Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 166 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ѲКМѲТY
ТОКТОМ
2015-жылдын 26-июну № 421
"Жаныбарлар дүйнөсү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы тууралуу
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 79-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. "Жаныбарлар дүйнөсү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жактырылсын.
2. Аталган мыйзамдын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна киргизилсин.
3. Бул мыйзамдын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде каралганда, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттигинин директору Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болуп дайындалсын.
Премьер-министр | Т.А. Сариев |
Долбоор
Кыргыз Республикасынын Мыйзамы "Жаныбарлар дүйнөсү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө
1-берене.
"Жаныбарлар дүйнөсү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 1999-ж., № 12, 530-берене) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин:
1. Преамбуласы күчүн жоготту деп таанылсын.
2. Төмөнкүдөй мазмундагы 1-1-бepeнe менен толукталсын:
"1-1-берене. Ушул Мыйзамдын жөнгө салуу предмети
Ушул Мыйзам жаныбарлар дүйнөсүнүн объектилерин коргоо, пайдалануу жана көбөйтүү жаатындагы укуктук мамилелерди белгилейт.".
3. 2-берене төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"2-берене. Жаныбарлар дүйнөсүнүн объектилерин коргоону, пайдаланууну жана көбөйтүүнү укуктук жөнгө салуу
Жаныбарлар дүйнөсүнүн объектилерин коргоо, пайдалануу жана көбөйтүү жаатындагы Кыргыз Республикасынын мыйзамдары Кыргыз Республикасынын Конституциясынан, ушул Мыйзамдан жана Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларынан, ошондой эле Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп саналган, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерден турат.".
4. 3-берененин он экинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"жаныбарлар дүйнөсүнүн объектилерин коргоо, пайдалануу жана көбөйтүү жаатындагы Кыргыз Республикасы катышуучу болуп саналган эл аралык келишимдерди аткаруу.".
5. 5-беренеде:
1) аталышы "мамлекеттик" деген сөздөн кийин "жана жеке" деген сөздөр менен толукталсын;
2) 3-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Жаратылышты сактоодо, илимий жана эстетикалык өзгөчө наркы бар, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Кызыл китебине киргизилген жаныбарлар дүйнөсүнүн объектилери (бул жаныбарлар колдо өстүрүлгөндөн же жаныбарлар дүйнөсүнүн объектилерин коргоо, пайдалануу жана көбөйтүү жаатындагы мыйзамда аныкталган жол менен Кыргыз Республикасынан сырттан жеке менчикке сатып алынгандан жана жаратылыш чөйрөсүнөн алынгандан башка учурларда) жеке менчикке берилбейт.";
3) төмөнкүдөй мазмундагы 4-бөлүк менен толукталсын:
"Кыргыз Республикасынын Кызыл китебине же сейрек, жок болуу коркунучунда турган жаныбарлардын түрлөрүнүн тизмесине киргизилген жаныбарлар дүйнөсүнүн объектилери Кыргыз Республикасынын Өкмөтү аныктаган тартипте зоопарктардын, цирк мекемелеринин менчигинде болушу мүмкүн.".
6. 6-берене күчүн жоготту деп таанылсын.
7. 7 жана 8-беренелер төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"7-берене. Жеке жана юридикалык жактардын жаныбарлар дүйнөсүнүн объектилерин коргоо, пайдалануу жана көбөйтүү жаатындагы укуктары жана милдеттери
Жеке жана юридикалык жактар төмөнкүлөргө укуктуу:
жаныбарлар дүйнөсүнүн объектилерин Кыргыз. Республикасынын мыйзамдарында аныкталган тартипте жалпы жана атайын максатта пайдаланууга;
жаныбарлар дүйнөсүнүн объектилерин Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жеке менчикте күтүүгө;
жаныбарлар дүйнөсүнүн объектилерин коргоо жана сарамжалдуу пайдалануу жагындагы программалардын ишке ашырылышына көмөктөшүүгө;
коомдук экологиялык экспертиза жүргүзүүгө;
коомдук экологиялык контроль жүргүзүүгө.
Жеке жана юридикалык жактар төмөнкүлөргө милдеттүү:
жаныбарлар дүйнөсүнүн объектилерин коргоого жана сактоого;
жаныбарлар дүйнөсүнүн объектилеринин жашоо чөйрөсүнүн бузулушуна же начарлашына жол бербөөгө:
жаныбарлар дүйнөсүн пайдаланууда алардын табигый жашоо чөйрөсүнүн бүтүндүгүн бузбаган ыкмаларды колдонууга;
жаш муундарга экологиялык тарбия берүүгө көмөктөшүүгө;
ушул Мыйзамды жана Кыргыз Республикасынын жаныбарлар дүйнөсүн коргоо чөйрөсүндөгү дагы башка ченемдик укуктук актыларын сактоого.
