Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2015-жылдын 7-сентябры № 622
Аңчылык чарба жерин өткөрүп берүү жөнүндө
Жогорку жана бийик деңгээлдеги чет мамлекеттик делегациялардын Кыргыз Республикасына болгон визиттери менен байланышкан протоколдук иш-чараларды уюштуруу жана өткөрүү максатында, анын ичинде жеке визиттердин алкагында аңчылыкты уюштуруу үчүн, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттиги Кыргыз Республикасынын Президентинин жана Өкмөтүнүн Иш башкармасынын алдындагы "Кыргыз мамлекеттик аңчылык чарбасы" мамлекеттик ишканасынын ыкчам башкаруусуна Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунда жайгашкан, аянты 108924,4 га № 14 аңчылык чарба жерин ушул токтомдун тиркемесине ылайык чек араларда 4 штаттык бирдиги жана эмгек акы төлөө фонду менен өткөрүп берсин.
2. Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз райондук мамлекеттик администрациясы белгиленген тартипте:
- ушул токтомдун 1-пунктунда көрсөтүлгөн аңчылык чарба жерин Кыргыз Республикасынын Президентинин жана Өкмөтүнүн Иш башкармасынын алдындагы "Кыргыз мамлекеттик аңчылык чарбасы" мамлекеттик ишканасынын пайдалануусуна берсин;
- жерди эсепке алуу документтерине тиешелүү өзгөртүүлөрдү киргизсин.
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 25-мартындагы № 179 "Айрым аңчылык участокторун жана мүлктүк комплекстерди өткөрүп берүү жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
- 1-пункттун үчүнчү абзацы күчүн жоготту деп таанылсын;
- 2-пункттагы "жана Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз району" деген сөздөр алынып салынсын.
4. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
"Эркин Тоо" газетасынын 2015-жылдын 11-сентябрында № 88-89 жарыяланды
5. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын агроөнөр жай комплекси жана экология бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр | Т.А.Сариев |
|
Тиркеме
1. Айлана-чөйрөнү булгагандык үчүн төлөмдүн ставкалары төмөнкүлөрдү түзөт:
- атмосферага чыгарылган булгоочу заттардын келтирилген тоннасы үчүн 3,24 сом өлчөмүндө;
- айлана-чөйрөгө саркынды суулар менен агызып чыгарылган булгоочу заттардын келтирилген тоннасы үчүн 10,5 сом өлчөмүндө;
- айлана-чөйрөгө калдыктарды жана кен калдыктарын жайгаштыруу үчүн калдыктардын жана кен калдыктарынын келтирилген тоннасы үчүн 3,24 сом өлчөмүндө.
2. Айлана-чөйрөнү булгагандык үчүн төлөмдүн ставкалары айлана-чөйрөнү булгагандык үчүн төлөмдү эсептөөдө пайдаланылат.
3. Жаратылышты коргоо чыгымдарына баалардын деңгээлинин өзгөрүшүнө байланыштуу айлана-чөйрөнү булгагандык үчүн төлөмдүн ставкаларына төлөмдү индексациялоо коэффициенти колдонулат.