Редакцияот 14.09.2015
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ѲКМѲТY

ТОКТОМ

2015-жылдын 14-сентябры № 636

Кыргыз Республикасында чарба аралык жана ички чарбалык аңчылык жайгаштыруу тартибин бекитүү жөнүндө

Жаныбарлар дүйнөсүн сактоону камсыздоо жана мергенчилик чарба ишин сарамжалдуу жүргүзүү максатында, "Аңчылык жана мергенчилик чарбасы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 13 жана 14-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасында чарба аралык жана ички чарбалык аңчылык жайгаштыруу тартиби тиркемеге ылайык бекитилсин.

2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 3-июнундагы № 335 "Кыргыз Республикасында токой-аңчылык жайгаштырууну жүргүзүү тартибин жана Кыргыз Республикасындагы токойлорго мониторинг жүргүзүү тартибин бекитүү жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

- төмөнкүлөр күчүн жоготту деп таанылсын:

1-пункттун экинчи абзацы;

жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасында токой-аңчылык жайгаштырууну жүргүзүү тартиби.

3. Ушул токтомдон келип чыгуучу иш-чаралардын ишке ашырылышы тиешелүү финансылык жылга карата республикалык бюджетте каралган каражаттардын чектеринде, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен тыюу салынбаган башка каражаттардын эсебинен жүргүзүлсүн.

4. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

5. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын агроөнөр жай комплекси жана экология бөлүмүнө жүктөлсүн.

 

Премьер-министр

Т.А. Сариев