8-берене. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жаныбарлар дүйнөсүнүн объектилерин коргоо, пайдалануу жана көбөйтүү жаатындагы компетенциясы
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жаныбарлар дүйнөсүнүн объектилерин коргоо, пайдалануу жана көбөйтүү жаатында төмөнкүдөй ыйгарым укуктарды ишке ашырат:
Кыргыз Республикасынын аймагын байырлаган жаныбарлар дүйнөсүнүн объектилерин пайдаланууну жөнгө салуу маселесин башкарат жана жаныбарлар дүйнөсүнүн объектилерин коргоо, пайдалануу, көбөйтүү жана алардын жашоо чөйрөсү жаатындагы контролдун тартибин аныктайт;
жаныбарлар дүйнөсүнүн объектилерин коргоо, көбөйтүү жана пайдалануу чөйрөсүндө мамлекеттик саясатты аныктайт;
мамлекеттик программаларды бекитет жана алардын ишке ашырылышын уюштурат;
жаныбарлар дүйнөсүнүн объектилерин атайын пайдалануу үчүн нормативдерди жана акы алуунун тартибин бекитет;
жаныбарлар дүйнөсүнүн объектилеринин мамлекеттик кадастрын жана эсебин жүргүзүүнүн тартибин бекитет;
жаныбарлар дүйнөсүнүн объектилерин, анын ичинде балык запастарын жана суудагы омурткасыздарды коргоо жана көбөйтүү боюнча иш-чараларды жүргүзөт жана аткарылышын контролдойт, ошондой эле аларды уулоонун жана кармоонун ченемдерин жана мөөнөттөрүн жөнгө салат;
жаныбарлар дүйнөсүнүн объектилерин мамлекеттик мониторингдөөнүн тартибин бекитет;
алгыр куштарды багуунун эрежелерин белгилейт;
генетикалык ресурстардын маалыматтар базасын түзүүнүн, ошондой эле микроорганизмдердин жаңы штаммдарын, биологиялык активдүү заттарды өндүрүүнүн жана пайдалануунун тартибин бекитет;
генетикалык жактан өзгөргөн организмдердин чыгарылышын жана биоценоздорго, айлана-чөйрөгө жана адамдын ден соолугуна зыян келтириши мүмкүн болгон биотехникалык башка продуктулардын өндүрүлүшүн контролдойт.
Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык башка ыйгарым укуктарды жүзөгө ашырат.".
8. 9-берене күчүн жоготту деп таанылсын.
9. 10-беренеде:
1) аталышындагы "жана жергиликтүү мамлекеттик акимдиктердин" деген сөздөр алып салынсын;
2) 1-бөлүгүнүн биринчи абзацындагы "жана жергиликтүү мамлекеттик акимдиктердин" деген сөздөр алып салынсын.
10. 11-берененин 2-бөлүгү жана 12-берененин 5 жана 6-бөлүктөрү күчүн жоготту деп таанылсын.
11. 19-берененин 2-бөлүгүндөгү "жаныбарлар дүйнөсүнүн объектилерин көбөйтүү, коргоо, пайдалануу боюнча укугу бар атайын мамлекеттик органдар тарабынан иштелип чыгат" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталат" деген сөздөр менен алмаштырылсын.
12. 20 жана 21-беренелер төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"20-берене. Өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактарында жаныбарлар дүйнөсүнүн объектилерин коргоо
Мамлекеттик табигый коруктарда, мамлекеттик табигый парктарда жана башка өзгөчө корголуучу табигый аймактарда жаныбарлар дүйнөсүнүн объектилерин коргоо Кыргыз Республикасынын өзгөчө корголуучу табигый аймактар жөнүндө мыйзамы жана башка ченемдик укуктук актылары менен аныкталуучу ушул аймактарды өзгөчө коргоонун режимине ылайык ишке ашырылат.
21-берене. Жаныбарлар дүйнөсүнүн сейрек жана жок болуу коркунучунда турган объектилерин коргоо, пайдалануу жана көбөйтүү
Жаныбарлар дүйнөсүнүн сейрек жана жок болуу коркунучунда турган объектилери өзгөчө коргоого алынууга жана Кыргыз Республикасынын Кызыл китебине киргизилүүгө тийиш. Кыргыз Республикасынын Кызыл китеби жөнүндө жобо Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилет.
