Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 166 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ѲКМѲТY
ТОКТОМ
2015-жылдын 15-сентябры № 637
"Кыргыз Республикасында лотереялык ишке тыюу салуу жөнүндө", "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын долбоорлоруна Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн корутундусу тууралуу
"Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 31-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары Т.З.Зулпукаров, М.А.Расулов, А.Ш.Султанов демилгелеген "Кыргыз Республикасында лотереялык ишке тыюу салуу жөнүндө", "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын долбоорлоруна карата Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн тиркелген корутундусу жактырылсын.
2. Ушул токтом Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине жиберилсин.
Премьер-министр | Т.А. Сариев |
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 15-сентябрындагы № 637 токтому менен жактырылган |
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 80-беренесине, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 31-беренесине ылайык, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары Т.З.Зулпукаров, М.А.Расулов, А.Ш.Султанов демилгелеген "Кыргыз Республикасында лотереялык ишке тыюу салуу жөнүндө", "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын долбоорлорун карал чыгып төмөнкүлөрдү белгилейт.
Каралып жаткан мыйзам долбоорлору Кыргыз Республикасынын аймагында лотереялык ишке тыюу салууну киргизүү максатын көздөйт, анткени Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 20-беренесинин 2-бөлүгүнө ылайык адамдын жана жарандын укуктары менен эркиндиктери улуттук коопсуздукту, коомдук тартипти коргоо, калктын ден соолугун жана адеп-ахлагын сактоо, башка адамдардын укуктарын, эркиндиктерин коргоо максаттарында Конституция жана мыйзамдар тарабынан чектелиши мүмкүн. Лотерея ойнотуу утуштун белгисиздигинен жарандарда кумарпоздукту жаратып, анын негизинде керектөөчүдө мындай кызмат көрсөтүүгө көз карандылык пайда болот.
Мыйзам долбоорлору кумар оюнунун элементтерин кыйла даражада камтыган лотерея оюнуна коомдун коргоосуз катмарларын тартууга байланыштуу жарандарды терс социалдык кесепеттерден коргоого багытталган.
Буга байланыштуу "Кыргыз Республикасындагы бюджеттик укуктун негиздери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын 2-беренесинин 2-бөлүгүнө ылайык республикалык бюджет жөнүндө мыйзамдагы өзгөртүүлөр, салыктарды киргизүү жана же аларды жокко чыгаруу, аларды төлөөдөн бошотуу жөнүндө мыйзамдардын долбоорлору, мамлекеттин финансылык милдеттенмелерин өзгөртүүнү, мамлекеттик бюджеттин эсебинен чыгашаларды көбөйтүүнү же болбосо анын киреше бөлүгүн кыскартууну караштыруучу башка мыйзам долбоорлору Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн макулдугу менен гана кабыл алынышы мүмкүн экендигин белгилей кетүү керек.
Сунушталган мыйзам долбоору кабыл алынган учурда бюджеттин киреше бөлүгүндө 32,2 млн. сом суммасындагы каражаттын алынбай калуу коркунучу пайда болот, анткени мындай сумма, "2015-жылга Кыргыз Республикасынын республикалык бюджети жана 2016-2017-жылдардагы болжолу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамында финансылоо булагы менен бекитилген эмес.
Буга байланыштуу республикалык бюджеттин киреше бөлүгүнөн алынбай калганды жабуу максатында адегенде финансылоо булагын аныктоо максат ченемдүү деп эсептейбиз, андан кийин Кыргыз Республикасында лотереялык ишке тыюу салуу маселесин кароо керек.
Мындан тышкары, бул мыйзам долбоорлорун Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кабыл алышы, өзү менен бирге айрым бир социалдык кесепеттерге алып келиши мүмкүн.
Анткени, жумуш берүүчүлөр сунушталып жаткан тыюу салуу чөйрөсүндө эмгектенип жаткан жумушчулар менен эмгек келишимдерин бузуусу зарыл.
Ошол эле учурда, сунушталып жаткан мыйзам долбоорлорунун тиркемелериндеги негиздеме-маалымкатында аталган чөйрөлөрдө иштеген жумушчулардын санына тиешелүү маалыматтар жок.
"Кесиптик бирликтер жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 9-беренесине ылайык кесиптик бирликтер өзүнүн мүчөлөрүнүн эмгекке болгон укуктарын коргоо, жумушка орноштуруу боюнча мамлекеттик саясатты иштеп чыгууга катышууга, жарандардын жумуштуулук абалы боюнча коомдук контролду жана мыйзамдын негизинде макулдашылган кызматтык келишимде аныкталган ишканалардан бошотууда адамдарды социалдык жактан коргоо чараларын сунуштайт, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарындагы эмгекти жана жумуштуулукту сактоону жүзөгө ашырат. Бул маселенин маанилүүлүгүн эске алып, лотереянын жокко чыгарылгандыгына байланыштуу иштери токтотулган жумуш берүүчүлөр Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексинин 83, 86-беренелерине ылайык иштен бошотулган кызматкерлерге жөлөкпул төлөп берүүгө милдеттүү экендигин баса белгилейбиз.
