Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2015-жылдын 11-сентябры № 630
"Кан-Ачуу" мамлекеттик жаратылыш паркын түзүү жөнүндө
(КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 26-январындагы № 27 токтомунун редакциясына ылайык)
Кайталангыс жаратылыш комплекстерин жана биологиялык түрлөрдү сактап калуу, жаныбарлар жана өсүмдүктөр дүйнөсүн, сейрек жана жоголуп кетүү коркунучунда турган түрлөрдү коргоо, Кыргыз Республикасынын өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактарынын тармагын кеңейтүү максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине, Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин 20-беренесине, "Өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык, Тогуз-Торо райондук мамлекеттик администрациясынын 2014-жылдын 5-июнундагы № 104-б чечими менен түзүлгөн комиссиянын оң корутундусун, Тогуз-Торо районунун Көк-Ирим айылдык кеңешинин IV чакырылышынын 2014-жылдын 17-октябрындагы XX сессиясынын чечимин, Тогуз-Торо районунун Көк-Ирим айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2014-жылдын 17-октябрындагы № 94 чечимин, Тогуз-Торо райондук мамлекеттик администрациясынын 2014-жылдын 12-ноябрындагы № 67 токтомун жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн 2014-жылдын 18-ноябрындагы № 119 токтомун көңүлгө алып Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад облусунун Тогуз-Торо районунда аянты 30496,5 га болгон "Кан-Ачуу" мамлекеттик жаратылыш паркы түзүлсүн.
2. "Кан-Ачуу" мамлекеттик жаратылыш паркынын жеринин экспликациясы жана чек араларынын баяндамасы 1 жана 2-тиркемелерге ылайык бекитилсин.
3. "Токой фондусунун жерлери" категориясынан "Өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактарынын жерлери" категориясына 3090,2 га жер которулсун жана Жалал-Абад облусунун Тогуз-Торо райондук мамлекеттик администрациясынын "Запастагы жерлер" категориясынан "Өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактарынын жерлери" категориясына 27406,3 га жерди которуу жөнүндө чечими көңүлгө алынсын.
(КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 26-январындагы № 27 токтомунун редакциясына ылайык)
4. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттиги:
- "Кан-Ачуу" мамлекеттик жаратылыш паркы жөнүндө жобону иштеп чыксын жана бекитсин;
- тиешелүү жылга республикалык бюджеттен Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттигине бөлүнгөн каражаттардын чегинде "Кан-Ачуу" мамлекеттик жаратылыш паркынын ишин каржылоону камсыз кылсын;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык "Кан-Ачуу" мамлекеттик жаратылыш паркынын аймагын функционалдык зоналарга бөлүштүрүүнү жүргүзсүн.
5. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматы, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппараты жана Жалал-Абад облусунун Тогуз-Торо райондук мамлекеттик администрациясы жерди эсепке алуу документтерине тиешелүү өзгөртүүлөрдү киргизишсин.
6. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
7. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын агроөнөр жай комплекси жана экология бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр | Т.А.Сариев |
|
1-тиркеме
"Кан-Ачуу" мамлекеттик жаратылыш паркынын ЭКСПЛИКАЦИЯСЫ
№ | Жерлердин аталышы | Баардыгы, га | Токойлуу жерлер, га | Сейрек токойлор, га | Жайыттар, га | Суулар, га | Мөңгүлөр, га | Башкалар (аскалар, сайлар, таштуу куюлуштар), га |
1 | 2 | 3 | 4 | 5 | 6 | 8 | 9 | 10 |
1 | Токой фондусунун жерлери (Тогуз-Торо токой чарбасы) | 33090,2 | 438,1 | 23,3 | 427,5 | - | - | 2201,3 |
2 | Запастагы жерлер (Көк-Ирим айыл аймагы) | 27406,3 | 1926,8 | 2345,0 | 7560,0 | 98,5 | 1126,0 | 143350,0 |
Баардыгы, га | 30496,5 | 2364,9 | 2368,3 | 7987,5 | 98,5 | 1126,0 | 16551,3 | |
2-тиркеме
"Кан-Ачуу" мамлекеттик жаратылыш паркынын ЧЕК АРАЛАРЫНЫН БАЯНДАМАСЫ
Чек араларды баяндоонун № 1 баштапкы чекити үчүн деңиз деңгээлинен 2313 метр бийиктикти түзгөн тоонун чокусу кабыл алынган.
