Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 166 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ѲКМѲТY
ТОКТОМ
2015-жылдын 22-июлу № 518
"Кызыкчылыктардын кагылышы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору тууралуу
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 79-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. "Кызыкчылыктардын кагылышы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жактырылсын.
2. Аталган мыйзамдын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна киргизилсин.
3. Кыргыз Республикасынын Экономика министри аталган мыйзамдын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде каралган учурда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болуп дайындалсын.
Премьер-министр | Т.А. Сариев |
Долбоор
1-глава. Жалпы жоболор
1-берене. Мыйзамдын колдонулуу чөйрөсү
Ушул Мыйзам кызмат адамдарынын ишиндеги кызыкчылыктардын кагылышын башкаруунун негизги принциптерин аныктайт, ошондой эле уюштуруучулук жана укуктук негиздерин белгилейт.
2-берене. Кызыкчылыктардын кагылышы жөнүндө мыйзам
Кызыкчылыктардын кагылышы жөнүндө мыйзам Кыргыз Республикасынын Конституциясынан, ушул Мыйзамдан, "Мамлекеттик кызмат жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынан, ошондой эле Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларынан турат.
3-берене. Ушул Мыйзамда пайдаланылуучу негизги түшүнүктөр
Ушул Мыйзамдын максаттары үчүн төмөнкүдөй негизги түшүнүктөр колдонулат:
верификация - кызыкчылыктардын кагылышын табуу, алдын алуу жана жөнгө салуу максатында, кызмат адамы тарабынан берилген маалыматтарды тактоо же ыйгарым укуктуу жактардын тийиштүү деңгээлде текшерүүсү боюнча иш-чаралар;
иштеги мамиле - кызмат адамы менен үчүнчү жактын өз ара аракеттери, ал кызмат адамынын жана үчүнчү адамдын жеке кызыкчылыктарын канааттандырууга багытталган максаттарга жетишүүгө жана маселелерди чечүүгө баш иет;
дипломатиялык белек - протоколдук иш-чараларга, кызматтык иш сапарларга жана башка расмий иш-чараларга байланыштуу алынган белектер;
кызмат адамы - мамлекеттик органдарда, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында, мамлекеттик жана муниципалдык уюмдарда бийлик өкүлүнүн функцияларын туруктуу, убактылуу же атайын ыйгарым укук боюнча ишке ашырган, анын ичинде уюштуруучу-тескөөчү, администрациялык-чарбалык, контролдоочу-ревизиялык функцияларды аткарган жак;
компетенция - кызмат адамынын укуктарынын жана милдеттеринин жыйындысы;
кызыкчылыктардын кагылышы - кызмат адамынын коомдук кызыкчылыктар менен жеке кызыкчылыктарынын ортосундагы кагылышы, мында кызмат адамынын жеке кызыкчылыгы анын өзүнүн кызматтык милдеттерин аткаруусуна терс таасирин тийгизиши мүмкүн. Кызыкчылыктардын кагылышы потенциалдуу, реалдуу жана болуп өткөн болушу мүмкүн;
жеке кызыкчылык/жеке кызыкчылыктар - кызмат адамы өзүнүн кызматтык милдеттерин аткаруунун натыйжасында өзү же башка адамдар үчүн алышы мүмкүн болгон акча, баалуулуктар, башка мүлк же мүлктүк мүнөздөгү кызмат көрсөтүүлөр, башка мүлктүк укуктар түрүндөгү пайда;
кызмат адамы менен байланышкан адамдар:
- туугандары - атасы, энеси, балдары, жубайы, чоң атасы, чоң энеси, асырап алгандар, асырап алынгандар, атасы, энеси бир жана атасы энеси башка эркек жана кыз бир туугандар, неберелери;
- иш боюнча өнөктөштөр - кызмат адамы менен иш боюнча мамиледе болгон жеке адамдар жана юридикалык жактар;
коомдук кызыкчылык - мамлекеттик жана муниципалдык кызматты ээлеген адамдардын өздөрүнүн кызматтык милдеттерин аткарууда калыс жана мыйзамдуу чечимдерди кабыл алышына болгон коомчулуктун кызыгуусу;
төлөм:
- кызматтагы адамга же анын туугандарына акысыз же төлөмү төмөн баада буюмдарды анын ичинде финансылык каражаттарды берүү;
- кызматтагы адамга же анын туугандарына акысыз же төлөмү төмөн баада кызмат көрсөтүү;
белек - ар кандай мүлктүк жана мүлктүк эмес, анын ичинде кызмат көрсөтүү, укуктарды өткөрүп берүү, милдеттеринен бошотуу, кызмат адамынын же анын туугандарынын пайдасына кандайдыр бир укуктардан баш тартуу, ошондой эле алар аркылуу ушул адамдарга кайсы-бир жыргалчылыктарды берүү аркылуу башка аракеттер;
кайрымдуулук - финансылык каражаттарды, товарларды же кызмат көрсөтүүлөрдү кайтарымсыз берүү (өткөрүп берүү);
потенциалдуу кызыкчылыктардын кагылышы - кандайдыр бир шарттарда кызмат адамынын жеке кызыкчылыктары, өзүнүн кызматтык милдеттерин аткаруусуна терс таасирин тийгизиши мүмкүн болгон жагдай;
мекеме - пайда көрүү максатында өзүнүн ишин алып барган ар кандай чарба субъекти анын ичинен мамлекеттик катышуу бөлүгү менен;
реалдуу кызыкчылыктардын кагылышы - кызмат адамынын жеке кызыкчылыктары, анын өзүнүн кызматтык милдеттерин аткаруусуна түздөн-түз таасирин тийгизген жагдай;
болуп өткөн кызыкчылыктардын кагылышы - кызмат адамынын актылары же бүтүмдөрү кызыкчылыктардын кагылышы менен ишке ашырылган жагдай.
