Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 24-ноябрындагы № 622 токтомуна ылайык күчүн жоготту
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ѲКМѲТY
ТОКТОМ
2015-жылдын 16-сентябры № 640
"Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигине караштуу "Семетей" мейманканасы" мамлекеттик ишканасынын уставын бекитүү жөнүндө
(КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 27-апрелиндеги № 217, Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 24-декабрындагы № 342 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
"Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине, Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексинин 87-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. "Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигине караштуу "Семетей" мейманканасы" мамлекеттик ишканасынын уставы тиркемеге ылайык бекитилсин.
(КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 24-декабрындагы № 342 токтомунун редакциясына ылайык)
2. Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлиги бир айлык мөөнөттө:
- өзүнүн чечимдерин ушул токтомго ылайык келтирсин;
- ушул токтомдон келип чыгуучу зарыл болгон чараларды көрсүн.
3. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын коргоо, укуктук тартип жана өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнө жүктөлсүн.
4. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Премьер-министр | Т.А. Сариев |