Загрузка документа…
2-тиркеме
|
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 14-июлундагы № 493 токтому менен бекитилген |
Бишкек шаарындагы кварталдардын курулуш долбоорунун курамы, аны иштеп чыгуу жана бекитүү тартиби жөнүндө УБАКТЫЛУУ ЖОБО
1. Жалпы жоболор
1. Ушул убактылуу Жобо (мындан ары - Жобо) Бишкек шаарынын кварталдарын, кичи райондорун, шаар куруучулук, архитектуралык, ландшафттык комплекстерин, парктарын, ансамблдерин жана башка пландаштырылуучу элементтерин куруунун долбоорунун (мындан ары - куруу долбоору) курамын, иштеп чыгуу, макулдашуу жана бекитүү тартибин аныктайт.
2. Республикалык жана жергиликтүү бюджеттердин эсебинен аткарылуучу куруу долбоорунун заказчылары болуп мамлекеттик органдар, ошондой эле жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары саналат.
Аймакты куруу долбоору юридикалык жана жеке жактардын каражаттарынын эсебинен жүзөгө ашырылат.
3. Куруунун долбоорун иштеп чыгуучулар Кыргыз Реcпубликасынын "Кыргыз Республикасындагы лицензиялык-уруксат берүү тутуму жөнүндө" Мыйзамына ылайык лицензия алган юридикалык жана жеке жактар боло алышат.
4. Заказчы куруу долбоорун иштеп чыгуучуга долбоорлоого тапшырма берет.
Заказчы менен куруунун долбоорун иштеп чыгуучунун ортосундагы мамилелер келишимдин негизинде таризделет. Келишимге карата негизги талаптар 1-тиркемеде келтирилген.
Заказчы келишимде аныкталган мөөнөттө долбоорлоо үчүн керектүү алгачкы маалыматтарды даярдоону камсыз кылат. Алгачкы маалыматтардын тууралыгы үчүн заказчы менен келишимдин негизинде ушул маалыматтарды берген заказчы, уюм, ишкана, башка юридикалык жак жоопкерчиликти алат.
Заказчы иштеп чыгуучуга долбоорлоо үчүн алгачкы маалыматтарды топтоону тапшыра алат. Алгачкы маалыматтарды даярдоо шарттары жана бул иштерди каржылоо келишимде макулдашылат.
Заказчы тапшырманы же алгачкы маалыматтарды өзгөртсө, келишимге өзгөртүүлөрдү киргизүүгө алып келет.
5. Маанилүү шаар куруу түйүндөрүнө, көчөлөргө, комплекстерге куруу долбоорун иштеп чыгуу конкурстук негизде иштелип чыгат. Куруу долбоорун конкурстук негизде иштеп чыгуу жөнүндө чечим "Бишкек шаарынын башкы архитектура жана шаар куруу башкы башкармалыгы" мамлекеттик ишканасынын (мындан ары - "Бишкекбашкыархитектура" МИ) сунушу боюнча Бишкек шаарынын мэриясы тарабынан кабыл алынат.
6. Куруу долбоору иштелип чыккандан жана бекитилгенден кийин, "Бишкекбашкыархитектура" МИге өткөрүлүп берилет.
7. Куруу долбоорун иштеп чыгууда долбоордук чечимдердин өз ара макулдашуучулук принциптери, ошондой эле аймакты келечекте өнүктүрүүнүн шарттары, мамлекеттик жана коомдук кызыкчылыктар сакталышы керек.
8. Жаратылыш жана маданий эстеликтер жайгашкан функционалдык аймактар үчүн куруу долбоору тарыхый-архитектуралык изилдөөлөрдүн материалдарын, бекитилген тарыхый-архитектуралык пландарды жана эстеликтерди коргоо зоналарынын долбоорлорун эске алуу менен иштелип чыгат.
2. Куруу долбоорунун курамы
9. Куруу долбоору толук пландаштыруу долбоорунун негизинде Бишкек шаарынын жаңы же реконструкциялана турган кичи райондорунун, же турак жай курулуштарынын кварталдарынын аймактарында, турак жай топторунун жана коомдук имараттардын, илимий-изилдөө, окутуу, медициналык, рекреациялык, спорт жана башка шаар курулуштук, архитектуралык, ландшафттык комплекстердин, ансамблдердин жана башка пландаштыруу элементтеринин тилкелеринде иштелип чыгат. Бишкек шаарынын Башкы планынын негизинде толук пландаштыруунун бекитилбеген долбоорусуз куруу долбоорун аткарууга жол берилет.
