Загрузка документа…
Тиркеме
|
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 14-сентябрындагы № 636 токтому менен бекитилген |
Кыргыз Республикасында чарба аралык жана ички чарбалык аңчылык жайгаштыруу ТАРТИБИ
1. Жалпы жоболор
1. Ички чарбалык аңчылык жайгаштыруунун максаты жаныбарлар дүйнөсүн сактоону камсыздоо жана мергенчилик чарба иштерин сарамжалдуу жүргүзүү болуп эсептелет.
2. Ички чарбалык аңчылык жайгаштыруунун милдеттери болуп төмөнкүлөр эсептелет:
- аңчылык жерлердин типтерин белгилөө жана бонитировкалоо;
- аймакты бөлүктөргө (участокторго, бөлүндүлөргө, обходдорго) бөлүү жана алардын чек араларын белгилөө;
- жапайы жаныбарлардын абалын баалоо;
- жапайы жаныбарларды көбөйтүүгө жана сарамжалдуу пайдаланууга, коргоого багытталган иш-чараларды иштеп чыгуу.
3. Ушул Тартипте колдонулуучу түшүнүктөр жана аныктамалар:
Автордук көзөмөл - мергенчилик чарба ишин регламенттөөчү аңчылык жайгаштыруу долбоорлорунун аткарылышын контролдоо.
Аңчылык жерлерди бонитировкалоо - мергенчилик чарбадагы жерлердин сапатынын жалпыланган баасы.
Мамлекеттик аңчылык фонду - аңчылык жаныбарларынын жыйындысы, анын ичинде алардын жашоо чөйрөсү.
Картографиялык материалдар - максаттуу багытына жараша масштабы, топографиялык жана атайын жүктөмдөрү боюнча айырмалануучу аңчылык жерлердин толук мүнөздөмөсүн камтыган картографиялык материалдар.
Аңчылык жерлер - юридикалык жактарга мергенчилик чарба иштерин жүргүзүү укугу берилиши мүмкүн болгон, аңчылык жаныбарлардын жашоо чөйрөсү болуп эсептелген белгилүү бир чек аралары бар аймактар же акваториялар.
Чарба аралык аңчылык жайгаштыруу долбоору - аңчылык жерлерди түзүүгө багытталган иш-чаралар тууралуу маалыматты камтыган документ.
Аңчылык жайгаштыруу кеңешмелери - аңчылык жайгаштыруу иштерин кыйла жакшы уюштуруу, аларды аткаруунун өзгөчөлүктөрүн ар тараптуу талкуулоо максатында өткөрүлүүчү кеңешмелер.
Ревизиялык мезгил - ички чарбалык аңчылык жайгаштыруунун чарбалык ишине карата түзүлгөн стратегиялык пландын мезгили. Ревизиялык мезгил бүткөндөн кийин кайрадан ички чарбалык аңчылык жайгаштыруу белгиленет.
Ички чарбалык аңчылык жайгаштыруунун мергенчилик чарба ишинин стратегиялык планы - ревизиялык мезгилдеги мергенчилик чарбалардын өнүгүүсүнүн базалык иш-чаралары жөнүндө маалымат камтыган документ.
Аңчылык жерлердин типологиясы - жапайы жаныбарлардын айрым түрлөрү жашаган же жашай алышы мүмкүн болгон окшоштуктары боюнча фитоценологияны, топуракты жана башкаларды бириктирүүчү классификациялык бирдиктер боюнча аймактарды ири жер участокторго бөлүү.
4. Жаңы мергенчилик чарбаларды түзүү, мергенчилик чарба иштерин жүргүзүү укугун берүү чарба аралык аңчылык жайгаштыруунун маалыматтарынын негизинде жүргүзүлөт.
5. Ички чарбалык аңчылык жайгаштыруу 15 жылда бир жолу Мергенчилик чарба ишин жүргүзүү жөнүндө келишимдин колдонуу мезгилинде жүргүзүлөт. Мергенчилик чарба ишин жүргүзүү, мергенчилик чарба ишин жүргүзүү жөнүндө келишимди узартуу ички чарбалык аңчылык жайгаштыруу маалыматтарынын негизинде жүргүзүлөт.
2. Чарба аралык жана ички чарбалык аңчылык жайгаштыруу тартиби
6. Чарба аралык жана ички чарбалык аңчылык жайгаштыруунун узактыгы 2 жылга улантылат жана өзүнө иштин төмөнкү түрлөрүн камтыйт:
- даярдоочу;
- талаа жумуштары;
- камералык.
