Загрузка документа…
|
| Тиркеме |
|
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 16-сентябрындагы № 640 токтомуна |
Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигине караштуу "Семетей" мейманканасы" мамлекеттик ишканасынын уставы
(КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 24-декабрындагы № 342 токтомунун редакциясына ылайык)
1. Жалпы жоболор
1. Ушул Устав Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигине караштуу "Семетей" мейманканасы" мамлекеттик ишканасынын (мындан ары - Ишкана) укуктук абалын аныктайт.
Ишкана мамлекеттик мүлккө чарба жүргүзүү укугуна негизделген мамлекеттик ишкананын уюштуруучулук-укуктук формасында түзүлгөн өз алдынча юридикалык жак болуп саналат.
Ишкана "Кыргыз Республикасынын Коргоо иштери боюнча мамлекеттик комитетинин "Семетей" мейманканасы" мамлекеттик ишканасынын укугун улантуучу болуп эсептелет.
2. Ишкана өз ишинде Кыргыз Республикасынын Конституциясын жана мыйзамдарын, Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларын, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык күчүнө кирген эл аралык келишимдерди жана Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигинин (мындан ары - Министрлик) ведомстволук актыларын жана ушул Уставды жетекчиликке алат.
3. Ишкананын уюштуруу документи болуп Устав эсептелет. Ишкананын уюштуруучусу болуп Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети эсептелет (мындан ары - Уюштуруучу).
4. Ишкананы мамлекеттик башкаруучу орган болуп Министрлик эсептелет, ал Ишкананын ишине жалпы жетекчиликти, координациялоону жана стратегиялык пландоону жүзөгө ашырат.
5. Ишкананын толук аталышы:
- мамлекеттик тилде: "Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигине караштуу "Семетей" мейманканасы" мамлекеттик ишканасы";
- расмий тилде: "Государственное предприятие "Гостиница "Семетей" при Министерстве обороны Кыргызской Республики".
Ишкананын кыскартылган аталышы:
- мамлекеттик тилде: "Семетей" мейманканасы" МИ";
- расмий тилде "ГП "Гостиница "Семетей".
6. Ишкананын мүлкү жана кирешеси мамлекеттин менчиги болуп саналат. Ишкана толук чарбалык эсептешүү жана өзүн-өзү каржылоо принциптеринде иштейт, чарбалык келишимдерди түзүүгө, бүтүмдөрдү жасоого, мамлекеттик ишканалардын ишин жөнгө салуучу Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларында каралган мүлктүк жана жеке мүлктүк эмес укуктарга ээ болууга жана милдеттерди аткарууга, сот органдарында доогер жана жоопкер катары чыгууга укуктуу.
7. Ишкана Кыргыз Республикасынын банктарында белгиленген тартипте алыш-бериш жана башка эсептерди, анын ичинде валюталык эсептерди ачууга укуктуу.
8. Ишкана мамлекеттик жана расмий тилдердеги өзүнүн аталышы жазылган мөөргө, штамптарга, бекитилген үлгүдөгү бланктарга жана башка атрибуттарга ээ.
9. Ишкана мамлекеттин милдеттенмелери боюнча кепилдикти (гарантия) өзүнө алган учурду кошпогондо, Кыргыз Республикасынын милдеттенмелери боюнча жооп бербейт.
10. Уюштуруучу Ишкананын кирешесинин бөлүгүн алууга укуктуу.
11. Ишкана Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексинин талаптарына ылайык филиалдарды же башка өкүлчүлүктөрдү ачууга укуктуу.
12. Ишкананын юридикалык дареги: 720001, Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары, Токтогул көчөсү, 125.
13. Ишкана Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн (мындан ары - Куралдуу Күчтөр) жана мамлекеттик башкаруучу органдын аскер кызматчыларын, аскердик жана аскердик-техникалык кызматташтык маселелери боюнча иш-чараларга келген чет өлкөлүк делегацияларды жайгаштыруу ишин жүзөгө ашырат.
2. Ишкананын максаттары, милдеттери жана функциялары
14. Ишкананын ишинин негизги максаттары болуп төмөнкүлөр эсептелет:
1) улуттук коопсуздук, өлкөнүн коргонуу жөндөмдүүлүгүн коргоону камсыз кылуу менен байланышкан кызматтарды көрсөтүүдө мамлекеттин, юридикалык жана жеке жактардын муктаждыктарын канааттандыруу;
2) Ишкана тарабынан Куралдуу Күчтөрдүн жана мамлекеттик башкаруучу органдын муктаждыктары үчүн кызматтарды көрсөтүү боюнча түз мамлекеттик заказды аткаруу;
3) программаларды жана коргоо маанисиндеги социалдык багыттагы долбоорлорду ишке ашыруу;
4) юридикалык жана жеке жактарга мейманкана кызматтарын көрсөтүү.