4-берене. Кызыкчылыктардын кагылышын башкаруунун принциптери
Кызыкчылыктардын кагылышын башкаруу төмөнкүдөй принциптерге негизделет:
- коомдук кызыкчылыктардын артыкчылыгы;
- ачык-айкындыкты жана контролду камсыз кылуу;
- жеке жоопкерчилик жана үлгү болуу.
5-берене. Коомдук кызыкчылыктардын артыкчылыгы
1. Ушул Мыйзамдын 8-беренесинде көрсөтүлгөн жактар, өзүнүн кызматтык милдеттерин аткарууда жеке кызыкчылыктарын эске албастан, коомдук кызыкчылыктарды эске алып, тийиштүү чөйрөдөгү мыйзамдарга жана мамлекеттик саясатка таянуу менен, чечимдерди кабыл алууга жана сунуштамаларды берүүгө милдеттүү.
2. 8-беренеде көрсөтүлгөн жактар, төмөнкүлөргө укуктуу эмес:
- өздөрү ишке ашырып жаткан иштерге байланыштуу кызматтык маалыматтарды жеке кызыкчылыгы үчүн колдонууга же колдонулушуна жол берүүгө;
- өзүнүн кызматтык абалын кирешелерди же башка пайдаларды алуу үчүн түздөн-түз же кыйыр түрдө пайдаланууга;
- кандайдыр-бир мамлекеттик же муниципалдык мүлктөрдү жеке кызыкчылыгы үчүн түздөн-туз же кыйыр түрдө пайдаланууга;
- мурда ээлеген мамлекеттик кызматтарынын артыкчылыктарын колдонууга.
6-берене. Ачык-айкындыкты жана контролду камсыз кылуу
1. Мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, ишканалардын, ошондой эле ушул Мыйзамдын 8-беренесинде көрсөтүлгөн жактардын иши мамлекеттик кызмат чөйрөсүндөгү мыйзамдарга ылайык, ачык-айкын жана коомдук контролдоого жеткиликтүү болушу керек.
2. Мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, ишканалар кызыкчылыктардын кагылышын башкарууда ачыктыктын жогорку деңгээлин камсыз кылышы керек.
7-берене. Жеке жоопкерчилик жана өрнөк
Ушул Мыйзамдын 8-беренесинде көрсөтүлгөн жактар:
- өзүнүн кызматтык милдеттерин ак ниеттүүлүк менен аткаруунун үлгүсү болууга;
- кызыкчылыктардын кагылышын болтурбоо, табуу, декларациялоо жана чечүү үчүн өзүнө жеке жоопкерчилик алууга тийиш.
8-берене. Ушул Мыйзам жайылтылуучу жактар
1. Ушул Мыйзамдын колдонулушу төмөнкү жактардын ишине жайылтылат:
- мамлекеттик саясий, атайын жана административдик кызмат орундарында иштегендерге;
- муниципалдык саясий жана административдик кызмат орундарында иштегендерге;
- ишканалардын кызмат адамдарына.
2. Ушул берененин 1-бөлүгүндө каралган тизмеге кирбеген, бирок өзүнүн кесиптик ишин мамлекеттик же муниципалдык бюджеттин эсебинен акчалай сыйакы алуу менен туруктуу негизде ишке ашырган жактардын кызыкчылыктарынын кагылышын башкаруу мындай жактардын иши жөнүндө тийиштүү ченемдик укуктук актылар менен жөнгө салынат.
9-берене. Ушул Мыйзамды ишке ашыруу үчүн жооптуу органдар
Ушул Мыйзамды ишке ашыруу үчүн жооптуу болуп төмөнкүлөр саналат:
- мамлекеттик кызмат иштери боюнча ыйгарым укуктуу орган;
- мамлекеттик органдын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын, ишкананын жетекчилери;
- мамлекеттик органдын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын, ишкананын этика боюнча комиссиясы;
- мамлекеттик органдын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын, ишканалардын персоналды башкаруу кызматы.
2-глава. Кызмат адамдары үчүн тыюу салуулар жана чектөөлөр
10-берене. Ченемдик укуктук актыларды чыгарууга, көзөмөлдөө жана контролдоо функцияларын ишке ашырууга жана келишимдерди түзүүгө карата чектөөлөр
1. Кызмат адамына, өзүнүн кызматтык милдеттерин аткарууда бул кызмат адамынын, анын туугандарынын же ишкердик өнөктөштөрүнүн жеке. кызыкчылыгы болгон ченемдик укуктук актыларды даярдоого же чыгарууга, көзөмөлдөө, контролдоо функцияларын ишке ашырууга, келишимдерди түзүүгө тыюу салынат.