Популяциялардын санынын жана түзүмүнүн өнүгүүсүнүн терс тенденциясына алып келүүчү, Кыргыз Республикасынын Кызыл китебине киргизилген сейрек кездешүүчү жана жок болуу коркунучунда турган жаныбарлардын жана өсүмдүктөрдүн популяцияларынын сакталышына терс таасирин тийгизүүчү же таралуу чөйрөсүнүн кыскарышына алып келүүчү аракеттерге, же алардын уяларын, жумурткаларын, турган жайларын, башка курулмаларын жок кылууга же мындай жаныбарлардын же өсүмдүктөрдүн жашаган чөйрөсүнүн бузулушуна дуушарлантуучу аракеттерге же болбосо мындай жаныбарларды жана өсүмдүктөрдү алууга тыюу салынат.
Кыргыз Республикасынын Кызыл китебине кирген жаныбарлар дүйнөсүнүн объектилерин олжолоого Кыргыз Республикасынын Өкмөтү бекитүүчү тартипте аларды алуунун көлөмүн өзгөчө чектөө менен гана уруксат берилет.".
13. 23-берененин 3-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Саны жөнгө салынууга тийиш болгон жаныбарлар дүйнөсүнүн объектилери, ошондой эле тийиштүү чараларды көрүүнүн тартиби Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталат.".
14. 24-берененин 1-бөлүгүндөгү "Кыргыз Республикасынын айлана-чөйрөнү коргоо боюнча республикалык мамлекеттик органынын чечими боюнча" деген сөздөр алып салынсын.
15. 26-берененин 3-бөлүгү жана 28-берене күчүн жоготту деп таанылсын.
16. 27-берене төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"27-берене. Жаныбарлар дүйнөсүнүн объектилерин биотехнология продуктуларынын зыяндуу таасиринен коргоо
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү аныктаган тартипте мамлекеттик экологиялык экспертизанын корутундусу болмоюнча генетикалык ресурстардын маалыматтар базасын түзүүгө, ошондой эле микроорганизмдердин жаңы штаммдарын, биологиялык активдүү заттарды өндүрүүгө жана пайдаланууга, генетикалык жактан өзгөртүлгөн opганизмдерди жаратууга, биоценозго, айлана-чөйрөгө жана адамдын ден соолугуна жана зыян келтирүүчү башка биотехнологиялык продуктуларды өндүрүүгө тыюу салынат.".
17. 29-берененин 4-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Аңчылык жаныбарларын пайдалануучулардын укуктары жана милдеттери Кыргыз Республикасынын аңчылык жана мергенчилик чарбасы жөнүндө мыйзамдары менен да жөнгө салынат.".
18. 32-берене төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"32-берене. Аңчылык
Аңчылык Кыргыз Республикасынын аңчылык жана мергенчилик чарба жөнүндө мыйзамдарына ылайык жүзөгө ашырылат.".
19. 34-берененин 2-бөлүгүндөгү "Кыргыз Республикасына тийиштүү мыйзамдары" деген сөздөр "айлана чөйрөнү коргоо жана балык чарбасы жөнүндөгү мыйзамдар" деген сөздөр менен алмаштырылсын.
20. 37-берене төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"37-берене. Жаныбарлар дүйнөсүнүн объектилеринин жашоосунун жакшы жактарын пайдалануу
Жаныбарлар дүйнөсүнүн объектилеринин (кыртыш жараткычтардын, өсүмдүктөрдү чаңдатуучулардын, чөйрөнүн табигый санитарларынын ж.б.) жакшы жактарын Кыргыз Республикасынын Өкмөтү аныктоочу эрежелерди сактоо менен гана, аларды кармабастан, жок кылбастан, жашоо чөйрөсүн начарлатпастан жана жаныбарлар дүйнөсүнүн башка объектилерине зыян келтирбестен пайдаланууга жол берилет.".
21. 38-берененин 2-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Жаныбарлар дүйнөсүнүн объектилеринин жашоо-тиричилигинин продуктуларын алуу максатында аларды пайдалануунун эрежелерин Кыргыз Республикасынын Өкмөтү бекитет.".
22. 40-беренеде:
1) 4-бөлүгүндөгү "Кыргыз Республикасынын айлана-чөйрөнү коргоо боюнча республикалык мамлекеттик органы тарабынан белгиленет" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилет" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
2) 5-бөлүгү күчүн жоготту деп таанылсын.
23. 43-берененин 3-бөлүгүндөгү ", ал эми аны кийүүнүн эрежелерин жана мөөнөттөрүн жаныбарлар дүйнөсүнүн объектилерин коргоо, пайдалануу жана көбөйтүү боюнча атайын укугу бар тийиштүү мамлекеттик органдар бекитет" деген сөздөр алып салынсын.
24. 44-берене жана X бөлүм күчүн жоготту деп таанылсын.
2-берене.
1. Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып алты айлык мөөнөттө:
- аны ишке ашыруу үчүн керектүү ченемдик укуктук актыларды иштеп чыксын;
- өзүнүн ченемдик укуктук актыларын ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
|