КР Конституциялык сотунун 2022-жылдын 18-февралындагы «Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотунун Регламентин бекитүү жөнүндө» токтому
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН Конституциялык СОТУНУН ТОКТОМУ
2022-жылдын 18-февралы
Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотунун Регламентин бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Конституциялык соту натыйжалуу ишмердикти уюштуруу максатында жана «Кыргыз Республикасынын Конституциялык соту жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 4-беренесине ылайык токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотунун Регламенти бекитилсин (1-тиркеме).
2. Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын «Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын Регламентин бекитүү жөнүндө» 2017-жылдын 9-октябрындагы №12-П токтому күчүн жоготту деп табылсын.
3. Ушул токтом кабыл алынган күндөн тартып күчүнө кирет.
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН КОНСТИТУЦИЯЛЫК СОТУ