Загрузка документа…
КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 13-февралындагы № 79 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
2-тиркеме
|
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 16-июлундагы № 504 токтому менен бекитилген |
Товарларды жана транспорт каражаттарын бажы контролу алдында убактылуу сактоо жөнүндө ЖОБО
1. Жалпы жоболор
1. Товарларды жана транспорт каражаттарын бажы контролу алдында убактылуу сактоо жөнүндө жобо (мындан ары - Жобо) "Кыргыз Республикасында бажылык жөнгө салуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 63-беренесине ылайык иштелип чыккан жана жүк ташуучунун, бажылык жүк ташуучунун, убактылуу сактоо кампасынын (мындан ары - УСК) ээсинин, товарларды өткөрүп жаткан жактын жана Кыргыз Республикасы бажы органдарынын бажы контролу алдында товарларды жана транспорт каражаттарын убактылуу сактоодогу өз ара аракеттерин, товарларды жана транспорт каражаттарын убактылуу сактоого киргизүү, эсепке алуу, сактоо, ага уруксат берүү тартибин, ошондой эле убактылуу сактоо мөөнөтүн аныктайт.
2. Товарларды жана транспорт каражаттарын бажы контролу алдында убактылуу сактоо убактылуу сактоого байланышкан аракеттерди билдирет, ага ылайык товарлар жана транспорт каражаттары мындай максаттар үчүн атайын бөлүнгөн жана курулган жайларда, ачык жерлерге же башка жерлерге Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык бажы контролу алдында сакталат.
3. Убактылуу сактоо кампасынын инфраструктурасы, техникалык жабдуусу жана иш режими Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 25-мартындагы № 185 "Бажы кампаларынын жана убактылуу сактоо кампаларынын инфраструктурасына, техникалык жабдылуусуна жана иштөө режимине карата талаптарды бекитүү жөнүндө" токтому менен бекитилген талаптарга ылайык келүүгө тийиш.
4. Товарлардын жана транспорт каражаттарынын убактылуу сакталышы аларды тандалып алынган бажы жол-жобосуна ылайык чыгарууга чейин камсыз кылынат.
5. Убактылуу сактоо менен байланышкан аракет бажы жол-жобосу алмашып жаткан товарга колдонушу мүмкүн. Ошол эле учурда белгиленген бажы жол-жобосу аяктаган кезден тартып, кайра тандалып алынган бажы жол-жобосуна ылайык ал экинчи жакка берилгенге чейин товар убактылуу сактоодо турган деп эсептелет.
6. Убактылуу сактоо кампасына ар кандай товарларды коюуга болот. Башка товарларга зыян келтириши мүмкүн болгон же сактоонун өзгөчө шарттарын талап кылган товарлар мындай товарларды сактоо үчүн атайын ылайыкташтырылган кампаларда же бөлмөлөрдө сакталышы керек.
7. Убактылуу сактоо кампасынын ээси, бажы өкүлү, товарларга тийиштүү ыйгарым укукка ээ болгон башка жактар жана алардын өкүлдөрү убактылуу сактоо кампасында турган товарларды текшерүүгө жана өлчөөгө мүмкүндүк алышат. Бажы биримдигинин Бажы кодексинин 144-беренесине ылайык бажы органын кабарлоо менен Убактылуу сактоо кампасынан товарлардын сынамдарын жана үлгүлөрүн алууга болот.
Бажы органына кабарлоо менен убактылуу сактоодо турган товарлар алардын сакталышын камсыз кылуу үчүн бузулган таңгагын оңдоону кошуу менен, козголбогон абалында зарыл болгон операцияларга, ошондой эле товарларды убактылуу сактоо кампасынан алып чыгууну жана аларды андан ары транспорттоону тездетүү үчүн зарыл болгон операцияларга алынышы мүмкүн. Көрсөтүлгөн операциялар, алар товарлардын абалынын өзгөрүшүнө же аларды бажы органдарынын идентификациялоосу мүмкүн болбогон абалга алып келбей турган шартта жасалышы мүмкүн.
8. Бажы контролу алдында убактылуу сактоодо турган товарлардын жана транспорт каражаттарынын статусу, товарлар убактылуу сактоо кампасына факт жүзүндө коюлгандыгына же бул Жобонун 6-главасында аныкталган жайларда, мындай максаттар үчүн атайын бөлүнүп берилген жана жайгаштырылган убактылуу сактоо кампасында тургандыгына карабастан Евразия экономикалык биримдигинин бажы мыйзамдарынын жана Кыргыз Республикасынын бажы иши чөйрөсүндөгү мыйзамдарынын товарларды чыгарганга чейин аларды коюунун, сактоонун жана алар менен операцияларды жүргүзүүнүн же Евразия экономикалык биримдигинин мыйзамдарына жана Кыргыз Республикасынын бажы иши чөйрөсүндөгү мыйзамдарына ылайык товарларды жана транспорт каражаттарын карамагына алуунун тартибин камсыз кылуу боюнча талаптарын сактоонун зарылдыгын түшүндүрөт.
9. Товарлардын жана транспорт каражаттарын бажы контролу алдында убактылуу сактоо төмөндөгүдөй түрдө түшүндүрүлүшү мүмкүн:
- Кыргыз Республикасынын бажы иши чөйрөсүндөгү мыйзамдарына ылайык белгиленген бажылык контролдоо зоналарында бажы контролунун алдында болушу;
- убактылуу сактоо кампасында болушу;
- бул Жобонун 6-главасында аныкталган жайларда болушу.
10. Товардын мүнөзүнө, товарды транспорттоонун өзгөчөлүгүнө жараша бажы операцияларын жүзөгө ашыруу максаттуу болсо жана мындай жайлар Кыргыз Республикасынын бажы иши чөйрөсүндөгү мыйзамдарынын талаптарын канааттандырган шартта, ушул Жобонун 7-главасында каралган талаптар сакталганда товарларды жана транспорт каражаттарын бул Жобонун 6-главасында аныкталган жайларга жеткирүүгө Кыргыз Республикасынын бажы иши чөйрөсүндөгү мыйзамдарына ылайык мүмкүндүк берилет.
11. Товарларды жана транспорт каражаттарын убактылуу сактоого белгиленген тартипте өткөрүп бергенге чейин бул товарлар жана транспорт каражаттары үчүн бүткүл жоопкерчиликти анын ичинде бажы төлөмдөрүн төлөө үчүн жоопкерчиликти бул Жобонун 2-пунктунда көрсөтүлгөн адамдар көтөрүшөт.
