Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 13-январындагы № 13 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2015-жылдын 4-сентябры № 617
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 2-сентябрындагы № 520 "Электрдик жана почта байланыш тармагындагы иштин айрым түрлөрүн лицензиялоо маселеси жөнүндө" токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу
Электр жана почта байланышы жаатындагы иштерди лицензиялоо маселелерин жөнгө салуу максатында, "Кыргыз Республикасындагы лицензиялык-уруксат берүү тутуму жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына, "Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 9-беренесине, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 2-сентябрындагы № 520 "Электрдик жана почта байланыш тармагындагы иштин айрым түрлөрүн лицензиялоо маселеси жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
- 2-пунктундагы "1 жыл" деген цифра жана сөз "2 жыл" деген цифра жана сөз менен алмаштырылсын.
2. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Премьер-министр | Т.А.Сариев |