2. Кызматка киришкенге чейин мекеменин көзөмөлдөөчү, аткаруучу же контролдоочу органынын мүчөсү болгон кызмат адамы, ал кызмат адамы болгондон жана коммерциялык уюм менен эмгек же башка жарандык-укуктук мамилелерди токтоткондон кийин бир жылдын ичинде тийиштүү коммерциялык уюмдун ишине тиешелүү административдик актыларды чыгарууга тыюу салынат.
11-берене. Ченемдик укуктук актыларды чыгарууга, ошондой эле көзөмөлдөө, контролдоо функцияларын ишке ашырууга таасир этүүгө карата чектөөлөр
Кызмат адамына өзүнүн кызматтык абалын колдонуп, кандайдыр бир жол менен башка кызмат адамдарына, төмөнкүлөргө тийиштүү ченемдик укуктук актыларды даярдоодо же чыгарууда же көзөмөлдөө, контролдоо функцияларын ишке ашырууда таасир этүүгө тыюу салынат:
- аларды чечүү бул кызмат адамынын, анын туугандарынын же ишкер өнөктөштөрдүн жеке же мүлктүк кызыкчылыктарына таасир этүүчү же таасир этиши мүмкүн болгон маселелер боюнча;
- алардан бул кызмат адамы же анын туугандары ар кандай түрдөгү кирешелерди алган жеке адамдарга же юридикалык жактарга карата;
- ушул кызмат адамы же анын туугандары катышуучусу, акционери, үлүшчүсү, көзөмөлдөөчү, контролдоочу же аткаруучу органынын мүчөсү болгон ишканаларга карата.
12-берене. Белектерди кабыл алууга карата чектөөлөр
1. Ушул Мыйзамдын 8-беренесинде көрсөтүлгөн жактарга өзүнүн кызматтык милдеттерин аткарууда жеке жана юридикалык жактардан белек алуусуна тыюу салынат.
2. Өзүнүн кызматтык милдеттерин аткаруусуна байланыштуу кызмат адамдарына расмий протоколдук иш-чаранын алкагында гана дипломатиялык белектерди алуусуна уруксат берилет.
3. Дипломатиялык белектер мамлекеттин менчиги болуп саналат жана кызмат адамы тарабынан мамлекеттик органдын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын, ишкананын балансына өткөрүлүп берилиши керек.
4. Кызмат адамы дипломатиялык белекти Кыргыз Республикасынын Өкмөтү аныктоочу тартипте сатып алса болот.
5. Эгерде кызмат адамы өзүнүн кызматтык милдеттерин аткаруудан тышкары белек алса, анда мындай кызмат адамы белекти алгандан кийин бир жылдын аралыгында белек берүүчүгө карата административдик актыларды чыгарууга же көзөмөлдөө, контролдоо функциясын ишке ашырууга укугу жок.
6. Кызмат адамынын өзүнүн кызматтык милдеттерин аткаруудан тышкары белек алган фактысы ушул Мыйзамдын 9-беренесинде каралган органдар тарабынан анда кызыкчылыктардын кагылышы бар экени жагынан каралышы мүмкүн.
7. Дипломатиялык белектерди баалоо, эсепке алуу, сактоо, пайдалануу жана сатып алуу тартиби, ошондой эле белектерди каттоо журналынын формасы Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталат.
13-берене. Кайрымдуулуктарды кабыл алууга карата чектөөлөр
1. Эгерде кайрымдуулук ошол жеке же юридикалык жактарга карата чечим кабыл алууга таасирин тийгизсе, кызмат адамына жеке адамдардан же юридикалык жактардан кайрымдуулуктарды, ошондой эле мамлекеттик же коомчулуктун муктаждыктары үчүн башка түрдөгү мүлктүк жардамдарды талап кылууга же кабыл алууга тыюу салынат.
2. Кызмат адамы кайрымдуулукту кабыл алышы мүмкүн, эгерде ал, үчүнчү жак тарабынан мурун, учурда же келечекте кызмат адамынан түздөн-түз же кыйыр түрдө, кандайдыр бир материалдык же башка пайдаларды алуу максатында эмес, жана ушул берененин биринчи пунктунда белгиленген чектөөлөрдү сактоо менен кабыл алынса, ошондой эле кызмат адамын кызыкчылыктардын кагылышына тартпаса.
3. Кызмат адамына ушул берененин экинчи пунктунда эскерилген кайрымдуулукту кабыл алгандан кийин бир жылдын ичинде кайрымдуулукту берүүчүгө карата кандайдыр бир чечим кабыл алууга же чечим кабыл алууга таасир этүүгө тыюу салынат.
14-берене. Өкүлдүк функцияларды аткарууга чектөөлөр
1. Кызмат адамы мамлекеттик бийлик органдарында жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында үчүнчү жактардын ишенимдүү адамы же өкүлү болууга укуктуу эмес.
