Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 166 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ѲКМѲТY
ТОКТОМ
2015-жылдын 1-сентябры № 614
"Китепкана иши жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 79-беренесине ылайык, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. "Китепкана иши жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жактырылсын.
2. Аталган мыйзамдын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна жиберилсин.
3. Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министри ушул мыйзамдын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде каралганда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болуп дайындалсын.
Премьер-министр | Т.А. Сариев |
Долбоор
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
1-берене.
"Китепкана иши жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ("Эркин Тоо" гезити, 1998-жыл 25-ноябрь, № 185-186) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин:
1. Преамбуласы күчүн жоготту деп таанылсын.
2. 1-беренеси төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"1-берене. Ушул Мыйзамды жөнгө салуу предмети
Ушул Мыйзам Кыргыз Республикасында китепкана ишин сактап калуунун жана өнүктүрүүнүн укуктук базасы болуп саналат жана адамдын, коомдук бирикмелердин, элдердин жана этностук жалпылыктардын маалыматка эркин ээ болуу, рухий эркин өнүгүү, улуттук жана дүйнөлүк маданияттын баалуулуктарына аралашуу, ошондой эле маданий, илимий жана билим берүү иштерине эркин жетишүү укугуна кепилдик берүүчү китепкана ишинин принциптерин белгилейт.
Ушул Мыйзам эл аралык укуктун принциптерине жана ченемдерине ылайык китепкана ишин уюштуруунун жалпы маселелерин, китепкана иши жаатында мамлекеттин, жарандардын, ишканалардын, мекемелердин жана уюмдардын ортосундагы өз ара мамилелерди жөнгө салат.".
3. Төмөнкү мазмундагы 1-1-берене менен толукталсын:
"1-1-берене. Негизги түшүнүктөр
Ушул Мыйзамда төмөнкүдөй түшүнүктөр колдонулат:
китепкана - бул басма жана кол жазма документтеринин уюштурулган фондусу, ошондой эле графикалык, аудиовизуалдык материалдары, электрондук алып жүрүүчүлөрдөгү документтери бар жана аларды жеке жана юридикалык жактарга убактылуу пайдаланууга берүүчү мекеме;
китепкана фонду - калкты китепканалык тейлөө максатында эсепке алууга, комплектөөгө, сактоого жана колдонууга тийиш болгон, уюштуруучулук жана функционалдык жактан өз ара байланышкан, ар кандай багыттагы жана статустагы документтердин тартипке келтирилген жыйындысы;
китепкана иши - маалыматтык, маданий-агартуучулук жана билим берүү иштеринин тармагы, анын милдеттерине китепкана тармактарын түзүү жана өнүктүрүү, алардын фонддорун түзүү жана иштетүү, китепканалардын пайдалануучуларын китепканалык, маалыматтык жана маалымдама-библиографиялык тейлөөнү уюштуруу, китепканаларды өнүктүрүүнү илимий жана методикалык камсыздоо кирет;
документ - сактоо жана коомдук пайдалануу максатында текст, үн жазуу же сүрөттөө түрүндө маалымат түшүрүлгөн, убакыт жана мейкиндикте берүүгө багытталган материалдык объект;
жалпы пайдалануудагы китепкана - жашына, жынысына, улутуна, тилине, билимине, тегине, мүлктүк жана кызматтык абалына, динге болгон мамилесине, ишенимине, коомдук бирикмелерге таандык экендигине карабастан жеке жактарга, ошондой эле уюштуруу-укуктук формасына жана менчигинин түрүнө карабастан юридикалык жактарга анын кызматтарынан, өздүк жана башка маалыматтык ресурстардан пайдалануу мүмкүндүгүн берүүчү китепкана;
китепканадан пайдалануучу - китепкана кызматын пайдалануучу жеке же юридикалык жак;
электрондук китепкана - электрондук документтердин ар кандай коллекцияларынын сакталышын жана натыйжалуу колдонулушун камсыз кылуучу, системанын өзүндө жайгашкан жана телекоммуникациялык тармактар аркылуу жеткиликтүү болгон маалыматтык система;
электрондук документ - маалымат электрондук-санариптик формада берилген документ.".