2. Транспорттун ар кандай түрү менен ташылып келинген товарларды жайгаштыруунун жана сактоонун өзгөчөлүктөрү
12. Товарлардын жеткирилишин контролдоонун автоматташтырылган системасын колдонуу менен жүргүзүлгөн бажы операциясы аяктагандан кийин жана товарлар жеткирилген жерде бажы органына көрсөтүлгөндөн кийин товарлар убактылуу сактоого коюлуусу керек:
- 3 сааттын ичинде товарларды декларациялоо боюнча бажы операциялары жасалбаган учурда;
- темир жол транспорту менен ташылып келинген товарларга карата - 12 сааттын ичинде.
Товарларды убактылуу сактоого коюу максатында тийиштүү жак убактылуу сактоо кампасынын (ушул Жобонун 6-главасында аныкталган товарларды убактылуу сактоо жайы) иштешине контролду жүзөгө ашырган бажы органына төмөндөгү маалыматтарды камтыган транспорттук (жүк ташуучулук), коммерциялык жана (же) бажылык документтерди көрсөтөт:
- транспорттук (жүк ташуучулук) документтерге ылайык товарды жөнөтүүчүнүн, алуучунун аталышы (аты-жөнү) жана жайгашкан жери (жашаган жери);
- товарларды жөнөтүүчү өлкөнүн, жеткирилүүчү өлкөнүн аталышы;
- товарлардын түрлөрү жана аталыштары тууралуу маалымат;
- товарлардын саны тууралуу маалымат;
- товарлардын маркалоосу жана таңгагы тууралуу маалымат;
- транспорт каражатын идентификациялоого мүмкүндүк берген кыскача маалыматтар;
- убактылуу сактоо кампасы же товарларды убактылуу сактоону жүзөгө ашыруу болжолдонгон башка жай тууралуу маалымат.
Мындай документтер бажы органына Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык электрондук документтердин көчүрмөсү түрүндө берилиши мүмкүн.
Эгерде мындай документтер бажы органына берилген болсо, атап айтканда, товарлардын жеткирилишин контролдоонун автоматташтырылган системасын колдонуу менен жүргүзүлгөн бажы операциялары аяктаганда жүк ташуучу, бажылык жүк ташуучу тарабынан берилген болсо, товарлар келгенде тийиштүү жак бажы органына эркин формада жазылган жана бул документтердин реквизиттери тууралуу маалыматтарды камтыган жазуу түрүндөгү кайрылууну көрсөтөт.
Товарларды убактылуу сактоого коюу үчүн көрсөтүлгөн документтер бажы органы тарабынан товарларды убактылуу сактоого коюу үчүн көрсөтүлгөн документтерди каттоо журналына каттайт жана жакка ушул Жобонун 6-тиркемесиндеги форма боюнча катталгандыгы жөнүндө ырастоо кагазын берет.
Эгерде товарларды убактылуу сактоого коюу үчүн зарыл болгон документтер бажы органына электрондук түрдө берилсе, анда көрсөтүлгөн документтердин катталгандыгы тууралуу тастык маалыматы электрондук программалык каражаттарды колдонуу менен бир калыпка салынган кабарды жөнөтүү жолу аркылуу электрондук формада берилет.
Товарларды убактылуу сактоого коюу үчүн көрсөтүлгөн документтерди каттоо журналы ушул Жобонун 7-тиркемесинде белгиленген формага ылайык электрондук түрдө жүргүзүлөт.
Каттоо мындай документтер бажы органына берилгенден кийин жүргүзүлөт.
13. Товарларды убактылуу сактоо кампасына коюу тийиштүү жак товарларды убактылуу сактоого коюу үчүн көрсөтүлгөн документтер бажы органы тарабынан катталгандыгы тууралуу тастык кагазын алгандан кийин гана жүргүзүлөт.
Ушул Жобонун 6-главасында аныкталган товарларды убактылуу сактоочу жайга ыйгарым укуктуу экономикалык оператор тарабынан киргизилген товарлардан тышкаркы товарларды коюу тийиштүү жак товарларды убактылуу сактоого коюу үчүн көрсөтүлгөн документтер бажы органы тарабынан катталгандыгы тууралуу тастык кагазын, ошондой эле ушул Жобонун 6-главасына ылайык бажы органынын тийиштүү уруксатын алгандан кийин жүргүзүлөт.
Бул максаттар үчүн кызыкдар тарап же убактылуу сактоо кампасынын ээси (ушул Жобонун 6-главасында аныкталган убактылуу сактоочу жайларда товарлардын убактылуу сакталышын жүзөгө ашырган жак) товарларды жана транспорт каражаттарын бөлмөлөргө же убактылуу сактоо кампасынын ачык аянтчаларына факт жүзүндө жайгаштыруу боюнча чараларды көрөт (ушул Жобонун 6-главасында аныкталган убактылуу сактоочу жай).
Эгерде товарларды убактылуу сактоо товарлардын жеткирилишин контролдоонун автоматташтырылган системасын колдонуу менен жүргүзүлгөн бажы операцияларынын аякташын жүргүзгөн бажы органынын, же товарлар жеткирилген жеринде көрсөтүлө турган бажы органынын жайгашкан жеринде жүзөгө ашпай турган болсо, көрсөтүлгөн бажы органы товарларды текшерүүнү жүргүзүүнүн жүрүшүндө товарлардын убактылуу сакталган жеринде факт жүзүндөгү жайгашкандыгын контролдойт.
14. Убактылуу сактоого коюу үчүн көрсөтүлгөн документтер бажы органы тарабынан катталган күндөн тартып товарлар убактылуу сактоодо турат деп эсептелет.
15. Темир жол транспорту менен ташылып келген товарларды убактылуу сактоонун өзгөчөлүктөрү:
1) Ага караштуу жер тилкесинде темир жол жана/же контейнердик аянтча жайгашкан жактын сурамы боюнча темир жол транспорту менен ташылып бара жаткан товарларды, алар ташылып түшүрүлгөнгө чейин убактылуу сактоо кампасы болуп эсептелбеген, жайгашкан жери бажы органдары менен макулдашылган темир жолдо жана/же контейнердик аянтчада турган транспорт каражаттарында түздөн-түз убактылуу сактоого уруксат берилет.
Көрсөтүлгөн жерлер бажылык контролдоо зонасы болуп эсептелет. Темир жол участогу карамагында болгон жак товарлардын сакталышын камсыз кылууга жана аларга башка жактардын жетүү мүмкүнчүлүгүн болтурбоого милдеттүү.
2) Темир жолдо бажылык контролдоо зонасында турган транспорт каражаттарында сактоодо турган товарлар бажы максаттары үчүн убактылуу сактоодо тургандардын катарында каралат. Товарлардын жүктөлүшүнө жана алардын каалаган башка жерге жылдырылышына бажы органынын уруксаты менен мүмкүндүк берилет.