15. Ишкананын негизги милдеттери болуп төмөнкүлөр эсептелет:
1) Куралдуу Күчтөрдүн жана мамлекеттик башкаруучу органдын кызматтык жана башка маселелер боюнча Бишкек шаарына келген аскер кызматчыларын жана жарандык персоналды жайгаштыруу;
2) аскердик жана аскердик-техникалык кызматташтык маселелери боюнча иш-чараларга келген чет өлкөлүк делегациялардын мүчөлөрүн жайгаштыруу;
3) Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарына ылайык мейманкана кызматтарын көрсөтүү.
16. Ишкананын негизги функциялары болуп төмөнкүлөр эсептелет:
1) Куралдуу Күчтөрдүн жана мамлекеттик башкаруучу органдын аскер кызматчыларын жана алардын үй-бүлө мүчөлөрүн, башка аскердик түзүмдөрдүн жана мыйзам менен аскердик кызмат каралган мамлекеттик органдардын кызматтык иш сапарларга, өргүү, көчүү, дарылануу убагында Бишкек шаарына келген аскер кызматчыларын жайгаштыруу;
2) Куралдуу Күчтөрдүн жана мамлекеттик башкаруучу органдын жарандык персоналынын арасынан кызматтык иш сапарларга, өргүү, көчүү, дарылануу убагында Бишкек шаарына келген кызматкерлерин жайгаштыруу;
3) эл аралык аскердик жана аскердик-техникалык кызматташтык маселелери боюнча келген чет өлкөлүк делегациялардын мүчөлөрүн жайгаштыруу;
4) Куралдуу Күчтөрдүн жана мамлекеттик башкаруучу органдын программаларынын жана пландарынын алкагында келген чет өлкөлүк делегациялардын мүчөлөрүн жайгаштыруу;
5) Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарына ылайык жеке жана юридикалык жактарга мейманкана кызматтарын көрсөтүү;
6) коомдук тамактануу кызматтарын көрсөтүү;
7) калкты турмуш-тиричиликтик тейлөө кызматтарын көрсөтүү.
3. Ишкананын укуктары жана милдеттери
17. Ишкана өзүнүн ушул Уставда аныкталган милдеттерин жана функцияларын жүзөгө ашыруу үчүн төмөнкүлөргө укуктуу:
1) Кыргыз Республикасынын жарандык жана мамлекеттик сатып алуулар чөйрөсүндөгү мыйзамдарына ылайык зарыл болгон товарларды, жумуштарды жана кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алууга;
2) өзүнүн функцияларын ишке ашыруу үчүн Уюштуруучунун макулдугу менен эл аралык финансылык жана башка уюмдардын гранттарын жана каражаттарын тартууга;
3) обочолонгон мүлккө ээ болууга, өзүнүн атынан мүлктүк жана мүлктүк эмес укуктарга, материалдык жана материалдык эмес активдерге ээ болууга жана милдеттерди аткарууга, соттордо доогер жана жоопкер болууга;
4) юридикалык жана жеке жактар менен келишимдерди түзүүгө;
5) Кыргыз Республикасынын эмгек жана жарандык мыйзамдарына ылайык эмгек келишимдеринин, мөөнөттүү эмгек келишимдеринин жана башка жарандык-укуктук келишимдердин негизинде Ишканада иштерди аткаруу үчүн жеке адамдарды ишке тартууга;
6) Ишкананын кызматкерлерин иш сапарларга, анын ичинде чет өлкөлөргө, ошондой эле эл аралык конференцияларга, семинарларга, көргөзмөлөргө катышуу үчүн жиберүүгө;
7) эл аралык уюмдар менен өз ара аракеттенүүнү жана кызматташтыкты жүзөгө ашырууга;
8) Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарына ылайык Уюштуруучунун макулдугу менен келишимдик негизде чарба жүргүзүү укугунда Ишканага таандык болгон жабдууларды, транспорт каражаттарын, инвентарды жана башка материалдык баалуулуктарды юридикалык жана жеке жактарга берүүгө, ижарага берүүгө;
9) белгиленген тартипте Ишкананын кызматкерлерине консультация берүү, окутуу жана башка максаттар үчүн Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарында белгиленген тартипте тараптардын макулдугу боюнча акы төлөө менен адистерди тартууга;
10) Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарына ылайык башка юридикалык жактар, анын ичинде чет өлкөлүк жана жеке жактар менен чарбалык келишимдерди өз алдынча түзүүгө;
11) мамлекеттик башкаруучу орган менен макулдашуу боюнча Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарына ылайык тышкы экономикалык ишти жүзөгө ашырууга;
12) Кыргыз Республикасынын эмгек мыйзамдарына ылайык Ишкананын кызматкерлерин өз алдынча жумушка кабыл алууга жана бошотууга, эмгек акы төлөөнүн өлчөмүн, жумуштун сменасын белгилөөгө, жумуш убактысынын суммаланган эсебин киргизүү жөнүндө чечим кабыл алууга, дем алыш күндөрүн жана өргүүлөрдү берүү тартибин белгилөөгө;
13) Ишкананын кызматкерлери үчүн Кыргыз Республикасынын эмгек мыйзамдарына ылайык кошумча өргүүлөрдү, кыскартылган жумуш күнүн жана башка социалдык жеңилдиктерди белгилөөгө;
14) Кыргыз Республикасынын аймагында мамлекеттик юридикалык жактарды, филиалдарды (өкүлчүлүктөрдү) каттоо жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык зарыл болгон учурда Ишкананын ишин жүргүзүү үчүн зарыл болгон филиалдарды (өкүлчүлүктөрдү) түзүүгө;
15) Ишкананын уставдык максаттарына жана милдеттерине ылайык ишти камсыз кылуу үчүн башка укуктарды жүзөгө ашырууга.
18. Ишкана ушул Устав менен аныкталган өзүнүн максаттарына жетүү жана өзүнүн милдеттерин жана функцияларын жүзөгө ашыруу үчүн төмөнкүлөргө милдеттүү:
1) Ишкана жумуштарын аткарган жана кызматтарды көрсөткөн мамлекеттик органдар жана өз алдынча башкаруу органдары, юридикалык жана жеке жактар менен түзүлгөн келишимдер боюнча милдеттенмелерди так аткарууга;
2) Ишкананын кызматкерлери аткаруучу жумуштарды Кыргыз Республикасынын эмгек мыйзамдарына ылайык Ишкананын жеке каражаттарынын эсебинен каржылоону камсыз кылууга;
3) Ишкананын кызматкерлерине эмгектин коопсуз шарттарын камсыз кылууга жана алардын ден соолугуна, эмгекке жөндөмдүүлүгүнө келтирген зыян (залал) үчүн Кыргыз Республикасынын эмгек мыйзамдарында каралган тартипте жоопкерчилик тартууга;
4) Ишкананын кызматкерлерин социалдык, медициналык жана башка милдеттүү камсыздандыруунун түрлөрү менен камсыздоого
5) ыйгарым укуктуу органдарга Ишкананын зарыл болгон отчетторун өз убагында берүүгө, Кыргыз Республикасынын бюджеттик жана салык мыйзамдарында, мамлекеттик ишканалардын ишин жөнгө салуучу Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларында аныкталган тартипте жана өлчөмдөрдө салыктарды жана бардык милдеттүү төлөмдөрдү төлөөгө;
6) чарба жүргүзүүгө берилген мамлекеттик мүлктүн сакталышын камсыз кылууга;
7) коммерциялык уюмдар үчүн товарлардын, жумуштардын жана кызмат көрсөтүүлөрдүн наркын кошпогондо, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан белгиленген тартипте монополияга каршы жөнгө салуу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган тарабынан белгиленген товарлардын, жумуштардын жана кызмат көрсөтүүлөрдүн наркын жетекчиликке алууга.
19. Ишкананын кызматкерлери мамлекеттик, кызматтык жана мыйзам менен корголуучу башка сырларды, анын ичинде Ишканада ишин токтоткондон кийин да Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сырларды жана жеке мүнөздөгү маалыматтарды коргоо жөнүндө мыйзамдарында белгиленген мөөнөт ичинде сактоого, кызматтык милдеттерин аткарууда алынган жарандардын жеке жашоосуна, ар-намысына жана кадыр-баркына катыштуу маалыматтарды сактоого милдеттүү.
