Загрузка документа…
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 14-январындагы № 9 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2015-жылдын 21-августу № 595
2015-2016-окуу жылына кесиптик орто билим берүүнүн адистиктеринин тизмегин жана билим берүү уюмдарына окугандарды кабыл алуу үчүн бюджеттик орундардын санын бекитүү жөнүндө
"Билим берүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 44-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 2015-2016-окуу жылына кесиптик орто билим берүүнүн адистиктеринин тизмеги жана билим берүү уюмдарына окугандарды кабыл алуу үчүн бюджеттик орундардын саны тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Кыргыз Республикасынын министрликтери жана административдик ведомстволору кесиптик орто билим берүүнүн ведомстволук уюмдарына карата 2015-2016-окуу жылына бюджеттик негизде окугандарды кабыл алуу планын бекитишсин.
3. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын билим берүү, маданият жана спорт бөлүмүнө жүктөлсүн.
4. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Премьер-министр | Т.А.Сариев |
|
|
| Тиркеме
|
№ | Шифр | Адистиктердин аталышы | Бюджеттик орундардын саны |
Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги | |||
1 | 050601 | Музыкалык билим берүү | 50 |
2 | 050704 | Мектепке чейинки билим берүү | 100 |
3 | 050709 | Башталгыч класстарда окутуу | 550 |
4 | 050720 | Дене тарбия | 75 |
5 | 070602 | Дизайн (тармактар боюнча) | 68 |
6 | 070802 | Көркөм-колдонмо искусствосу жана элдик кол өнөрчүлүк | 9 |
7 | 070903 | Скульптура | 9 |
8 | 070907 | Живопись (түрлөрү боюнча) | 9 |
9 | 080106 | Финансы (тармактар боюнча) | 25 |
10 | 080107 | Салыктар жана салык салуу | 25 |
11 | 080110 | Экономика жана бухгалтердик эсеп (тармактар боюнча) | 200 |
12 | 080114 | Жер-мүлк мамилелери | 25 |
13 | 080501 | Менеджмент (тармактар боюнча) | 50 |
14 | 110201 | Агрономия | 25 |
15 | 110301 | Айыл чарбасын механикалаштыруу | 25 |
16 | 110302 | Айыл чарбасын электрлештирүү жана автоматташтыруу | 75 |
17 | 111102 | Айыл чарбасындагы ишкердик | 25 |
18 | 111201 | Ветеринария | 100 |
19 | 120101 | Колдонмо геодезия | 25 |
20 | 120301 | Жерге жайгаштыруу | 25 |
21 | 130403 | Ачык тоо-кен иштери | 50 |
22 | 130404 | Пайдалуу казылмалардын кендерин жер астында иштетүү | 25 |
23 | 130503 | Мунайзат жана газ чыккан жерлерди иштетүү жана эксплуатациялоо | 25 |
24 | 140206 | Электр станциялары, тармактар жана системалар | 50 |
25 | 140212 | Электр менен жабдуу (тармактар боюнча) | 75 |
26 | 140613 | Электр жана электр-механикалык жабдууларды техникалык эксплуатациялоо жана тейлөө (тармактар боюнча) | 25 |
27 | 150411 | Өнөр жай жабдууларын монтаждоо жана техникалык эксплуатациялоо (тармактар боюнча) | 25 |
28 | 151001 | Машина куруунун технологиясы | 25 |
29 | 190503 | Транспорттун электр жабдууларын жана автоматиканы эксплуатациялоо (суу транспортун копшогондо транспорттун түрлөрү боюнча) | 25 |
30 | 190604 | Автомобиль транспортун техникалык тейлөө жана оңдоо | 75 |
31 | 190605 | Көтөрүүчү-транспорттук, курулуш, жол машиналарын жана жабдууларын техникалык эксплуатациялоо | 25 |
32 | 190701 | Транспортто ташууларды уюштуруу жана башкаруу (аба транспортун кошпогондо транспорттун түрлөрү боюнча) | 75 |
33 | 210406 | Байланыш тармактары жана коммутация системалары | 25 |