4. 2-берене төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"2-берене. Китепкана иши жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдары
Китепкана иши жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдары "Маданият жөнүндө", "Документтердин милдеттүү нускасы жөнүндө", "Маалыматташтыруу жөнүндө", "Тарыхый-маданий мурасты пайдалануу жана коргоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын, ошондой эле ушул Мыйзамды жана ага ылайык кабыл алынган китепкана иши жаатындагы Кыргыз Республикасынын ченемдик укук актыларын камтыйт.".
5. 4-берененин он биринчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"чет өлкөлүк юридикалык жана жеке жактар, ошондой эле Кыргыз Республикасы катышуучу болгон, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерге ылайык эл аралык уюмдар тарабынан уюштурулган китепканалар.".
6. 7-берене:
- төмөнкүдөй мазмундагы онунчу абзац менен толукталсын:
"Интернетке кирүүгө мүмкүнчүлүк алуу;";
- төмөнкүдөй мазмундагы он экинчи жана он үчүнчү абзацтар менен толукталсын:
"Китепкана мекемелери тарабынан 16 жашка чейинки жашы жете электерге көрсөтүлүүчү негизги кызматтар алардын мыйзамдуу өкүлдөрүнүн кимдигин күбөлөндүргөн документ болгондо ишке ашырылат.
Кыргыз Республикасынын китепканаларында пайдалануучулар мамлекеттик жана расмий тилдерде тейленүүгө жана китепкана фондунда болгон документтерди алууга укуктуу.".
7. 8-беренеде:
- биринчи абзацы "документтерди" деген сөздөн кийин "бар болсо" деген сөздөр менен толукталсын;
- экинчи абзацы "пайдалануудагы китепканалардан" деген сөздөрдөн кийин "бар болсо" деген сөздөр менен толукталсын.
8. 12-берене төмөнкүдөй мазмундагы бешинчи абзац менен толукталсын:
"Аудиовизуалдык чыгармалар жана санариптик формада берилген чыгармалардын башка нускалары китепкана жайларында гана, мындай чыгармалардын санариптик формада көчүрмөсүн түзүү мүмкүндүгү болбогон шартта убактылуу колдонууга берилет.".
9. 4-бөлүмдүн аталышы "мамлекеттин" деген сөздөн кийин "жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын" деген сөздөр менен толукталсын.".
10. 14-берене төмөнкү мазмундагы жетинчи абзац менен толукталсын:
"Мамлекеттик бийлик органдары жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары китепкана ишинде заманбап маалыматтык жана телекоммуникациялык инфратүзүмдү камсыз кылат жана бардык баскычтагы китепканаларда телекоммуникациялык технологиялардын жогорку деңгээлин камсыздоо үчүн аларга бирдей мүмкүнчүлүктөрдү беришет.".
11. 15-берене төмөнкүдөй мазмундагы он биринчи абзац менен толукталсын:
"китепкана ишин өнүктүрүүнүн региондук жана жергиликтүү программаларын ишке ашыруу.".
12. 17-берене төмөнкүдөй мазмундагы экинчи жана үчүнчү абзацтар менен толукталсын:
"Китеп эстеликтери - өтө жогорку рухий, материалдык баалуулуктагы, аларга карата эсепке алуунун, сактоонун жана колдонуунун өзгөчө режими белгиленген тарыхый, илимий, маданий өзгөчө маанидеги кол жазма китептер же басылмалар.
Китеп эстеликтери улуттук китепкана фондунун өзгөчө баалуу бөлүгү болуп саналат, китеп эстеликтеринин реестринде катталууга тийиш. Китеп эстелигине документтерди киргизүүнүн тартиби, китеп эстеликтеринин реестринде китеп эстеликтерин каттоо жана китеп эстеликтеринин реестрин жүргүзүү Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталат.".
13. 19-берене төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"19-берене. Китепканалык тейлөөлөрдү координациялоону жана кооперациялоону камсыздоого мамлекеттин катышуусу
Китепканадан пайдалануучулардын маалыматка болгон керектөөлөрүн кыйла толук канааттандыруу, китепкана фонддорун туура пайдалануу үчүн мамлекет алардын ресурстарын өз ара пайдаланууга түрткү берет. Бул максатта аткаруу бийлик органдары мамлекеттик, анын ичинде борбордук китепкананын функциясын аткаруучу китепканалардын китепканалык тейлөөлөрүн координациялоону жана кооперацияны камсыз кылууда алардын ресурстарын (китепканалар аралык абонементти, жыйынды каталогдорду, маалыматтардын автоматташтырылган базасын, депозитарийлерди) өз ара пайдалануу үчүн шарттарды түзүү боюнча ишин каржылайт.