10. Куруу долбоору долбоорлонуучу аймактын кызыл сызыгынын чегинде иштелип чыгат жана архитектуралык комплекстердин композициялык чечимин, имарат жана курулмалардын типтерин, куруунун жана реконструкциялоонун кезектүүлүгүн, функционалдык пайдаланууну, аймакты инженердик даярдоону жана абаттоону, транспорттук тейлөөнү уюштурууну жана жөө жүрүү кыймылынын принциптерин, курулушту уюштуруу тартибин жана сметалык наркын аныктайт.
Магистралдардын аянттары жана тилкелери үчүн куруу долбоору алардын имараттарынын контурланган чектеринде иштелип чыгышы мүмкүн.
11. Куруу долбоорунда кичи райондорду, кварталдарды, калкты тейлөө мекемелерин, инженердик жабдуу объектилерин, абаттоону жана аймакты жашылдандырууну эксплуатациялоого киргизүү менен бир эле учурда иштердин этап боюнча бүткөрүлүшүн эске алып участокторду куруу, реконструкциялоо жана абаттоо боюнча сунуштарды эске алуу керек.
12. Куруу долбоору эки баскычта аткарылат:
- куруу долбоорунун эскизи, зарыл болгон учурда наркынын жыйынтыкталган сметалык эсеби менен;
- куруу долбоору (сметалары бар жумушчу документациялар).
13. Долбоордун графикалык материалдары 1:500 же 1:1000 масштабында аткарылат.
14. Курулуштун башкы планында-бардык долбоорлонуучу, сакталуучу жана реконструкциялануучу имараттар жана курулмалар, турак-жай үйлөрдүн секциялуулугу, имараттардагы унаа жана жөө өтмө жолдор, коомдук имараттардын тилкелери, эс алуу, спорт жана башка багыттагы аянттар, жөө жүрүү өтмө жолдору, бак-дарак отургузуу көрсөтүлөт.
Курулуштун башкы планынын чиймесине райондогу долбоорлонуучу курулуштун жайгаштырылышы көрсөтүлгөн 1:5000 масштабындагы кырдаалдык план киргизилет.
Эгерде куруунун биринчи кезектеги долбоорлонуучу комплекси же турак жай жана коомдук имараттардын тобу кичи райондун (кварталдын) бир бөлүгү болуп саналса, жалпы кичи райондун (кварталдын) архитектуралык-пландоочу түзүмүн жана көлөмдүк-мейкиндик чечимдерин табуу максатында куруунун башкы планынын схемасы, калкты маданий-тиричилик жактан тейлөөнүн схемасы, рельефти уюштуруунун схемасы, транспорттун жана жөө жүрүүчүлөрдүн кыймылын уюштуруунун схемасы жана кичи райондук инженердик тарамдардын схемасы кошумча иштелип чыгат, ошондой эле негизги техникалык-экономикалык көрсөткүчтөр аныкталат, бүтүндөй кичи районго (кварталга) куруунун көрсөтмө материалдары аткарылат.
15. Абаттоо планында долбоорлонуучу жана сакталуучу унаа жана жөө өткөөлдөр, өтмөктөр, бардык түрдөгү аянттар, алардын ар түрдүүлүгүн көрсөтүү менен долбоорлонуучу жана сакталуучу жашыл бак-дарактар көрсөтүлөт, кичи архитектуралык формалардын жана аянт жабдууларынын тизмеги келтирилет.
Чиймеде ошондой эле өтмөлөрдүн, жолдордун жана аянттардын 1:20 масштабындагы конструктивдүү кесиндиси (кесилиши) көрсөтүлөт.
16. Рельефти уюштуруу схемасында курулманын жана имараттын биринчи кабаттарындагы төшөлмөлөрдүн белгилери, жердин долбоорлонуучу жана табигый белгилери, долбоорлонуучу горизанталдар, өтмөлөрдүн октору боюнча жантаймалар, узатасынан кеткен профилдин өзгергөн жеринде жөө жүрүүчүлөрдүн жолу жана өтмөлөрдүн окторунун кесилишиндеги долбоорлонуучу жана табигый белгилер, жаан суусун кабыл алуучу кудук торунун үстүндөгү долбоорлонуучу белгилер көрсөтүлөт.
Рельефти уюштуруу схемасында материалдар көп болгондо аймакты инженердик даярдоонун схемасы аткарылат.
17. Жер массасынын планында долбоорлонуучу аймактын чеги, негизги имараттардын жана курулманын контурлары, курулуштун координаталык тору же базистик сызыгы, ар бир чарчынын чегинде кыртыш көлөмдөрү жана алардын бурчтары боюнча долбоорлонуучу, табигый жана жумушчу белгилери менен чарчылар көрсөтүлөт. Планда жер массаларынын балансы таблица формасында келтирилет.