2. Кызмат адамына мамлекеттик бийлик органынын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын, ишкананын өкүлү болууга тыюу салынат, эгерде:
- бул кызмат адамы же анын туугандары мүлктүк же башка жол менен каралуучу иште жеке кызыкдар болсо же бул кызмат адамынын же анын туугандарынын кызыкчылыктары бул органдын же бул кызмат адамы анын атынан чыккан уюмдун кызыкчылыктарына каршы келсе;
- мындай жеке адамдар менен мамилелерде бул кызмат адамы же анын туугандары ар кандай түрдөгү кирешелерди алса;
- өзүнүн ишкердик өнөктөштөр менен мамилелеринде;
- бул кызмат адамы же анын тууганы катышуучу, акционер, көзөмөлдөө, контролдоо же аткаруу органынын мүчөсү болгон мындай юридикалык жак менен мамилелерде.
15-берене. Кошумча акы алууга тыюу салуу
1. Өзүнүн кызматтык милдеттерин аткаруу да акысыз кызматтарды көрсөтүүгө милдеттүү болгон кызмат адамына ушул милдеттерди аткаргандыгы үчүн акы алууга тыюу салынат.
2. Өзүнүн кызматтык милдеттерин аткарууда мыйзам менен белгиленген акы үчүн кызматтарды көрсөтүүгө милдеттүү болгон кызмат адамына ушул милдеттерди аткаргандыгы үчүн кошумча акы алууга тыюу салынат.
16-берене. Ишин токтотууга байланыштуу чектөөлөр
1. Ушул Мыйзамдын 8-беренесинде көрсөтүлгөн жактар, өздөрү ишин ишке ашырып жаткан мамлекеттик органдын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын жетекчисине иште кызыкчылыктардын кагылышына алып келүүчү бардык сунуштар жөнүндө билдирүүгө милдеттүү.
2. Мамлекеттик же муниципалдык кызматта милдеттерин аткаруусун токтоткон жана акыркы жылдагы ишинде ишканаларды түздөн-түз көзөмөлдөө же контролдоо функциясын аткарган, ушул Мыйзамдын 8-беренесинде көрсөтүлгөн жактар ишинен бошоп кеткенден кийин бир жылдын аралыгында ушул ишканалардын байкоочу, административдик, ревизиялык же контролдоочу органдарына ишке орношууга укуктуу эмес.
3. Мамлекеттик бийлик органдарында же жергиликтүү өз алдынча башкаруу органында милдеттерин аткарууну токтоткон жактар; ишин ишке ашырган органдарда бир жылдын аралыгында жеке же юридикалык жактын кызыкчылыгынын атынан чыга албайт, ошондой эле ал мурда кызматтык милдеттерин аткарууга байланыштуу иштерде жеке же юридикалык жактардын атынан боло албайт. Бул жобо адвокаттарга карата колдонулбайт.
17-берене. Маалыматты колдонууга тыюу салуу
Кызматтык милдеттерди аткаруусуна байланыштуу кызмат адамына белгилүү болгон маалыматты жайылтууга же кызыкчылыктардын кагылышуусуна алып келүүчү максаттарда колдонууга тыюу салынат.
18-берене. Башка тыюу салуулар жана чектөөлөр
Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен кызмат адамдарынын ишине башка тыюу салуулар жана чектөөлөр белгилениши мүмкүн.
3-глава. Кызыкчылыктардын кагылышын башкаруу тартиби
19-берене. Кызыкчылыктардын кагылышын башкаруу
1. Кызыкчылыктардын кагылышын башкаруу кызмат адамдарына коюлуучу алардын коомдук кызыкчылыктарга карама-каршы келген же карама-каршы туруучу жеке кызыкчылыктарын ачуу жана декларациялоо үчүн жоопкерчиликти өзүнө алуу, ошондой эле бул адамдарга карата кызыкчылыктардын кагылышын жөнгө салуу үчүн чараларды көрүү талаптарында туюндурулат.
2. Кызыкчылыктардын кагылышын башкаруу өзүнө төмөнкү этаптарды камтыйт:
- табуу жана верификациялоо;
- алдын алуу;
- жөнгө салуу.
20-берене. Кызыкчылыктардын кагылышын табуу жана кызыкчылыктар жөнүндө декларацияларды верификациялоо
1. Кызыкчылыктардын кагылышы төмөнкүлөр аркылуу аныкталат:
- кызмат адамдарынын жеке кызыкчылыктарды алгачкы жолу жана мезгил-мезгили менен декларациялоо, ошондой эле кызыкчылыктардын кагылышынын пайда болгону тууралуу маалымат берүүсү;
- ушул Мыйзамга ылайык контролдоо функцияларын аткарган жактар тарабынан кызыкчылыктардын кагылышынын алдын алуу, табуу, верификациялоо, жок кылуу боюнча иштерди жүзөгө ашыруу;
- уюмдун дарегине келип түшкөн арыздар жана даттануулар;
- жалпыга маалымдоо каражаттарындагы жарыялоолор жана билдирүүлөр.
2. Жеке кызыкчылыктар жөнүндө декларацияны верификациялоо этика боюнча комиссия жана мамлекеттик кызмат иштери боюнча ыйгарым укуктуу орган тарабынан ишке ашырылат.