3) Товарлар жоголгон же алар бажы органдарынын уруксаты жок үчүнчү жактарга берилген учурларда бажы алымдарды, салыктарды төлөө үчүн темир жолдун участогунун карамагында болгон жак жоопкерчиликтүү болот.
4) Товарларды алуучуга темир жол станциясынан товарларга болгон документтерди бажы органына кабар бербей туруп тапшырууга мүмкүндүк берилбейт.
5) Темир жол станцияларында темир жол боюнча алып өтүлгөн товарларды эсепке алуу максатында, темир жол транспорту келгенде, темир жол кызматкерлеринин бажы органынын кызмат адамына кабар берип жана документтерди өткөргөндөн кийин, бажы органынын кызматкери тарабынан ушул Жобонун 1-тиркемесинде келтирилген форма боюнча темир жол жүк ташууларынын убактылуу сактоо документтери түзүлөт.
6) Бажы органынын кызмат адамы товардык транспорттук документтердеги маалыматтардын негизинде электрондук формада убактылуу сактоого тийиштүү документтерди толтурат, андан кийин убактылуу сактоого документке бөтөнчө идентификациялык номур берилет. Убактылуу сактоого документтин кагаз түрүндөгү формасын эки нускада басып чыгаргандан кийин бажы органынын кызмат адамы жекече номерлүү мөөрүн басат. Убактылуу сактоого документтин бир нускасы товардык коштоп жүрүүчү документтер менен бирге жүктү алууга жооптуу болгон жакка берилет, убактылуу сактоого документтин экинчи нускасы бажы органында калат.
7) Бажы органдарынын түзүмдүк бөлүкчөлөрү жок болгон темир жол станцияларында, станциянын жумушчулары товарлардын келгендиги тууралуу бажы органдарына кабар берип турушат. Жооптуу кызматкерлерге кабар берүүнүн формасы жана тартиби жана милдеттүү минималдуу маалыматтардын тизмеси станциянын жана бажы органынын өзгөчөлүгүн эске алуу менен станциянын жана бажы органынын начальниги тарабынан аныкталат.
16. Аба транспорту менен ташылуучу товарлардын убактылуу сакталышынын өзгөчөлүктөрү:
1) Товарлар аба кемеси менен келгенде товарларды аэропорттун аймагында негизделген убактылуу сактоо кампасына коюу жана аларды убактылуу сактоо кампасына тапшырып берүү ыйгарым укуктуу кызматтар жана убактылуу сактоо кампасынын ээлери менен биргеликте бажы органы тарабынан жүзөгө ашырылат.
2) Аэропорттордо, аба транспорту менен алып өтүлгөн товарларды эсепке алуу максатында, авиа транспорт келгенде, аэропорттун администрациясынын кызматкерлеринин бажы органынын кызмат адамына кабар берип жана документтерди өткөргөндөн кийин, бажы органынын кызматкери тарабынан ушул Жобонун 2-тиркемесинде келтирилген форма боюнча авиациялык жүк ташуулар үчүн убактылуу сактоо документтери түзүлөт.
3) Бажы органынын кызмат адамы товардык транспорттук документтердеги маалыматтардын негизинде электрондук формада убактылуу сактоого болгон документтерди толтурат, андан кийин убактылуу сактоого болгон документке бөтөнчө идентификациялоо номуру берилет. Убактылуу сактоого болгон документтин кагаз түрүндөгү формасын эки нускада басып чыгаргандан кийин бажы органынын кызмат адамы жекече номерлүү мөөрүн басат. Убактылуу сактоого болгон документтин бир нускасы товардык коштоп жүрүүчү документтер менен бирге жүктү алууга жооптуу болгон жакка берилет, убактылуу сактоого болгон документтин экинчи нускасы бажы органында калат.
3. Товарларды жана транспорт каражаттарын убактылуу сактоо кампасында сактоо жана жайгаштыруу
17. Убактылуу сактоо кампасында Кыргыз Республикасынын бажы чек арасынан өткөн бардык товарлар жана транспорт каражаттары жайгаштырылышы мүмкүн. Кыргыз Республикасына ташып кирүүгө жана ташып чыгууга тыюу салынган товарларды жана транспорт каражаттарын токтоосуз чыгарып кетүү жүзөгө ашпаса же мүмкүн болбосо Кыргыз Республикасынын мыйзамына ылайык убактылуу сактоо кампасында же ушул жобонун 6-главасында аныкталган жерлерде товарларды алып өткөн жактын эсебинен жайгаштырылышы мүмкүн.
Башка товарларга жана транспорт каражаттарына зыян келтирүүчү же сактоонун өзгөчө шартын талап кылган товарлар жана транспорт каражаттары убактылуу сактоо кампасынын атайын жабдылган жайларында сакталууга тийиш.
18. Кыргыз Республикасынын аймагына ташып кирүүгө тыюу салынган товарларды жана транспорт каражаттарын убактылуу сактоо кампасына иш жүзүндө милдеттүү түрдө жайгаштыруу жөнүндө чечим Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык бажы органы тарабынан ушул жобонун 6-главасында аныкталган жерлер, ушул максат үчүн атайын бөлүнгөн жана жабдылган убактылуу сактоо кампасы убактылуу сактоодо турган товарларга тийиштүү талаптарды аткарууга кепилдик бербегендиги жөнүндө негиз болгон учурда маселе чечилгенге чейин кабыл алынат.
4. Товарларды убактылуу сактоонун мөөнөтү
19. Товарларды убактылуу сактоо мөөнөтүн эсептөө бажы органы товарларды убактылуу сактоого жайгаштыруу үчүн көрсөткөн документтерди каттаган күндөн кийинки күндөн башталат.
20. Товарларды убактылуу сактоо мөөнөтү эки айды түзөт.
Товарларга карата ыйгарым укугу бар жактын же анын өкүлдөрүнүн жазуу түрүндөгү кайрылуусу боюнча бажы органы көрсөтүлгөн мөөнөттү узартат.
Товарларды убактылуу сактоонун акыркы мөөнөтү төрт айдан ашпоого тийиш, ал эми эл аралык почта алмаштыруучу жерлерде (мекемеде) (мындан ары - ЭПАЖ), аэропорттогу почта алмаштыруучу пунктта (АПАП) жана эл аралык почта алмаштыруучу пункттарда (ЭПАП) сакталган эл аралык почта жөнөтүүлөр (мындан ары - ЭПЖ), жана дагы аба транспорту менен алып өтүлгөн жүргүнчү тарабынан алынбаган же талап кылынбаган жүктөргө карата алты айды түзөт.
Евразия экономикалык комиссиясынын чечими менен айрым категориялардагы товарларга убактылуу сактоо мөөнөтү эки айдан аз бекитилиши мүмкүн.