18. Инженердик тарамдардын схемасында жана аз ток өткөрүүчү схемаларында суу менен жабдуу, каналдаштыруу, нөшөрдү каналдаштыруу, жылуулук менен жабдуу, газ менен жабдуу, электр менен жабдуу трассалары, сырткы жарык, телефондоштуруу, радиолоштуруу, негизги параметрлери менен теле көрсөтүү, инженердик жабдуу курулмаларын жайгаштыруу, сугаруу, сарыктыргыч тармак, ошондой эле курулмаларга жана аянттан тышкаркы тармактарга коммуникациялар кошулган жерлери көрсөтүлөт.
Долбоордо жер астындагы инженердик тарамдардын жыйынтык планы аткарылат.
19. Имарат жана курулмалардын топтоштурулган схемасында турак үйлөрдүн, коомдук, өндүрүштүк имараттардын жана курулмалардын планы жана маңдай жактары көрсөтүлөт. Имараттардын жана курулмалардын бурчтарына жердин долбоорлонуучу жана табигый белгилери түшүрүлөт, негизги техникалык-экономикалык көрсөткүчтөрү, 0.000 шарттуу белгинин абсолюттук мааниси келтирилет.
20. Сметалык документациялар төмөнкүлөрдөн турат:
- курулуш наркынын жыйынды сметалык эсептеринен;
- сметалык жыйынды эсептөөлөрдү бириктирүүчү капиталдык салымдардын багыттары боюнча чыгымдардын жыйынтык маалыматтан (көрсөтүлгөн жыйынтык маалыматты түзүүнүн ордуна курулуш наркынын жыйынды сметалык эсептөөлөрүнүн жыйынтыгынан кийин капиталдык салымдын багыттары боюнча чыгымдар тууралуу маалыматтарды, көрсөтсө болот, ал эми капиталдык салымдардын багыттары боюнча каражаттарды бөлүштүрүүнүн эсептерин курулуштун наркынын сметалык эсептерине карата түшүндүрмө каттын курамында келтирилет);
- долбоорлоо жана изилдөө жумуштарынын, анын ичинде иш документацияларын иштеп чыгуунун наркын аныктоо боюнча сметаларынан;
- сметалык документацияларга карата көрсөтүлгөн материалдарды эске алуу менен түшүндүрмө каттан, ошондой эле инвестициялык иштер жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынан турат.
Курулуштун биринчи кезектеги участогуна гана долбоор иштеп чыгуу учурунда бүтүндөй кварталдын курулуш наркынын чоңойтулган көрсөткүчтөрү боюнча да эсептөөлөр аткарылат.
21. Куруу долбоорунун түшүндүрмө катына куруунун кабыл алынган архитектуралык-пландаштыруу жана көлөмдүк-мейкиндик чечимдеринин, курулуштун кезектүүлүгүнүн, имараттардын кабыл алынган типтеринин жана түрлөрүнүн жана алардын конструктивдик чечимдеринин, инженердик абаттоо жана аймакты жашылдандыруу тутумунун негиздемеси келтирилет, калкты тейлөө имараттарына жана жайларга болгон муктаждыктар боюнча толук пландаштыруу долбоорунун эсеп-кысабы такталат, 4-тиркемеге ылайык куруу долбоорунун техникалык-экономикалык көрсөткүчтөрү келтирилет.
Түшүндүрмө катта, ошондой эле инженердик тутумдарды, турак жай жана коомдук имараттарды санитардык жана техникалык эксплуатациялоо, курулуштун башка элементтерин жана аймакты сырткы абаттоону диспетчерлөө боюнча сунуштар (бөлүм) берилет.
22. Долбоорго сериялык түрдө даярдалуучу жабдууларга, арматурага, кабелдик продукцияларга жана башка массалык жана сериялык өндүрүштүн буюмдарына чоңойтулган номенклатура боюнча түзүлгөн ведомосттор киргизилет.
23. Куруу долбоорунун жумушчу документацияларынын курамына төмөнкүлөр кирет:
- курулуш үчүн долбоордук документацияларынын тутумунун мамлекеттик стандарттарынын талаптарына ылайык аткарыла турган жана комплектеле турган тапшырмада (2, 3 жана 4-тиркемелерде көрсөтүлгөн талаптарга ылайык куруу долбоорун иштеп чыгууга заказчы тарабынан берилген) каралган бардык объекттерге жана иштин түрлөрүнө жумушчу чиймелер;
- ушул Жобонун 20-пунктуна ылайык түзүлүүчү сметалар;
- ар бир объектиге же жумуштун түрүнө (иштерди аткаруучунун талабы боюнча тапшырманын негизинде аткарылат) материалдарга болгон керектөөлөрдүн ведомосттору жана жыйынды ведомосту;
- жабдууларга өзгөчөлүктөр;
- лифттерди заказ кылуу үчүн зарыл болгон сурамжылоо барагы жана лифт шахталарынын куруу бөлүктөрүнүн тыш өлчөмдүк чиймелери;
- инженердик жабдууларды диспетчерлөө, домофондорду орнотуу жана имараттарды техникалык пайдалануу бөлүмдөрү.
