Загрузка документа…
КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 25-декабрындагы № 627 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
Тиркеме
|
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 3-августундагы № 556 токтому менен бекитилген |
"Кара-Балта спирт заводу" мамлекеттик ишканасынын УСТАВЫ
1. Жалпы жоболор
1. Ушул Устав "Кара-Балта спирт заводу" мамлекеттик ишканасынын (мындан ары - Ишкана) ишин жөнгө салат.
2. Ишкана өз ишинде Кыргыз Республикасынын Конституциясын, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын жана башка ченемдик укуктук актыларын, Кыргыз Республикасы катышуучу болгон, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерди, ошондой эле ушул Уставды жетекчиликке алат.
3. Ишкананын уюштуруучусу болуп Кыргыз Республикасынын Өкмөтү саналат.
Ишкана Кыргыз Республикасынын Айыл чарба жана мелиорация министрлигинин (мындан ары - Министрлик) карамагында болот.
4. Ишкана мамлекеттик ишкананын уюштуруу-укуктук формасында иштей турган, чарба жүргүзүү укугуна негизделген, обочолонгон мүлккө ээ юридикалык жак болуп саналат жана толук чарбалык эсептешүүнүн негизинде өз ишин жүзөгө ашырат.
5. Ишкана белгиленген тартипте Кыргыз Республикасынын банктарында жана Казыначылык тутумунда алыш-бериш, анын ичинде валюталык эсептерин ачууга укуктуу.
6. Ишкананын мамлекеттик жана расмий тилдердеги өз аталышы бар мөөрү, фирмалык бланктары жана штамптары болот.
7. Ишкананын расмий аталышы:
мамлекеттик тилде:
"Кара-Балта спирт заводу" мамлекеттик ишканасы";
расмий тилде:
"Государственное предприятие "Карабалтинский спиртовый завод".
8. Ишкананын юридикалык дареги: 724410, Кыргыз Республикасы, Чүй облусу, Жайыл району, Кара-Балта шаары, Кожомбердиев көчөсү, 88 а.
2. Ишкананын негизги максаттары, милдеттери жана функциялары
9. Ишкананын ишинин негизги максаты: өндүрүштүк, техникалык, медициналык, ветеринардык жана башка максаттарда колдонулуучу этил спиртин өндүрүү жана республиканын ишканаларын жана уюмдарын камсыз кылуу.
10. Ишкананын негизги максаттары төмөнкүлөр болуп саналат:
- тийиштүү лицензиясы бар алкоголдук продукция чыгаруучу ишканаларды этил спирти менен камсыз кылуу, ошондой эле фармацевтика өнөр жайынын, саламаттык сактоонун ишканаларын жана Кыргыз Республикасынын аймагындагы башка атайын керектөөчүлөрдү жабдуу;
- айыл чарба ишканалары өндүргөн жергиликтүү азыктарды (крахмал жана кантты камтыган) кайра иштетүүнүн натыйжалуулугун жогорулатуу жана алардын экономикалык кубаттуулугунун өнүгүүсүн камсыздоо;
- спиртти өндүрүү боюнча өндүрүштүк кубаттуулукту үзүрлүү пайдалануунун натыйжасында Кыргыз Республикасынын мамлекеттик бюджетине салыктардын келип түшүүсүн жана башка төлөмдөрдү көбөйтүү;
- этил спиртин өндүрүүнүн технологиясын өркүндөтүү жана анын сапатын жакшыртуу.
11. Жогоруда көрсөтүлгөн милдеттерди ишке ашыруу чарба жүргүзүү укугу менен Ишканага бекитилип берилген мүлктү пайдалануу менен Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексине, башка ченемдик укуктук актыларга, ошондой эле ушул Уставга ылайык Ишкана тарабынан жүзөгө ашырылат.