21. Иш регионунда товарлар сакталган бажы органынын начальниги (ал ыйгарым укук берген жак), ыйгарым укуктуу жактын бажы органынын начальнигинин атына жазган эркин формадагы жазуу түрүндөгү суроосу боюнча убактылуу сактоонун мөөнөтүн узартат.
Ушул суроо-талап убактылуу сактоонун эки айлык мөөнөтү бүткөнгө чейин бажы органына берилүүгө тийиш.
Убактылуу сактоонун мөөнөтүн узартуу арыз түшкөндөн кийинки жумуш күнүнөн кеч эмес бажы органынын начальниги (ал тарабынан ыйгарым укук берилген жак) арызга ''Убактылуу сактоо мөөнөтүн узартууга уруксат берем" деген резолюциясын койгондон кийин таризделет.
Резолюциясы коюлган арыздын көчүрмөсү суроо берген адамга кол кат алуу менен тапшырылат же почта аркылуу жөнөтүлөт (берилгендиги жөнүндө кабарлоо менен). Убактылуу сактоо мөөнөтү узартылгандыгы жөнүндө маалымдама товарлар сакталган убактылуу сактоо кампанын ээсине, же ушул жобонун 6-главасында аныкталган убактылуу сактоочу жерлерге убактылуу сактоого чечимин алган жакка билдирилет.
Убактылуу сактоо мөөнөтү бүткөн күндөн кийинки күнү бажы органынын ыйгарым укуктуу кызмат адамы ушул жобонун 8-главасында келтирилген үлгү боюнча убактылуу сактоо мөөнөтүнүн бүтүү фактысы жазылган актыны эки нускада таризделишин камсыз кылат. Акттын экинчи нускасы товарлардын ээсине (эгер ал жак бажы органы тарабынан аныкталса) кол кат алуу менен жеке өзүнө же почта аркылуу жөнөтүү жолу (берилгендиги жөнүндө кабарлоо менен) менен берилүүгө тийиш. Актын көчүрмөсү убактылуу сактоо кампасынын ээсине (ушул жобонун 6-главасында аныкталган убактылуу сактоо жерде убактылуу сактоону жүзөгө ашырган жак) кол кат алуу менен тапшырып берилет.
22. Бажы биримдигинин Бажы кодексинин 21-главасына ылайык убактылуу сактоо мөөнөтү өткөн товарлар бажы органы тарабынан кармалат. Бажы биримдигинин Бажы кодексинин 145-беренесинде каралган учурларда товарларды сактоо Бажы союзунун бажы кодексинин 146-беренесинде көрсөтүлгөн мөөнөттө жүзөгө ашырылат.
23. Бажы союзунун Бажы кодексинин 21-главасына ылайык (Бажы союзунун Бажы кодексинин 170-беренесинин 4-пунктунда көрсөтүлгөн учурлардан тышкары) кармалган жана акырында аларды бажы жол-жобосунун алдына коюу үчүн убактылуу сактоого кайтарылган товарлардын убактылуу сактоо мөөнөтү ушул товарлар кармалган деп эсептелинген мөөнөттүн өтүшүн эсепке албастан эсептелинет.
24. Бажы органдары тарабынан Бажы биримдигинин Бажы кодексинин 146-беренесинин 1 жана 2-пункттарында каралган мөөнөттө Бажы биримдигинин Бажы кодексинин 145-беренесинде бекитилген негиз боюнча кармалган жана Бажы биримдигинин Бажы кодексинин 147-беренесинде көрсөтүлгөн жактарга муктаж болбогон товарларды алардын сактоо мөөнөтүнөн өткөндөн кийин пайдалануу "Кыргыз Республикасында бажылык жөнгө салуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 54-главасына ылайык жүзөгө ашырылат
5. Убактылуу сактоо кампасынан товарларды берүү (ушул жобонун 6-главасында аныкталган убактылуу сактоочу жайлар)
25. Убактылуу сактоо кампасынан (ушул нускаманын 6-главасында аныкталган убактылуу сактоочу жайлар) товарларды берүү төмөнкү учурларда жүзөгө ашырылат:
а) Бажы биримдигинин Бажы кодексинде каралган бажы жол-жобосунун алдында жайгаштырууда;
б) "Кыргыз Республикасында бажылык жөнгө салуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 54-главасына ылайык товарларды ыйгарым укуктуу органга берүүдө;
в) товарлардын үлгүлөрүн жана сынамдарын алууда;
г) администрациялык укук бузуулар жөнүндө иш жана жазык иши боюнча өндүрүштүн алкагында процессуалдык аракеттерди жүзөгө ашырууда;
д) Евразия экономикалык биримдигинин бажы чек арасы аркылуу алып өтүүгө тыюу салынган товарларды кайра ташып чыгууда (Бажы биримдигинин Бажы кодексинин 147-беренесинин 2-пункту);
е) Евразия экономикалык биримдигинин бажы аймагынан ташып чыгууда, эгер ушул товарлар Евразия экономикалык биримдигинин бажы аймагына келгенден кийин Евразия экономикалык биримдигинин бажы чек арасы аркылуу товарларды алып өтүүчү жерлерден чыкпаса (Бажы биримдигинин Бажы кодексинин 163-беренеси);
ж) товарларды башка убактылуу сактоо кампасына (убактылуу сактоонун башка жайы) өткөрүү, анын ичинде "Кыргыз Республикасында бажылык жөнгө салуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 70-беренеси менен аныкталган учурда;
з) ишкердик ишин жүзөгө ашыруу үчүн товарларды Евразия экономикалык биримдигинин бажы аймагында сатып алган жактын "Кыргыз Республикасында бажылык жөнгө салуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 251-беренесинин 4-бөлүмүндө бекитилген талаптарды аткаруусун;
и) көчмө бажы текшерүүсүн өткөргөн бажы органынын кызмат адамы алынган товарларды кайтаруу жөнүндө токтом чыгарганда;
к) Евразия экономикалык биримдигинин бажы мыйзамында каралган башка учурларда.
26. Эгерде убактылуу сактоо кампасы жабылса убактылуу сактоо кампасынын товарларды ташып чыгуу жана берүү (ушул жобонун 6-главасында аныкталган товарларды убактылуу сактоочу жайдан), убактылуу сактоо кампасынын товарларды которуу ушул жобонун 25-пунктунда көрсөтүлгөн максаттарга ылайык таризделген бажы декларациясынын жана башка документтердин негизинде жүзөгө ашырылат.
27. Бажы органы 1 сааттын ичинде убактылуу сактоо кампасынын ээсин (ушул жобонун 6-главасында аныкталган убактылуу сактоочу жайларда товарларды убактылуу сактоону жүзөгө ашырган жак) электрондук программалык каражаттарды (аларды колдонуу мүмкүн болбогон учурда - электрондук почтаны же факсималдык байланышты колдонуу менен маалымдарды берүү жолу менен) колдонуу менен ушул жолдомонун 26-пунктунда көрсөтүлгөн документтерди тариздөө фактысы жөнүндө маалымдайт.
