Загрузка документа…
Кыргыз Республикасынын
Министрлер Кабинетинин
2023-жылдын 13-декабрындагы № 675
токтомуна ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2014-жылдын 31-январы № 61
“Айыл чарбаны каржылоо – 2” долбоорун бекитүү жөнүндө
(КР Ѳкмѳтγнγн 2015-жылдын 17-сентябры № 649 токтомунун редакциясына ылайык)
Республиканын айыл чарба өндүрүүчүлөрүнө 2014-жылдын жазгы-талаа жумуштарын өз убагында жүргүзүүгө мамлекеттик колдоо көрсөтүү жана мал чарбачылыгын жана айыл чарбасындагы кайра иштетүү секторун андан ары өнүктүрүү максатында, “Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерин жетекчиликке алуу менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Тиркелген: “Айыл чарбаны каржылоо - 2” долбоору бекитилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги белгиленген тартипте:
- коммерциялык банктар жана адистештирилген финансы-кредит мекемелери менен Кызматташуу жөнүндө меморандумду жана пайыздык коюмдарды субсидиялоо тууралуу тиешелүү макулдашууларды түзсүн;
- 2014-жылга республикалык бюджеттин каражаттарынан субсидиянын биринчи траншын каржыласын;
- “Кыргыз Республикасынын 2015-жылга республикалык бюджети жана 2016-2017-жылдарга божомолу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоорунда субсидиянын экинчи траншын төлөө үчүн зарыл болгон каражаттарды караштырсын.
3. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
4. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын финансы жана кредит саясаты бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр | Ж. Сатыбалдиев |
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 31 январы № 61 токтомуна тиркеме |
(КР Ѳкмѳтγнγн 2015-жылдын 17-сентябры № 649 токтомдун редакциясына ылайык)
1. Жалпы жоболор
Бул Долбоордун максаты республиканын айыл чарба өндүрүүчүлөрүнө 2014-жылдын жазгы-талаа жумуштарын өз убагында жүргүзүүгө мамлекеттик колдоо көрсөтүү, айыл чарба иши жана айыл чарба өндүрүмдөрүн кайра иштетүү менен алектенген субъекттерди жеткиликтүү жана жеңилдетилген кредит каражаттары менен камсыз кылуу аркылуу мал чарбачылыгын, айыл чарбасындагы кайра иштетүү секторун, үрөн жана асыл тукум чарбаларын, айыл чарба кооперативдерин андан ары өнүктүрүү болуп эсептелет.
Долбоордун иштөө мөөнөтү: 24 ай.
Долбоордун жалпы наркы республикалык бюджет үчүн: 2014-жылга 400 млн сомду, 2015-жылга – 400 млн сомдон ашык эмес сумманы түзөт.
Каржылоо булактары: 2014 жана 2015-жылдарга республикалык бюджет жана коммерциялык банктардын каражаттары.
Коммерциялык банктардын жана адистештирилген финансы-кредит мекемелеринин жалпы каржылоо көлөмү – 4,9 млрд сомго чейин.
Долбоорду ишке ашыруунун башталышы: 2014-жылдын январы.
Жооптуу аткаруучулар: Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги жана Долбоорго катышкан коммерциялык банктар.
Долбоордун баяндамасы. Долбоордун алкагында өсүмдүк өстүрүүнү, мал чарбачылыгын жана айыл чарба өндүрүмдөрүн кайра иштетүүнү, үрөн жана асыл тукум чарбаларын, айыл чарба кооперативдерин өнүктүрүү үчүн 2014-жылдын ичинде коммерциялык банктардын жана адистештирилген финансы-кредит мекемелеринин финансылык каражаттары айыл чарба өндүрүүчүлөрүнө берилет.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү 2014 жана 2015-жылдарга республикалык бюджеттин каражаттарынан жеңилдетилген пайыздык коюмдар боюнча кредиттерди жайгаштыргандыгы үчүн коммерциялык банктардын жана адистештирилген финансы-кредит мекемелеринин чыгымдарын субсидиялайт.
