Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2015-жылдын 7-сентябры № 619
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө
(КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 3-декабрындагы № 774 токтомунун редакциясына ылайык)
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерин "Селекциялык жетишкендиктерди укуктук коргоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына шайкеш келтирүү максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 27-октябрындагы № 686 "Селекциялык жетишкендикке патент алуу үчүн арызды түзүүнүн, берүүнүн жана кароонун эрежесин, Электрондук эсептөөчү машиналар үчүн программаны же маалыматтар базасын расмий каттатуу үчүн арызды түзүүнүн, берүүнүн жана кароонун эрежесин бекитүү жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоо киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Селекциялык жетишкендикке патент алууга өтүнмө түзүүнүн, берүүнүн жана карап чыгуунун эрежелеринде:
- бүткүл тексти боюнча ар түрдүү жөндөмөдөгү "Мамкомиссия" жана "Мамасылтукуминспекциясы", "Мамлекеттик асыл тукум инспекциясы" деген сөздөр тиешелүү жөндөмөдө "Мамборбор" жана "Мамасылтукумборбору" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- 1-пункттун сегизинчи жана тогузунчу абзацтары төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Мамборбор - Кыргыз Республикасынын Айыл чарба жана мелиорация министрлигинин Сортторду сыноо жана өсүмдүктөрдүн генетикалык ресурстары боюнча мамлекеттик борбору;
Мамасылтукумборбору - Кыргыз Республикасынын Айыл чарба жана мелиорация министрлигинин Мамлекеттик селекция - асыл тукум борбору;";
- 3-пункттун үчүнчү абзацы жана 12-пункттун экинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Кыргыз Республикасында туруктуу жашаган же турган жери жок башка мамлекеттердин жеке же юридикалык жактары Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталган тартипте катталган Кыргыз Республикасынын патенттик ишенимдүү өкүлдөрү аркылуу патент алуу жана аны күчүндө калтыруу боюнча иштерди жүргүзүшөт.";
- 30-пунктта:
экинчи, төртүнчү жана бешинчи абзацтар күчүн жоготту деп таанылсын;
төмөнкүдөй мазмундагы алтынчы абзац менен толукталсын:
"Апелляциялык кеңештин чечимине өтүнмө ээси тарабынан аны алган датадан тартып алты айдын ичинде сотко даттанылышы мүмкүн.".
2. (КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 3-декабрындагы № 774 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
3. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Премьер-министр | Т.А.Сариев |