24. Көбүнчө типтүү же кайра колдонулуучу долбоорлор боюнча имараттарды колдонуу менен райондорду долбоорлоодо куруу долбоору бир баскычта аткарылышы мүмкүн: бекитүүгө сунушталган, долбоордук-сметалык документациялардын курамында, нарктын жыйынды сметалык эсептөөлөрү менен курулуштун жумушчу долбоору жана сметалары менен жумушчу документациялары.
25. Бекитүүгө сунушталган долбоордук-сметалык документациялардын курамына төмөнкүлөр кирет;
- кичи районду (кварталдын) куруунун башкы планынын схемасы;
- куруунун башкы планы;
- абаттоо планы;
- жер массаларынын планы менен рельефти уюштуруу схемасы;
- инженердик тармактардын жыйынды схемасы;
- имараттардын жана курулмалардын топтоштурулган схемалары;
- курулушту уюштуруу долбоору;
- курулуштун наркынын сметалык жыйынды эсеби;
- түшүндүрмө кат.
26. Жумушчу долбоордун калган бөлүгүнүн курамына төмөнкүлөр кирет:
- ар бир объектке же иштин түрүнө жумушчу документациялар;
- жумушчу чиймелери боюнча түзүлгөн сметалар;
- материалдарга болгон керектөөлөрдүн ведомосттору;
- жабдууларга өзгөчөлүктөр;
- лифттерди заказ кылуу үчүн зарыл болгон сурамжылоо барагы жана лифт шахталарынын куруу бөлүктөрүнүн тыш өлчөмдүк чиймелери;
- инженердик жабдууларды диспетчердик башкаруу жана турак үйлөрдү техникалык эксплуатациялоо бөлүмдөрү.
27. Шаар куруу жана экологиялык мамилелерде татаал аймактарга долбоорлорду иштеп чыгууда, имараттардын көпчүлүк бөлүгүн курууда жеке долбоорлорду колдонууда, ошондой эле заказчынын тапшырмасы боюнча, өз алдынча баскыч катарында уникалдуу объекттерди куруунун шаар курулуштук негиздеменин зарылдыгы болгон учурда курулуштун эскиздик долбоору иштелип чыгышы мүмкүн, анда варианттык иштеп чыгуулардын негизинде кичи районду, кварталды, аянтты, магистралдарды куруунун негизги архитектуралык-пландаштыруу жана көлөмдүк-мейкиндик концепциясы аныкталат.
Курулуштун эскиздик долбоорунун курамында төмөнкүлөр аткарылат:
- рельефти уюштуруу боюнча сунуштары менен башкы пландын эскизи;
- көргөзмө материалдары жана макеттер;
- курулуш наркынын болжолдуу эсептөөлөрү.
28. Реконструкциялануучу кварталдарды жана тилкелерди куруу долбоорлорун иштеп чыгууда долбоордун курамында курулуштун заманбап абалын, аймактын экологиялык абалын мүнөздөөчү жана тарыхый мурасты сактоо боюнча сунуштарды эске алган, оңдоо-реконструкциялоо иш-чараларын, эскилиги жеткен курулмаларды бузуу боюнча сунуштарды эске алган материалдар кошумча аткарылат.
29. Долбоорлоо тапшырмасына ылайык куруу долбоорунун курамында композициялык чечимди мүнөздөөчү көргөзмөлөө материалдары аткарылат.
30. Куруу долбоорлорун тариздөөгө жалпы талаптар 5-тиркемеде келтирилген.
3. Куруу долбоорун макулдашуу жана бекитүү
31. Куруу долбоорлору "Бишкекбашкыархитектура" МИ жана Бишкек шаарынын Башкы планын иштеп чыгуучу менен макулдашылат жана Бишкек шаарынын мэриясынын токтому менен бекитилет.
32. Куруу долбоорлорун макулдашуу заказчы тарабынан жүзөгө ашырылат. Куруу долбоорун долбоорлогон адам заказчыны керектүү тексттик жана графикалык материалдар менен камсыз кылат.
33. Куруу долбоорлорун кароону уюштуруу "Бишкекбашкыархитектура" МИ тарабынан жүзөгө ашырылат. Ушул максаттарда бардык кызыкдар уюмдардын өкүлдөрүнөн турган ведомстволор аралык комиссиялар түзүлүшү мүмкүн.