№ 1 баштапкы чекиттен узундугу 1550 метр чек ара сызыгы түндүк-батыш багытында суусуз жерлер менен тоо чокусуна чейин (№ 2 чекит) келет. Андан соң узундугу 800 метр чек ара сызыгы ушул тоонун чокусунан суусуз жерлердин сызыгы боюнча төмөн карай түштүк-батыш тарапка кетет жана аты жок сайга (№ 3 чекитке) чейин жетет.
Андан ары узундугу 800 метр чек ара сызыгы аты жок сай менен түштүк багытка карай тоонун чокусуна (№ 4 чекитке) чыгат. Андан соң чек ара сызыгы тоонун кыры менен батыш жана түндүк-батыш багытына өтөт жана 3350 метр бийиктик чекитине чейин (№ 5 чекит) жетет.
Андан соң узундугу 2150 метр чек ара сызыгы суусуз жерлер менен түндүк-батыш багыты аркылуу өтүп, аты жок сайга түшөт (№ 6 чекит). Ушул чекиттен баштап аты жок сай узундугу 3900 метр чек ара сызыгы түштүк-батыш багытында 3350 метр бийиктик белгиси бар тоонун чокусуна чейин көтөрүлөт (№ 7 чекит).
Ушул тоонун чокусунан (№ 7 чекит) узундугу 2752 метр чек ара сызыгы түштүк жана түштүк-батыш багытында төмөн карай аты жок сай менен Көк-Бел капчыгайын карай № 8 чекитке келет. Андан ары "Көк-Бел" капчыгайы менен узундугу 9621 метр чек ара сызыгы түштүк-батыш багытында өтүп, аты жок сайга чейин (№ 9 чекит) жетет.
Андан кийин тоонун кыры менен түндүк-чыгыш багытында узундугу 3109 метр чек ара сызыгы жалама аскаларга (№ 10 чекит) чейин жетет жана узундугу 5643 метр чек ара сызыгы түндүк-батыш багытында тоонун кыры менен № 11 чекитке чейин барат.
Андан ары Токтогул жана Тогуз-Торо райондорунун административдик чек аралары тогошкон жерден чек ара сызыгы "Кара-Кыз" ашуусуна (№ 12 чекит) чейин жетет жана андан ары "Кара-Кыз" ашуусунан түштүк багыты аркылуу тоонун кыры менен жалгыз аяк жолго чейин (№ 13 чекит) жетет.
Андан кийин чек ара сызыгы аты жок эки сайдын ортосундагы кыр менен түштүк-батыш багытында төмөн көздөй "Кашка-Суу" капчыгайына чейин (№ 14 чекит) жетет. Андан ары узундугу 500 метр чек ара сызыгы "Кашка-Суу" суусунун нугу менен түштүк-батыш багытындагы тоонун кырына чейин (№ 15 чекит) жетет.
Андан ары тоонун кыры менен түштүк-чыгыш багытында узундугу 1750 метр чек ара сызыгы 3118 метр бийиктик белгиси бар тоонун чокусуна чейин (№ 16 чекит) жетет жана тоонун кыры менен түштүк-чыгыш жана түштүк багытында жалама аскаларга чейин (№ 17 чекит) жетет.
Андан соң узундугу 1150 метр чек ара сызыгы суусуз жерлер менен түштүк-чыгыш багыты аркылуу өтүп, № 18 чекитке чейин жетет жана суусуз жерлер менен № 1 баштапкы чекитке чыгат.