Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН АТЫНАН КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ СОТУНУН КОНСТИТУЦИЯЛЫК ПАЛАТАСЫНЫН чечими
Бишкек шаары, 2021-жылдын 20-январы
Куттубек Шамурзаевич Бешбаковдун кызыкчылыгын көздөгөн Икрамидин Назирович Айткуловдун кайрылуусуна байланыштуу Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексинин 515-беренесинин 1-бөлүгүнүн "алардын макулдугу менен ... чакыртылышы мүмкүн" деген сөздөр менен баяндалган ченемдик жобосунун конституциялуулугун текшерүү жөнүндө иш боюнча
Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы:
төрагалык кылуучу - К.А.Дуйшеевдин,
судьялар - М.Р.Бобукееванын, Л.П.Жумабаевдин, М.Ш.Касымалиевдин, К.Дж.Кыдырбаевдин, Э.Ж.Осконбаевдин, Ж.И.Саалаевдин, Ж.А.Шаршеналиевдин курамында,
катчы - К.А.Аблакимовдун,
кайрылуучу тарап - Куттубек Шамурзаевич Бешбаковдун ишеним кат боюнча өкүлү Икрамидин Назирович Айткуловдун;
жоопкер тарап - Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин ишеним кат боюнча өкүлдөрү Алмазбек Тавалдыевич Молдобаевдин, Мирлан Абылбекович Букашевдин;
башка жактар - Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын ишеним кат боюнча өкүлү Таштемир Абазович Чилдебаевдин, Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасынын ишеним кат боюнча өкүлү Умуткан Ургазиевна Конкубаеванын, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун ишеним кат боюнча өкүлү Маргарита Насаркановна Сапиянованын, Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин ишеним кат боюнча өкүлү Аида Маратовна Курманбаеванын катышуусу менен,
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 97-беренесинин 1 жана 6-бөлүктөрүн, "Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы жөнүндө" конституциялык Мыйзамдын 4, 18, 19, 37, 42-беренелерин жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексинин 515-беренесинин 1-бөлүгүнүн "алардын макулдугу менен ... чакыртылышы мүмкүн" деген сөздөр менен баяндалган ченемдик жобосунун конституциялуулугун текшерүү жөнүндө ишти ачык соттук отурумда карап чыкты.
Бул ишти кароого К.Ш.Бешбаковдун кызыкчылыгын көздөгөн И.Н.Айткуловдун өтүнүчү себеп болду.
Ишти кароого негиз болуп Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексинин 515-беренесинин 1-бөлүгүнүн "алардын макулдугу менен ... чакырылышы мүмкүн" деген сөздөр менен баяндалган ченемдик жобосунун Кыргыз Республикасынын Конституциясына ылайык келүүсү маселесинде пайда болгон күмөндүүлүк саналат.
Ишти соттук отурумга даярдоону жүргүзгөн судья-баяндамачы Ж.А.Шаршеналиевдин маалыматын угуп, келтирилген материалдарды изилдеп чыгып, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы
ТАПТЫ:
Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасына 2019-жылдын 17-октябрында Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексинин 515-беренесинин 1-бөлүгүнүн "алардын макулдугу менен чакыртылышы мүмкүн" деген сөздөр менен баяндалган ченемдик жобосунун Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 16-беренесинин 1, 2, 3-бөлүктөрүнө, 19-беренесинин 1-бөлүгүнө, 99-беренесинин 3-бөлүгүнө ылайык келүүсүн текшерүү жөнүндө К.Ш.Бешбаковдун кызыкчылыгын көздөгөн И.Н.Айткуловдун өтүнүчү келип түшкөн.
Өтүнүчтүн мазмунунан келип чыккандай, Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексинин (андан ары - ЖПК) 288-беренесинин 1-бөлүгүнө ылайык ишти соттук териштирүү жабырлануучунун, анын өкүлүнүн катышуусу менен өтөт. Жогоруда көрсөтүлгөн берененин 3-бөлүгүндө жабырлануучунун өтүнүчү боюнча, сот аны көрсөтмөлөрдү берүү үчүн белгилүү бир убакытта келүүсүн милдеттендирүү менен, сот отурумуна катышуудан бошото алат деп көрсөтүлгөн. Арыздануучунун пикири боюнча көрсөтүлгөн ченемдик жоболордун маанисинен жабырлануучу кеминде бир соттук отурумга келиши керек, ал эми андан аркы отурумдарга катышуудан соттун чечими боюнча бошотулушу мүмкүн деген келип чыгат.
Жабырлануучу сотко келүүдө баш тарткан учурда, сот ЖПК 41-беренесинин 6-бөлүгүнө ылайык аны мажбурлап алып келүүгө укуктуу, ошондой эле сот ЖПК 194-беренесинин 1-бөлүгүн колдонууга укуктуу, ага ылайык жабырлануучуну, күбөнү суракка алуу аны сотко чейинки өндүрүштүн ошол эле, анын кайсы аймагында, же кайсы жеринде жашаган органына чакыруу жана видео байланыш (дистанциялык суракка алуу) режиминдеги техникалык каражаттарды пайдалануу менен жүргүзүлүшү мүмкүн.
Арыздануучу, эгер жабырлануучу чет өлкө жараны болсо, өзүнүн өлкөсүндө туруктуу жашаган болсо жана соттук териштирүү мезгилинде Кыргыз Республикасынан тышкары жерде болсо, анда жабырлануучунун келүүсүн камсыз кылуу маселелери боюнча соттун аракеттери аталган Кодекстин 515 жана 512-беренелери менен жөнгө салынат деп белгилейт.
Алсак, ЖПК 515-беренесинин 1-бөлүгүнө ылайык күбө, жабырлануучу, анын өкүлү, эксперт, эгерде алар чет мамлекеттин жарандары болуп эсептелсе, жазыктык иш өндүрүшүндө турган тиешелүү кызмат адамы тарабынан алардын макулдугу менен Кыргыз Республикасынын аймагында процесстик же соттук аракеттерди жүргүзүү үчүн чакыртылышы мүмкүн.
И.Н.Айткуловдун пикири боюнча жогоруда көрсөтүлгөн ченемдик жоболорунан жабырлануучу - Кыргыз Республикасынын жаранынын укуктук статусу жабырлануучу - чет өлкөлүктүн укуктук статусунан, биринчисин мажбурлап сотко алып келсе болот экен, ал эми экинчисин соттук отурумга мажбурлап алып келүү боюнча юридикалык жолдун жоктугу менен айырмаланып турганы даана көрүнүп турат.