Бул мыйзамдын 25-беренесине ылайык ченемдик укуктук актынын долбоорунун негиздеме-маалымкатында аны финансылоонун булагынын болушу жөнүндө маалымат камтылууга тийиш.
Бул мыйзам долбоору жүзөгө ашырылып жаткан лотереялык иштердин төмөнкүдөй түрлөрү бар экендигин эске албайт:
- тез утуштурулуучу (тиражы жок) лотерея;
- тираждуу лотерея;
- айкалыштырылган лотерея;
- лотереянын атайын түрлөрү - электрондук лотерея, кызыктыруучу лотерея;
- өткөрүлүшү чектелген лотереялар - кызыкчылыктардын кысымга алынышына алып келүүчү мамлекеттик лотерея, муниципалдык лотерея;
- ишкерлер, мисалы, кызыктыруучу лотереяларды өткөрүү менен соода-сатык иштерин жүзөгө ашыруучулар;
- сатып алуучу катары кызыктыруучу лотереялардан белгилүү утуштарды алган калк.
Мыйзамдардын долбооруна карата берилген негиздеме-маалымкат "Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 25-беренесинин талаптарына ылайык келбейт.
"Кыргыз Республикасында лотереялык ишке тыюу салуу жөнүндө" Мыйзамдын долбооруна карата жөнгө салуучу таасирдеги талдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 30-сентябрындагы № 559 токтому менен бекитилген, ишкердик субъекттердин ишине ченемдик укуктук актылардын жөнгө салуучу таасирин талдоо (ЖСТТ) жүргүзүү методикасына туура келбейт.
Атап айтсак катар талдоолорду жазууну даярдоодо төмөнкү талаптар бузулган:
ЖСТТ методикасына ылайык киргизилүүчү жөнгө салуучу чөйрөсүндөгү жумушчу топтун курамына юриспруденция, финансы жана экономика тармагындагы адистер, ошондой эле мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, коммерциялык уюмдардын жана макулдашуу боюнча ишкерлердин өкүлдөрү киргизилиши зарыл. Зарыл болгон учурда жумушчу топтун курамына жана башка адистер, ошондой эле башка кызыкдар жактардын өкүлдөрү кириши мүмкүн.
Ошол эле учурда каралып жаткан ЖСТТнын жумушчу тобунун курамында кызыктар тараптын өкүлдөрү, тактап айтканда бизнес-ассоциация өкүлдөрү жок, ушуга байланыштуу Мыйзам долбоорун даярдоодо кызыкдар жактардын кызыкчылыктарынын эске алынбагандыгынын натыйжасында аталган ЖСТТда көрсөтүлгөн көйгөйлөрдү чечүүдө бир тараптуу мамиле жасалган;
көйгөйлөрдү аныктоо этабында бардык аныкталган жагымсыз окуяларга талдоо жүргүзүү, "көйгөй багына" байланыштуу аныкталгандардын бардыгын чагылдыруу, ушундай эл аралык көйгөйлөрдүн тажрыйбасын болжолдоп жазуу, ар бир категория боюнча канча кызыкдар болгон тараптардын пикирлерине талдоо жүргүзүү: ишкерлердин, жеке жактардын жана алардын бирикмелеринин, мамлекеттик органдардын жана өз алдынча башкаруу органдарынын жана алардын кызыкчылыктарынын таасирин көрсөтүү зарыл;
жөнгө салуунун максаттарын аныктоо этабында максаттарга жетүүнү баалоонун сандык жана сапаттык индикаторлорун жана алардын тизмесин, пландык маанисин белгилөө зарыл.
Буга байланыштуу, "Кыргыз Республикасында лотереялык ишке тыюу салуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна карата ЖСТТ Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтому менен бекитилген, ишкерлер субъекттеринин ишинин ченемдик укуктук актыларынын ЖСТТ жүргүзүү методикасына ылайык иштеп чыгуу керек деп эсептейбиз.
1. "Кыргыз Республикасында лотереялык ишке тыюу салуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору боюнча төмөнкүлөрдү сунуштайбыз.
Өкмөттүн ченемдик укуктук актыларын Мыйзамга ылайык келтирүүгө сунушталган бир айлык мөөнөт жетишсиз, анткени ченемдик укуктук актылардын долбоорлорун иштеп чыгуу, аларды коомдук талкуудан өткөрүү үчүн Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий сайтына жайгаштыруу, белгиленген тартипте Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын кароосуна киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгилүү убакыт каралган.