Мамлекеттик маалыматтык ресурстарды сарамжалдуу пайдаланууну камсыз кылуу үчүн китепканалар илимий-техникалык маалыматтар мекемелери, архивдер, ар кандай деңгээлдеги маалыматтык базасы бар башка ишканалар жана уюмдар менен өз ара аракеттенишет. Алардын өз ара аракеттенүү тартиби Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталат.
Китепканалардын ишин координациялоо максатында Ведомстволор аралык китепканалык кеңеш түзүлөт, ал китепканаларды өнүктүрүүнүн стратегиясы, китепканалык улуттук программа, китепканалардын ишин координациялоо, китепкана ишинин эң маанилүү маселелери менен иштөөгө тартылган эксперттик жана консультациялык орган болуп саналат.
Ведомстволор аралык китепканалык кеңештин иши Кыргыз Республикасынын Өкмөтү белгилеген тартипте ишке ашырылат.
14. 20-беренеде:
- биринчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Китепкана пайдалануучуларына документтердин универсалдуу жыйнактарын түзүүнү, сактоону жана берүүнү жүргүзгөн, китепкана ресурстарын өз ара пайдаланууну уюштурууну ишке ашырган жана башка китепканаларга методикалык жардамдарды көрсөткөн китепканаларга (облустук, шаардык, райондук) "Борбордук" статусу Кыргыз Республикасынын Өкмөтү аныктаган тартипте ыйгарылат.";
- төмөнкүдөй редакциядагы экинчи абзац менен толукталсын:
"Борбордук китепкананын функцияларын төмөнкүлөр аткарышат:";
- сегизинчи абзацы күчүн жоготту деп таанылсын;
- төмөнкүдөй мазмундагы тогузунчу абзац менен толукталсын:
"Мамлекеттик бийлик органдары жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары борбордук китепканалардын жетекчилигинде турган региондордун борборлоштурулган китепкана системасынын курамына кирген, баштапкы звено - айылдык жана шаардык китепканалардан - филиалдардан турган, өз кезегинде ушул региондордун облустун китепканалары менен бириккен, жалпы пайдалануудагы китепканалардын бирдиктүү тармагын сактап калууну камсыздашат.".
15. 23-берене:
- төмөнкүдөй мазмундагы алтынчы абзац менен толукталсын:
"Китепканаларды, алардын иштөө шарттарын начарлата турган имараттарга которууга тыюу салынат. Китепкана жайгашкан имарат башка уюмдарга өткөрүп берилген учурда, мамлекеттик бийлик органдары китепкананын имаратына тең келген имарат менен камсыз кылууга милдеттүү жана китепкана фондун жана китепкананын жабдууларын көчүрүүнү каржылоону камсыз кылышат.";
- төмөнкүдөй мазмундагы сегизинчи жана тогузунчу абзацтар менен толукталсын:
"Айыл жеринде жайгашкан китепкананы кайрадан түзүү же жоюу жөнүндө чечимдер, ушул аймактын жашоочуларынын пикирин жана тарыхый-маданий мурастарды коргоо жана пайдалануу боюнча атайын ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын пикирин эске алуу менен гана кабыл алынат.
Айыл жеринде жайгашкан китепкана жоюлган учурда, жоюучу комиссиянын курамына жергиликтүү коомчулуктун өкүлдөрү жана тарыхый-маданий мурастарды коргоо жана пайдалануу боюнча атайын ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын өкүлдөрү кирет.".
16. 24-берене төмөнкүдөй мазмундагы төртүнчү абзац менен толукталсын:
"Китепканалардын материалдык-техникалык камсыздалышын начарлатууга, эмгекти коргоо талаптарына, маалыматтык-китепкана фонддорун сактоо ченемдерине жана шарттарына туура келбеген жайларга которууга жол берилбейт.".
17. Мыйзамдын мамлекеттик тилдеги бардык тексти боюнча "статья" деген сөз "берене" деген сөз менен алмаштырылсын.
2-берене.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү алты айлык мөөнөттө өзүнүн чечимдерин ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.
3-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
|
|