34. Макулдашуулардын толуктугу, алардын аныкталган тартипке шайкеш келиши үчүн жоопкерчиликти куруу долбоорун иштеп чыгуучу жана "Бишкекбашкыархитектура" МИ тартат.
35. Куруу долбоорун кароо учурунда коргоо, аны иштеп чыгуучуга жана "Бишкекбашкыархитектура" МИге жүктөлөт.
36. Куруу долбоорунун макулдашуулар тизмеги архитектура жана курулуш боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан белгиленет.
37. Бишкек шаарынын мэриясы, бекитүүгө сунуш кылганга чейин, өзүнүн расмий сайтына жайгаштыруу аркылуу бир айдан кем эмес мезгилде куруу долбооруна коомдук талкуулоону уюштурат.
38. Куруу долбоору макулдашууга жөнөтүлгөн уюмдар жана мекемелер, аларга материалдар берилген учурдан тартып эки айлык мөөнөттө аны макулдашып, же өз эскертүүлөрүн заказчыларга жана долбоорлоочуларга билдириши керек. Көрсөтүлгөн мөөнөттө корутунду берилбесе, куруу долбоору макулдашылган болуп эсептелет.
39. Куруу долбоорунун заказчысы жана иштеп чыгуучусу макулдашып жаткан уюмдардын эскертүүлөрүн он күндүк мөөнөттө карап чыгып, кабыл алган чечим жөнүндө аларга жана "Бишкекбашкыархитектура" МИге билдириши керек.
40. Иштелип чыккан куруу долбоорун кароонун жүрүшүндө пайда болгон өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду иштеп чыгуучу аны бекитүүгө сунушталышына чейин киргизет. Ар кандай уюмдардын ортосунда куруу долбоорун карап жатканда пикир келишпестиктер жаралса, ага өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү зарылдыгын "Бишкекбашкыархитектура" МИ аныктайт.
41. Бекитилген куруу долбоорун ишке ашырууну контролдоо архитектура жана курулуш боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан жүргүзүлөт.
42. Куруу долбоорунун толуктугу жана бардык бөлүмдөрүнүн өз ара байланышы үчүн жоопкерчиликти аны иштеп чыгуучу алат.
Ушул максаттарда куруу долбоорун иштеп чыгуу процессинде иштеп чыгуучу иш тартибинде кызыкдар уюмдар менен куруу долбоорунун чечимдерин макулдашууну төмөнкү маселелер боюнча жүзөгө ашырат:
жер, эмгек, суу, отун-энергетикалык, курорттук жана башка ресурстардын бар экендиги жана аларды пайдалануу, жаратылыш чөйрөсүн коргоо;
жаңы өнөр жай жана транспорт (унаа, темир жол, суу, аба, түтүк өткөргүч) ишканаларын жана курулмаларын жайгаштыруу, иштеп жаткандарын өнүктүрүү, кайра жабдуу, же жоюу;
санитардык-коргоо чөлкөмдөрүн уюштуруу, зыяндуу жана кооптуу чөлкөмдөрдөн калкты көчүрүү, балдар жана дарылоо-профилактикалык мекемелердин ордун алмаштыруу;
тарыхый, археологиялык, шаар куруу, архитектуралык жана монументалдык искусствонун эстеликтерин коргоо жана пайдалануу.
43. Тарыхый, археологиялык, шаар куруу, архитектуралык жана монументалдык искусствонун эстеликтери бар аймактардын куруу долбоору маданият, маалымат жана туризм чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен макулдашууга тийиш.
44. Куруу долбоорунда белгиленип жаткан жерди пайдаланууну өзгөртүү жердин пайдаланышын жана корголушун мамлекеттик контролдоону жүзөгө ашыруучу органдар менен макулдашылышы керек.
45. Архитектура жана курулуш боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган куруу долбоорун заказчынын жана долбоорлоочунун сунушу боюнча шаар куруу кеңешмесинин жыйындарында карайт.
4. Куруу долбоорун сактоо тартиби
46. Куруу долбоорунун контролдук нускасы иштеп чыгуучунун архивинде сакталат.
Долбоорлоо уюмунун архивинде түшүндүрмө каттын бир нускасы, эсептөөлөрдүн жана маалым каттардын түп нускалары, бардык долбоорлоо материалдарынан фоторепродукциялар же электрографикалык көчүрмөлөр милдеттүү тартипте сакталат.
47. Куруу долбоору төмөнкү санда заказчыга өткөрүлүп берилет:
- долбоорлоо планы (түп нускасы) - 1 нуска;
- аймакты заманбап пайдалануу планы (түп нускасы) - 1 нуска;
- схемалар (түп нускасы) - 1 нуска;
- чиймелердин жана схемалардын фоторепродукциялары менен түшүндүрмө кат - 4 нуска;
- бардык графикалык материалдардан электрографикалык көчүрмөлөр (катуу дискте) - 2 нуска.
