Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2016-жылдын 26-январы № 27
"Алатай" мамлекеттик жаратылыш паркын түзүү жөнүндө
Жаратылыштын кайталангыс комплекстерин жана биологиялык түрлөрдү сактоо, жаныбарлар жана өсүмдүктөр дүйнөсүнүн сейрек жана жоголуп кетүү коркунучунда турган түрлөрүн коргоо, Кыргыз Республикасынын өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактарынын тармагын кеңейтүү максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине, Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин 20-беренесине, "Жер участокторун которуу (трансформациялоо) жөнүндө", "Өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык, жерлерди которуу боюнча райондук комиссиянын 2015-жылдын 25-мартындагы оң корутундусун, Токтогул районунун Чолпон-Ата айылдык кеңешинин VI чакырылышынын 2014-жылдын 18-февралындагы VII сессиясынын № 5 чечимин, Токтогул районунун Чолпон-Ата айылдык аймагынын Чолпон-Ата айыл өкмөтүнүн 2014-жылдын 18-февралындагы № 9 чечимин, Токтогул токой чарбасынын инженердик-техникалык кеңешинин 2014-жылдын 3-мартындагы № 5 чечимин, Токтогул районунун Үч-Терек айылдык кеңешинин VI чакырылышынын 2015-жылдын 29-январындагы XXIV кезексиз сессиясынын № 106 чечимин, Токтогул районунун Үч-Терек айылдык аймагынын Үч-Терек айыл өкмөтүнүн 2015-жылдын 29-январындагы № 2 чечимин, Токтогул райондук мамлекеттик администрациясынын 2015-жылдын 12-мартындагы № 12 токтомун жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн 2015-жылдын 10-апрелиндеги № 32 токтомун көңүлгө алуу менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад облусунун Токтогул районунда аянты 56826,4 га болгон "Алатай" мамлекеттик жаратылыш паркы түзүлсүн.
2. "Токой фондусунун жерлери" категориясынан "Өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактарынын жерлери" категориясына 35847,5 га жер которулсун жана Жалал-Абад облусунун Токтогул райондук мамлекеттик администрациясынын 2015-жылдын 12-мартындагы № 12 "Запастагы жерлер" категориясынан "Өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактарынын жерлери" категориясына 20978,0 га жерди которуу жөнүндөгү чечими көңүлгө алынсын.
3. "Алатай" мамлекеттик жаратылыш паркынын жерлеринин экспликациясы жана чек араларынын баяндамасы 1 жана 2-тиркемелерге ылайык бекитилсин.
4. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттиги:
- "Алатай" мамлекеттик жаратылыш паркы жөнүндө жобону иштеп чыксын жана бекитсин;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттигине республикалык бюджеттен тиешелүү жылга бөлүнгөн каражаттын чегинде "Алатай" мамлекеттик жаратылыш паркынын ишин каржылоону камсыз кылсын;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык "Алатай" мамлекеттик жаратылыш паркынын аймагын функционалдык зоналарга бөлүштүрүүнү жүргүзсүн.
5. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматы, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппараты жана Жалал-Абад облусунун Токтогул райондук мамлекеттик администрациясы жерди эсепке алуу документтерине тиешелүү өзгөртүүлөрдү киргизишсин.
6. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 11-сентябрындагы № 630 "Кан-Ачуу" мамлекеттик жаратылыш паркын түзүү жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
- токтомдун 3-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"3. "Токой фондусунун жерлери" категориясынан "Өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактарынын жерлери" категориясына 3090,2 га жер которулсун жана Жалал-Абад облусунун Тогуз-Торо райондук мамлекеттик администрациясынын "Запастагы жерлер" категориясынан "Өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактарынын жерлери" категориясына 27406,3 га жерди которуу жөнүндө чечими көңүлгө алынсын.".
7. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
8. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын агроөнөр жай комплекси жана экология бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр | Т.А. Сариев |
№ | Жерлердин аталышы | Баардыгы, га | Токойлуу жерлер, га | Сейрек токойлор, га | Ачык жака бош жерлер, га | Айдоо жерлер, га | Чабындылар, га | Жайыттар, га | Короо жайлар, га | Суулар, га | Кумдар, га | Мөңгүлөр, га | Башка жерлер, га |
1 | 2 | 3 | 4 | 5 | 6 | 7 | 8 | 9 | 10 | 11 | 12 | 13 | 14 |
1 | Токой фондусунун жерлери (Токтогул токой чарбасы) | 35847,5 | 5225,8 | 571,8 | 2327,9 | 0,14 | 0,29 | 16745,7 | 3,9 | 169,8 | 2,6 | 51,2 | 10748,4 |
2 | Запастагы жерлер (Чолпон-Ата айыл аймагы) | 20594,4 | - | - | - | - | - | 4635,0 | - | 27,2 | - | 2857,0 | 13075,2 |
3 | Запастагы жерлер (Үч-Терек айыл аймагы) | 384,5 | - | - | - | - | - | - | - | 384,5 | - | - | - |
Баардыгы, га | 56826,4 | 5225,8 | 571,8 | 2327,9 | 0,14 | 0,29 | 21380,7 | 3,9 | 581,5 | 2,6 | 2908,2 | 23823,6 | |
"Алатай" негизги участогу
Чек араларды баяндоонун башталгыч чекити (№ 1 чекит) үчүн Көл жана Алатай сууларынын кесилишкен жеринин сол тарабындагы чыгыш багытында 900,0 метр төмөн турган жер кабыл алынган. № 1 баштапкы чекиттен түштүк-чыгыш багытында түз сызык менен 580 метр аралыкта аты жок тоонун кырына келет (№ 2 чекит).