Кайрылуу субъектиси аталган Кодекстин 515-беренесинин 1-бөлүгүнө ылайык жабырлануучу - чет өлкөлүктүн сотко келүүсү тек анын ыктыярынан көз каранды экендигин белгилейт. Демек, жабырлануучу - Кыргыз Республикасынын жаранынын жана жабырлануучу - чет өлкөлүктүн укуктук статустарында теңсиздик даана, себеби биринчисин мажбурлап алып келсе болот, ал эми экинчисин антүүгө мүмкүн эмес.
Ошондой эле жабырлануучу - чет өлкөлүктүн жана айыпталуучунун ортосундагы укуктарында теңсиздик бар, жабырлануучу тарап сотко келүүсү милдеттүү болгон айыпталуучуну соттон суракка алса болот, ал эми айыпталуучу жана анын коргоочулары жабырлануучу - чет өлкөлүктү, эгер ал сотко жүйөлүү себепсиз келгиси келбесе, соттон суракка алуу мүмкүнчүлүгү жок.
Арыздануучу жабырлануучу - чет өлкөлүктүн сотко келүүдөн качуусунун натыйжасында, айыпталуучу жана анын коргоочусу ага соттон суроолорду берүү мүмкүндүгүнөн ажырап калууга алып келет жана ар кимдин өзүнө каршы көрсөтүү берген күбөлөрдү суракка алуу же андай күбөлөрдүн суракка алынышына укуктуу болуу, ошондой эле шарттарда өзүнүн күбөлөрүн чакыруу жана суракка алууга укугу көрсөтүлгөн Атуулдук жана саясий укуктар жөнүндө эл аралык пактынын 14-беренесинин 3-пунктунун талаптарын бузуу болуп саналат деп эсептейт.
И.Н.Айткулов өзүнүн талаптарын негиздөөдө адамдын жана жарандын укуктары жана эркиндиктери жогорку баалуулук катары, кодулоого тыюу салуунун, мыйзам жана сот алдында бардыгынын бирдей болуусунун, чет өлкөлүк жарандардын Кыргыз Республикасынын жарандары менен тең укуктары менен милдеттеринин болуусунун, ошондой эле тараптардын атаандаштыгынын жана тең укуктуулугунун конституциялык кепилдиктерин белгилөөчү Конституциянын 16-беренесинин 1, 2, 3-бөлүктөрүнүн, 19-беренесинин 1-бөлүгүнүн, 99-беренесинин 3-бөлүгүнүн жоболорун келтирет.
Кайрылуу субъектиси тарабынан мисал катары иш боюнча жабырлануучу болуп таанылган Кытай Эл Республикасынын жараны А.Майматеминди алдамчылык жол менен жалпы суммасы 73383699 сомдук материалдык зыян келтирип, ал иш боюнча айыпталып жаткан К.Ш.Бешбаковдун жазык иши келтирилген. Көрсөтүлгөн жазык иши 2014-жылдын май айында козголгон жана азыркы убакытка чейин маңызы боюнча чечиле элек.
И.Н.Айткуловдун пикири боюнча соттук процессинин создугуусунун бирден бир себеби, ЖПК 515-беренесинин 1-бөлүгү жабыр тарткан чет өлкөлүк үчүн эч кандай юридикалык кесепеттерсиз анын соттук териштирүүгө келбей качууга, аны менен Кыргыз Республикасынын сотуна баш ийбөөгө жана айыпталуучунун укуктарын бузууга жол берүүдө, себеби сот жабыр тарткан чет өлкөлүктү мажбурлап сотко алдыртууну камсыз кылууга укуктук мүмкүнчүлүктөргө ээ эмес.
Арыздануучу аталган Кодекстин 515-беренесинин 1-бөлүгүндө жазык иши боюнча жабыр тарткандар көрсөтмө берүү үчүн Кыргыз Республикасынын сотуна өзү келүүгө милдеттендирген же видеобайланыш режиминде техникалык каражаттарды пайдалануу менен дистанттык сурактан өтүү үчүн Кыргыз Республикасынын аймагына өзү келүүгө милдеттендирген ченемдик жоболордун жоктугунан улам жана жабыр тарткандын жүйөлүү себепсиз көрсөтмө берүү үчүн сотко келүүдөн качуусу айыптоону колдоодон баш тартуу катары эсептелинүүгө тийиш, бул Кыргыз Республикасынын Конституциясына ылайык келиши мүмкүн эмес деп эсептейт.
Ушуга байланыштуу, кайрылуу субъектиси жазык ишинде тараптардын атаандаштыгы жана тең укуктуулугу, жабыр тарткан Кыргыз Республикасынын жарандары жана жабыр тарткан чет өлкөлүктөр ортосунда укуктардын теңдиги конституциялык принциптин сакталышын камсыз кылуу талашылып жаткан ченемде жогоруда көрсөтүлгөн ченемдик жоболор болгондо гана мүмкүн деп эсептейт.
Баяндалгандын негизинде, арыздануучу "алардын макулдугу менен ... чакыртылышы мүмкүн" деген сөздөр менен белгиленген талашылып жаткан ченемдик жобону Кыргыз Республикасынын Конституциясына карама-каршы келет деп таанууну суранат.
Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын судьялар коллегиясынын 2019-жылдын 26-ноябрындагы аныктамасы менен И.Н.Айткуловдун кайрылуусу талашылып жаткан ченемдик жобонун Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 16-беренесинин 3-бөлүгүнө, 19-беренесинин 1-бөлүгүнө, 99-беренесинин 3-бөлүгүнө ылайык келүүсүн текшерүү бөлүгүндө өндүрүшкө кабыл алынган. Мында талашылып жаткан жободо Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 16-беренесинин 1, 2-бөлүктөрүнө күмөндүүлүктүн болуусун ырастаган укуктук аргументтердин жоктугунан улам арыздануучунун көрсөтүлгөн бөлүктө конституциялуулугун текшерүү жөнүндө талабы четке кагылган.
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин өкүлдөрү А.Т.Молдобаев жана М.А.Букашев судьялар коллегиясынын 2019-жылдын 26-ноябрындагы аныктамасы менен макул болбостон 2020-жылдын 13-октябрында Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасына көрсөтүлгөн аныктаманы жокко чыгаруу жөнүндө даттануу менен кайрылган, ал 2021-жылдын 11-январындагы токтом менен канааттандыруусуз калтырылган.