7. Даярдоочу иштер талаа жумуштарынын алдында төмөнкүдөй жолдор менен жүргүзүлөт:
- аңчылык жерлердин сырткы чек араларын аныктоо;
- мурунку чарба аралык аңчылык жайгаштыруунун геодезиялык жана пландык-картографиялык материалдарын чогултуу жана талдоо;
- аңчылык жайгаштыруу уюмунун жана жайгаштырылуучу объекттин инженердик-техникалык кызматкерлерин жамааттык машыктыруу (окутуу) үчүн объекттерди даярдоо.
8. Талаа жумуштары чарба аралык аңчылык жайгаштыруу жана ички чарбалык аңчылык жайгаштыруу иштерине бөлүнөт.
9. Чарба аралык аңчылык жайгаштыруунун талаа жумуштары төмөнкүдөй жолдор менен жүргүзүлөт:
- аңчылык жайгаштыруу уюмунун жана жайгаштырылуучу объекттин инженердик-техникалык кызматкерлери менен жамааттык машыктыруу (окутуу) өткөрүү;
- топографиялык жана геодезиялык жумуштарды жүргүзүү;
- жапайы жаныбарлардын жана канаттуулардын эсебин алуу;
- убактылуу жана сезондук жумуштарга жумушчуларды жалдоо.
10. Ички чарбалык аңчылык жайгаштыруунун талаа жумуштары төмөнкүдөй жолдор менен жүргүзүлөт:
- аңчылык жайгаштыруу уюмунун жана жайгаштырылуучу объекттин инженердик-техникалык кызматкерлери менен жамааттык машыктыруу (окутуу) өткөрүү;
- топографиялык жана геодезиялык жумуштарды жүргүзүү;
- чек ара мамыларын орнотуу;
- жапайы жаныбарлардын жана канаттуулардын эсебин алуу;
- аңчылык жерлерди бонитировкалоо жана типологиялоо;
- мергенчилик чарбалардын аймактарында бөлүнгөн тармактарды түзүү;
- мергенчилик чарбанын иштеринин стратегиялык планын иштеп чыгуу үчүн керектүү материалдарды чогултуу;
- убактылуу жана сезондук жумуштарга жумушчуларды жалдоо.
11. Камералык жумуштар өзүнө төмөнкүлөрдү камтыйт:
- аңчылык жерлердин маалыматтар базасын түзүү;
- геомаалыматтык технологияларды пайдалануу менен картографиялык материалдардын санариптик моделин түзүү;
- чарба аралык аңчылык жайгаштыруунун аңчылык жайгаштыруу долбоорлорун жана ички чарбалык аңчылык жайгаштыруунун мергенчилик чарба ишинин стратегиялык планын иштеп чыгуу.
12. Даярдоочу, талаа жана камералык иштерди жүргүзүү жөнүндө нускама аңчылык жана мергенчилик чарба чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан иштелип чыгат жана бекитилет.
13. Аңчылык пайдалануучулар же башка адистешкен уюмдар тарабынан түзүлүүчү аңчылык жерлердин маалыматтар базасы жана картографиялык материалдардын санариптик моделдери аңчылык жана мергенчилик чарба чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын аңчылык жайгаштыруу уюмунун аңчылык жерлердин маалыматтар базасына жана картографиялык материалдардын санариптик моделине шайкеш келиши керек жана алар аталган аңчылык жайгаштыруу уюмунун серверинде сакталышы зарыл.
3. Чарба аралык аңчылык жайгаштыруу долбоорлорун жана ички чарбалык аңчылык жайгаштыруунун мергенчилик чарба ишинин стратегиялык планын даярдоо жана алардын мазмуну
14. Чарба аралык аңчылык жайгаштыруунун долбоору төмөнкүлөрдү камтууга тийиш:
- чек аралардын негиздемесин жана сүрөттөлүшүн;
- аңчылык жерлердин жайгашуусунун 1:300000 же 1:500000 масштабындагы карта-схемасын;
- аңчылык жерлердин жайгашуусунун 1:100000 масштабындагы картасын;
- айыл чарба жана башка иштерин жүргүзүүгө тыюу салынган мөөнөтү көрсөтүлгөн жапайы жаныбарлардын түрлөрүнүн сактоо аймактары жайгашкан 1:300000 же 1:500000 масштабындагы карта-схемасын.