3-берененин 2-бөлүгүн төмөнкүдөй редакцияда баяндоону сунуштайбыз:
"2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү алты айлык мөөнөттө өзүнүн ченемдик укуктук актыларын ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.".
5-беренин 2-бөлүгүндө ушул Мыйзамдан келип чыккан өзгөртүүлөрдү бир айлык мөөнөттө мыйзамдарга киргизүү тапшырмасы Өкмөткө берилген. "Кыргыз Республикасында лотереялык ишке тыюу салуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорунан келип чыккан тиешелүү өзгөртүүлөр "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын сунуш кылынган долбоору менен киргизилип жатат.
5-берененин 2-бөлүгүн төмөнкүдөй редакцияда баяндоону сунуштайбыз:
"2. Лотереялык иштин жокко чыгарылышына байланыштуу иштери токтотулган жумуш берүүчүлөр иштен бошогон кызматкерлерине Кыргыз Республикасынын эмгек мыйзамдарына ылайык бошотуу жөлөкпулун төлөп берүүгө милдеттүү.".
Мындан тышкары 5-беренедеги орус тилиндеги номерлөөнү Мыйзам долбоорунун кыргыз тилиндеги текстиндеги берененин номерине ылайык келтирүүнү жана 4-берене деп белгилөөнү сунуштайбыз.
2. "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору боюнча.
"Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 17-беренесине ылайык ченемдик укуктук актынын, анын түзүмдүк элементтери: сөздөр, цифралар, сүйлөмдөр күчүн жоготту деп таанылат.
Ушуга байланыштуу 2, 5-10, 12, 14, 16, 17-беренелерди жогоруда көрсөтүлгөн беренеге ылайык келтирүүнү сунуштайбыз.
Мыйзам долбоорундагы айрым беренелер тиешелүү мыйзамдарга өзгөртүүлөрдү толук эмес киргизүүнү карайт жана мындай өзгөртүүлөр оюн-зоок иштерине тыюу салган ченемдерди эске албайт. Ушуга байланыштуу төмөнкүлөрдү сунуштайбыз.
1-берене төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"1-берене.
Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине" (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ведомосту, 1999-ж. № 2, 77-бет) төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
24-1-главанын аталышындагы жана бардык тексттериндеги жана 532-беренедеги "лотереялык" деген сөз алынып салынсын.".
3-беренени төмөнкүдөй редакцияда баяндоону сунуштайбыз:
"3-берене.
Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексинин II бөлүгүнө (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ведомосту, 1998-ж. № 6, 226-бет) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1. 922-берененин 2-бөлүгү күчүн жоготту деп таанылсын.
2. 992-берене күчүн жоготту деп таанылсын.
4-беренени төмөнкүдөй редакцияда баяндоону сунуштайбыз:
Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексине (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ведомосту, 1998-ж. № 7, 229-бет) төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
1. 259-1-берененин аталышын "оюн-зоок жабдуулары" деген сөздөрдөн кийин " , лотереяны өткөрүү" деген сөздөр менен толукталсын.
2. 259-1-берененин 1-бөлүгүнүн биринчи абзацы ", лотереяны өткөрүү" деген сөздөр менен толукталсын.
11-беренени төмөнкүдөй редакцияда баяндоону сунуштайбыз:
"11-берене.
"Финансы рыногун көзөмөлдөө жана жөнгө салуу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ("Эркин Тоо" гезити, 2009-жылдын 4-августу, № 67) төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
3-берененин бешинчи абзацындагы "ошондой эле оюн-зоок жана лотереялык иш" деген сөздөр алынып салынсын.".
13-беренени төмөнкүдөй редакцияда баяндоону сунуштайбыз:
"13-берене.
"Саясый жана башка атайын мамлекеттик кызмат орундарында иштеген адамдардын, ошондой эле алардын жакын туугандарынын кирешелерин, милдеттенмелерин жана мүлктөрүн декларациялоо жана маалыматтарды жарыялоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ведомосту, 2004-ж. № 11 (1153) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
4-берененин 1-бөлүгүнүн д) пунктундагы "лотереядагы, азарттык оюндардагы утуштар" деген сөздөр алынып салынсын.".
18-берененин 2-бөлүгүндөгү "бир айлык" деген сөздөр "алты айлык" деген сөздөр менен алмаштырылсын.
Жогоруда баяндалгандарды эске алуу менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтү "Кыргыз Республикасында лотереялык ишке тыюу салуу жөнүндө", "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын долбоорлорун кайра иштеп чыгуу жана сунушталган сын-пикирлерди жана сунуштарды эске алуу менен аларды кароо максатка ылайыктуу деп эсептейт.