И.Н.Айткулов өзүнүн талаптарын соттук отурумда колдогон жана аларды канааттандырууну, ошондой эле Жогорку Кеңешке жабыр тарткандын сотко жүйөлүү себепсиз келбеген фактысын жазык иши боюнча айыптоону колдоодон баш тартуу катары кароого жол берүүчү түзөтүүлөрдү ЖПКге киргизүүнү сунуштоону суранат.
Жоопкер тараптын өкүлү М.А.Букашев кайрылуучу тараптын жүйөлөрү менен макул болгон жок жана ЖПК 515-беренесинин талашылып жаткан ченемдик жобосу Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 16-беренесинин 3-бөлүгүнө, 19-беренесинин 1-бөлүгүнө жана 99-беренесинин 3-бөлүгүнө карама-каршы келбейт деп эсептейт.
М.А.Букашев Конституция эң жогорку юридикалык күчкө ээ жана ал Кыргыз Республикасында түздөн-түз колдонулат деп белгилейт (6-берененин 1-бөлүгү). Конституциянын негизинде конституциялык мыйзамдар, мыйзамдар жана башка ченемдик укуктук актылар кабыл алынат. Башка сөз менен айтканда, Конституция, ошондой эле Конституцияга ылайык кабыл алынган Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары Кыргыз Республикасынын аймагында гана иштейт. Бул ченемдин мазмунун ырастоосу болуп Конституциянын 1-беренесинин 2-бөлүгүндө белгиленген жоболор саналат, ага ылайык Кыргыз Республикасы өзүнүн аймагында толук мамлекеттик бийликке ээ, ички жана тышкы саясатты өз алдынча жүргүзөт.
Ошондой эле, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 19-беренесинин 1-бөлүгүнө ылайык чет өлкөлүк жарандар жана жарандыгы жок адамдар, мыйзамда же Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп эсептелген эл аралык келишимде белгиленгенден башка учурларда Кыргыз Республикасынын жарандары менен бирдей укуктардан пайдаланат жана милдеттерди аткарат.
ЖПК 1-беренесинин 2-бөлүгүнө ылайык Кыргыз Республикасынын жазык-процесстик мыйзамдары Конституцияга, эл аралык укуктун жалпы таанылган принциптерине, ошондой эле Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп эсептелген жана белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерге негизделген жана көрсөтүлгөн Кодекстен турат.
ЖПК 4-беренесинин 1-бөлүгүнө ылайык Кыргыз Республикасынын аймагында чет өлкөлүк жарандарга, жарандыгы жок адамдарга, ошондой эле чет өлкөлүк юридикалык жактарга карата жазык сот өндүрүшү, эгерде Кыргыз Республикасынын өз ара укуктук жардам көрсөтүү жөнүндө эл аралык келишимдеринде башкача каралбаса, ЖПКнын ченемдерине ылайык жүргүзүлөт.
М.А.Букашевдин пикири боюнча жогоруда баяндалгандардан Конституция Кыргыз Республикасынын жарандары үчүн да, чет өлкөлүк жана жарандыгы жок адамдар үчүн да бирдей укуктарды жана милдеттерди белгилегени келип чыгат. Ошол эле учурда, Конституция мыйзам же эл аралык келишимдер менен белгиленген башка укуктар менен милдеттерди чет өлкөлүк жарандарга жана жарандыгы жок адамдарга белгилөөгө мүмкүн болгон учурларды орнотот.
М.А.Букашев ЖПК 41-беренесинин 6-бөлүгүнө көңүл бурат, ага ылайык жабырлануучу чакыртууга жүйөлүү себептерсиз келбей койгон учурда, ал мажбурлоо жолу менен келтирилет. Мажбурлап келтирүү Конституциянын жана ЖПК жоболоруна ылайык Кыргыз Республикасынын аймагында гана жасалышы мүмкүн.
Эгер келтирүү чет өлкө мамлекетинин аймагында иште катышкан адамга карата жасалса, анда бул аракеттер 1970-жылдын 24-октябрында БУУнун Башкы Ассамблеясынын резолюциясы (XXV) менен кабыл алынган мамлекеттер ортосунда достук мамилелер жана кызматташуу туурасында эл аралык укук жөнүндө Декларациянын принциптерине карама-каршы келет.
М.А.Букашев баяндалганга негизденип, кайрылуучу тараптын өтүнүчүн канааттандыруусуз калтырууну суранат.
Жоопкер тараптын экинчи өкүлү А.Т.Молдобаев М.А.Букашевдин жүйөлөрүн колдоду.
Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын өкүлү Т.А.Чилдебаев да кайрылуучу тараптын жүйөлөрү менен макул болгон жана аларды кийинкидей негиздер боюнча негизсиз деп эсептейт.
ЖПК 198-беренесинин 2-бөлүгүнө ылайык ишти маңызы боюнча кароодо сотко чейинки өндүрүштө же сот отурумунда жабырлануучуну, күбөнү кечиктирип суракка алуу жабырлануучунун, күбөнүн жашоосу жана ден-соолугу үчүн коркунучка, анын катуу оорушуна, алардын алдыда боло турган чет жакка чыгуусуна же Кыргыз Республикасынын аймагынан тышкары туруктуу жашап турушуна байланышкан объективдүү себептерден улам мүмкүн болбойт деп эсептөөгө негиздер болгон өзгөчө учурларда, мындай жабырлануучу, күбө алгачкы текшерүү органынын ыйгарым укуктуу кызмат адамынын, тергөөчүнүн өтүнүчү боюнча тергөө судьясы тарабынан суракка алынышы мүмкүн.
Сотко чейинки өндүрүштүн жүрүшүндө жүргүзүлүүчү мындай сурак көрсөтмөлөрдү депонирлөө деп аталат.
Көрсөтүлгөн Кодекстин 201-беренесинин 1-бөлүгүнө ылайык көрсөтмөлөрү депонирленген жабырлануучу, күбө ишти маңызы боюнча кароодо сотто кайталанып суракка алынышпайт.