48. Каржылоо түрүнө карабастан куруу долбоорунун материалдары жана ага байланышкан инженердик изилдөөлөр "Бишкекбашкыархитектура" МИге 1 нускада өткөрүлүп берилиши керек.
49. "Бишкекбашкыархитектура" МИде дайыма сактоодо турган куруу долбоорун, аны көбөйтүүгө жана көчүрмөлөрүн берүүгө байланышпаган пайдалануу акысыз негизде жүзөгө ашырылат.
|
| Бишкек шаарындагы кварталдардын курулуш долбоорунун курамы, аны иштеп чыгуу жана бекитүү тартиби жөнүндө убактылуу жобого 1-тиркеме |
Куруу долбоорун иштеп чыгуу келишимине негизги талаптар
1. Иштерди аткаруу келишиминде келишимдин предмети көрсөтүлөт:
- долбоордун аталышы, техникалык, илимий, экономикалык жана башка талаптар;
- долбоордун макулдашуусун, экспертизасын, бекитүүнү жүзөгө ашыруучу уюмдардын аталышы;
- ишти бүтүрүү мөөнөттөрү, этаптарды камтуу мөөнөттөрү.
2. Иштердин жалпы наркын аныктоодо аванс төлөмдөрү, кошумча нарк салыгынын суммалары, каржылоо булактары, мүлк жоопкерчилиги жана башка шарттар, анын ичинде долбоорлоо документацияларды басып чыгарууга жана бөлүштүрүүгө сарптоолор аныкталат.
3. Куруу долбоорун иштеп чыгуу жана ага байланышкан инженердик изилдөөлөрдү, илимий-техникалык иштерди жүргүзүү наркынын сметалык эсебине төмөнкүлөр кирет:
- материалдарды, жабдууларды жана инвентарды сатып алууга сарптоолор;
- эмгек акы боюнча төлөмдөр;
- социалдык, медициналык камсыздандырууга чегерүүлөр;
- амортизациялык чегерүүлөр, оңдоо фондуна чегерүүлөр, мүлктү камсыздандыруу боюнча чегерүүлөр;
- башка чыгашалар.
Ошол эле убакта төмөнкүлөр бөлүп көрсөтүлөт: иштерди аткаруунун толук наркы, киреше, иштердин сметалык наркы, кошумча нарк салыгы, иштердин сметалык наркы менен кошумча нарк салыгы.
|
| Бишкек шаарындагы кварталдардын курулуш долбоорунун курамы, аны иштеп чыгуу жана бекитүү тартиби жөнүндө убактылуу жобого 2-тиркеме |
Куруу долбоорун иштеп чыгуу тапшырмасына негизги талаптар
Тапшырманы түзүү үчүн негиз болуп Бишкек шаарын толук пландоонун бекитилген долбоорунун же Башкы планынын материалдары саналат.
Долбоорлоо тапшырмасында төмөнкү маселелер чагылдырылат:
1) тапшырманы берүү үчүн негиз;
2) долбоордун заказчысы;
3) башкы долбоорлоочу жана долбоорлоо уюму;
4) долбоордун аткаруучусу;
5) башкы подряддык курулуш уюму (аныктаганда);
6) долбоорлоо үчүн алгачкы маалыматтар, аларды көрсөткөн уюмдар жана берүү мөөнөттөрү;
7) куруу боюнча болжолдуу күтүлүүчү алгачкы маалыматтары: аймагы, турак үйлөрдүн жалпы аянты жана батирлердин саны, тейлөөчү ишканалардын жана мекемелердин болжолдуу тизмеги жана алардын кубаттуулугу, курулуштун наркы жана мөөнөттөрү;
8) сунушталуучу үйлөрдүн, тейлөөчү ишканалардын жана мекемелердин мүнөздөмөсү;
9) куруунун архитектуралык-пландоо жана көлөмдүк-мейкиндик чечилишине талаптар (архитектуралык-пландоо шарттарынын курамында берилет);
10) калктын транспорттук тейленишин уюштуруу;
11) аймакты абаттоо жана жашылдандыруу;
12) курчап турган чөйрөнү коргоо;
13) тарыхый жана маданий эстеликтерди коргоо;
14) жарандык коргонуунун инженердик-техникалык иш-чаралары;
15) долбоордун варианттарын толугу менен же анын айрым бөлүмдөрүн иштеп чыгуу зарылдыгы;
16) колдонуудагы имараттарды реконструкциялоонун кезектүүлүгү, бузуу көлөмү жана аларды баштапкы багыты же башка максаттар үчүн пайдалануу мүмкүндүгү;
17) долбоордун курамы, анын ичинде көргөзмө материалдардын көлөмү;
18) макулдашуу тартиби.