34 | 220206 | Маалыматтарды иштеп чыгуунун автоматташтырылган системалары жана башкаруу (тармактар боюнча) | 50 |
35 | 230109 | Эсептөө техникаларын жана автоматташтырылган системаларды программалык камсыздоо | 75 |
36 | 230108 | Компьютердик системалар жана комплекстер (тармактар боюнча) | 25 |
37 | 250403 | Жыгач иштетүү технологиясы | 25 |
38 | 260202 | Нан, кондитер жана макарон азыктарынын технологиясы | 50 |
39 | 260204 | Ачыткы өндүрүшү жана шарап жасоо технологиясы | 25 |
40 | 260303 | Сүт жана сүт азыктарынын технологиясы | 25 |
41 | 260901 | Тигилүү буюмдар технологиясы | 25 |
42 | 270103 | Имараттарды жана курулмаларды куруу жана эксплуатациялоо | 75 |
43 | 270110 | Ички сантехникалык түзүлүштөрдү жана желдеткичтерди монтаждоо жана эксплуатациялоо | 50 |
44 | 270206 | Автомобиль жолдорун жана аэродромдорду куруу жана эксплуатациялоо | 25 |
45 | 270301 | Архитектура | 50 |
46 | 280201 | Экология жана айлана-чөйрөнү коргоо | 50 |
47 | 280401 | Мелиорация, рекультивация жана жерлерди коргоо | 25 |
48 | 2010-жылдын апрель, май жана июнь окуяларында курман болгон адамдардын балдары, кайрылман статусу бар адамдар жана чет өлкөдө жашаган этностук кыргыздар үчүн орундардын саны | 25 | |
Бардыгы: | 2620 | ||
Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги | |||
49 | 060101 | Дарылоо иши | 375 |
50 | 060102 | Акушердик иш | 375 |
51 | 060104 | Медициналык-профилактикалык иш | 25 |
52 | 060105 | Стоматология | 25 |
53 | 060108 | Фармация | 75 |
54 | 060109 | Медициналык айым иши | 660 |
55 | 060110 | Лабораториялык диагностика | 75 |
Бардыгы: | 1610 | ||
Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министрлиги | |||
56 | 070102 | Аспаптарда аткаруу (аспаптардын түрлөрү боюнча) | 132 |
57 | 070104 | Вокалдык искусство | 22 |
58 | 070106 | Хорго дирижерлук кылуу | 25 |
59 | 070109 | Эстраданын музыкалык искусствосу (түрлөрү боюнча) | 19 |
60 | 070113 | Музыка теориясы | 11 |
61 | 070201 | Актер искусствосу | 26 |
62 | 070302 | Хореографиялык искусство | 40 |
63 | 070602 | Дизайн (тармактар боюнча) | 16 |
64 | 070802 | Көркөм-колдонмо искусство жана элдик кол өнөрчүлүк | 23 |
65 | 070907 | Живопись (түрлөрү боюнча) | 16 |
66 | 071202 | Китепкана таануу | 65 |
67 | 071402 | Социалдык-маданий иштер (түрлөрү боюнча) | 100 |
68 | 100105 | Мейманканалык сервис | 20 |
Бардыгы: | 515 | ||
Кыргыз Республикасынын Эмгек, миграция жана жаштар министрлиги | |||
69 | 050702 | Тарбия иштерин уюштуруу | 30 |
70 | 110301 | Айыл чарбасын механикалаштыруу | 30 |
71 | 190604 | Автомобиль транспортун техникалык тейлөө жана оңдоо | 30 |
72 | 260901 | Тигилүү буюмдар технологиясы | 30 |
73 | 270103 | Имараттарды жана курулмаларды куруу жана эксплуатациялоо | 30 |
Бардыгы: | 150 | ||
Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлиги | |||
74 | 160901 | Учуучу аппараттарды жана кыймылдаткычтарды техникалык эксплуатациялоо | 20 |
75 | 160902 | Учуучу аппараттарды күйүүчү-майлоочу материалдар менен камсыз кылуу | 20 |
76 | 160904 | Электрлештирилген жана пилотаждык-навигациялык комплекстерди техникалык эксплуатациялоо | 20 |
Бардыгы: | 60 | ||
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттиги | |||
77 | 050721 | Дене тарбия | 25 |
Бардыгы: | 25 | ||
Жыйынтыгы: | 4980 | ||