Ушундай эле жобо ЖПК 320-беренесинин 1-бөлүгүндө бекитилген, ага ылайык жабырлануучунун жана күбөнүн сотко чейинки өндүрүштө берген көрсөтмөлөрүн сотто жарыя кылууга, ошондой эле алардын көрсөтмөлөрүнүн үн жазууларын, суракка алуунун видеожазууларын угузуп-көрсөтүүгө, эгерде алардын көрсөтмөлөрү аталган Кодекстин 26-главасына ылайык депонирленген болсо, алардын сотко келүү мүмкүндүгүн жокко чыгаруучу себептер боюнча жабырлануучу же күбө сот отурумунда жок кезде берилген тараптардын өтүнүчү боюнча жол берилет.
Аны менен мыйзам чыгаруучу тарабынан жабырлануучу, анын ичинде чет өлкөлүк жаран дагы соттук процессте катышпай турган өзгөчө учурлары караштырылган.
Ошентип, Президенттин Аппаратынын өкүлүнүн пикири боюнча Кыргыз Республикасынын жараны болгон жабырлануучунун, жана башка мамлекеттин жараны-жабырлануучунун укуктук абалы, алардын соттук процессте катышпоосу бөлүгүндө колдонуудагы жазык-процесстик мыйзамдар менен регламенттелген жана бири биринен айырмаланбайт.
Т.А.Чилдебаев Конституция жогорку юридикалык күчкө ээ жана башка мамлекеттердин аймагында эмес, ал Кыргыз Республикасынын аймагында түздөн-түз иштейт (6-берене) деп белгилейт. Демек, Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын башка мамлекеттин аймагында чет өлкөлүк жаранга карата кайсы бир мажбурлоо чараларын жасалышына жол берилгис.
Ушуга байланыштуу, мыйзам чыгаруучу чет өлкөлүк жаран сотко чейинки өндүрүштө же соттук териштирүүдө өз ыктыяры менен катышууга макул болсо, жазык иштин өндүрүшүн жүргүзгөн тийиштүү орган тарабынан чакыртылышы мүмкүн деп караштырган.
Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасынын өкүлү У.У.Конкубаева окшош аргументтерди келтирди жана Президенттин Аппаратынын өкүлүнүн көз карашын карманат.
Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун өкүлү М.Н.Сапиянова талашылып жаткан ченемдик жобо Конституциянын ченемдерине карама-каршы келбейт деп эсептейт.
Тактап айтканда ал тарабынан, чет мамлекеттин жараны болгон жабырлануучунун сотко келүүсүн камсыз кылуу маселелери ЖПКнын 512-беренеси менен жөнгө салынат, анын күчүнөн улам, көрсөтүлгөн Кодексте чет мамлекетинин аймагында каралган суракка алуу же айрым тергөө же соттук аракеттерди өткөрүү зарылдыгы болгондо сот, прокурор, тергөөчү алардын чет мамлекетинин тийиштүү органдары менен болгон укуктук жардам көрсөтүү жөнүндө эл аралык келишимдин же тең үзүр принцибинин негизинде ал өндүрүштү сурайт.
Алсак, Кыргыз Республикасы тергөө мөөнөттөрүн кыскартууну камсыз кылууга умтулуп, чет мамлекеттердин тергөө тажрыйбасын иликтеп, пайда болгон кыйынчылыктардан чыгууга аракет кылып, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген жарандык, үй-бүлөлүк жана жазык иштер боюнча эл аралык келишимдердин, конвенциялардын жана макулдашуулардын катышуучу болуп саналат.
Маселен, М.Н.Сапиянова Кыргыз Республикасы катышуучу болгон 1993-жылдын 22-январындагы Жарандык, үй-бүлөлүк жана жазык иштер боюнча укуктук жардам жана укуктук мамилелер жөнүндө Минск Конвенциясынын 9-беренесинин 4-пунктунун жоболорун келтирет, Келишим Тараптын биринин аймагында жашаган күбөнү, жабырлануучу, жарандык доогерди, жарандык жоопкерди жана алардын өкүлдөрүн, ошондой эле экспертти башка Келишим Тараптын юстиция мекемесине чакыртып алуу, ал келбеген учурда, аны мажбурлоо каражаттары менен коркутууну камтыбаш керек.
М.Н.Сапиянованын пикири боюнча ЖПКнын 121-беренесинин 1-бөлүгү менен жүйөлүү себептерсиз чакыруу боюнча келбей койгондо, жабырлануучу, күбө тергөөчүнүн же судьянын (соттун) жүйөлөштүрүлгөн токтому боюнча айдатып келүүгө (мажбурлап жеткирилүүгө) дуушар болушу мүмкүн деп караштырылган ченем ЖПКнын 515-беренесинин 1-бөлүгүндө көрсөтүлгөн адамдарга карата жайылтылбайт. Мындай адамдарга карата тергөө жана сот амалдары укуктук жардам көрсөтүү жөнүндө тапшырма боюнча жана алардын макулдугу менен гана жүргүзүлүшү мүмкүн.
Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин өкүлү А.М.Курманбаева да арыздануучунун жүйөлөрү менен макул болгон жок жана кийинкидей пикирин билдирди.
Чет өлкөлүк жарандардын жана жарандыгы жок адамдардын укуктук абалын жөнгө салуучу түздөн-түз ченемдик укуктук акты болуп 1993-жылдын 14-декабрындагы " Чет өлкөлүк граждандардын Кыргыз Республикасындагы укуктук абалы жөнүндө " Мыйзам саналат. Бул Мыйзам чет өлкөлүк жарандардын Кыргыз Республикасындагы негизги укуктарын, эркиндиктерин жана милдеттерин жөнгө салат, ошондой эле чет өлкөлүк жарандардын белгилүү бир укук бузууну жасаганы үчүн жоопкерчилигин караштырат.
Алсак, белгиленген Мыйзамдын 20-беренесине ылайык Кыргыз Республикасындагы чет өлкөлүк граждандар өздөрүнө таандык жеке, мүлктүк, үй-бүлөлүк жана башка укуктарын коргоо үчүн сот жана башка мамлекеттик органдарга кайрылуу укугуна ээ болот. Алар сотто Кыргыз Республикасынын граждандары менен бирдей процессуалдык укуктардан пайдаланат.