12. Ишкана өзүнө жүктөлгөн милдеттерге ылайык төмөнкүдөй негизги функцияларды аткарат:
- чийки заттардын (крахмал жана кантты камтыган) бардык түрлөрүнөн этил спиртин өндүрүү;
- алкоголдуу азыктарды өндүрүү жана сатып өткөрүү;
- алкоголдуу азыктарды жана шарап азыктарын сатып өткөрүү рыногуна жеткирүү жана аларды сатууну уюштуруу;
- спирт камтылган дары-дармек препараттарын өндүрүү жана сатуу;
- ишкананын кызматкерлерин окутуп-үйрөтүүнү, кайра даярдоону жана квалификациясын жогорулатууну уюштуруу;
- чарба жүргүзүү укугуна бекитилип берилген мүлктүн сакталышын жана максаттуу багытта пайдаланылышын камсыз кылуу;
- финансылык жана инновациялык иштерди жүргүзүү.
3. Ишкананын укуктары жана милдеттери
13. Ушул Устав менен аныкталган өз милдеттерин жүзөгө ашыруу үчүн Ишкана төмөнкүлөргө укуктуу:
- обочолонгон мүлккө ээ болууга, өз атынан мүлктүк жана жеке мүлктүк эмес укуктарды алуу менен жоопкерчилик тартууга, доогер жана сотто жоопкер болууга;
- Ишкананын максаттары менен милдеттерине ылайык юридикалык (ата мекендик жана чет өлкөлүк) жана жеке жактар менен келишимдерди түзүүгө;
- чийки заттарды, азыктарды, товарларды, башка мүлктөрдү, анын ичинде негизги каражаттарды дүңүнөн соода жүргүзүү тартибинде жана юридикалык жана жеке жактардан чекене соода жүргүзүү менен керектүү материалдарды жана буюмдарды сатып алууга, ошондой эле ар кандай дүң дагы, чекене дагы жеткирип берүүчүлөр менен накталай жана накталай эмес эсептешүүлөрдү жүргүзүүгө;
- белгиленген тартипте Ишкананын уставдык милдеттерине ылайык филиалдарды жана өкүлчүлүктөрдү түзүүгө;
- каралган каражаттардын эсебинен кызматкерлерди кошумча адистиктерге окутуп-үйрөтүүгө, алардын билим деңгээлин жогорулатууга;
- Ишкананын тапшырмаларын аткаруучу адамдарды командировкага, анын ичинде чет өлкөлөргө, ошондой эле эл аралык конференцияларга, семинарларга, көргөзмөлөргө жана конкурстарга катышуу үчүн жиберүүгө;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык улуттук жана чет элдик валюта менен коммерциялык негизде алынган насыялык каражаттарды пайдаланууга.
14. Ишкана убактылуу эмгек келишимдеринин, мөөнөттүү эмгек келишимдеринин, подряд келишимдеринин, башка жарандык-укуктук келишимдеринин негизинде Ишканада жумуш аткаруу үчүн жеке адамдарды тартууга укуктуу.
15. Ишкананын кызматкерлеринин иш тартиби жана эс алуусу, аларды социалдык жактан камсыз кылуу, социалдык камсыздандыруу эмгек мыйзамдарынын ченемдери, ички эмгек тартибинин эрежелери жана жамааттык келишим менен жөнгө салынат.
16. Ишкана төмөнкүлөргө милдеттүү:
- кызматкерлерге эмгектин коопсуз шарттарын камсыз кылууга жана алардын ден соолугу, эмгекке жөндөмдүүлүгүнө келтирилген зыян үчүн белгиленген тартипте жоопкерчилик тартууга;
- түзүлгөн эмгек келишимдерине ылайык Ишкананын кызматкерлеринин бардыгына өз убагында акы төлөөнү жүргүзүүгө;
- Ишкананын кызматкерлерине социалдык, медициналык жана милдеттүү камсыздандыруунун башка түрлөрүн ишке ашырууга;
- Министрликке этил спиртин өндүрүүнүн жана жүгүртүүнүн декларацияланган көлөмүнүн отчётун жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фондго (мындан ары - Фонд), башка мамлекеттик органдарга өз иши тууралуу ар бир кварталдык отчётту өз убагында берүүгө.
4. Ишкананы башкаруу органдары
17. Министрлик Ишкананын ишине жалпы жетекчиликти ишке ашырат жана анын ишин координациялайт.