4. Мамлекеттик башкаруучу органдын компетенциясы
20. Мамлекеттик башкаруучу органдын компетенциясына төмөнкүлөр кирет:
1) Уставга өзгөртүүлөрдү киргизүү же Уставды жаңы редакцияда бекитүү боюнча сунуштарды даярдоо;
2) уюштуруучуга Ишкананы кайра уюштуруу жана жоюу тууралуу сунуштарды киргизүү;
3) Ишкананын стратегиялык өнүктүрүү планын бекитүү;
4) Ишкананын жылдык бюджетинин долбоорун макулдашуу;
5) Ишкананын финансылык-чарбалык ишинин натыйжалуулугунун тармактык көрсөткүчтөрүн иштеп чыгуу жана бекитүү;
6) Ишкананын стратегиялык өнүктүрүү планын ишке ашырууну талдоо жана мониторинг жүргүзүү;
7) Ишкананын директору кызмат ордуна талапкерлер үчүн квалификациялык талаптарды бекитүү;
8) мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органга кийин Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасына сунуштоо үчүн Ишкананын директору кызмат ордуна талапкерлерди киргизүү;
9) Ишкананын фонддордун, коммерциялык эмес уюмдардын жана (же) коммерциялык юридикалык жактардын ассоциацияларынын (союздарынын) ишине катышуусун (мүчөлүгүн) макулдашуу;
10) Ишкананын түзүмүн жана штаттык ырааттамасын андан ары мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органга макулдашууга жөнөтүү үчүн макулдашуу;
11) мамлекеттик ишканалардын иши чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган башка маселелерди чечүү.
21. Мамлекеттик башкаруучу орган төмөнкүлөргө укуктуу:
1) Ишканага тейлеген иш чөйрөлөрүндөгү тармактык саясат маселелерине тиешелүү көрсөтмөлөрдү берүүгө;
2) Ишканадан финансылык-чарбалык иши жөнүндө маалыматтарды, финансылык (бухгалтердик) отчеттуулук документтерин, ошондой эле Ишкананын финансылык-чарбалык ишине жана стратегиялык өнүктүрүү планына талдоо жүргүзүү үчүн зарыл болгон материалдарды, маалыматтарды жана түшүндүрмөлөрдү суроого жана алууга;
3) Ишкананын компетенциясына кирген маселелерди чечүү үчүн анын аймагына барууга;
4) Ишкананын жетектөөчү курамынын отчетторун угууга;
5) мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органга Ишкананын директорун кызмат ордунан бошотуу, ага тартиптик жаза жана сыйлоо чараларын колдонуу жөнүндө сунуштарды киргизүүгө.
Мамлекеттик башкаруучу орган мамлекеттик ишканалардын иши чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана ушул Уставга ылайык башка укуктарга ээ.
22. Мамлекеттик башкаруучу орган төмөнкүлөргө милдеттүү:
1) Ишкананын башкаруучу органдарын өз убагында түзүүнү камсыз кылууга;
2) Ишкананын ишине байланышкан Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларын демилгелөөнү жана илгерилетүүнү камсыз кылууга:
3) укук коргоо органдарына Ишкананын директору жана кызматкерлери тарабынан ага белгилүү болгон Кыргыз Республикасынын кылмыш-жаза мыйзамдарын бузуу фактылары жөнүндө маалымдоого;
4) коммерциялык же мыйзам тарабынан корголуучу башка сыр болуп саналган Ишкананын иши жөнүндө маалыматты үчүнчү жактарга ачыкка чыгарбоого;
5) ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдардын суроо-талабы боюнча белгиленген тартипте Ишкананын иши жөнүндө маалыматтарды берүүгө.
Мамлекеттик башкаруучу орган мамлекеттик ишканалардын иши чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында жана ушул Уставда каралган башка милдеттерди да аткарат.
5. Ишкананы башкаруу
23. Ишкананы башкарууну Ишкананын директору жүзөгө ашырат.
24. Ишкананын директору Ишкананын жетекчиси кызмат ордуна квалификациялык талаптарга ылайык келген, мамлекеттик башкаруучу орган сунуштаган адамдардын арасынан, мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын сунушу боюнча Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы тарабынан дайындалат.
25. Ишкананын жетекчиси кызмат ордуна дайындалган директор мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын жетекчиси менен үч жылдык мөөнөткө эмгек келишимин түзөт.
Ишкананын директору эмгек келишимин түзгөндөн кийин өзүнүн кызматтык милдеттерин аткарууга киришет.
