Загрузка документа…
КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 28-февралындагы № 130 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ѲКМѲТY
ТОКТОМ
2015-жылдын 13-августу № 574
"Мамлекеттик пенсиялык социалдык камсыздандыруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 79-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. ''Мамлекеттик пенсиялык социалдык камсыздандыруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жактырылсын.
2. Аталган мыйзамдын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна жиберилсин.
3. Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун төрагасы аталган мыйзамдын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде каралган учурда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болуп дайындалсын.
Премьер-министр | Т.А. Сариев |
Долбоор
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
1-статья.
"Мамлекеттик пенсиялык социалдык камсыздандыруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ведомосттору, 1997-ж., № 8, 392-бер.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин:
1. 8-статьянын 4-пунктунда:
- биринчи абзацтагы "зарыл болгон" деген сөздөр "талап кылынган" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- үчүнчү абзац "кийин алынган мезгилдери" деген сөздөрдөн кийин ", эмгекке жарамдуу адамдын I топтогу майыпты, майып баланы 18 жашка толгонго чейин же 80 жашка толгон улгайган адамды баккан мезгилдеринен сырткары" деген сөздөр менен толукталсын.
2. 9-статьяда:
- 1-пунктта:
экинчи абзацтагы "эсептик" деген сөз "талап кылынган" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
үчүнчү абзац күчүн жоготту деп таанылсын;
- 5-пунктта:
"а" жана "б" пунктчалары төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"а) эркектерге - 25 жыл камсыздандыруу иш стажы болгондо, аялдарга - 20 жыл камсыздандыруу иш стажы болгондо, эгерде алар бийик тоо шарттарында кеминде 20 календардык жыл иштесе жана төмөнкүдөй куракка жетсе:
| эркектер | аялдар |
2016-жылдын 1-январынан 2016-жылдын 31-декабрына чейин | 55 жаш 6 ай | 50 жаш 6 ай |
2017-жылдын 1-январынан 2017-жылдын 31-декабрына чейин | 56 жаш | 51 жаш |
2018-жылдын 1-январынан 2018-жылдын 31-декабрына чейин | 56 жаш 6 ай | 51 жаш 6 ай |
2019-жылдын 1-январынан 2019-жылдын 31-декабрына чейин | 57 жаш | 52 жаш |
2020-жылдын 1-январынан 2020-жылдын 31-декабрына чейин | 57 жаш 6 ай | 52 жаш 6 ай |
2021-жылдын 1-январынан жана андан ары | 58 жаш | 53 жаш; |
б) үч жана андан ашык бала төрөгөн жана аларды сегиз жашка чейин тарбиялап чоңойткон аялдарга - 20 жыл камсыздандыруу иш стажы болгондо, эгерде алар бийик тоо шарттарында кеминде 15 календардык жыл иштесе жана төмөнкү куракка жетсе:
2016-жылдын 1-январынан 2016-жылдын 31-декабрына чейин |
| 45 жаш 6 ай |
2017-жылдын 1-январынан 2017-жылдын 31-декабрына чейин |
| 46 жаш |
2018-жылдын 1-январынан 2018-жылдын 31-декабрына чейин |
| 46 жаш 6 ай |
2019-жылдын 1-январынан 2019-жылдын 31-декабрына чейин |
| 47 жаш |
2020-жылдын 1-январынан 2020-жылдын 31-декабрына чейин |
| 47 жаш 6 ай |
2021-жылдын 1-январынан жана андан ары |
| 48 жаш."; |
- 6-пунктта:
биринчи абзацтагы "60 жашка толгон эркектерге, 55 жашка толгон аялдарга белгиленет, эгерде алар алыскы жана барууга кыйын аймактарда кеминде тиешелүү түрдө 25 жана 20 календардык жыл иштесе." деген сөздөр "алыскы жана барууга кыйын аймактарда кеминде тиешелүү түрдө 25 жана 20 календардык жыл иштеген жана төмөнкү куракка жеткен эркектерге жана аялдарга белгиленет:" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
төмөнкүдөй мазмундагы абзацтар менен толукталсын:
| "эркектер | аялдар |
2016-жылдын 1-январынан 2016-жылдын 31-декабрына чейин | 60 жаш 6 ай | 55 жаш 6 ай |
2017-жылдын 1-январынан жана андан кийин | 61 жаш | 56 жаш."; |
- 7-пункттун экинчи абзацы төмөнкүдөй мазмундагы абзацтар менен алмаштырылсын:
"Төрөлгөндөн тубаса майып балдары бар, аларды сегиз жашка чейин тарбиялап чоңойткон энелер камсыздандыруу иш стажы 20 жыл болгондо жана төмөнкү куракка жетсе курагы боюнча пенсияга чыгууга укуктуу:
2016-жылдын 1-январынан 2016-жылдын 31-декабрына чейин | 52 жаш | |
2017-жылдын 1-январынан 2017-жылдын 31-декабрына чейин | 51 жаш | |
2018-жылдын 1-январынан жана андан ары | 50 жаш.". |
3. 9-1-статьянын 1-пунктунда:
- үчүнчү абзацтагы "7-пунктунда" деген цифра жана сөз "7-пунктунун биринчи абзацында" деген цифра жана сөздөр менен алмаштырылсын;
- төмөнкүдөй мазмундагы төртүнчү абзац менен толукталсын:
"Пенсия чектөө үчүн талап кылынган стажга караганда дагы 10 жылдан ашык камсыздандыруу иш стажы бар, 9-статьянын 7-пунктунун экинчи абзацында аталган адамдар 48 жаштан мөөнөтүнөн мурда пенсияга чыгууга укуктуу.".
4. 10-статья күчүн жоготту деп таанылсын.
5. 12-1-статьянын 1 жана 2-пункттарындагы "б" жана "в" пункттарында" деген тамгалар жана сөздөр "1-пунктунун "б" жана "в" пунктчаларында" деген цифралар, сөздөр жана тамгалар менен алмаштырылсын.
6. 13-статьянын 1-пунктунун "з" пунктчасы "сыйланган энелерге" деген сөздөрдөн кийин ", анын ичинде баккан адамынан айрылгандыгы боюнча чектелген пенсияларга" деген сөздөр менен толукталсын.
7. 15-статьянын 2-пункту "Камсыздандырылган" деген сөздөн мурда "Талап кылынган" деген сөздөр менен толукталсын.
8. 17-статьяда:
- 1-пунктта:
"жаш курагы боюнча пенсиянын базалык жана камсыздандыруу бөлүктөрү толук" деген сөздөр "100 пайыз" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
"13" деген цифралар жана "," белгиси алып салынсын.
- 2- пункт күчүн жоготту деп таанылсын.
9. 18-статьянын 1-пунктунда:
- биринчи абзацтагы "зарыл болгон" деген сөздөр "талап кылынган" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- үчүнчү абзац күчүн жоготту деп таанылсын.
2-статья.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү алты айлык мөөнөттө өзүнүн ченемдик укуктук актыларын ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.
Кыргыз Республикасынын
Президенти