Загрузка документа…
Тиркеме
|
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 13-августундагы № 576 токтому менен бекитилген |
Мамлекеттик органдардын кызмат адамдары тарабынан келтирилген материалдык зыяндын ордун регресс тартибинде толтуруу жөнүндө УБАКТЫЛУУ ЖОБО
1. Жалпы жоболор
1. Ушул Мамлекеттик органдардын кызмат адамдары тарабынан келтирилген материалдык зыяндын ордун регресс тартибинде толтуруу жөнүндө убактылуу жобо (мындан ары - Убактылуу жобо) мамлекеттик органдарда административдик мамлекеттик кызмат орундарын ээлеген мамлекеттик кызматчыларды ээлеген кызматынан бошотуу жөнүндө негизсиз чечим кабыл алуу жолу менен мамлекеттик органдардын кызмат адамдары тарабынан келтирилген материалдык зыяндын ордун толтуруу тартибин регламенттештирет.
2. Мамлекеттик органдын кызмат адамынын келтирилген материалдык зыян үчүн материалдык жоопкерчилиги анын укукка каршы күнөөлүү жүрүм-турумунун (аракетинин же аракетсиздигинин) натыйжасында келип чыгат.
3. Адам өзүнүн кызматтык ыйгарым укуктарын аткарууда анын мыйзамсыз иш-аракеттеринин (аракетсиздигинин) натыйжасында үчүнчү жактарга келтирилген зыяндын орду ал иштеген мамлекеттик орган тарабынан толтурулууга тийиш.
2. Регресстик доо берүү
4. Зыяндын ордун толтурган мамлекеттик орган түздөн-түз укукка жат аракеттерди жасаган адамга кайтарма талаптарды (регресс) коюуга милдеттүү.
5. Эгерде сотто кызмат адамы тарабынан мамлекеттик кызматчынын эмгек укуктары бузулганы далилденсе жана анын кесепетинен соттун чечими менен жаранга мыйзамда каралган төлөмдөр төлөнүп берилсе, мамлекеттик орган соттун чечиминин негизинде кызмат адамынын эмгек акысынан, анын ичинде ал ушул органда иштөөнү токтоткон учурда дагы кармап калууга милдеттүү.
6. Иш-аракети (аракетсиздиги) менен мамлекеттик органга зыян келтирген адамдарга карата регресстик доо өз учурунда берилбегендиги үчүн мамлекеттик органдардын жетекчилери келтирилген материалдык зыян үчүн толук материалдык жоопкерчилик тартышат.
3. Мамлекеттик органдын жетекчисинин жоопкерчилиги
7. Эмгек талаш-тартыштарын кароо боюнча соттун чечиминин негизинде мамлекеттик органдын жетекчиси иш-аракетинин натыйжасында мамлекеттик органга материалдык зыян келтирген адамдарды аныктоо боюнча кызматтык териштирүүнү дайындайт.
8. Мыйзамды бузуу менен ээлеген кызматынан адамды бошотуу жөнүндө буйрукка кол коюлган учурда бул буйрукка кол койгон мамлекеттик органдын жетекчиси мамлекеттик органга келтирилген материалдык зыянды толук өлчөмдө толтурууга милдеттүү.
4. Кызматтык териштирүүнүн корутундусунун натыйжасында келтирилген жана мамлекеттик кызматчыны мыйзамсыз бошотууга алып келген зыяндын суммасынын ордун толтуруу тартиби
9. Адам тарабынан зыяндын ордун толтуруу анын мамлекеттик органга зыян келтирген иш-аракети (аракетсиздиги) үчүн тартиптик, административдик же жазык жоопкерчилигине карабастан жүргүзүлөт.
10. Эгерде мамлекеттик кызматчыны ээлеген кызматынан мыйзамсыз бошотуу үчүн негиз болгон кызматтык териштирүүнүн натыйжалары соттун чечими менен жокко чыгарылса жана/же акчалай компенсация төлөө менен мамлекеттик кызматчы (кызматкер) мурдагы кызмат ордуна калыбына келтирилсе, анда мамлекеттик органдын статс-катчысы (аппарат жетекчиси, мамлекеттик органдын жетекчисинин кадр иштери маселелерин тескеген орун басарларынын бири) адамды ээлеген кызмат ордунан бошоткон мамлекеттик органдын жетекчисине (анын ичинде мурдагы) регресстик талаптарды коюуга милдеттүү.
11. Мамлекеттик кызмат иштери боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган мамлекетке материалдык зыян келтирген мамлекеттик кызматчылардын маалымат базасын ушул Убактылуу жобонун тиркемесине ылайык формада түзөт жана жүргүзөт.
|
| Мамлекеттик органдардын кызмат адамдары тарабынан келтирилген материалдык зыяндын ордун регресс тартибинде толтуруу жөнүндө убактылуу жобого тиркеме |
Мамлекетке материалдык зыян келтирген мамлекеттик кызматчылардын маалымат базасынын ФОРМАСЫ
№ | Бошотулган кызматкерлердин аты-жөнү жана кызмат орду | Мыйзамды бузуу менен бошотуу жөнүндө буйрукка кол койгон жетекчинин аты-жөнү жана кызмат орду | Бошотуу датасы | Калыбына келтирүү датасы | Компенсациянын суммасы, сом | Регрессивдүү доо жөнүндө маалымат | Кызматтык териштирүүлөр жөнүндө маалымат |
1 |
|
|
|
|
|
|
|
2 |
|
|
|
|
|
|
|
3 |
|
|
|
|
|
|
|
4 |
|
|
|
|
|
|
|
5 |
|
|
|
|
|
|
|