмкүн.
Демек, Жазык-процесстик кодекстин 293-беренесинин 5-бөлүгү өзүнүн укуктук мааниси боюнча укуктук аныктыкка жооп берүүчү жана айкындык менен тактык берүүчү, кеңейтип чечмелөөнү жана негизсиз колдонууну алып салуучу конкреттүү ченем жоболорун камтыбаган бөлүгүндө Конституцияга карама-каршы келет. Каралып жаткан маселенин андан аркы укуктук жөнгө салуусу адамдын жана жарандын укуктары менен эркиндиктерин чектөө мүмкүндүгүнүн бардык шарттарын сактоонун негизинде гана түзүлбөстөн, ошол эле учурда айыпталуучулардын орунсуз создуктуруусуз жана акылга сыяр мөөнөттөрдө соттолуу укугу жөнүндө эл аралык пактылардын талаптарына жооп берүүсү керек.
5. Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы 2015-жылдын 4-мартындагы өзүнүн Чечиминде Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 26-беренесинде бекитилген күнөөсүздүк презумпциясынын колдонулуусу туурасында укуктук көз карашын билдирген. Алсак, көрсөтүлгөн чечимде сот адилеттигинин негизги принциптеринин бири болуп күнөөсүздүк презумпциясынын принциби саналат деп белгиленген. Анын укуктук маңызы айыпталуучунун күнөөсү мыйзамдуу күчүнө кирген соттун айыптоочу өкүмүндө далилденген шартта гана ал күнөөлүү болуп табылышы мүмкүн деп корутундулайт. Конституциянын 26-беренесинин 2-бөлүгүнө ылайык эч ким өзүнүн күнөөсүздүгүн далилдөөгө милдеттүү эмес жана күнөөлүү экенине карата ар кандай шектенүү айыпталуучунун пайдасына чечмеленет. Ошону менен катар, соттолуучунун күнөөсүздүгү жөнүндө болжолду төгүнгө чыгаруу милдети айыптоочу тарапка жүктөлөт.
Күнөөсүздүк презумпциясы айыптоочу багытты анын көрүнүштөрүнүн бардык формаларында танат жана айыпталуучунун соттук коргонуу укугунун маанилүү кепилдиги болуп кызмат кылат. Айыпталуучу өкүм мыйзамдуу күчүнө киргенге чейин күнөөлүү эмес болуп саналгандыгы үчүн ага тагылган айыптан коргонуу укугуна ээ болот. Күнөөсүздүк презумпциясы айыпталуучуну өзүнүн күнөөсүздүгүн далилдөөдөн бошотот, айыпталуучунун аң-сезимин кайра баалоого жол бербейт жана ал өзүн күнөөлүү деп тааныганына карабастан иштейт, айыпталуучу үчүн негизделбеген айыптоодон жана соттоодон кепил болуп кызмат кылат.
Айыптоочунун жазык иште катышуусу жөнүндө конституциялык жоболор (26-берененин 3-бөлүгү) менен өз ара байланышта тараптардын атаандаштык жана тең укуктуулук негизде сот өндүрүшүн жүргүзүү жөнүндө (99-берененин 3-бөлүгү) конституциялык орнотмолорду ачуу менен, Жазык-процесстик кодекс тараптардын процесстик укуктары менен милдеттерин жүзөгө ашыруу үчүн зарыл болгон шарттарды камсыз кылуучу негиз салуучу бир катар жоболорду караштырат (18-берененин 1, 3, 4-бөлүктөрү).
Ошентип, көрсөтүлгөн Кодекстин 18-беренесинин 1, 3 жана 4-бөлүктөрүнө ылайык сот өндүрүшү тараптардын тең укуктуулугу жана атаандаштыгы негизинде жүргүзүлөт. Сот объективдүүлүктү жана бейтараптуулукту сактоо менен тараптарга процесстик укуктары менен милдеттерди жүзөгө ашыруусу үчүн тең шарттарды түзөт. Сот ар бир тарапка далилдерди тең негиздерде изилдөөгө катышуусун камсыз кылганда, ошол бирдей изилденген далилдерге гана процесстик чечимди негиздейт.
Соттук процесстин атаандаштык принцибин сактоо адилеттүү соттук териштирүүнү жана тараптардын тең мүмкүнчүлүктөрүн камсыз кылуунун кепилдиги болуп саналат. Сот ишти кароодо соттук териштирүүнүн катышуучуларынын теңдигин бардык учурларда камсыз кылууга милдеттүү. Жазык сот өндүрүшүнүн карата бул ишти чечүү менен сот соттук отурумда изилденген далилдердин негизинде белгиленген фактылар жөнүндө, ушул иште колдонууга жаткан укуктун ченемдери жөнүндө, демек, аларга карата жазык иши козголгон адамдарды соттоо же актоо жөнүндө тыянактарды жасайт дегенди билдирет.
Демек, талашылып жаткан ченемдин колдонулушу карама-каршы процесстик көз караштарда турган тараптардын процесстик укуктары менен милдеттерин тең жүргүзүүгө, талашты тең жүргүзүүгө, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 99-беренесинин 3-бөлүгү менен кепилденген соттук териштирүүгө чыныгы атаандаштык жана тең укуктук мүмкүндүктөргө болгон укуктарын эч кандай чектей албайт.
Жогоруда баяндалгандын негизинде, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 97-беренесинин 6-бөлүгүнүн 1-пунктун, 8 жана 9-бөлүктөрүн, "Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы жөнүндө" конституциялык Мыйзамдын 46, 47, 48, 51 жана 52-беренелерин жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы
ЧЕЧТИ:
1. Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексинин 293-беренесинин 5-бөлүгү укуктук аныктыкка, баяндоонун айкындыгы жана тактыгы принцибине жооп берүүчү, кеңейтип чечмелөөнү жана негизсиз колдонууну алып салуучу конкреттүү ченем жоболорун камтыбаган бөлүгүндө Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 24-беренесинин 1-бөлүгүнө карама-каршы келет деп таанылсын.
2. Чечим акыркы жана даттанууга жатпайт, жарыяланган учурдан тартып күчүнө кирет.
3. Чечим бардык мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, кызмат адамдары, коомдук бирикмелер, юридикалык жана жеке жактар үчүн милдеттүү жана республиканын бүткүл аймагында аткарылууга тийиш.
4. Ушул чечим мамлекеттик бийлик органдарынын расмий басылмаларында, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын расмий сайтында жана "Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын Жарчысында" жарыялансын.
Төрагалык кылуучу |
| К.Дуйшеев |
Судьялар: |
| М.Бобукеева |
|
| Л.Жумабаев |
|
| М.Касымалиев |
|
| К.Кыдырбаев |
|
| Э.Осконбаев |
|
| Ж.Саалаев |
|
| Ж.Шаршеналиев |