Долбоорго катышкан банктар жана адистештирилген финансы-кредит мекемелери айыл чарба өндүрүүчүлөрүнө төмөнкү шарттарда кредит берүүгө милдеттүү:
Коммерциялык банктар жана адистештирилген финансы-кредиттик мекемелер, эгерде мурда алынган кредиттик каражаттардын максаттуу тармагы "Айыл чарбаны каржылоо - 2" долбоорунун максаттарына шайкеш келсе, айыл чарба өндүрүүчүлөрүнүн жана айыл чарба продукцияларын кайра иштеткен субъекттердин болгон карыздарын, анын ичинде башка банктардагы же адистештирилген финансы-кредиттик мекемелердеги карыздарын кайра каржылоого укуктуу.
(КР Ѳкмѳтγнγн 2015-жылдын 17-сентябры № 649 токтомдун редакциясына ылайык)
Максаттуу тармак | Өсүмдүк өстүрүү, мал чарбачылыгы жана айыл чарба өндүрүмдөрүн кайра иштетүү, үрөн жана асыл тукум чарбалары, айыл чарба кооперативдери |
Кредиттин суммасы | каржылоонун жалпы суммасынан 30%дан кем эмес, бир заёмчуга 400 миң сомдон ашык эмес чеги менен; коммерциялык банктардын кредиттик саясатына ылайык кредиттөөнүн суммасын чектебестен каржылоонун жалпы суммасынан 70%дан ашык эмес |
Акыркы пайыздык коюм | өсүмдүк өстүрүү жана мал чарба секторлору үчүн жылдык 10%; айыл чарба өндүрүмдөрүн кайра иштетүү сектору, үрөн жана асыл тукум чарбалары, айыл чарба кооперативдери үчүн жылдык 9 % |
Кредиттин мөөнөтү | Кредит берилген учурдан тартып 24 ай |
Жеңилдетилген мөөнөт | Өсүмдүк өстүрүү жана мал чарба секторлору үчүн карыздын негизги суммасы боюнча салымдарды төлөөдөн 6 айга толук бошотуу; айыл чарба өндүрүмдөрүн кайра иштетүү сектору, ошондой эле үрөн жана асыл тукум чарбалары, айыл чарба кооперативдери үчүн карыздын негизги суммасы боюнча салымдарды төлөөдөн 9 айга толук бошотуу |
2. Ишке ашыруунун жалпы схемасы
3. Субсидияны эсептөө
Жеңилдетилген кредиттерди берүүдө коммерциялык банктардын жана адистештирилген финансы-кредит мекемелеринин чыгымдарын жабуу үчүн коммерциялык банктын кредиттөөсүнүн ай сайынкы көлөмүнөн Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан субсидиялоонун төмөнкүдөй коэффициенттери кабыл алынат:
- өсүмдүк өстүрүү жана мал чарба секторлорунун кредиттери үчүн – 10,34. Анын ичинен 6,97ге барабар болгон эсептик коэффициенттер боюнча бир бөлүгү 2014-жылы жана 3,37ге барабар болгон эсептик коэффициенттер боюнча экинчи бөлүгү 2015-жылы которулуп берилет;
- айыл чарба өндүрүмдөрүн кайра иштетүү секторунун, үрөн жана асыл тукум чарбаларынын, айыл чарба кооперативдеринин кредиттери үчүн – 12,75. Анын ичинен 8,20га барабар болгон эсептик коэффициенттер боюнча бир бөлүгү 2014-жылы жана 4,55ке барабар болгон эсептик коэффициенттер боюнча экинчи бөлүгү 2015-жылы которулуп берилет.