28. Ыйгарым укуктуу жак же бажы транзитине уруксат алган жак убактылуу сактоо кампасынын аймагынан товарларды ташып чыккандан мурда 3 сааттан кем эмес убакта жак убактылуу сактоо кампасынын ээсине ушул документтердин көчүрмөсүн берет.
Көрсөтүлгөн документтер бажы транзитине уруксат алган жак тарабынан күбөлөндүрүлүүгө тийиш.
29. Убактылуу сактоо кампасынын аймагынан (ушул жобонун 6-главасында аныкталган убактылуу сактоочу жайдан) Бажы биримдигинин Бажы кодексинин 21-главасында көрсөтүлгөн товарларды ыйгарым укуктуу органга берүү "Кыргыз Республикасында бажылык жөнгө салуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 54-главасында бекитилген тартипте жүзөгө ашырылат.
30. Убактылуу сактоо кампасынын аймагынан (ушул жобонун 6-главасында аныкталган убактылуу сактоочу жайдан) товарларды администрациялык укук бузуулар жөнүндө иш жана жазык иш боюнча өндүрүштүн алкагында тийиштүү процесстик аракеттерди өткөрүп берүү Кыргыз Республикасынын жазык процесстик мыйзамына же Кыргыз Республикасынын администрациялык жоопкерчилик жөнүндө мыйзамына ылайык жүзөгө ашырылат.
6. Товарларды убактылуу сактоо жерлеринде аларды Убактылуу сактоо кампасынын ээлеринин реестрине киргизбестен убактылуу сактоо
31. Убактылуу сактоо кампаларынын ээлеринин реестрине киргизбестен убактылуу сактоо жерлери төмөнкүлөр болуп саналат:
1) сактоонун өзгөчө шарттарын талап кылуучу, мындай товарларды сактоо үчүн ылайыкташтырылган товарларды убактылуу сактоо жерлери;
2) эгерде товарларды алуучулар болуп мамлекеттик органдар саналса, товарларды убактылуу сактоону жүзөгө ашырган жерлер;
3) Бажы биримдигинин Бажы кодексинин 41-беренесине ылайык ачык аянтча жана ыйгарым укуктуу экономикалык оператордун ушул өңдүү аймагы, жай;
4) "Кыргыз Республикасында бажылык жөнгө салуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 162-беренесине ылайык эл аралык почталык алмашуу жерлериндеги айрым жайлар;
5) жүргүнчүлөрдү авиациялык же темир жол аркылуу ташуу келишиминин алкагында ташылуучу, алына элек же талап кылынбаган жүктү сактоо жери;
6) аэропорттун режимдик чегинде чет элдик товарларды түшүрүүнүн жана которуп жүктөөнүн атайын жабдылган жери, мындай товарларды Кыргыз Республикасына ташып келүү жери жана Кыргыз Республикасынан ташып чыгуу жери дал келген шартында;
7) темир жол станцияларынын чегинде бажы органдары менен макулдашылган жерлерде жайгашкан жана товарларды транспорт каражаттарынан түшүрбөстөн убактылуу сактоо үчүн арналган темир жолдор жана контейнердик аянттар.
Ушул пункттун 1-3, 6, 7-пунктчаларына ылайык убактылуу сактоо жерлерине киргизилген товарлар, алуучунун кампасында товарларды убактылуу сактоонун жерлери болуп саналат. Ушул пункттун 6 жана 7-пунктчаларында көрсөтүлгөн жерлер, аба жана темир жол уюмдарынын дарегине киргизилүүчү товарларды сактоо учурунда алуучунун кампасында убактылуу сактоо жери болуп саналат.
31. Ушул Жобонун 32-пунктунун 1, 2, 4-7-пункттарында белгиленген жерлерде (мындан ары - башка жактар) товарларды убактылуу сактоо бажы органдарынын жазуу жүзүндөгү чечими менен жүргүзүлөт.
Товарларды башка жерлерде убактылуу сактоо тууралуу чечим кызыкдар жактын бажы органына жазуу жүзүндөгү кайрылуусунун негизинде чыгарылат. Уруксатты колдонуу мөөнөтү товарды убактылуу сактоого уруксат берүү учурунан тартып бир жылдан ашпашы керек.
33. Кызыкдар жактын товарларды убактылуу сактоого уруксат алуу жөнүндө арызы төмөнкү маалымдарды камтышы керек:
- жактын аталышы, анын уюштуруу-укуктук формасы, юридикалык жана почталык даректери;
- Бажы биримдигинин Бажы кодекси жана Кыргыз Республикасынын бажылык жөнгө салуу чөйрөсүндө мыйзамдарында караштырылган башка жерлерде товарларды убактылуу сактоо үчүн негиздер;
- товарларды убактылуу сактоо үчүн болжолдонгон жайлардын (ачык аянтчалардын) жайгашкан жерлери;
- товарларды убактылуу сактоо үчүн болжолдонгон жайларды (ачык аянттарды) ээлөөнүн формасы, тиешелүү укук белгилөөчү документтердин реквизиттерин көрсөтүү менен;
- тиешелүү негиздемени жана анын иштөө мөөнөтүн көрсөтүү тууралуу маалымат;
- болжолдуу убактылуу сактоо жерин материалдык-техникалык жактан жабдуу.
34. Арызга төмөнкү документтер тиркелет:
- товарларды убактылуу сактоо үчүн болжолдонгон (темир жолдордо убактылуу сактоо учурларын кошпогондо) жайларды ээлегендигин ырастаган документтер;
- товарларды убактылуу сактоонун болжолдуу жеринин планы жана чийими;
- товарларды убактылуу сактоонун болжолдуу жеринин материалдык-техникалык жабдуусун ырастаган документтер;
- транспорттук жана коммерциялык документтер - эгерде кайрылуу Кыргыз Республикасынын аймагына же бажы органы жайгашкан жердеги жеткирүү жерине транспорттук каражаттын жете элек товарларга бир жолку уруксатка берилсе.
Товарларды убактылуу сактоого арыз ушул Жобонун 9-тиркемеси менен аныкталган формага ылайык берилет.
35. Товарларды убактылуу сактоо чечимин алган жакка, товарлардын сактыгын камсыз кылуу жана бажы органдарынын уруксаты жок товарлар менен операцияларды жүргүзүүгө жол бербөө боюнча жоопкерчилик жүктөлөт. Бажы органдары товарларды алмаштырууга болбосо алар менен тыюу салынган операцияларды жүргүзүүгө бөгөт коюу максатында товарлардын таңгагына болбосо, алар сакталуучу жайларга пломба коюуга жана мөөр басууга укуктуу.