Ишкананын директору мамлекеттик башкаруучу орган менен макулдашылган мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын сунушу боюнча Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы тарабынан кызмат ордунан бошотулат.
26. Ишкананын директору төмөнкү учурларда ээлеген кызматынан мөөнөтүнөн мурда бошотулушу мүмкүн:
1) ишине канааттандырарлык эмес деген баа алганда жана Ишкананын жылдык финансылык-чарбалык ишинин жыйынтыгы тууралуу отчётту кароонун натыйжасы боюнча;
2) иштин натыйжалуулугунун негизги көрсөткүчтөрү аткарылбаганда;
3) эмгек келишими боюнча милдеттерин аткарбаганда же талаптагыдай эмес аткарганда;
4) Ишкананын финансылык-чарбалык ишинин көрсөткүчтөрүнүн начарлашына алып келген квалификациялуу эмес аракеттери үчүн;
5) Кыргыз Республикасынын эмгек мыйзамдарында каралган башка негиздер боюнча.
27. Ишкананын директорунун компетенциясына төмөнкүлөр кирет:
1) Ишкананын учурдагы финансылык-чарбалык ишин башкаруу;
2) Ишкананын стратегиялык өнүктүрүү планын (бизнес планды) ишке ашыруу;
3) келерки жылга Ишкананын бюджетинин долбоорун жана өткөн жылдын бюджетинин аткарылышы жөнүндө отчетту мамлекеттик башкаруучу органга макулдашууга жана андан ары бекитүүгө мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органга киргизүү;
4) финансылык-чарбалык иш жана стратегиялык өнүктүрүү планынын аткарылышы жөнүндө кварталдык жана жылдык отчётторду даярдоо жана берүү;
5) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин жана мамлекеттик башкаруучу органдын тармактык саясат маселелери боюнча ведомстволук актыларын аткарууну уюштуруу;
6) мамлекеттик башкаруучу орган жана мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган менен макулдашуу боюнча Ишкананын түзүмүн жана штаттык ырааттамасын бекитүү;
7) эмгек акы төлөө фондун кошкондо, кызматкерлерди жалдоо жана иштен бошотуу шарттарын бекитүү;
8) кызматкерлердин ишинин натыйжалуулугунун негизги көрсөткүчтөрүн бекитүү;
9) Ишкананын уюштуруу-тескөөчү документтерин бекитүү;
10) бухгалтердик жана статистикалык эсепке алууну уюштуруу;
11) ушул Уставга ылайык башка маселелер боюнча чечимдерди кабыл алуу.
28. Директор төмөнкүлөргө укуктуу:
1) мамлекеттик башкаруучу органга жана мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органга алардын компетенциясына кирген маселелер боюнча сунуштар жана сунуштамалар менен кайрылууга;
2) Ишкананын максаттарына жана милдеттерине, Уставына жана стратегиялык өнүктүрүү планына ылайык жарандык-укуктук бүтүмдөрдү түзүүгө;
3) Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарында жана ушул Уставда каралган тартипте Ишкананын мүлкүн тескөөгө;
4) Ишкананын алдындагы максаттарын жана милдеттерин ишке ашыруунун алкагында мамлекеттик органдардан, ишканалардан, мекемелерден жана уюмдардан белгиленген тартипте зарыл болгон маалыматтарды суроого жана алууга;
5) Кыргыз Республикасынын бардык мамлекеттик органдарында жана уюмдарында сот органдарында Ишкананын кызыкчылыгын билдирүүгө;
6) Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарында каралган келишимдерди түзүүгө;
7) банктарда алыш бериш эсептерин жана башка эсептерди ачууга, банктык жана финансылык документтерге кол коюуга жана ишеним каттарды берүүгө.
Ишкананын директору мамлекеттик ишканалардын иши чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана ушул Уставга ылайык башка укуктарга ээ.