4. Субсидияны которуу
Эсептик коэффициенттерге ылайык аныкталуучу субсидиялардын суммасы Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги тарабынан республикалык бюджеттин каражаттарынан коммерциялык банктарга эки транш менен которулат, анын ичинен:
- биринчи транш - субсидиялоого коммерциялык банктардын тийиштүү айга, бирок ар бир айдын 15инен кечиктирбестен билдирмеси алынган учурдан тартып;
- экинчи транш - биринчи траншты берген учурдан тартып 365 күн өткөндөн кийин, бирок ар бир айдын 15инен кечиктирбестен.
5. Долбоорду ишке ашыруунун баяндамасы
Долбоорго катышууга каалоосун билдирген коммерциялык банктар жана адистештирилген финансы-кредит мекемелери Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги менен кызматташуу жөнүндө макулдашуу түзүшөт.
Долбоордун алкагында субсидиялоонун каражаттарын алуу үчүн коммерциялык банктар жана адистештирилген финансы-кредит мекемелери ай сайын Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине тийиштүү айга кредиттөөнүн суммасын көрсөтүү менен субсидиялоого билдирме берет.
Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги эсептөө коэффициенттерине ылайык субсидиянын суммасын эсептейт жана субсидиянын траншын коммерциялык банктарга которуу үчүн тиешелүү айга финансы планын даярдайт.
Субсидиялардын транштары коммерциялык банктардын жана адистештирилген финансы-кредит мекемелеринин алыш-бериш эсептерине Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Борбордук казыналыгы тарабынан республикалык бюджеттин каражаттарынан Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин ички актыларына ылайык тиешелүү айдын 15инен кечиктирбестен которулат.
Субсидиялоонун суммасы которулгандан кийин коммерциялык банктар жана адистештирилген финансы-кредит мекемелери өз каражаттарынын эсебинен айыл чарба өндүрүүчүлөрүн төмөнкү шарттарда кредиттейт:
– пайыздык коюм – өсүмдүк өстүрүү жана мал чарба секторлору үчүн жылдык 10%, айыл чарба өндүрүмдөрүн кайра иштетүү, үрөн жана асыл тукум чарбалары, айыл чарба кооперативдери үчүн – жылдык 9%;
– каржылоонун жалпы суммасынан 30%дан кем эмес бөлүгү бир заёмчуга 400 миң сомдон ашык эмес максималдуу чеги менен кредит түрүндө берилет;
– коммерциялык банктардын кредит саясатына ылайык каржылоонун жалпы суммасынан 70%дан ашык эмес бөлүгү кредиттөө суммасы чектелбестен берилет;
– кредитти жоюу мөөнөтү: 24 ай;
– кредит боюнча негизги сумманы жана пайыздарды төлөө өсүмдүк өстүрүү жана мал чарба секторлору үчүн 6 айга, айыл чарба өндүрүмдөрүн кайра иштетүү сектору, ошондой эле үрөн жана асыл тукум чарбалары, айыл чарба кооперативдери үчүн 9 айга милдеттүү түрдө жеңилдетилген мөөнөт берүү менен кредиттик макулдашууга ылайык жүргүзүлөт.
Коммерциялык банктардын жана адистештирилген финансы-кредит мекемелеринин ишин көзөмөлдөө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы тарабынан жүргүзүлөт.
Коммерциялык банктар жана адистештирилген финансы-кредит мекемелери пайдаланылбай калган субсидиялардын суммасынын калдыгын Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине которот.
6. Тобокелдер жана коркунучтар
Айыл чарба өндүрүүчүлөрүнүн каражаттарды максатсыз пайдалануу тобокели.
Айыл чарба өндүрүүчүлөрүнүн кредиттик каражаттарды максатсыз пайдалануу тобокелин азайтуу коммерциялык банктар жана адистештирилген финансы-кредит мекемелери тарабынан белгиленген тартипте ишке ашырылат.