15. Ички чарбалык аңчылык жайгаштыруунун мергенчилик чарба ишинин стратегиялык планы аңчылык пайдалануучу/аңчылык жана мергенчилик чарба чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын аңчылык жайгаштыруу уюму менен макулдашылат жана ал төмөнкүлөрдү камтууга тийиш:
- аңчылык жерлер жана аңчылык ресурстар жөнүндө негизги маалыматтарды;
- аңчылык ресурстарынын түрдүк курамын, санын жана абалын, мергенчилик чарбасын өнүктүрүүнүн дараметин жана максаттарын баалоону;
- негизги иштердин планын;
- 1:100000 масштабында аймактардын жайгашуусунун карта-схемасын;
- 1:100000 масштабында тематикалык карта-схемасын.
16. Чарба аралык аңчылык жайгаштыруунун долбоорун иштеп чыгуунун тартиби жөнүндө нускама жана Ички чарбалык аңчылык жайгаштыруунун мергенчилик чарба ишинин стратегиялык планын иштеп чыгуунун тартиби жөнүндө нускама аңчылык жана мергенчилик чарба чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан иштелип чыгат жана бекитилет.
17. Чарба аралык аңчылык жайгаштыруунун долбоору жана ички чарбалык аңчылык жайгаштыруунун мергенчилик чарба ишинин стратегиялык планы мамлекеттик экологиялык экспертизанын оң корутундусу болгон учурда аңчылык жана мергенчилик чарба чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан бекитилет жана мергенчилик чарба ишин жүргүзүү үчүн милдеттүү болуп саналат.
4. Аңчылык жайгаштыруу кеңешмелерин өткөрүүнүн тартиби
18. Аңчылык жайгаштырууну уюштуруу жана жүргүзүү үчүн эки аңчылык жайгаштыруу кеңешмеси өткөрүлөт: биринчиси - талаа жумуштары башталганга чейин бир айдан кечиктирбестен; экинчиси - чарба аралык аңчылык жайгаштыруунун долбоорунун жана ички чарбалык аңчылык жайгаштыруунун мергенчилик чарба ишинин стратегиялык планынын негизги бөлүктөрүн иштеп чыгуудан кийин.
19. Бул кеңешмелер аңчылык жана мергенчилик чарба чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жетекчилиги менен макулдашуу боюнча чакырылат. Аңчылык жайгаштыруу кеңешмелерин өткөрүүнүн конкреттүү датасы, катышуучулардын персоналдык курамы, керектүү материалдарды берүүнүн мөөнөтү кызыкдар тараптардын ортосунда макулдашуу боюнча белгиленет.
20. Кеңешменин катышуучулары аңчылык жайгаштыруу кеңешмелерине карата даярдалган баяндамалардын тексттери менен алдын ала тааныштырылууга тийиш.
21. Биринчи аңчылык жайгаштыруу кеңешмесинде мергенчилик чарбанын өкүлү баяндама жасайт, аңчылык жайгаштыруу уюмунан чыккан долбоордун автору кошо чыгып баяндама жасайт. Бул кеңешмеде жайгаштырылуучу объектте аңчылык жайгаштыруунун талаа жумуштарын жүргүзүүнүн өзгөчөлүктөрү аныкталат жана даярдоо жумуштарынын отчёту каралат.
22. Биринчи аңчылык жайгаштыруу кеңешмесинин жыйынтыгы боюнча кабыл алынган чечимдер аңчылык жайгаштыруу жумуштарынын сметасын жана жайгаштырылуучу объектиде аңчылык жайгаштыруу келишимин түзүүнүн негизи болот.
23. Экинчи аңчылык жайгаштыруу кеңешмесинде аңчылык жайгаштыруу уюмунан чыккан долбоордун автору, талаа жумуштарынын жетекчиси баяндамачы болот. Бул кеңешмеде талаа жумуштарынын жана камералык жумуштардын жыйынтыктары каралат. Экинчи аңчылык жайгаштыруу кеңешмесинин жыйынтыгы боюнча кабыл алынган чечимдер чарба аралык аңчылык жайгаштыруунун долбоорунун жана ички чарбалык аңчылык жайгаштыруунун мергенчилик чарба ишинин стратегиялык планынын акыркы вариантын түзүү үчүн негиз болуп эсептелет.
24. Автордук көзөмөл аңчылык жана мергенчилик чарба чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан пландаштырылат жана аңчылык жайгаштыруу мезгилинен тартып ревизиялык мөөнөтүнүн жарымы өткөн (бирок 7 жылдан кем эмес) ички чарбалык аңчылык жайгаштыруунун бардык объекттеринде жүргүзүлөт. Автордук көзөмөлдү долбоор түзгөн аңчылык жайгаштыруу уюмдары жүргүзүшөт.
25. Автордук көзөмөл аңчылык жана мергенчилик чарба чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан белгиленген тартипте жүргүзүлөт.