21-берене. Потенциалдуу кызыкчылыктардын кагылышын жөнгө салуу
1. Потенциалдуу кызыкчылыктардын кагылышы кызмат адамынын өзүнүн кызматтык милдетин жеке кызыкчылыктары үчүн пайдалануу мүмкүнчүлүктөрүн табуу жана жок кылуу аркылуу ишке ашырылат жана өзүнө төмөнкүлөрдү камтыйт:
- кызмат адамдарына кызыкчылыктардын кагылышы болгон жагдайларда ишти жөнгө салуучу ченемдик укуктук актыларды түшүндүрүүнү;
- жеке кызыкчылыктар жөнүндө декларацияны верификациялоону, потенциалдуу кызыкчылыктардын кагылышы мүмкүн болгон жагдайларды табууну, талдоону жана аларды чечүүнүн варианттарын, ошондой эле кызмат адамдарына бул жагдайларды түшүндүрүүнү;
- потенциалдуу кызыкчылыктардын кагылышын жок кылуу үчүн кызмат адамдары жетекчиликке алуучу чараларды;
- потенциалдуу кызыкчылыктардын кагылышын жок кылуу үчүн кызмат адамы тарабынан өз алдынча ишке ашырылуучу чараларды.
2. Кызмат адамына потенциалдуу кызыкчылыктардын кагылышынын бар же жок экендиги түшүнүксүз болсо, анда ал ушул кырдаалды түшүндүрүү үчүн этика боюнча комиссияга кайрылууга милдеттүү.
3. Потенциалдуу кызыкчылыктардын кагылышы пайда болгондо, ал өзү тарабынан же этика боюнча комиссиянын жардамы менен табылганына карабастан, кызмат адамы бул тууралуу билген күндөн тартып, үч иш күндүн ичинде өзүнүн түздөн-түз жетекчисине билдирүүгө милдеттүү.
4. Кызмат адамы потенциалдуу кызыкчылыктардын кагылышы жөнүндө билдиргенден кийин, өзүнүн түздөн-түз жетекчиси менен макулдашылган, бирок отуз иш күндөн ашпаган мөөнөттө аны өз алдынча жок кылууга милдеттүү.
5. Потенциалдуу кызыкчылыктардын кагылышы бар кырдаалдар жөнүндө кабар берген кызмат адамы, өзүнүн түздөн-түз жетекчисинен мындан аркы аракеттер тууралуу көрсөтмө алганга чейин, өзүнүн кызматтык милдеттеринин потенциалдуу кызыкчылыктардын кагылышы менен байланышы мүмкүн болгон бөлүгүн аткаруудан убактылуу карманууга милдеттүү.
6. Эгерде, түздөн-түз жетекчиден мындан аркы аракеттер тууралуу кандайдыр бир көрсөтмө беш иш күндүн ичинде келип түшпөсө, кызмат адамы мамлекеттик кызмат чөйрөсүндөгү мыйзамдын талаптарынын негизинде жана өз ыктыяры боюнча кызматтык милдеттерин аткарууну улантууга же этика боюнча комиссияга жана мамлекеттик кызмат иштери боюнча ыйгарым укуктуу органга түшүндүрүү үчүн кайрылууга укуктуу.
7. Потенциалдуу кызыкчылыктардын кагылышын жок кылуу боюнча чаралар төмөнкүлөрдү ичине камтыйт:
- аларды аткаруунун жүрүшүндө кызыкчылыктардын кагылышы пайда болгон кызматтык милдеттерди аткаруудан (функцияларды ишке ашыруудан) кызмат адамын убактылуу четтетүү;
- кызмат адамы тарабынан жеке кызыкчылыктарды жок кылуу;
- кызмат адамынын кызыкчылыктардын кагылышына алып келген милдеттерин аткаруусуна жетекчи тарабынан контролдоону күчөтүү;
- кызмат адамын комиссиянын курамынан же ишкананын өкүлчүлүк же башкаруу органынан чыгаруу;
- кызыкчылыктардын кагылышы пайда болуучу конкреттүү маалыматтарга кызмат адамынын жетүүсүн чектөө;
- кызмат адамынын кызыкчылыктардын кагылышы пайда болуучу маселелер боюнча чечим кабыл алууга катышуусунан (туруктуу же убактылуу) баш тартуу;
- кызмат адамынын кызматтык милдеттерин кайрадан кароо жана өзгөртүү;
- кызмат адамынын кызыкчылыктардын кагылышына байланышпаган кызматтык милдеттерди аткаруу каралган кызмат ордуна которуу;
- кызмат адамын ээлеген кызмат ордунан бошотуу.
22-берене. Реалдуу кызыкчылыктардын кагылышын жөнгө салуу
1. Реалдуу кызыкчылыктардын кагылышын жөнгө салуу кызыкчылыктардын кагылышынын кырдаалын карап чыгуу, аны чечүү үчүн чечимдерди табуу жана колдонуу аркылуу ишке ашырылат.
2. Реалдуу кызыкчылыктардын кагылышын жөнгө салуу кызмат адамынын, ошондой эле ушул мыйзамга ылайык контролдоо функциясын ишке ашырган жактардын демилгеси боюнча ишке ашырылышы мүмкүн.
3. Реалдуу кызыкчылыктардын кагылышын жөнгө салууну түшүндүрүүчү кызмат адамы этика боюнча комиссияга кайрылат.