ЖПКнын 4-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын аймагында чет өлкөлүк жарандарга, жарандыгы жок адамдарга, ошондой эле чет өлкөлүк юридикалык жактарга карата жазык сот өндүрүшү, эгерде Кыргыз Республикасынын өз ара укуктук жардам көрсөтүү жөнүндө эл аралык келишимдеринде башкача каралбаса, аталган Кодекстин ченемдерине ылайык жүргүзүлөт. Эл аралык укуктун жалпы таанылган принциптерине жана ченемдерине жана Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдерине ылайык кол тийбестикти колдонгон адамдарга карата ушул Кодексте каралган процесстик иш-аракеттер кызматында кол тийбестикти колдонгон адам же мурда болгон чет мамлекеттин же ал кызматкери болуп саналган же болгон эл аралык уюмдун макулдугу менен жүргүзүлөт.
Ошентип, Кыргыз Республикасынын аймагындагы чет өлкөлүк жарандардын, жарандыгы жок адамдардын укуктук макамы улуттук мыйзамдар менен да, эл аралык ченемдик укуктук актылар менен да регламенттелет.
Алсак, Кыргыз Республикасы да катышуучу болуп саналган 2002-жылдын 7-октябрындагы Жарандык, үй-бүлөлүк жана жазык иштер боюнча укуктук жардам жөнүндө Конвенцияга (Кишинев ш.) ылайык жабырлануучу жана алардын өкүлдөрү, ошондой эле күбө, эксперт же башка адам жарандыгына карабастан суроо-талапты алып жаткан Келишим Тараптын чакыруусу боюнча суроо-талапты жөнөтүп жаткан Келишим Тараптын мекемесине келиши мүмкүн эмес, анын аймагында жазык жоопкерчилигине тартылышы мүмкүн эмес, анын мамлекеттик чек арасын өтүп кеткенге чейин жасалган жосуну үчүн камакка жана жазаланууга мүмкүн эмес. Мындай адамдар териштирүүнүн предмети болгон иш боюнча күбөлүк көрсөтмөлөрүнө же эксперт катары корутундуларына байланыштуу жоопкерчиликке тартылышы, камакка алынышы же жазаланууга мүмкүн эмес.
Алардын жазык жоопкерчилиги жөнүндө маселе жогоруда көрсөтүлгөн Конвенциянын жоболоруна ылайык чечилет.
Жогоруда аталган Конвенцияда Келишим Тараптын биринин аймагында жашаган адамдарды башка Келишим Тараптын мекемесине келбей коюусу учурунда чакырууда аларды мажбурлап келтирүү коркутуу камтылбаш керек.
Ушуга байланыштуу, чет мамлекеттердин тийиштүү уюмдары жана кызмат адамдары менен соттордун, прокурорлордун, тергөөчүлөрдүн өз ара иштешүү тартиби Конвенциянын жана эл аралык укуктун ченемдеринин негизинде ЖПКнын XVII бөлүмү менен жөнгө салынган.
Баяндалгандан келип чыксак, А.М.Курманбаева талашылып жаткан ченемдик жобо Кыргыз Республикасынын Конституциясынын ченемдерине карама-каршы келбейт деп эсептейт.
Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы тараптардын жүйөлөрүн талкуулап, башка жактардын түшүндүрмөлөрүн угуп жана иштин материалдарын изилдеп чыгып, кийинкидей тыянактарга келди.
1. "Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы жөнүндө" конституциялык Мыйзамдын 19-беренесинин 4-бөлүгүнө ылайык Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы кайрылууда ченемдик укуктук актынын конституциялуулугу күмөн саналган бөлүгүнө гана тийиштүү болгон предмет боюнча актыларды чыгарат.
Ошентип, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын бул иш боюнча кароо предмети болуп Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексинин 515-беренесинин 1-бөлүгүнүн "алардын макулдугу менен ... чакыртылышы мүмкүн" деген сөздөр менен баяндалган ченемдик жобосу саналат:
"515-берене. Кыргыз Республикасынын аймагынан тышкары жерде жүрүшкөн күбөнү, жабырлануучуну, анын өкүлүн, экспертти чакыруу жана суракка алуу
1. Күбө, жабырлануучу, анын өкүлү, эксперт, эгерде алар чет мамлекеттин жарандары болуп эсептелсе, жазыктык иш өндүрүшүндө турган тиешелүү кызмат адамы тарабынан алардын макулдугу менен Кыргыз Республикасынын аймагында процесстик же соттук аракеттерди жүргүзүү үчүн чакыртылышы мүмкүн.".
Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодекси Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипке ылайык кабыл алынган жана "Эркин Тоо" гезитинин 2017-жылдын 15-февралындагы № 23-28 сандарында жарыяланган, Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизилген жана колдонуудагы акт болуп эсептелет.
2. Мыйзам жана сот алдында бардыгынын бирдей болуусу (16-берененин 3-бөлүгү) жөнүндө конституциялык жобо укуктук мамлекеттин пайдубал башаттарынын бири. Бул орнотмо Адам укуктарынын жалпы декларациясынын 7-беренесин, Экономикалык, социалдык жана маданий укуктар жөнүндө эл аралык пактынын 7-беренесин, Атуулдук жана саясий укуктар жөнүндө эл аралык пактынын 14-беренесин жана 20-беренесинин 2-бөлүгүн кошкондо эл аралык укуктук актыларына толугу менен ылайык келет.
Баардыгынын мыйзам жана сот алдындай бирдей болуусунун конституциялык принцибин, баарыдан мурун, мыйзамда жыныстын, расанын, тилдин, этникалык таандыктын белгилерине, анын ичинде жарандыктын жана адам менен жарандын коомдук турмуштун ар кыл чөйрөсүндө жана жеке турмушунда укуктук мүмкүнчүлүктөрүнүн теңдигинин бузулушуна алып келүүчү башка жагдайларга негизделген кандайдыр бир айырмачылыктарга, алып салууга же артыкчылык берүүгө жол берилгистигин болжоп турган кодулоого каршы мүнөздөгү талап катары түшүнүү керек.
Жазык укугунда ушул принцип жазык мыйзамы алдында баардыгы бирдей, кылмыштан жабыр тарткан бардык адамдардын жазык-укуктук коргоого бирдей укуктуу, ошондой эле кылмыш субъекттери үчүн жазык жоопкерчилигинин негиздеринин бирдейлигин билдирет.
Жазык сот өндүрүшү мамлекеттик ишмерликтин абдан маанилүү чөйрөсү болуп саналат, анткени коомдо эң башкы баалуулук адам жана анын кол тийбестиги эсептелет. Кылмыш жасалгандан келип чыккан социалдык конфликттер канчалык адилеттүү чечилгенине жараша мамлекеттик институттардын ишмердигинин натыйжалуулугуна берилген баа көз каранды.
