Загрузка документа…
Тиркеме
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 19-августундагы № 591 токтому менен бекитилген |
Мамлекеттик аскерлештирилген уюмдардын, укук коргоо органдарынын жана атайын кызматтардын ыкчам башкаруусунда турган ок атуучу куралдардын жана кадимки ок-дарылардын запастарын башкаруу ЭРЕЖЕЛЕРИ
(КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 27-апрелиндеги № 217, 2017-жылдын 3-февралындагы № 65 , 2018-жылдын 21-сентябрындагы № 438, КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 10-февралындагы № 68 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
1. Жалпы жоболор
1. Ушул Эрежелер мамлекеттик аскерлештирилген уюмдардын, укук коргоо органдарынын жана атайын кызматтардын ыкчам башкаруусунда турган, колдонулбаган же утилдештирүүгө тийиш болгон ок атуучу куралдардын жана кадимки ок-дарылардын запастарын башкарууну жөнгө салат.
2. Ушул Эрежелердин максаттары үчүн төмөнкүдөй негизги түшүнүктөр колдонулат:
а) мамлекеттик аскерлештирилген уюмдар, укук коргоо органдары жана атайын кызматтар - Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлиги, башка аскердик түзүлүштөр, укук коргоо органдары, Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги, Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлиги, Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигине караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана экологиялык коопсуздук чөйрөсүндөгү мамлекеттик жөнгө салуу департаменти, Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын атайын байланыш кызматтары жана атайын кызматтары, Кыргыз Республикасынын сот приставдары кызматтары;
б) ок атуучу курал - жеке колдонуу үчүн арналган курал, ага револьверлер жана өзү октолуучу тапанчалар, мылтыктар жана карабиндер, автоматтар, автоматтык мылтыктар, жеңил пулеметтор кирет, ошондой эле эсепти түзгөн бир нече адамдардын топтук колдонуусу үчүн арналган курал, ал өзүнө оор пулеметторду, колдо ташуучу най алдындагы жана станоктук гранатометторду, ташып жүрүүчү зениттик пулеметторду, танкка каршы колдонулуучу куралдарды, артка жылбай турган замбиректерди, ташып жүрүүчү танкка каршы колдонулуучу ракета комплекстерин, ташып жүрүүчү зениттик ракета комплекстерин жана калибри 100 миллиметрден аз минометторду камтыйт;
в) кадимки ок-дарылар - ушул Эрежелердин 2-пунктунун "б" пунктчасында көрсөтүлгөн куралдардын түрлөрүнө ок-дарылар;
г) Кыргыз Республикасынын уюмдары - ок атуучу куралдар жана кадамки ок-дарылар менен байланышкан иш процессинде аракеттердин түрлөрүнө, анын ичинде өнөр жай багытындагы жардыруучу материалдарды өндүрүү, колдонуу, жок кылуу, жардыруучу заттарды даана буюмдарды сатуу ишине лицензиясы жана уруксаты бар же Кыргыз Республикасынын лицензиялык-уруксат берүү тутуму жөнүндө мыйзамдарына ылайык куралдардын жана ок-дарылардын тийиштүү түрлөрү менен соода кылуу укугуна ээ болгон юридикалык жактар.
(КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 3-февралындагы № 65, КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 10-февралындагы № 68 токтомдорунун редакциясына ылайык)
3. Мамлекеттик аскерлештирилген уюмдар, укук коргоо органдары жана атайын кызматтар ушул Эрежелердин максаттары үчүн төмөнкүлөр аркылуу ок атуучу куралдардын жана кадимки ок-дарылардын запастарын башкарууну жүзөгө ашырышат:
а) белгиленген тартипте тийиштүү баалоону жүргүзгөндөн кийин, жарандык мыйзамдарга ылайык түзүлгөн сатып алуу-сатуу келишимдеринин негизинде кайтарымдуу ажыратуу (аукциондорду жана конкурстарды өткөрбөстөн) менен;
б) бир мамлекеттик аскерлештирилген уюмдан, укук коргоо органынан жана атайын кызматтан башкасына өткөрүп берүү менен;
в) техникалык абалынын чектүү категориясына жеткен, же куралдандыруудан алып салынган ок атуучу куралдардын жана кадимки ок-дарылардын запастарын утилдештирүү менен.