4. Кызмат адамы пайда болгон реалдуу кызыкчылыктардын кагылышы жөнүндө түздөн-түз жетекчисине билдирүүгө милдеттүү.
5. Реалдуу кызыкчылыктардын кагылышы тууралуу кабар берген кызмат адамы, аны жөнгө салуу боюнча чара көрүлгөнгө чейин, беш күндөн кем эмес убакыт бою өзүнүн кызматтык милдеттеринин кызыкчылыктардын кагылышы менен байланышкан бөлүгүн аткаруудан убактылуу карманууга милдеттүү.
6. Кызмат адамынын түздөн-түз жетекчиси, кызмат адамы өз алдынча кайрылганына же реалдуу кызыкчылыктардын кагылышы тууралуу башка булактардан белгилүү болгонуна карабастан, аны жөнгө салуу үчүн чараларды көрүүгө милдеттүү.
7. Кызмат адамына түздөн-түз жетекчилиги тарабынан реалдуу кызыкчылыктардын кагылышын жөнгө салуу боюнча кандай чаралар көрүлөөрү тууралуу билдирилиши керек.
8. Эгерде, кызмат адамынын түздөн-түз жетекчилиги реалдуу кызыкчылыктардын кагылышы тууралуу кабар берилгенден тартып, беш иш күндүн ичинде кызмат адамына көрүлүүчү чаралар жөнүндө кабар бербесе, кызмат адамы өз ыктыяры боюнча жана мыйзамдын талаптарынын негизинде кызматтык милдеттерин аткарууну улантат.
9. Эгерде, түздөн-түз жетекчиликтен реалдуу кызыкчылыктардын кагылышына байланыштуу кырдаалдарда көрүлүүчү чаралар жөнүндө кабар келип түшпөсө, кызмат адамы бул тууралуу маалымат менен этика боюнча комиссияга жана мамлекеттик кызмат иштери боюнча ыйгарым укуктуу органга кайрылууга укуктуу.
10. Реалдуу кызыкчылыктардын кагылышын жөнгө салуу боюнча чаралар ушул Мыйзамдын 21-беренесинин 9-бөлүгүндө каралган чараларга окшош.
11. Мамлекеттик органдардагы, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарындагы, ишканалардагы реалдуу кызыкчылыктардын кагылышы боюнча кырдаалдар милдеттүү түрдө катталууга, ал эми документтер Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленген тартипте 5 жылдан кем эмес убакыт сакталууга тийиш.
23-берене. Болуп өткөн кызыкчылыктардын кагылышынын укуктук кесепеттери
1. Кызмат адамдары тарабынан коомдун жана мамлекеттин кызыкчылыктарына тиешеси бар, ушул Мыйзамдын 10 жана 11-беренелеринин жоболорун бузуу менен чыгарылган же түзүлгөн административдик актылар же бүтүмдөр жараксыз деп таанылышы мүмкүн.
2. Ушул Мыйзамдын жоболорун бузуу менен чыгарылган же түзүлгөн административдик актыларды же бүтүмдөрдү жараксыз деп табуу үчүн мамлекеттик кызмат иштери боюнча ыйгарым укуктуу орган соттук органга кайрылат. Кайрылуу жеке демилге боюнча же кызыкчылыктардын кагылышынын кесепетинен анын укугу басмырланды деп эсептеген жактын талабы боюнча берилет.
3. Административдик актыны кабыл алган же бүтүмдөрдү түзгөн кызмат адамы, тийиштүү кызмат ордун ээлебей калган учурда дагы соттук органга кайрылуу берилет.
24-берене. Мамлекеттик кызмат иштери боюнча ыйгарым укуктуу органдын милдеттери
Мамлекеттик кызмат иштери боюнча ыйгарым укуктуу органдын милдеттерине төмөнкүлөр кирет:
- кызыкчылыктардын кагылышы боюнча ченемдик укук актыларды, методикалык сунуштардын долбоорлорун иштеп чыгуу;
- кызмат адамдарын кызыкчылыктардын кагылышын башкарууга окутуу;
- жеке кызыкчылыктар жөнүндө декларацияларды верификациялоо жана ушул Мыйзамга ылайык, кызыкчылыктардын кагылышынын бардык түрлөрү боюнча тийиштүү чараларды көрүү;
- кызыкчылыктардын кагылышынын бар экендиги жөнүндө кырдаалды баалоодо иш жүзүндө жардам көрсөтүү;
- этика боюнча комиссиялардын ишине мониторинг жүргүзүү жана жардамдашуу.