Ал эми адилеттүү сот адилеттигинин негизинде колдонулуучу жазык мыйзамдары, баарыдан мурун, тараптардын атаандаштыгы жана тең укуктуулугунун негизинде сот өндүрүшүн жүзөгө ашыруу принциби менен диалектикалык өз ара байланыштагы бирдейлик принциби жатат.
3. Кыргыз Республикасынын Конституциясы мыйзам жана сот алдында баардыгы бирдей (16-беренесинин 3-бөлүгү) деген негиз салуучу конституциялык принцибинен ар кимге тараптардын атаандаштыгынын жана тең укуктуулугунун негизинде сот өндүрүшүн жүзөгө ашырууну (99-беренесинин 3-бөлүгү) кепилдейт.
Тараптардын атаандаштыгы жана тең укуктуулугу жөнүндө конституциялык жобо процессте тараптар болуп саналган соттук териштирүүнүн карама-каршы позицияларында турган тараптары менен катышуучуларына бирдей укук берүү катары каралат да, аларга тең аталаш-тартыш жүргүзүүгө мүмкүндүк берет, алардын тең укуктук мүмкүнчүлүктөрүн камсыз кылат жана ага ылайык соттук териштирүүдө өзүнүн мыйзамдуу кызыкчылыктарын жигердүү коргоо үчүн чыныгы атаандаштыкка мүмкүндүк берет (Конституциялык палатанын 2014-жылдын 21-февралындагы чечими).
Тараптардын атаандаштыгы жана тең укуктуулугу жөнүндө конституциялык жобо жазык-процесстик мыйзамдардын тийиштүү ченемдеринде өзүнүн өнүгүүсүн улантат. Алсак, ЖПКнын 18-беренесинин 1, 3 жана 4-бөлүктөрүнө ылайык жазык сот өндүрүшү айыптоочу жана коргоочу тараптардын тең укуктуулугунун жана атаандаштыгынын негизинде жүзөгө ашырылат. Сот объективдүүлүктү жана бейтараптуулукту сактоо менен тараптардын процесстик укуктарынын жана милдеттеринин ишке ашырылуусу үчүн бирдей шарттарды түзөт. Сот далилдерди изилдөөгө катышуу тараптардын ар бири үчүн бирдей негиздер камсыз болгон далилдерге гана процесстик чечимди негиздейт. Акыры, сот баардык учурларда ишти кароодо соттук териштирүүнүн катышуучуларынын укуктарынын теңдигин камсыз кылууга милдеттүү.
Ошону менен бирге, тараптардын атаандаштыгы жана тең укуктуулугу негизинде сот өндүрүшүн жүзөгө ашыруу жөнүндө конституциялык орнотмо бир соттук процесстин катышуучуларына - карама-каршы тараптарга бирдей процесстик мүмкүндүктөрдү камсыз кылуу зарылдыгын болжойт. Ушул мааниде ал эки тарапка тең бирдей процесстик мүмкүндүктөрдү жана каражаттарды берүүгө багытталган, тараптардын ар бири алардын жардамы менен өзүнүн көз карашын жактай алат жана карам-каршы тараптын ырастамаларын талаша алат, бул, акыры, объективдүү жана адилеттүү соттук актыга жетишүүгө жол берет.
Ошол эле учурда, процесстик тең укуктуулуктун принциби ар кандай жазык сот өндүрүшүнүн катышуучулары - жабырлануучуларына жайылтылбайт дегенди билдирбейт. Тескерисинче, баардыгы мыйзам жана сот алдында бирдей деген конституциялык принциптен келип чыккандай, жазык кол салуудан жабыр тарткандардын баарына, алып салуусуз, алардын укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоонун бирдей мүмкүндүктөрү менен тең укуктук абал камсыз кылынышы керек.
Бирок процесстик тең укуктуулук, ушуга карабастан, бир эле жазык сот өндүрүшү боюнча айыпталуучунун жана жабырлануучунун, ошондой эле ар кандай жазык сот өндүрүшү боюнча жабырлануучулардын өзгөчө теңдигин билдирбейт. Баарыдан мурун, бул жабырлануучунун жана айыпталуучунун, ошондой эле адамдын кайсы бир статуска ээ болуусунун объективдүү жана субъективдүү себептеринин укуктук табиятынын айырмачылыгы менен шартталган.
Ошон үчүн процесстик теңдик принцибин ишке ашыруу бир иш боюнча айыпталуучуга жана жабырлануучуга же ар башка иштер боюнча жабырлануучуга бирдей же окшош шарттарда болууга жол берген компенсатордук механизм аркылуу жүргүзүлөт. Башкача айтканда, көрсөтүлгөн субъекттерге алардын нагыз процесстик абалын ар кандай кырдаалдарда түзөтүүгө жөндөмдүү процесстик каражаттарды колдонууга мүмкүндүк берилет.
Каралып жаткан маселеге карата, эгер күбө, жабырлануучу, анын өкүлү, эксперт чет өлкөлүк жарандар болуп, Кыргыз Республикасынын аймагынан тышкары жерде болсо жана алардын мүмкүн болбой калуусу көрсөтмөлөрдү депонирлөө институту менен компенсацияланат (26-глава). Көрсөтмөлөрдү депонирлөө - бул, жабырлануучуну жана күбөнү кечиктирип суракка алууга мүмкүн болбойт деп эсептөөгө негиздер болгон учурларда, тергөөчү судья алардын көрсөтмөлөрүн алдын ала суракка алып бекитет (5-берененин 7-пункту). ЖПК ылайык жабырлануучунун көрсөтмөлөрүн депонирлөө негиздери болуп ишти маңызы боюнча кароодо сотко чейинки өндүрүштө же сот отурумунда жабырлануучуну, күбөнү кечиктирип суракка алуу жабырлануучунун, күбөнүн жашоосу жана ден-соолугу үчүн коркунучка, анын катуу оорушуна, алардын алдыда боло турган чет жакка чыгуусуна же Кыргыз Республикасынын аймагынан тышкары туруктуу жашап турушуна байланышкан объективдүү себептерден улам мүмкүн болбойт деп эсептөөгө негиздер болгон өзгөчө учурларда, жактоочунун жана жактоо тарабынын процесске катышуучуларынын өтүнмөсү, ошондой эле өзгөчө учурларда алгачкы текшерүү органынын ыйгарым укуктуу кызмат адамынын, тергөөчүнүн тергөө судьясынын алдына койгон өтүнмөсү саналат (198-берене).