|
| Бишкек шаарындагы кварталдардын курулуш долбоорунун курамы, аны иштеп чыгуу жана бекитүү тартиби жөнүндө убактылуу жобого 3-тиркеме |
Куруу долбоорун иштеп чыгуу үчүн алгачкы маалыматтардын курамы жана мазмуну
Заказчы куруу долбоорун иштеп чыгуу үчүн башкы долбоорлоочуга төмөнкүдөй алгачкы маалыматтарды берет:
- архитектура жана курулуш боюнча аймактык органдар тарабынан түзүлүүчү архитектуралык-пландоочу шарттарды. Архитектуралык-пландоочу шарттар долбоорлоого берилген тапшырма менен айкалыштырылышы мүмкүн;
- инженердик жабдуунун булактарына же тышкы тарамдарына туташтырууга карата техникалык шарттарды;
- сметалык документацияларды түзүү үчүн алгачкы маалыматтарды;
- курулушту уюштуруунун долбоорун иштеп чыгууга алгачкы маалыматтарды;
- курулмаларды бузуу жана бузгандыгы үчүн компенсациянын мүнөзү жөнүндө жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын чечими;
- жерлерди, учурдагы курулмаларды, жер алдындагы жана жер үстүндөгү тарамдарды жана курулмаларды инвентаризациялоонун материалдарын;
- турак районду толук пландаштыруунун бекитилген долбоорунун материалдарын;
- куруу базасынын ишканалары тарабынан өндүрүлүүчү конструкциялардын каталогун;
- топографиялык планды жана инженердик изилдөөлөрдүн материалдарын (заказчы тарабынан берилиши же анын тапшырмасы боюнча долбоорлоо-изилдөө уюму тарабынан - куруу долбоорун аткаруучу изилдөө уюму тарабынан аткарылышы мүмкүн).
|
| Бишкек шаарындагы кварталдардын курулуш долбоорунун курамы, аны иштеп чыгуу жана бекитүү тартиби жөнүндө убактылуу жобого 4-тиркеме |
Куруу долбоорунун негизги техникалык-экономикалык көрсөткүчтөрү
Көрсөткүч | Ченөө бирдиги |
Кызыл сызыктардын чектериндеги турак жай кварталдары, кичи райондор | га/кв.м/адам |
Турак жай курулмасынын аймактары анын ичинде: |
|
көп кабаттуу курулманын аймактары | ошол эле |
жеке курулманын аймактары | " |
Кичи райондон тышкаркы маанидеги тейлөө мекемелеринин жана ишканаларынын тилкелери анын ичинде: | " |
жалпы пайдаланылуучу жашыл бак-дарактар |
|
өткөөлдөр, аянттар |
|
Гараждардын жана жеке автотранспортту сактоонун унаа токтотмолорунун тилкелери |
|
Башка аймактар |
|
Жалпы аймактардан: |
|
мамлекеттик менчиктеги жерлер | га/кв.м/адам |
муниципалдык менчиктеги жерлер | ошол эле |
жеке менчиктеги жерлер |
|
Калкы |
|
Калктын саны | миң адам |
Калктын жыштыгы (брутто) | адам/га |
Турак жай фонду |
|
Турак үйлөрдүн бардыгы | миң/га жалпы аянты кв. |
Кабаттуулугу боюнча турак жай фондун бөлүштүрүү: |
|
1-2 кабаттуу | ошол эле |
3-4 кабаттуу | " |
5 кабаттуу | " |
5 кабаттан жогору | " |
Турак үй курулманын орточо кабаттуулугу | кабат |
Батирлердин саны - бардыгы анын ичинде: | даана |
бир бөлмөлүү |
|
эки бөлмөлүү |
|
үч бөлмөлүү |
|
төрт бөлмөлүү жана андан ашык |
|
Учурдагы сакталуучу турак жай фонду |
|
Турак үйлөрдүн бардыгы | миң чарчы метр жалпы аянты кв. |
турак үйлөр - бардыгы |
|
Турак жай фондунун кемиши |
|
турак үйлөр - бардыгы | миң чарчы метр |
| жалпы аянты кв. учурдагы фондго, жаңы курууга карата % |
анын ичинде: |
|
техникалык абалы боюнча | ошол эле |
реконструкциялоо боюнча |
|
башка себептер боюнча (санитардык-коргоо зоналарын уюштуруу, кайра жабдуулоо ж.б.) |
|
Жаңы турак жай куруу | миң чарчы метр жалпы аянты кв. |
анын ичинде: |
|
1-2 кабаттуу |
|
3-4 кабаттуу |
|
5 кабаттуу |
|
5 кабаттан жогору |
|
Калктын жыштыгы (брутто) | адам/га |