25-берене. Мамлекеттик бийлик органынын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын жана ишкананын жетекчилеринин милдеттери
Мамлекеттик бийлик органдарынын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жана ишканалардын жетекчилеринин милдеттерине төмөнкүлөр кирет:
- потенциалдуу жана реалдуу кызыкчылыктардын кагылышын башкаруу боюнча чаралардын өз убагында көрүлүшүн камсыз кылуу;
- этика боюнча комиссияны түзүү жана натыйжалуу ишин камсыз кылуу;
- кызыкчылыктардын кагылышы боюнча ведомствонун ичиндеги жоболорду, нускамаларды, сунуштамаларды бекитүү;
- кызмат адамынын кызматтык ишин текшерүү жөнүндө чечимдерди кабыл алуу;
- кызыкчылыктардын кагылышы жөнүндө мыйзамды бузгандыгы үчүн тартиптик жаза чараларын колдонуу;
- кызыкчылыктардын кагылышы пайда болгондо ак ниет кызматтык жүрүм-турумдары үчүн сыйлоо чараларын көрүү;
- кызыкчылыктардын кагылышынан кийинки кесепеттерди жок кылуу, анын ичинде коомдук ишенимди калыбына келтирүү боюнча чараларды көрүү;
- мамлекеттик кызмат иштери боюнча ыйгарым укуктуу органга кызмат адамы тарабынан ушул мыйзамдын бузулгандыгы аныкталгандыгы жөнүндө, ошондой эле бул фактылар боюнча көрүлгөн чаралар тууралуу кечиктирбестен, үч иш күндүн ичинде кабар берүү.
26-берене. Этика боюнча комиссиянын милдеттери
1. Мамлекеттик бийлик органында, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органында жана ишканада милдеттүү түрдө этикалык ченемдерди сактоо, анын ичинде кызыкчылыктардын кагылышы маселелерин кароо үчүн этика боюнча комиссия түзүлөт.
2. Этика боюнча комиссиянын милдеттерине төмөнкүлөр кирет:
- кызмат адамынын кызыкчылыктардын кагылышы жөнүндө мыйзамдарды бузгандыгы жөнүндө түшкөн арыздарды жана даттанууларды, ошондой эле жалпыга маалымдоо каражаттарындагы билдирүүлөрдү карап чыгуу жана алар боюнча сунуштамаларды киргизүү;
- мамлекеттик бийлик органынын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын жана ишкананын жетекчилерине потенциалдуу, реалдуу жана болуп өткөн кызыкчылыктардын кагылышы бар фактылар жөнүндө маалымат берүү;
- потенциалдуу же реалдуу кызыкчылыктардын кагылышы жана аларды жөнгө салуунун варианттары боюнча кызматкерлердин арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүү;
- кызыкчылыктардын кагылышы жөнүндө мыйзам жана аны иш жүзүндө колдонуу боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүү;
- кызмат адамынын кызматтык ишине текшерүү жүргүзүү;
- жеке кызыкчылыктар жөнүндө декларацияларды верификациялоо;
- жеке кызыкчылыктар жөнүндө декларацияларда көрсөтүлгөн маалыматтардын тийиштүү деңгээлде эсепке алынышын контролдоо;
- мамлекеттик кызмат иштери боюнча ыйгарым укуктуу органга кызмат адамы тарабынан ушул Мыйзамдын бузулгандыгы аныкталгандыгы жөнүндө, ошондой эле бул фактылар боюнча көрүлгөн чаралар тууралуу кечиктирбестен, үч иш күндүн ичинде кабар берүү.
27-берене. Кызмат адамынын милдеттери
Кызмат адамы төмөнкүлөргө милдеттүү:
- кызматка киришүүдө кызыкчылыктардын кагылышына байланыштуу жеке кызыкчылыктарын декларациялоо жолу менен, кызматтык милдеттерине карама-каршы келиши мүмкүн болгон жеке кызыкчылыктарды ачып көрсөтүү;
- кызыкчылыктардын кагылышынын ыктымалдыгын баалоо жана мындай кызыкчылыктардын кагылышынын алдын алуу максатында чараларды көрүү үчүн суралуучу маалыматты берүү;
- кызыкчылыктардын кагылышы пайда болгон учурда, ага ал жөнүндө белгилүү болгон күндөн тартып үч иш күндүн ичинде түздөн-түз жетекчиге жана этика боюнча комиссияга билдирүүгө;
- кызыкчылыктардын кагылышынын алдын алуу боюнча натыйжалуу чараларды көрүүгө.
4-глава. Жеке кызыкчылыктарды алгачкы жана мезгил-мезгили менен декларациялоо тартиби
28-берене. Жеке кызыкчылыктарды декларациялоо
1. Кызмат адамы кызматка шайланган, дайындалган же кызмат ордуна бекитилген учурда жеке кызыкчылыктар жөнүндө декларацияны толтурууга милдеттүү.
2. Жеке кызыкчылыктар жөнүндө декларация жазуу же электрондук түрдө жумушка кирген жери боюнча берилет.
3. Кызмат адамы тарабынан жеке кызыкчылыктарын алгачкы жана мезгил-мезгили менен декларациялоо, ошондой эле декларацияларды берүү аралыгында пайда болгон кызыкчылыктардын кагылышы жөнүндө маалымат берүү Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан каралган тартипте ишке ашырылат.
4. Жеке кызыкчылыктар жөнүндө декларацияны берүү кызмат адамын мамлекеттик кызмат чөйрөсүндөгү мыйзамга ылайык башка декларацияларды берүү милдетинен бошотпойт.
29-берене. Жеке кызыкчылыктар жөнүндө декларациянын формасы жана мазмуну
1. Декларациянын формасы, аны эсепке алуу жана сактоо тартиби Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталат.