ЖПКнын 201-беренесине ылайык ишти маңызы боюнча кароодо көрсөтмөлөрү депонирленген жабырлануучу кайталап суракка алынбайт, бирок анын көрсөтмөлөрүн тактоо же сотко чейинки иш өндүрүшүндө тергөө судьясы тарабынан суракка алуунун жүрүшүндө ачыкталбаган башка шарттар боюнча зарылчылык келип чыккан учурда ага жол берилет.
Андан тышкары, жабырлануучунун кандайдыр бир себеп менен болбой калуусу өкүлчүлүк институту менен, жазык процессинде коомдук милдеттерди чечүүдөн тышкары жабырлануучунун кызыкчылыктарын коргоочу мамлекеттик айыптоочунун милдеттүү катышуусу менен, ошондой эле жабырлануучунун жана күбөнү суракка алуунун жүрүшүндө видеобайланыш режиминде техникалык каражаттардын пайдаланылышынын мүмкүндүгү менен компенсацияланат (ЖПКнын 43, 194, 285-беренелери).
Ал эми айыпталуучунун кызыкчылыктарына тийиштүү болсо, жазык-процесстик мыйзамдарда кыйла олуттуу компенсаторлук механизмдер бар. ЖПКнын 17-беренесинин 3-бөлүгүнө ылайык күнөөлүү делинген ар кандай шектенүүлөр, анын ичинде соттук доолашууларда жабырлануучу тараптын келбей коюусуна байланыштуу шектенүүлөр дагы абдан негиздүү түрдө чечилет жана айыпталуучунун пайдасына чечмелениши керек.
Башка сөз менен айтканда, ЖПК бардык болушу ыктымал кырдаалдарды, анын ичинде жазык сот өндүрүшүнүн принциптерин, тараптардын атаандаштык жана тең укуктуулук принцибин бузбастан соттук процессте жабырлануучу тараптын катышуусун камсыз кылууга мүмкүн эместиги менен шартталган кырдаалдарды чечүү үчүн бардык зарыл инструментарийлерди камтыйт.
Албетте, процесстик тең укуктуулук жабырлануучуга карата мажбурлоонун башка чараларын жана таасир этүүнүн башка түрлөрү колдонулган учурларда да анын укуктук абалынын теңдигине жетишүү даражасын кемитпестен талап кылат.
Жазык-процесстик мажбурлоо - жазык-процесстик укуктун ченемдери менен жөнгө салынуучу процесстин катышуучуларынын жүрүм-турумуна таасир этүүнүн ыкмаларынын бири, ал мыйзамдын талаптарды аткарбаган адамдарга карата же андай аткарбоону алдын алуу үчүн мамлекеттик мажбурлоону колдонуу мүмкүндүгүн караштырат. Жазык-процесстик мажбурлоо чараларын колдонуунун жалпы негизи болуп сот адилеттигинин максаттарына жана милдеттерине жетишүү зарылдыгы, жазык сот өндүрүшүнүн белгиленген тартибин жана өкүмдүн ойдогудай аткарылышын камсыз кылуу саналат. Жазык-процесстик мажбурлоонун баардык чаралары үчүн жалпылык болуп мажбурлоо ага дуушар болгон адамдын эркине жана каалоосуна карабастан колдонуу мүмкүндүгү саналат.
Каралып жаткан маселенин көз карашы менен алганда, эгер Кыргыз Республикасынын мыйзамы менен чет өлкөлүк жаран жабырлануучу болуп таанылса, бирок нагыз жашаган жери же башка себептер менен Кыргыз Республикасынын аймагынан тышкары жерде жүргөн болсо, анда ага карата жазык-процесстик мажбурлоо чараларын колдонуунун чектери объективдүү түрдө чектелет, бул жазык-процесстик тартиптин себептери менен эмес шартталган, ал такыр башка тегиздикте жатат.
4. Чет өлкөлүк жарандардын баардык категориялары укуктардын, эркиндиктердин жана милдеттердин кайсыл көлөмүнө ээ жана барган мамлекет менен белгилүү укуктук байланышта болушат.
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 19-беренесинин 1-бөлүгүнө ылайык Кыргыз Республикасында чет өлкөлүк жарандар жана жарандыгы жок адамдар, мыйзамда же Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп эсептелген эл аралык келишимде белгиленгенден башка учурларда Кыргыз Республикасынын жарандары менен бирдей укуктардан пайдаланат жана милдеттерди аткарат.
Ошентип, чет өлкөлүк жарандардын укуктук статусу эл аралык укуктун ченемдерин дагы эске алуучу ички мыйзамдар менен белгиленет. Кыргыз Республикасында чет өлкөлүк жарандардын негизги укуктары, эркиндиктери жана милдеттери "Чет өлкөлүк граждандардын Кыргыз Республикасындагы укуктук абалы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы менен аныкталган.
Белгиленген Мыйзамдын 23-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын аймагында кылмыш жасаган администрациялык же башка укук тартибин бузган чет өлкөлүк граждандар Кыргыз Республикасынын граждандары менен жалпы негизде жоопкерчилик тартат.
Демек, дипломатиялык, консулдук жана башка статустук иммунитети бар адамдардан тышкары мамлекеттик таандыктыгына карабастан Кыргыз Республикасынын аймагында кылмыш жасаган адамдардын баарында Кыргыз Республикасынын жазык мыйзамы боюнча жооп берүү милдети жатат. Бул принцип белгилүү жүрүм-турумга же оң маанайдагы аракеттерди жасоого милдеттендирүүчү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын ченемдерине кыйшаюусуз баш ийүү бөлүгүндө да чет өлкөлүк жаранга жайылтылат. Болбосо ага Кыргыз Республикасынын жарандарына жасалгандай эле санкциялар да, мажбурлоо чаралары да, анын ичинде процесстик мүнөздөгү чаралар дагы колдонулушу мүмкүн.
Ошентип, чет өлкөлүк жаран өзүнүн мамлекетинен тышкары жүрүп, аны менен укук байланышта болуп, анын колдоосунан жана коргоосунан пайдаланса дагы, барган мамлекеттин эгемен бийлигинин аракеттерине көз каранды болот.