Кредиттик каражаттарды максатсыз пайдалануу фактылары аныкталган учурда коммерциялык банктар жана адистештирилген финансы-кредит мекемелери пайдаланыла элек кредиттик каражаттардын калдыгын мөөнөтүнөн мурда жоюуну талап кылууга жана кредитти алган күндөн баштап жылдык 36 % өлчөмүндө пайыздык коюмду колдонуу аркылуу финансылык санкцияларды салууга укуктуу.
Бул учурда коммерциялык банк же адистештирилген финансы-кредит мекемеси берилген кредиттин суммасынан эсептик коэффициенттерди эсепке алуу менен алынган субсидиянын каражаттарын Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине кайтарып берүүгө милдеттенет.
Коммерциялык банктардын жана адистештирилген финансы-кредит мекемелеринин субсидиянын каражаттарын максатсыз пайдалануу тобокели.
Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы коммерциялык банктар жана адистештирилген финансы-кредит мекемелери тарабынан субсидияны максаттуу пайдалануу предметине белгиленген тартипте көзөмөл жүргүзөт.
Коммерциялык банктар жана адистештирилген финансы-кредит мекемелери Долбоорго ылайык жайгаштырылган кредиттердин көлөмдөрү боюнча ай сайын Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине отчётторду берип турушат.
Коммерциялык банктар жана адистештирилген финансы-кредит мекемелери тарабынан субсидияны максатсыз пайдалануу фактысы аныкталган учурда Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги андан аркы субсидиялоону токтотууга жана субсидия боюнча траншты которгон күндөн баштап жылдык 36 % өлчөмүндө пайыздык коюмдарды колдонуу аркылуу финансылык санкцияларды салууга укуктуу.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан милдеттенмелерди толук эмес аткаруу тобокели.
Долбоордун алкагында Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги республикалык бюджеттен субсидия боюнча биринчи транштын суммасын коммерциялык банктардын жана адистештирилген финансы-кредит мекемелеринин алыш-бериш эсептерине ар бир айдын 15инен кечиктирбестен субсидиялоонун эсептик коэффициенттерине жана субсидияны которуу тартибине ылайык которот.
Субсидиянын экинчи траншын төлөө үчүн каражаттар “Кыргыз Республикасынын 2015-жылга республикалык бюджети жана 2016-2017-жылдарга божомолу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоорунда каралат.
Кредиттик каражаттарды толук эмес ылгап алуу тобокели.
Долбоорго финансы-кредит мекемелерин максималдуу түрдө тартуу үчүн Долбоордун катышуучуларынын саны чектелбейт. Долбоорго ылайык субсидиялоонун эсептик коэффициенттерин жана субсидияларды төлөө тартибин эске алуу менен Долбоорду ишке ашыруу үчүн каралган, республикалык бюджеттин каражаттарынын чегинде 2014-жылы 400 млн сом жана 2015-жылы 400 млн сомдон ашык эмес өлчөмүндө кредиттөөнүн жалпы көлөмү гана чектелет.
Коммерциялык банктар жана адистештирилген финансы-кредит мекемелери фермердик, дыйкан чарбалардын жана кооперативдердин мүчөлөрүн топтук кредиттөө механизмин колдонууга укуктуу.
Коммерциялык банктардын кредиттик каражаттарды адилетсиз бөлүштүрүү тобокели.
Аталган тобокелди мүмкүн болушунча азайтуу жана айыл чарба өндүрүүчүлөрүн арбыныраак камтуу максатында кредиттөөнүн жалпы суммасынан 30%дан кем эмес бөлүгү бир заёмчуга 400 миң сомго барабар болгон белгиленген чекке ылайык берилет.
Бул ченем кварталдын ичинде облустар боюнча берилген кредиттердин көлөмүнө карата колдонулат. Райондор боюнча калктын санын, региондун айыл чарба өзгөчөлүктөрүн ж.б. эске алуу менен жогоруда аталган ченемден четтөөгө жол берилет.
Кредиттөө суммасынын максималдуу чеги гана коюлат. Банктар жана адистештирилген финансы-кредит мекемелери белгиленген чектен ашпаган кредиттерди берүүгө укуктуу.