Тейлөө мекемелери жана ишканалары |
|
Мектепке чейинки балдар мекемелери | орун |
бардыгы/1000 адам |
|
Жалпы билим берүү мекемелери | орун |
бардыгы/1000 адам |
|
Азык-түлүк товарлар дүкөндөрү | соода аянты кв.м |
бардыгы/1000 адам |
|
Азык-түлүк эмес товарлар дүкөндөрү | соода аянты кв.м |
бардыгы/1000 адам |
|
Коомдук тамактануу ишканалары | отуруучу орун |
бардыгы/1000 адам |
|
Жеке ээлердин гараждарындагы орундардын саны | орун |
бардыгы/1000 адам |
|
Дайыма сактоочу ачык унаа токтотмолорундагы орундардын саны | орун |
бардыгы/1000 адам |
|
Инженердик жабдуулар жана абаттоо |
|
Жалпы суу керектөө | миң куб.м |
Агын суулардын суммалык чыгымы | суу/сут. |
Суммалык электр жүктөмү | МВТ |
Электр плиталары менен жабдылган батирлердин саны | батир |
Газ чыгымы | млн. куб.м/жылына |
Жылытууга, желдетүүгө, ысык суу менен камсыздоого жылуулуктун жалпы сарпталышы | Гкал |
...-жылдагы курулуштун сметалык наркы сом менен анын ичинде: | млн.сом |
турак жай курулушу |
|
маданий-тиричилик курулушу |
|
жол тармагы |
|
инженердик жабдуу жана абаттоо |
|
Салыштырмалуу чыгымдар |
|
1 адамга | миң сом |
жаңы турак жай курулушунун жалпы аянтынын 1 кв.м |
|
|
| Бишкек шаарындагы кварталдардын курулуш долбоорунун курамы, аны иштеп чыгуу жана бекитүү тартиби жөнүндө убактылуу жобого 5-тиркеме |
Куруу долбоорун тариздөөгө жалпы талаптар
1. Графикалык материалдар ченемдик техникалык документтердин талаптарын сактоо менен аткарылат жана таризделет.
2. Ар түрдүү чиймелерде кайталанган элементтерди тартуу үчүн бир типтүү шарпуу белгилер жана эреже катары топографиялык-геодезиялык негиздерди жаппаган тунук боёктор колдонулат; графикалык материалдар долбоордук сунуштарды көрсөтмөлүү кабыл алууну эске алуу менен аткарылышы керек.
3. Негизги чиймелерге куруу долбоорун иштеп чыккан уюмдун жетекчилиги жана жооптуу аткаруучулары тарабынан кол коюлат. Калган чиймелерге жана схемаларга куруу долбоорун иштеп чыгуучунун ички стандарттары менен белгиленген тартипте кол коюлат.
Эскертүү:
1. Куруу долбоорун иштеп чыгуучу долбоорлоо объектисинин өзгөчөлүктөрүн эске алуу менен материалдардын курамын өзгөртүү боюнча сунуштарды тапшырма берүүчүгө киргизүү, ошондой эле документацияларды даярдоонун ар түрдүү ыкмаларын жана технологияларын, анын ичинде компьютердик жана көбөйтүүчү техниканы кошо колдонуу укугуна ээ.
2. Графикалык материалдар картографиялык жана башка негизде аларды дайыма архивдик кызматтар жана заказчы тарабынан аныкталган мөөнөттө белгиленген тартипте сактоону камсыз кылууну эске алуу менен аткарылат.
3. Графикалык материалдардан түстүү же иллюстрацияланган сүрөттөр, электрографикалык көчүрмөлөр даярдалат, алар өзүнчө альбом болуп брошюраланат же түшүндүрмө жазууга жана негизги жоболордо схемалар түрүндө жайгаштырылат.
4. Түшүндүрмө каттарга жана долбоордун негизги жоболоруна уюмдун жетекчилери - иштеп чыгуучулар жана куруу долбоорунун авторлору тарабынан кол коюлат.
5. Шаар куруу документацияларынын негизги графикалык материалдары (таянуу планы) жана долбоордук план (негизги чийме) топографиялык карталарда - литтоотискаларда, калган долбоордук чиймелер-схемалары - долбоордук пландын көчүрмөлөрүндө аткарылат.
6. Чиймелердин түп нускаларынын жупнускалары долбоор белгиленген тартипте бекитилгенден кийин аткарылат. Чиймелердин жупнускаларында долбоорду бекиткен орган, чечимдин (токтомдун) күнү жана номери көрсөтүлөт.