Ушул Эрежелердин 3-пунктунун "а" пунктчасында көрсөтүлгөн учурда сатып алуу-сатуу келишимдеринин негизинде ушул Эрежелердин 2-пунктунун "г" пунктчасында көрсөтүлгөн Кыргыз Республикасынын уюмдарына гана ок атуучу куралдар жана кадимки ок-дарылар ажыратып берилиши мүмкүн.
2. Мамлекеттик аскерлештирилген уюмдардын, укук коргоо органдарынын жана атайын кызматтардын ыкчам башкаруусуна ок атуучу куралдарды жана кадимки ок-дарыларды өткөрүп берүү тартиби
4. Ок атуучу куралдарды жана кадимки ок-дарыларды аскерлештирилген уюмдардын, укук коргоо органдарынын жана атайын кызматтардын ыкчам башкаруусуна өткөрүп берүү Кыргыз Республикасынын мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен макулдашылган тийиштүү мамлекеттик аскерлештирилген уюмдардын, укук коргоо органдарынын жана атайын кызматтардын жетекчилеринин чечимдери боюнча жүзөгө ашырылат.
5. Ок атуучу куралдарды жана кадимки ок-дарыларды кайтарымсыз ээликтен ажыратууну жүргүзгөн мамлекеттик аскерлештирилген уюм, укук коргоо органы жана атайын кызмат сатып алуу-сатуу келишимдерине ылайык аларды берүү тартибин, ошондой эле аларды кароо жана текшерүү үчүн Кыргыз Республикасынын башка мамлекеттик органдарынын, уюмдарынын өкүлдөрүн киргизүү тартибин аныктайт.
6. Ок атуучу куралдарды жана кадимки ок-дарыларды сурап жаткан мамлекеттик аскерлештирилген уюм, укук коргоо органы жана атайын кызмат:
а) тиешелүү мамлекеттик аскерлештирилген уюмга, укук коргоо органына же атайын кызматка ок атуучу куралдын жана кадимки ок-дарылардын аталышы, саны, категориясы жана кийинки пайдалануу максаты жөнүндө маалыматтарды көрсөтүү менен өтүнмө жиберет;
б) ок атуучу куралдарды жана кадимки ок-дарыларды берип жаткан мамлекеттик аскерлештирилген уюмдан, укук коргоо органынан же атайын кызматтан аталышы, саны, категориясы жана баланстык наркы көрсөтүлгөн, суралып жаткан ок атуучу куралдарды жана кадимки ок-дарыларды берүү мүмкүнчүлүктөрү жана шарттары жөнүндө билдирүү алгандан кийин, ок атуучу куралдарды жана кадимки ок-дарыларды өткөрүп берүүнү караган документтерди макулдашууга мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга беришет.
7. Ок атуучу куралдарды жана кадимки ок-дарыларды өткөрүп берүүнү жүзөгө ашырган мамлекеттик аскерлештирилген уюм, укук коргоо органы жана агайын кызмат:
а) мамлекеттик аскерлештирилген уюмга, укук коргоо органына жана атайын кызматка өткөрүп берүүгө мүмкүн болгон ок атуучу куралдарды жана кадимки ок-дарыларды аныкташат;
б) аталышын, санын, категориясын жана анын баланстык наркын көрсөтүү менен суралып жаткан ок атуучу куралдарды жана кадимки ок-дарыларды өткөрүп берүү мүмкүнчүлүктөрү жана шарттары жөнүндө мамлекеттик аскерлештирилген уюмга, укук коргоо органына жана атайын кызматка кабарлашат;
в) ок атуучу куралдарды жана кадимки ок-дарыларды өткөрүп берүү жөнүндө тиешелүү чечимдерди даярдашат;
г) ок азуучу куралдарды жана кадимки ок-дарыларды өткөрүп берүү боюнча иш-чараларды аткарууну уюштурушат жана контролдошот.
8. Мамлекеттик аскерлештирилген уюмдарга, укук коргоо органдарына жана атайын кызматтарга ок атуучу куралдарды жана кадимки ок-дарыларды өткөрүп берүү анын сакталган жеринде жүргүзүлөт. Ошону менен бирге, ок атуучу куралдарды жана кадимки ок-дарыларды алууга чыгымдарды ок атуучу куралдар жана кадимки ок-дарылар ыкчам башкаруусуна берилип жаткан мамлекеттик аскерлештирилген уюм, укук коргоо органы жана атайын кызмат тартат.