2. Жеке кызыкчылыктар жөнүндө декларацияга төмөнкүлөр тууралуу маалыматтар киргизилет:
- акы төлөнүүчү иши;
- кызмат адамынын же анын туугандарынын жеке кызыкчылыгы болгон жана республикалык же жергиликтүү бюджеттен каржыланган контракттар;
- уюштуруучунун же ишканалардагы же саясий партиялардагы жетектөөчү, административдик, ревизиялык же контролдоочу органдардын мүчөсүнүн жоболору;
- ишкананын катышуучусунун, үлүшчүсүнүн акционеринин, же жетектөөчү, административдик, контролдоочу органдарынын мүчөсүнүн жоболору;
- эл аралык уюмдар менен мамилеси.
30-берене. Жеке кызыкчылыктар жөнүндө декларацияны берүү мөөнөттөрү
1. Жеке кызыкчылыктар жөнүндө баштапкы декларация ишке кабыл алынган, кызматка бекитилген же дайындалган күндөн баштап он беш күндүн ичинде берилет.
2. Жеке кызыкчылыктар жөнүндө мезгилдүү декларация жыл сайын, мамлекеттик кызмат чөйрөсүндөгү мыйзамда каралган мүлк жана киреше жөнүндө декларация берилүүчү мөөнөттө берилет.
31-берене. Жеке кызыкчылыктар жөнүндө декларациялардын ачык мүнөзү
1. Жеке кызыкчылыктар жөнүндө декларацияда камтылган маалыматтар ачык мүнөзгө ээ жана мамлекеттик кызмат иштери боюнча ыйгарым укуктуу органдын интернет сайтына жайгаштырылат.
2. Ушул берененин 1-бөлүгүнүн жоболору Өкмөттүн чечимине ылайык декларациясы ачык мүнөзгө ээ эмес адамдардын маалыматтарына карата колдонулбайт.
32-берене. Жеке кызыкчылыктар жөнүндө декларацияларды чогултуу үчүн жооптуу адамдар
1. Ушул Мыйзамга ылайык жеке кызыкчылыктар жөнүндө декларация берүүгө милдеттүү адамдар иштеген уюмдарда персоналды башкаруу кызматынын кызматкерлеринин арасынан декларацияларды чогултуу үчүн жооптуулар дайындалат.
2. Жеке кызыкчылыктар жөнүндө декларацияларды чогултуу үчүн жооптуу адамдар, төмөнкүдөй милдеттерди аткарышат:
- билдирүүчүнүн талабы боюнча жеке кызыкчылыктар жөнүндө декларациялардын бланкын берет;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтү бекиткен форма боюнча жеке кызыкчылыктар жөнүндө декларацияларды кабыл алат жана Жеке кызыкчылыктар жөнүндө декларацияларды каттоо реестрине каттайт;
- декларация алынгандыгы жөнүндө декларантка декларация алынган күнү тилкат берет;
- декларацияны туура толтуруу жана өз учурунда тапшыруу боюнча консультация берет;
- декларанттын өтүнүчү боюнча кызыкчылыктардын кагылышы жөнүндө мыйзамды колдонуу боюнча консультация берет.
3. Жеке кызыкчылыктар жөнүндө декларация жана Жеке кызыкчылыктар жөнүндө декларацияларды эсепке алуу реестринен алынган күбөлөндүрүлгөн көчүрмө - кагаз жүзүндө же электрондук форматта, декларацияны алган күндөн кийин отуз күндүк мөөнөттө мамлекеттик кызмат иштери боюнча ыйгарым укуктуу органга жиберилет, ал эми жеке кызыкчылыктар жөнүндө декларациянын көчүрмөсү жана жеке кызыкчылыктар жөнүндө декларацияларды эсепке алуу реестринен алынган күбөлөндүрүлгөн көчүрмө декларанттын өздүк делосуна тиркелет.
5-глава. Кызмат адамдарынын жоопкерчилиги
33-берене. Кызмат адамдарынын жоопкерчилиги
1. Ушул Мыйзамды бузгандыгы үчүн кызмат адамдары кылмыш-жаза, административдик жана жарандык мыйзамдарга, ошондой эле мамлекеттик кызмат чөйрөсүндөгү мыйзамга ылайык жоопкерчиликке тартылат.
2. Ушул Мыйзамда белгиленген тыюу салууларды жана чектөөлөрдү бузуу менен алынган кирешелер жана мүлктүк пайдалар, же алардын өсүшү мамлекетке таандык.
3. Ушул Мыйзамда белгиленген тыюу салууларды жана чектөөлөрдү бузуу менен алынган кирешелер жана мүлктүк пайдалар мамлекетке келтирилген зыян деп эсептелет жана алар мамлекетке кайтарылып берилиши керек.
4. Эгерде кызмат адамы мамлекетке келтирилген зыяндын ордун өз эрки менен толтуруудан баш тартса, келтирилген зыяндардын орду кылмыш-жаза, административдик жана жарандык мыйзамдарга, ошондой эле мамлекеттик кызмат чөйрөсүндөгү мыйзамга ылайык өндүрүлүп алынат.
34-берене. Ушул Мыйзамдын күчүнө кирүүсү
1. Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ушул мыйзамды ишке ашыруу боюнча тийиштүү чараларды көрсүн.