Товарларды башка жерлерде убактылуу сактоого уруксат алган жак, ушул Жобого ылайык убактылуу сактоодо турган товарлар жөнүндө отчётторду бажы органдарына берүүгө милдеттүү.
Товарларды жоготкон, бажы органдарынын уруксаты жок үчүнчү жактарга өткөрүп берген учурда товарларды алуучу Бажы биримдигинин Бажы кодексинин 172-беренесине ылайык бажы алымдарын, салыктарды төлөөгө милдеттүү.
36. Бажы органдары тарабынан кызыкдар жактын арызын карап чыгуу жана убактылуу сактоонун башка жеринде убактылуу сактоого уруксат берүү жөнүндө чечимди кабыл алуунун мөөнөтү, аны кабыл алган күндөн тартып 3 жумушчу күндөн ашпоого тийиш.
37. Чечим бажы органынын начальнигинин (анын орун басарынын) тиешелүү резолюциясы аркылуу таризделет.
Бажы алымдарын, салыктарды төлөөнү камсыз кылууну берүүнүн зарылдыгы жөнүндө чечим кабыл алынган учурда "Бажы алымдарын, салыктарды төлөөнү камсыз кылууну берүү шарты менен уруксат берем" деп көрсөтүлөт.
38. Бажы (бажы органы) тарабынан атайын ушул максаттар үчүн түзүлгөн, үлгүсү ушул Жобонун 10-тиркемесинде көрсөтүлгөн, убактылуу сактоо кампалары болуп саналбаган жерлерде товарларды убактылуу сактоо каттоо журналында катталат. Журнал электрондук түрдө жүргүзүлөт.
39. Терс чечим кабыл алынган учурда бажы органы ушул Жобонун 36-пункту менен каралган мөөнөттүн ичинде, баш тартуунун себептери тууралуу кызыкдар жакка кат жүзүндө маалымдайт.
40. Эгерде товарларды убактылуу сактоонун башка жерине убактылуу сактоого кабыл алуу процессинде (товарларды убактылуу сактоо процессинде) товарлардын бузулуу же жараксыз болуу, ошондой эле алардын аталыштары жана саны, жүк орундарынын саны, таңгактоо жана маркирлөө ыкмалары жана мүнөзү, брутто салмагы (килограмм менен), болбосо көлөмү (куб. метр менен) транспорттук жана коммерциялык документтерде көрсөтүлгөнгө дал келбөө фактысы аныкталса, ага карата товарларды убактылуу сактоо тууралуу чечими кабыл алынган жак, бажы органынын бөлүгүнө тиешелүү документтерди берүү жолу менен маалымдайт (соода-өнөр жай палатасынын экспертиза актысы).
41. Документтер, товарларды убактылуу сактоого өткөргөн учурда берилүүчү документтерге тиркелет.
42. Товарларды убактылуу сактоонун башка жерлеринде убактылуу сактоо ушул Жобонун 4-главасы менен аныкталган мөөнөттөрдө жүзөгө ашырылат.
43. Бажы органы жакка товарларды убактылуу сактоонун башка жерлеринде убактылуу сактоо чечиминен баш тартат, эгерде ушул жак бажы органына кайрылган күнгө чейин бир жылдын ичинде бир нече ирет (эки же андан көп жолу) Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексинин 35-главасында каралган, бажы иши чөйрөсүндө администрациялык укук бузуулар үчүн администрациялык жоопкерчиликке тартылган болсо.
44. Товарларды убактылуу сактоо тууралуу чечими, ага карата товарларды убактылуу сактоо тууралуу чечим кабыл алынган жактын арызы боюнча, көрсөтүлгөн юридикалык жактын жоюлушуна байланыштуу, ошондой эле көрсөтүлгөн жак тарабынан ушул Жобонун 36-пунктунда каралган милдеттерди аткарбагандыгы жана (же) ушул Жобонун 43-пункту менен аныкталган тартипте бир нече ирет администрациялык жоопкерчиликке тартылгандыгы үчүн ушул чечимди кабыл алган бажы органы тарабынан жокко чыгарылууга жатат.
7. Товарларды алуучунун кампасында убактылуу сактоо
45. Алуучунун кампасына убактылуу сактоо үчүн товарларды коюу ушул Жобонун 6-главасына ылайык жүзөгө ашырылат.
46. Товарларды алуучунун кампасында бажылык контролдоодо турган жана үчүнчү жакка тиешелүү товарларды сактоого жол берилбейт.
47. Алуучунун кампасынын жабдылышы бажылык контролдоодон тышкары товарлардын жана транспорт каражаттардын кирүү жана аларды алуу мүмкүнчүлүгүнө жол бербеши керек, ошондой эле товарлардын жана транспорт каражаттарынын сактыгын жана аларга бөлөк адамдардын кирүүсүнө мүмкүнчүлүк бербөөнү камсыз кылуусу керек.
48. Товарларды сактоого коюу ушул Жобонун 3-тиркемесинде көрсөтүлгөн формага ылайык бажылык контролдоо астында сактоого өткөрүп берүү актысы менен таризделет.
49. Товарлардын эсебин алуу убактылуу сактоого уруксат берген бажы органы тарабынан жүргүзүлөт. Бажы алымдарын, салыктарды төлөө үчүн жоопкерчилик, товарларды жана транспорт каражаттарын мындай жерлерде сактоо мүмкүнчүлүгү берилген жакка жүктөлөт.
8. Убактылуу сактоо кампасында сакталуучу товарлар жана транспорт каражаттары тууралуу отчёт берүү жана эсепке алуу
50. Убактылуу сактоо кампасында турган товарлар жана транспорт каражаттары милдеттүү эсепке алынат.
51. Алуучунун кампасына товарларды коюунун максаттуулугу, төмөндөгү шарттарды аткарууда жүзөгө ашырылат:
- арыз берүүчү тарабынан киргизилген товарларга бөлөк адамдардын контролусуз жетүү мүмкүнчүлүгүнө жол бербөө шарттарын түзүү;
- бажы органдарынын кызматкерлеринин тоскоолдуксуз жетүүсүн камсыз кылуучу шарттарды түзүү;
- товарларды өз алдынча жабдылган бөлмөдө жайгаштыруу, мындай бөлмөлөргө бажылык идентификация каражаттарын коюу мүмкүнчүлүгү болгон учурда (эгерде зарылчылык пайда болсо);
- алуучунун кампасында товарлардын документалдык эсепке алынышы;
- алардын идентификациясын жүзөгө ашыруу мүмкүнчүлүгү.