18. Ишкананы Министрлик тарабынан сунушталган адамдардын ичинен Фонддун сунуштамасы боюнча Кыргыз Республикасынын Премьер-министри тарабынан кызмат ордуна дайындалуучу жана кызмат ордунан бошотулуучу директор жетектейт.
Директор эки жылдык мөөнөткө дайындалат, укуктарга, милдеттерге ээ жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган тартипте жоопкерчилик тартат жана ушул Уставдын жана эмгек келишиминин негизинде иштейт.
Директордун орун басары Министрликтин сунушу боюнча Фонд тарабынан кызмат ордуна дайындалат жана кызмат ордунан бошотулат.
19. Ишкананын башкы бухгалтери Ишкананын директору тарабынан кызмат ордуна дайындалат жана кызмат ордунан бошотулат, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген жоопкерчиликти тартат жана укуктарды пайдаланат.
20. Ишкананын директору:
- Ишкананын ишин жетектейт;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте Ишкананын атынан бардык мамлекеттик органдарда жана уюмдарда анын кызыкчылыктарын коргойт, келишимдерди, анын ичинде эмгек келишимдерин түзөт, ишеним каттарды берет, банктарда алыш-бериш эсептерин жана башка эсептерди ачат, каражаттарды тескөө укугуна ээ;
- өз компетенциясынын чегинде буйруктарды чыгарат, ишкананын бардык кызматкерлери тарабынан аткарылууга тийиш болгон көрсөтмөлөрдү берет жана алардын аткарылышына текшерүү уюштурат;
- Ишканага жүктөлгөн милдеттердин жана функциялардын аткарылышы үчүн жоопкерчилик тартат;
- Ишкананын кызматкерлерин кызмат ордуна дайындайт жана кызмат ордунан бошотот;
- Министрлик менен макулдашуу боюнча Ишкананын штаттык ырааттамасын бекитет;
- Ишкананын кызматкерлерин сыйлоо жөнүндө жобону бекитет;
- Ишкананын кызматтары жана бөлүнүштөрү жөнүндө жоболорду бекитет;
- Ишкананын кызматкерлерине карата тартиптик жаза чараларын жана сыйлоо чараларын колдонот;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык кадрлар менен камсыз кылуу маселелерин чечет, жалдоонун тартибин жана шартын, эмгекти уюштуруунун жана акы төлөөнүн формасын жана методдорун аныктайт, маянаны жана үстөк төлөмдөрдү, иш күнүнүн жана иш жумалыгынын узактыгын, эс алуу күндөрүн жана өргүүлөрдү берүүнүн тартибин белгилейт, эгерде Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында башкача белгиленбесе;
- Министрликтин чечимдерин аткарууну уюштурат, алардын аткарылышы тууралуу отчёт тапшырат;
- Уставга ылайык Ишкананын милдеттерин менен функцияларын аткаруу үчүн зарыл болгон башка аракеттерди жүргүзөт.
21. Ишкананын чарбалык иштеринин бардык чөйрөсүндөгү жеке жана юридикалык жактар менен болгон мамилелери келишимдердин негизинде түзүлөт.
5. Эсепке алуу, пландаштыруу жана отчет берүү
22. Ишкана өз ишин өз алдынча иштеп чыккан иш пландарынын негизинде жүзөгө ашырат.
Ишкананын болочоктогу, жылдык жана учурдагы иш пландары Министрлик менен макулдашуу боюнча Ишкананын директору тарабынан бекитилет.
23. Ишкананын жеткирип берүүчүлөр, ижарачылар жана керектөөчүлөр менен болгон мамилелерин жөнгө салуучу узак мөөнөттүү жана башка келишимдер Ишкананын иш пландарынын негизин түзөт.
Ишкана келишимдин предметин тандоодо, милдеттенмелерди, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана Ишкананын уставдык максаттарына каршы келбеген чарбалык өз ара мамилелердин ар кандай башка шарттарын аныктоодо эркин болот.
24. Кыргыз Республикасында кабыл алынган бухгалтердик эсептин эл аралык стандарттарына ылайык Ишкана өз ишинин жыйынтыктарына бухгалтердик эсептөөлөрдү ишке ашырат жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте статистикалык отчет берет.
