Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 23-июнундагы № 323 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ
2020-жылдын 25-декабры № 627
"Кара-Балта спирт заводу" мамлекеттик ишканасынын уставын бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексинин 87-статьясына, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. "Кара-Балта спирт заводу" мамлекеттик ишканасынын уставы тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлиги "Юридикалык жактарды, филиалдарды (өкүлчүлүктөрдү) мамлекеттик каттоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык "Кара-Балта спирт заводу" мамлекеттик ишканасын мамлекеттик кайра каттоону жүргүзсүн.
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 3-августундагы № 556 "Кара-Балта спирт заводу" мамлекеттик ишканасынын уставын бекитүү жөнүндө" токтому күчүн жоготту деп таанылсын.
4. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
"Эркин Тоо" газетасынын 2021-жылдын 5-январындагы № 1 (3180) жарыяланды
Премьер-министрдин милдетин аткаруучу, биринчи вице-премьер-министр |
А.Э. Новиков |