Табигый алаамат тобокели пайда болгон учурда коммерциялык банктар жана адистештирилген финансы-кредит мекемелери аларды четтетүү боюнча Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте өз алдынча чараларды көрүшөт.
7. Максаттуу пайдаланууга мониторинг жүргүзүү
Максаттуу пайдаланууга мониторинг жүргүзүү коммерциялык банктар жана адистештирилген финансы-кредит мекемелери тарабынан төмөнкүдөй жүргүзүлөт:
– айыл чарба өндүрүүчүлөрү кредит алган учурдан баштап 1 айдын ичинде кредиттик каражаттарды максаттуу пайдалануу жөнүндө документтердин негизинде ырасталган (контракттар/келишимдер, тастыктамалар, эсеп-фактуралар жана/же коштомо кагаздар, жүргүзүлгөн төлөм жөнүндө документтер жана башкалар) отчётторду бериши керек;
– заёмчудан кредиттик каражаттарды максаттуу пайдалануу жөнүндө отчёт алгандан кийин банктын ыйгарым укуктуу кызматкерлери кийинки 3 айдын ичинде жерине баруу менен мониторинг жүргүзүшөт, ал текшерүүнүн ички отчёту менен таризделет. Кредит максатсыз пайдаланылган учурда тийиштүү акт түзүлүшү керек жана ал кредит боюнча пайыздык коюм 36%га чейин көбөйтүлүүгө тийиш.
Айыл чарба өндүрүүчүлөрү банкка же адистештирилген финансы-кредит мекемесине кредитти максаттуу пайдаланууну ырастоочу төмөнкүдөй документтерди берүүгө милдеттүү:
– сатып алынган үрөн, минералдык жер семирткичтер, күйүүчү-майлоочу материалдар жана айыл чарба техникасына запастык тетиктер, көрсөтүлгөн кызматтар үчүн акы төлөө жөнүндө ырастоочу контракттардын/келишимдердин жана/же эсеп-фактуралардын, коштомо кагаздардын жана төлөм жүргүзүлгөн документтердин көчүрмөлөрү (каражаттарды пайдалануу жөнүндө отчёт менен кошо тапшырылууга тийиш);
өзгөчө учурларда:
– кредит алуу мөөнөтү менен агротехникалык иш-чараларды өткөрүүнүн ылайыктуу мезгилинин ортосунда ажырым болгон учурда кредит берилген күнгө чейин эки айдан мурда эмес тариздөө датасы менен себептери көрсөтүлгөн документтерди кабыл алууга жол берилет;
– үрөндү, минералдык жер семирткичти, күйүүчү-майлоочу материалды жана айыл чарба техникасынын запастык тетиктерин сатып алуу-сатуу бүтүмү, ошондой эле жеке жактын статусу бар жактардын ортосунда техника түрүндө кызмат көрсөтүү боюнча бүтүмү түзүлгөн учурда, себептери көрсөтүлгөн документ катары айыл өкмөтүндө күбөлөндүрүлгөн сатып алуу-сатуу же кызмат көрсөтүүлөр жөнүндө түзүлгөн контракт-келишим болушу мүмкүн, мында сатуучунун акча каражатты алгандыгы тууралуу тил каты милдеттүү түрдө тиркелет, тил катта сатуучунун паспорттук маалымдары, сатылган үрөндүн саны жана сорту же башка өндүрүмдүн/кызмат көрсөтүүнүн түрү көрсөтүлөт;
– алыскы айылдардын тургундары күйүүчү-майлоочу материалдарды биргелешип ыйгарым укуктуу адам аркылуу алышкан учурда - май куюучу автостанциялардын төлөм документтеринин көчүрмөлөрү, биргелешип сатып алгандыгын көрсөтүү менен, ар бир кредиттин каражаттарын пайдалануу жөнүндө отчётко тиркелет.