9. Ок атуучу куралдарды жана кадимки ок-дарыларды берүү тийиштүү мамлекеттик аскерлештирилген уюмдардын, укук коргоо органдарынын жана атайын кызматтардын ыйгарым укуктуу кызмат адамдары түзгөн кабыл алуу (өткөрүп берүү) актысынын негизинде жүргүзүлөт.
3. Ок атуучу куралдарды жана кадимки ок-дарыларды утилдештирүү тартиби
10. Мамлекеттик аскерлештирилген уюмдарда, укук коргоо органдарында жана атайын кызматтарда ок атуучу куралдардын жана кадимки ок-дарылардын запастарын утилдештирүү төмөнкүлөрдүн негизинде жүргүзүлөт:
а) Мамлекеттик аскерлештирилген уюмдардын, укук коргоо органдарынын жана атайын кызматтардын жетекчилеринин чечими менен бекитилген техникалык абалынын акыркы категориясына жеткен же куралдандыруудан (жабдуудан) алып салынган ок атуучу куралдарды жана кадимки ок-дарыларды утилдештирүүнүн ар бир жылдык пландарынын;
б) Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу Мамлекеттик органы менен макулдашуу боюнча Мамлекеттик аскерлештирилген уюмдардын, укук коргоо органдарынын жана атайын кызматтардын жетекчилеринин чечими менен бекитилген куралдандыруудан (жабдуудан) алынбаган же техникалык абалынын акыркы категориясына кирбеген ок атуучу куралдарды жана кадимки ок-дарыларды утилдештирүү пландарынын;
в) соттун же тергөө органдарынын ок атуучу куралдарга жана кадимки ок-дарыларга карата мыйзамдуу күчүнө кирген чечимдеринин.
Полигондордо пландуу күжүрмөн ок атуулардын жүрүшүндө жарылбай калган, ошондой эле ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө табылган (анын ичинде ээси жок деп таанылган) жана аларды колдонуу, ташуу жана сактоо кооптуу болуп эсептелген ок-дарылар мамлекеттик аскерлештирилген уюмдардын, укук коргоо органдарынын жана атайын кызматтардын атайын бөлүкчөлөрү тарабынан өзүнүн компетенцияларынын чегинде жок кылынат.
(КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 21-сентябрындагы № 438 токтомунун редакциясына ылайык)
11. Ок атуучу куралдын жана кадимки ок-дарылардын техникалык абалынын чектүү категориясы Кыргыз Республикасынын ченемдик-укуктук актыларына ылайык аныкталат.
12. Ок атуучу куралдарды жана кадимки ок-дарыларды утилдештирүү пландарынын долбоорлоруна киргизилген ок атуучу куралдарды жана кадимки ок-дарыларды утилдештирүүнү жана кароону пландаштыруу мамлекеттик аскерлештирилген уюмдардын, укук коргоо органдарынын жана атайын кызматтардын жетекчилерине жүктөлөт. Утилдештирүү пландарын түзүүнүн тартибин мамлекеттик аскерлештирилген уюмдардын, укук коргоо органдарынын жана атайын кызматтардын жетекчилери аныктайт.
13. Ок атуучу куралдарды жана кадимки ок-дарыларды утилдештирүү Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигинин атайын даярдалган материалдык базасында Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлиги бекиткен нускамага ылайык уюштурулат.
(КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 10-февралындагы № 68 токтомунун редакциясына ылайык)
14. Ушул Эрежелердин 10-пунктунун "а" жана "в" пунктчаларында көрсөтүлгөн ок атуучу куралдарды жана кадимки ок-дарыларды утилдештирүү үчүн берүү Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигинин тиешелүү кызматтары берүүчү наряддардын негизинде жүзөгө ашырылат. Наряддар мамлекеттик аскерлештирилген уюмдардын, укук коргоо органдарынын жана атайын кызматтардын өтүнмөлөрүнүн негизинде жазылат. Наряддын формасын Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлиги бекитет.
(КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 10-февралындагы № 68 токтомунун редакциясына ылайык)
15. Утилдештирүүдөн алынган кайра пайдаланылуучу сырьелорду тапшыруудан (сатуудан) алынган каражаттар республикалык бюджеттин кирешесине которулат жана толук түрдө ок атуучу куралдарды жана кадимки ок-дарыларды утилдештирүү пункттарын кармоого жана жабдууларын техникалык тейлөөгө колдонулат.