Андан ары аты жок тоонун кыры менен түштүк-батыш багытында Көл суусунун куймасына келет (№ 3 чекит).
Андан ары аты жок кыр менен түштүк-батыш багытында № 4 чекитке келет (2374 метр).
Андан ары аты жок тоонун кыры менен өйдө карай № 5 чекитке чыгат (3374 метр).
Андан ары тоонун кыры менен түштүк-батыш багытында "Ак-Таш" ашуусуна келет (№ 6 чекит). Андан ары түштүк-батышка карай жалпы багытта Токтогул жана Аксы административдик райондорунун чек аралары менен аты жок сайга келет (№ 7 чекит).
Андан ары түз сызык менен чыгыш багытында 1610 метр аралыкты басып, андан ары 5980 метр түндүк багытында жүрүп № 8 чекитке келет.
Андан ары түз сызык менен батыш багытында 3900 метр аралыкты басып № 9 чекитке келет. Андан ары тоонун чокусунан "Кашка-Суу" капчыгайы менен ылдый түндүк багытында 2650 метр аралыкты басып № 10 чекитке келет.
Андан ары кургактык менен түз сызык боюнча түштүк-батыш багытында 5500 метр аралыкты басып аскаларга чейин келет (№ 11 чекит).
Андан ары түндүк-чыгыш багытында кургактык менен түз сызык боюнча 2800 метр аралыкты басып Муз-Төр суусунун нугуна келип түшөт (№ 12 чекит).
Андан ары кургактык менен түз сызык боюнча түндүк-чыгыш багытында 1526 метр аралыкты басып жалама аскаларга барат (№ 13 чекит).
Андан ары кургактык менен түз сызык боюнча түндүк-батыш багытында 3370 метр аралыкты басып "Кара-Кулжа" ашуусуна чейин жетет (№ 14 чекит).
Андан ары "Кара-Кулжа" ашуусунан тоонун кыры менен түндүк-чыгыш багытында "Ит-Учар" ашуусуна келет (№15 чекит).
Андан ары "Ит-Учар" ашуусунан кыр менен Талас облусунун Талас районунун жана Жалал-Абад облусунун Токтогул районунун чек аралары менен кошулуп, жалпы түштүк-чыгыш багытында жүрөт.
Андан ары түндүк-чыгыш багытында 3959 метр белгиси бар тоо чокусуна жетет, андан түндүк-батыш багытында 850 метр аралыкты басып № 16 чекитке барат.
Андан кийин кургактык менен түз сызык боюнча түштүк-чыгыш багытында 3510 метр аралыкты басып 2857 метр белгиси бар кырга барат (№ 17 чекит).
Андан ары түз сызык менен түндүк-чыгыш багытында 2230 метр аралыкты басып Узун-Акмат суусуна келет (№ 18 чекит).
Андан ары Узун-Акмат суусунун жээги менен төмөн карай соолуп бара жаткан суу аркылуу Күрөң уй суусунун тушундагы № 19 чекитке түшөт.
Андан кийин түз сызык менен түштүк-батыш багытында 6450 метр аралыкты басып № 20 чекитке келет.
Андан ары Кулалы төр суусунун нугу менен жогору карай жүрүп "Узун-Акмат" тоо кыркасына чейин келет (№ 21 чекит).
Андан кийин түштүк-чыгыш багытында 2746,5 метр белгиси аркылуу Чоң-Алмалуу суусуна келет (№ 22 чекит).
Андан ары Чоң-Алмалуу суусунун кайрылышына чейин түшөт (№ 23 чекит).
Андан соң "Кара-Жүрөк" коктусу менен ылдый Алатай суусуна түшөт (№ 24 чекит).
Андан кийин Алатай суусунун жээги менен баяндоонун баштапкы чекитине келет.
Кара-Суу көлүнүн суу акваториясынын участогу
Бул участоктун чек аралары Кара-Суу көлүнүн бетинин топографиялык контурлары менен өтөт.