52. Убактылуу сактоо кампасына алынган жана факт жүзүндө кабыл алынган бардык товарлар жана транспорт каражаттары тууралуу маалымат ушул Жобонун 4 жана 5-тиркемесинде көрсөтүлгөн формага ылайык убактылуу сактоо кампасында турган товарларды эсепке алуу документине бажы органынын кызмат адамы тарабынан киргизилет. Маалымат товарларды жеткирүүнү контролдоо документине киргизилет.
53. Товарларды убактылуу сактоо кампасына коюуда товарларды жана транспорт каражаттарын эсепке алуунун автоматташтырылган системасы колдонулат.
54. Товарларды жана транспорт каражаттарын эсепке алуунун автоматташтырылган системасы убактылуу сактоо кампасынын товарлардын кыймылын эcепке алууга, убактылуу сактоо кампасында сакталуучу товарлар боюнча эсеп жүргүзүүгө мүмкүндүк берет.
55. Бажы органынын кат жүзүндөгү талабы боюнча, кампанын ээси сактоодо турган же буга чейин сактоодо турган товарлар жана транспорт каражаттары тууралуу отчётту бажы органы тарабынан белгиленген мөөнөттүн ичинде берүүгө тийиш. Отчёт мындай талап келген күндөн тартып, жети күндүн ичинде берилет.
56. Убактылуу сактоо кампасында товарларды жана транспорт каражаттарын эсепке алуунун автоматташтырылган системасы колдонулган учурда, анын ээси бажы органдарынын мындай системага кирүүсүнө мүмкүндүк берүүгө милдеттүү.
57. Бажы органы убактылуу сактоо кампасында сактоодо турган товарларга жана транспорт каражаттарына инвентаризация жүргүзүүгө укуктуу.
|
| Товарларды жана транспорт каражаттарын бажы контролу алдында убактылуу сактоо жөнүндө жобонун 1-тиркемеси |
Форма
Темир жол жүк ташуулар үчүн убактылуу сактоо ДОКУМЕНТИ
1. Бажы органы (өткөрмө пункт, бажылык тариздөө жайы) __________________________________________________________ ___________________________________________________________________________________________________________ 2. Катталган номуру ________ "__"___________ 20__-жыл 3. Жөнөтүүчү өлкө ___________________________________________________________________________________________ 4. Жөнөтүүчү _______________________________________________________________________________________________ 5. Алуучу ___________________________________________________________________________________________________ 6. Транспорт каражатынын (вагондун, контейнердин, платформанын номуру __________________________________________ ____________________________________________________________________________________________________________ 7. Орундардын саны __________________________________________________________________________________________ 8. Брутто салмагы ____________________________________________________________________________________________ 9. Товарды коштоп жүрүүчү документтердин (эсеп-фактуранын, таңгак баракчасынын, контракттын) тизмеси _______________ ____________________________________________________________________________________________________________ 10. Наркы ___________________________________________________________________________________________________ 11. Сакталуучу дареги: ________________________________________________________________________________________ 12. Сактоо мөөнөтү: __________________________________________________________________________________________
Инспектор (Аты-жөнү) __________________________________________________________________________
жекече номерлүү мөөрдүн № |
|
| Товарларды жана транспорт каражаттарын бажы контролу алдында убактылуу сактоо жөнүндө жобонун 2-тиркемеси |
Форма
Авиа жүк ташуулары үчүн убактылуу сактоо ДОКУМЕНТИ
1. Бажы органы (өткөрмө пункт, бажылык тариздөө жайы) _________________________________________________________ __________________________________________________________________________________________________________ 2. Катталган номуру ___________ "__" __________ 20__-жыл 3. Жөнөтүүчү өлкө __________________________________________________________________________________________ 4. Жөнөтүүчү ______________________________________________________________________________________________ 5. Алуучу __________________________________________________________________________________________________ 6. Авиа коштомо кагаздын номуру _____________________________________________________________________________ 7. Карго манифести № _______________________________________________________________________________________ 8. Орундардын саны _________________________________________________________________________________________ 9. Брутто салмагы ___________________________________________________________________________________________ 10. Товарды коштоп жүрүүчү документтердин (эсеп-фактуранын, таңгак баракчасынын, контракттын) тизмеси _____________ ___________________________________________________________________________________________________________ 11. Наркы __________________________________________________________________________________________________ 12. Сакталуучу дареги: _______________________________________________________________________________________ 13. Сактоо мөөнөтү: _________________________________________________________________________________________
Инспектор (Аты-жөнү) __________________________________________________________________
жекече номерлүү мөөрдүн № |
|
| Товарларды жана транспорт каражаттарын бажы контролу алдында убактылуу сактоо жөнүндө жобонун 3-тиркемеси |
Форма
Бажы контролу алдында сактоого өткөрүп берүү АКТЫСЫ "__" _______________ 20__-жыл
Бажы кызматкери ___________________________________ (аты-жөнү, кызматы) тарабынан
Жүк ташуучунун ________________________________________________________________
Жүк ташуучунун өкүлүнүн катышуусунда _________________________ (аты-жөнү, кызматы)
__________________________________________________________ (юридикалык, жеке жак)
________________________________________________ убактылуу сактоого келип түшкөн төмөндөгү товарлар
_____________________________________________________________ (алуучунун кампасы)
_____________________________ дареги боюнча бажы контролу алдында өткөрүлүп берилди
№ | Товардын аталышы | Брутто салмагы (кг) | Орундардын саны | Транспорттук документтин номуру
| Транспорттук каражаттын номуру | Эскертүү |
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
_________________________________________________________________________________
(кошумча маалыматтар)
_________________________________________________________________________________
(Жүк ташуучунун өкүлүнүн аты-жөнү, колу, кызматы)
Өткөрүп алды:
Бажы биримдигинин БКсынын 168, 170, 171, ошондой эле 185-беренелерине ылайык товарларды убактылуу сактоонун шарттары бузулгандыгы үчүн жоопкерчиликке тийиштүү Евразия экономикалык биримдигинин жана Кыргыз Республикасынын бажы мыйзамдарынын жоболору менен тааныштырылды.
_________________________________________________________________________________
(сактоого жооптуу болгон ыйгарым укуктуу жактын аты-жөнү, кызматы)
_____________________ М.О.
(колу)
Товарларды сактоо мөөнөтү "__" __________ 20__-жылдан "__" _________ 20__-жылга чейин.