Ошону менен бирге, кайрылуучу тараптын ЖПКнын талашылып жаткан 515-беренесинин 1-бөлүгүнө ылайык күбө, жабырлануучу, анын өкүлү, эксперт, эгерде алар чет мамлекеттин жарандары болуп эсептелсе, алардын макулдугу менен Кыргыз Республикасынын аймагында процесстик же соттук аракеттерди жүргүзүү үчүн чакырылышы мүмкүн. Бул принцип жогоруда көрсөтүлгөн субъекттерге тийиштүү Кыргыз Республикасынын чет мамлекет менен өз ара укуктук жардам көрсөтүү жөнүндө эл аралык келишим болгон күндө да сакталат.
Асыресе, Кыргыз Республикасы жарандык, үй-бүлөлүк жана жазык иштер боюнча укуктук жардам жана укуктук мамилелер жөнүндө Конвенцияга (Минск шаары, 1993-жылдын 22-январы) кол койгон жана аны ратификациялаган, Россия Федерациясы, Латвия Республикасы, Азербайжан Республикасы жана бир катар башка өлкөлөр менен эл аралык келишимдер түзүлгөн. Бул эл аралык макулдашуулар соттун суроо-талабы боюнча чет мамлекетинин жарандары болгон күбөнүн, жабырлануучунун, жарандык доогердин, жарандык жоопкердин жана алардын өкүлдөрүнүн, ошондой эле эксперттин келүүсүнүн өзгөчө ыктыярдуу мүнөзү жана алар келбей калган учурда мүмкүн болуучу санкцияларга жана мажбурлоого тыюу салуу жөнүндө жоболорду камтыйт.
Кыргыз Республикасынын укуктук жөнгө салуунун көрсөтүлгөн формасын кармануу милдети Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын "жашоого жөндөмдүүлүгүнүн" жагдайлары менен, алардын мейкиндик чектери алар колдонула турган жана милдеттүү ченемдик акттын күчүндө болуусу менен шартталган.
5. Мыйзамдын мейкиндикте колдонулушу принциптердин жыйындысына негизделген, алардын катарында аймактык, улуттук (жарандык), реалдуу, универсалдуу, дипломатиялык иммунитет, атайын миссия жана экстрадиция принциптери бар.
Мыйзамдын колдонулушунун аймактык принциби мамлекеттик эгемендүүлүктүн жана бийликтин үстөмдүгүнүн аймактык мүнөзүндө чагылдырылган.
Мамлекеттин сапаттык белгиси болуп эгемендик саналат, ал анын маңызын жана баалуулугун чагылдырат, мамлекеттин ичиндеги толук кандуу бийлик жана эл аралык мамилелерде кандай гана болбосун жогорку бийликтен көз карандысыздыгы катары түшүнүлөт.
Кыргыз Республикасынын Конституциясы Кыргыз Республикасы өзүнүн аймагында толук мамлекеттик бийликке ээ, ички жана тышкы саясатты өз алдынча жүргүзөт деп жар салат (1-берененин 2-бөлүгү). Тактап айтканда, Кыргыз Республикасынын бийлик үстөмдүгү башка мамлекеттикиндей эле мамлекеттин ичинде колдонулат жана анын аймагы менен чектелет.
Башкы Ассамблеянын 1981-жылдын 9-декабрындагы 36/103 резолюциясы менен кабыл алынган мамлекеттин ички иштерине кийлигишүүсүнө жана интервенцияга жол берилгистиги жөнүндө Декларацияга ылайык бир да мамлекет кайсы бир себептер менен кандайдыр бир мамлекеттин ички жана тышкы иштерине түздөн-түз же кыйыр түрдө кийлигишүүгө укуктуу эмес. Ар бир мамлекет мамлекеттин ички иштерине кийлигишүү каражаты сапатында адам укуктары жөнүндө маселелерди пайдалануудан же бурмалоодон, мамлекеттердин чегинде башка мамлекеттерге жана мамлекеттер же мамлекеттердин топтору ортосунда басым көрсөтүүдөн карманууга милдеттүү.
Аны менен, жогоруда баяндалгандарга жана мамлекеттик эгемендиктин принциптерине ылайык Кыргыз Республикасынын юрисдикциясы Кыргыз Республикасынын аймагынан тышкаркы жерде жүргөн чет өлкөлүк жарандарга жайылтылышы мүмкүн эмес.
Ошентип, талашылып жаткан ченемдик жобо Кыргыз Республикасынын жазык-процесстик мыйзамдарынын мейкиндик колдонулушунун мүмкүндүктөрүн эске алуу менен кабыл алынган, жалпыга кабыл алынган принциптерге жана эл аралык укуктун ченемдерине негизделген жана мыйзам жана сот алдында баардыгы бирдей, Кыргыз Республикасынын жарандарынын укуктары менен чет өлкөлүк жарандарынын укуктарынын теңдиги, жазык сот өндүрүшүндө тараптардын атаандаштыгы жана тең укуктуулугу делген конституциялык кепилдиктерди буза албайт.
Жогоруда баяндалгандын негизинде, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 97-беренесинин 6-бөлүгүнүн 1-пунктун, 8 жана 9-бөлүктөрүн, "Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы жөнүндө" конституциялык Мыйзамдын 46, 47, 48, 51 жана 52-беренелерин жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы
ЧЕЧТИ:
1. Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексинин 515-беренесинин 1-бөлүгүнүн "алардын макулдугу менен ... чакыртылышы мүмкүн" деген сөздөр менен баяндалган ченемдик жобосу Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 16-беренесинин 3-бөлүгүнө, 19-беренесинин 1-бөлүгүнө, 99-беренесинин 3-бөлүгүнө карама-каршы келбейт деп таанылсын.
2. Чечим акыркы жана даттанууга жатпайт, жарыяланган учурдан тартып күчүнө кирет.
3. Чечим бардык мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, кызмат адамдары, коомдук бирикмелер, юридикалык жана жеке жактар үчүн милдеттүү жана республиканын бүткүл аймагында аткарылууга тийиш.
4. Ушул чечим мамлекеттик бийлик органдарынын расмий басылмаларында, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын расмий сайтында жана "Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын "Жарчысында" жарыялансын.
Төрагалык кылуучу |
| К.Дуйшеев |
Судьялар: |
| М.Бобукеева |
|
| Л.Жумабаев |
|
| М.Касымалиев |
|
| К.Кыдырбаев |
|
| Э.Осконбаев |
|
| Ж.Саалаев |
|
| Ж.Шаршеналиев |