25. Ишкана салык салуу жана экономикалык маалыматтарды топтоонун жана иштеп чыгуунун жалпы мамлекеттик тутумун жүргүзүү үчүн зарыл маалыматтарды компетенттүү мамлекеттик органдарга берип турат.
Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте талап кылынган маалыматты берүүдөн баш тарткандыгы, толук эмес маалымат бергендиги же аны бурмалагандыгы, ошондой эле отчетту бурмалагандыгы үчүн Ишкананын кызмат адамдары Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген жоопкерчиликти тартат.
26. Ишкана жыл сайын Министрлик менен алдыдагы финансылык жылга бюджетти иштеп чыгат, макулдашат жана аны Фондго берет.
27. Ишкана квартал сайын бюджеттин аткарылышы тууралуу жана финансылык-чарбалык ишинин жыйынтыктары жөнүндө отчётторду Министрликке жана Фондго берет.
6. Ишкананын мүлкү жана финансысы
28. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык Ишкана өзүнчө чарба жүргүзүү укугунда бекитилип берилген мүлккө ээлик кылат, пайдаланат жана тескейт.
29. Ишкананын мүлкүн негизги фонддор жана жүгүртүүдөгү каражаттары жана материалдык эмес активдери, ошондой эле Ишкананын өз алдынча балансында наркы чагылдырылган башка материалдык баалуулуктар түзөт.
Көрсөтүлгөн мүлк өзүнө төмөнкү объекттерди камтыйт:
- чарба жүргүзүү укугунда Ишканага бекитилип берилген негизги фонддорду;
- Ишкананын чарбалык жана коммерциялык иштеринин натыйжасында түзүлгөн негизги фонддорду жана жүгүртүүчү каражаттарды;
- төлөөгө жөндөмдүүлүк, мөөнөттүүлүк, кайтарымдуулук негизде Ишкананын банктардан жана/же насыя берүүчү уюмдардан алган жүгүртүүчү каражаттарды.
30. Ишкананын мүлкүн түзүүнүн булагы төмөнкүлөр болуп саналат:
- Ишканага чарба жүргүзүү укугунда бекитилип берилген негизги фонддор;
- чарбалык иштин натыйжасында алынган кирешелер;
- банктардын жана башка насыя берүүчүлөрдүн насыялары;
- юридикалык жана жеке жактардын кайтарымсыз жана кайрымдуулук төгүмдөрү;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында тыюу салынбаган башка булактар.
31. Ишкана менчик ээсинин макулдугусуз чарба жүргүзүү укугунда өзүнө таандык болгон кыймылсыз мүлктү сатууга, аны ижарага берүүгө, күрөөгө коюуга, чарбалык коомдор менен шериктиктердин уставдык капиталына салым (пай) катары киргизүүгө же ал мүлктү башка ыкма менен тескөөгө укуксуз.
Ишкана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык мүлкүн, материалдык баалуулуктарын юридикалык жана жеке жактарга ижарага берүүгө, ошондой эле юридикалык жана жеке жактардан мүлктү ижарага алууга акылуу.
32. Жылдык финансылык-чарбалык ишинин жыйынтыгы боюнча Ишкананын 50 пайыздан кем эмес кирешеси Фонддун алыш-бериш эсебине которулууга тийиш.
33. Ишкананын алган пайдасы төмөнкүлөргө пайдаланышы мүмкүн:
- Ишкананын чарбалык-каржылык ишин өнүктүрүүгө жана кеңейтүүгө;
- Ишкананын кызматкерлерин материалдык жактан кызыктырууга, аларды окутуп-үйрөтүүгө жана квалификацияларын жогорулатууга.
7. Ишкананын жоюу жана кайра уюштуруу
34. Ишкананы кайра уюштуруу (бириктирүү, кошуу, бөлүү, бөлүп чыгаруу, кайра түзүү) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жүзөгө ашырылат.
35. Ишкананын ишин токтотуу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган учурларда жана тартипте Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн чечими боюнча жүзөгө ашырылышы мүмкүн.
36. Ишкананын иштөө процессинде пайда болгон документтер "Кыргыз Республикасынын Улуттук архив фонду жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык пайдаланылат жана сакталат.