_________________________________________________________________________________
(Бажы органынын кызмат адамынын аты-жөнү, колу жана жекече номерлүү мөөр)
______________________________ жекече номерлүү мөөр
(колу)
(*) Акт 2 нускада түзүлдү, алардын бири бажы органынын көктөмөлөрүндө контролдо калат.
|
| Товарларды жана транспорт каражаттарын бажы контролу алдында убактылуу сактоо жөнүндө жобонун 4-тиркемеси |
Форма
Убактылуу сактоочу кампага коюудагы убактылуу сактоонун ДОКУМЕНТИ
Товарларды жеткирүү документинин номуру | Кампага коюлган датасы | Товарларды коюучу жак | Транспорттук каражаттын номуру | Товарлардын кыскача аталышы | Саны | Жайгашкан жери | |
орун | брутто салмагы | ||||||
1 | 2 | 3 | 4 | 5 | 6 | 7 | 8 |
|
|
|
|
|
|
|
|
|
| Товарларды жана транспорт каражаттарын бажы контролу алдында убактылуу сактоо жөнүндө жобонун 5-тиркемеси |
Форма
Убактылуу кампадан ташып чыгуудагы убактылуу сактоонун ДОКУМЕНТИ
Кампадан факт жүзүндө өткөрүп берилген датасы | Товарларга карата декларациянын номуру | Товарларды жеткирүү документинин номуру | Саны | |
орун | брутто салмагы | |||
1 | 2 | 3 | 4 | 5 |
|
| Товарларды жана транспорт каражаттарын бажы контролу алдында убактылуу сактоо жөнүндө жобонун 6-тиркемеси |
Форма
Товарларды убактылуу сактоого коюу үчүн көрсөтүлгөн документтердин катталгандыгы жөнүндө ЫРАСТОО КАГАЗЫ
_________________________________________________________________________
(бажы органынын аталышы)
_____ ______ "__" ______________ 20__-ж. (документтердин берилген убагы жана датасы) келген.
_________________________________________________________________________ (уюштуруучулук-укуктук форма жана документтерди көрсөткөн жактын аталышы) көрсөтүлгөн документтер
_____ _______ "__" _____________ 20__-ж. (документтердин катталган убагы жана датасы) катталгандыгы ырасталат
__________________________________________________________________ |
| /__________________________/ |
(документтерди каттоодон өткөргөн бажы органынын кызмат адамынын колу) |
| (колдун чечмелениши) |
|
| Товарларды жана транспорт каражаттарын бажы контролу алдында убактылуу сактоо жөнүндө жобонун 7-тиркемеси |
Форма
Товарларды убактылуу сактоого коюу үчүн көрсөтүлгөн документтерди КАТТОО ЖУРНАЛЫ
__________________________________________________________________
(бажы органынын аталышы)
№ | Документтердин берилген датасы жана убагы | Документтердин катталган убагы | Катталган номуру | Документтерди берген жүк ташуучунун (ыйгарым укуктуу органдын) аталышы | Көрсөтүлгөн транспорттук коштомо кагаздар жана товарды коштоп жүрүүчү документтер тууралуу маалыматтар | Көрсөтүлгөн бардык документтердин барагынын саны | Убактылуу сактоо жайы | Евразия экономикалык биримдигинин бажы мыйзамдарын жана Кыргыз Республикасынын бажы иши чөйрөсүндөгү мыйзамдарын камсыз кылуу боюнча чаралар | Товарларды убактылуу сактоочу кампаларга же башка убактылуу сактоочу жайларга жайгаштыруунун мөөнөтү | Эскертүү |
| 2 | 3 | 4 | 5 | 6 | 7 | 8 | 9 | 10 | 11 |
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
| Товарларды жана транспорт каражаттарын бажы контролу алдында убактылуу сактоо жөнүндө жобонун 8-тиркемеси |
Форма
______________________________________
(бажы органынын аталышы)
____________________ № _______________
(датасы)
Убактылуу сактоонун мөөнөтү бүткөндүгү тууралуу АКТ
Бул акт жүк ташуучу _____________________________________ (уюмдун аталышы) тарабынан
алуучунун __________________________________________ (уюмдун аталышы) дареги боюнча
_____________________ (документтин түрү) № ____ "__" ___________ транспорттук документи
№ _________________ транзиттик декларация (Эл аралык жол жеткирүү китепчесиндеги) боюнча ташылып келген жана
"__" __________ 20__-ж. (датасы) № _________ убактылуу сактоого койгон ээлеринин реестрине киргизүү тууралуу күбөлүк берилген ____________________________ (убактылуу сактоо жайынын аталышы)
"__" ___________ 20__-ж. убактылуу сактоого коюлган товарлардын
(№ ____ бажынын тийиштүү уруксатына ылайык ________________________ (башка убактылуу сактоо жайы) убактылуу сактоого коюлган товарлардын мөөнөтү)
"__" ___________ 20__-ж. аяктагандыгы тууралуу түзүлдү.
_________________________ | ____________________ | _______________________________ |
(кызматы) | (колу) | (аты-жөнү) |
|
| Товарларды жана транспорт каражаттарын бажы контролу алдында убактылуу сактоо жөнүндө жобонун 9-тиркемеси |
Форма
_____________________ бажысынын начальнигине
Товарларды убактылуу сактоого уруксат алуу тууралуу АРЫЗ
_____________________________________________________________________________________________
(башка убактылуу сактоо жайында убактылуу сактоо зарылдыгынын негиздери)
________________________________________________________________________________ байланыштуу
____________________________________ дарек боюнча убактылуу сактоого уруксат берүүңүздү суранабыз
Уюм тууралуу маалымат _____________________________________________________ (уюмдун толук аталышы, юридикалык жана почталык дареги)
Тийиштүү укук белгилөөчү документтердин реквизиттерин көрсөтүү менен, убактылуу сактоо үчүн болжолдонгон жайдын (ачык аянтчалары менен) ээси тууралуу маалымат
_____________________________________________________________________________________________
_____________________________________________________________________________________________
Тийиштүү негиздерди келтирүү менен уруксат алуучунун статусу
_____________________________________________________________________________________________
_____________________________________________________________________________________________
Болжолдонгон убактылуу сактоочу жайдын материалдык-техникалык жабдылышы
_____________________________________________________________________________________________
Төмөнкү документтер тиркелди: _____________________________________________
Жетекчи | ____________________ | __________________________________ |
____________________ уюмдун мөөрү | (колу) | (аты-жөнү) |
Башкы бухгалтер | ______________ | ___________________________ | "__" ________ 20__-ж. |
| (колу) | (аты-жөнү) | (датасы) |
|
| Товарларды жана транспорт каражаттарын бажы контролу алдында убактылуу сактоо жөнүндө жобонун 10-тиркемеси |
Форма
Товарларды убактылуу сактоо кампасы болбогон жерлерде убактылуу сактоого болгон каттоо журналынын ҮЛГҮСҮ
№ | Бажы органынын аталышы | Чечим чыккан юридикалык жактын аталышы | Товарларды убактылуу сактоо үчүн арналган жайлардын (ачык аянтчалардын) жайгашкан жери | Транспорттук (жүк ташуучулук) жана коммерциялык документтердин реквизиттери |
1 | 2 | 3 | 4 | 5 |
|
|
|
|
|