Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2015-жылдын 19-августу № 591
Мамлекеттик аскерлештирилген уюмдардын, укук коргоо органдарынын жана атайын кызматтардын ыкчам башкаруусунда турган ок атуучу куралдардын жана кадимки ок-дарылардын запастарын башкаруу эрежелерин бекитүү жөнүндө
(КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 27-апрелиндеги № 217 токтомунун редакциясына ылайык)
Мамлекеттик аскерлештирилген уюмдардын, укук коргоо органдарынын жана атайын кызматтардын ыкчам башкаруусунда турган ок атуучу куралдардын жана кадимки ок-дарылардын запастарын башкаруу тартибин аныктоо максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Мамлекеттик аскерлештирилген уюмдардын, укук коргоо органдарынын жана атайын кызматтардын ыкчам башкаруусунда турган ок атуучу куралдардын жана кадимки ок-дарылардын запастарын башкаруу эрежелери тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Коргоо иштери боюнча мамлекеттик комитети ушул токтомдон келип чыккан ченемдик укуктук актылардын долбоорлорун Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн кароосуна белгиленген тартипте киргизсин.
(КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 27-апрелиндеги № 217 токтомунун редакциясына ылайык)
3. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын коргоо, укуктук тартип жана өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнө жүктөлсүн.
4. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Премьер-министр | Т. Сариев |