29. Директору төмөнкүлөргө милдеттүү:
1) мамлекеттик башкаруучу органдын, мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын суроо-талабы боюнча Ишкананын финансылык-чарбалык иши жөнүндө маалыматты, отчётторду, (финансылык (бухгалтердик) отчёттуулук документтерин, ошондой эле Ишкананын финансылык-чарбалык ишине жана стратегиялык өнүктүрүү планына талдоо жүргүзүү үчүн зарыл болгон башка материалдарды, маалыматтарды, сунуштамаларды жана түшүндүрмөлөрдү берүүгө;
2) чечим кабыл алууну талап кылган маселелерди мамлекеттик башкаруучу органдын кароосуна киргизүүгө, ошондой эле аны Ишкананын кайсы болбосун иш чөйрөсүнө байланышкан бардык зарыл маалыматтар жана документтер менен камсыз кылууга;
3) Ишкананын кызматкерлеринин эмгегин коргоону камсыз кылууга;
4) укук коргоо органдарына Ишкананын кызматкерлери тарабынан ага белгилүү болгон Кыргыз Республикасынын кылмыш-жаза мыйзамдарын бузуу фактылары тууралуу маалымдоого;
5) коммерциялык же мыйзам менен корголуучу башка сыр болуп саналган Ишкананын иши жөнүндө маалыматтарды үчүнчү жактарга ачыкка чыгарбоого;
6) ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдардын суроо-талабы боюнча Ишкананын иши жөнүндө маалыматты белгиленген тартипте берүүгө.
Ишкананын директору мамлекеттик ишканалардын иши чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында жана ушул Уставда каралган башка милдеттерди аткарат.
30. Ишкананын директорунун чечимдери буйрук формасында кабыл алынат.
31. Ишкананын директору:
1) Ишкананын атынан ишеним камсыз иштейт;
2) Кыргыз Республикасынын мамлекеттик бийлик органдарында жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында, ишканаларында жана мекемелеринде Ишкананын кызыкчылыгын билдирет;
3) Кыргыз Республикасынын эмгек мыйзамдарына ылайык Ишкананын кызматкерлерин кызмат ордуна дайындайт жана кызмат ордунан бошотот;
4) Ишкананын кызматкерлерине сыйлоо жана тартиптик жаза чараларын көрөт;
5) кызматтык нускамаларды, иштөө режимин, эмгек акы төлөө жана Ишкананын кызматкерлерин сыйлоо жөнүндө жоболорду бекитет;
6) компетенциясынын алкагында Ишкананын бардык кызматкерлери үчүн аткарууга милдеттүү болгон буйруктарды чыгарат, алардын аткарылышын контролдойт;
7) Ишкананын жана мамлекеттик башкаруучу органдын кызматкерлерине ишеним каттарды берет;
8) Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарында жана ушул Уставда каралган ыйгарым укуктарынын чегинде Ишкананын финансылык каражаттарын, мүлкүн жана башка активдерин тескейт;
9) Ишкананын финансылык (бухгалтердик) отчёттуулугунун абалы, финансылык каражаттарын, мүлкүн жана башка активдерин максаттуу пайдалануу, өндүрүштө коопсуздук техникасын сактоо үчүн жеке жоопкерчилик тартат;
10) мамлекеттик ишканалардын иши чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана ушул Уставга ылайык башка ыйгарым укуктарды жүзөгө ашырат.
32. Ишкананын директору жүктөлгөн функциялык милдеттердин талаптагыдай аткарылышы үчүн жеке жоопкерчилик тартат.
33. Ишканада, Ишкананын директорунун бир орун басарынын кызмат орду каралган. Ишкананын директорунун орун басары Ишкананын директорунун сунушу боюнча мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган тарабынан дайындалат.
34. Ишкананын директорунун орун басары мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган менен эмгек келишимин түзөт.
35. Ишкананын директору кызмат ордунан мөөнөтүнөн мурда бошотулган учурда бош кызмат орду ээленгенге чейин анын милдеттерин аткаруу Кыргыз Республикасынын эмгек мыйзамдарына ылайык директордун орун басарына же Ишкананын кызматкерлеринин бирине жүктөлөт.
36. Ишкананын башкы бухгалтери Ишкананын директору тарабынан кызмат ордуна дайындалат жана кызмат ордунан бошотулат, түздөн-түз директорго баш иет.
37. Мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган Ишканада ички аудит кызматын түзүү жөнүндө чечим кабыл алууга укуктуу.
38. Мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган мамлекеттик ишканалардын иши чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында жана ушул Уставда каралган башка укуктарга ээ.
39. Ишкананын башка уюмдар, жалданма жумушчулар, чарбалык иштин бардык чөйрөлөрүндөгү жарандар менен болгон мамилелери келишимдердин негизинде түзүлөт.
6. Ишкананын жетекчилик курамы
40. Ишкананын жетекчилик курамына төмөнкүлөр кирет:
1) директор, директордун орун басары;
2) башкы бухгалтер.
41. Ишкананын жетекчилик курамына кирген адамдар өздөрүнүн укуктарын жүзөгө ашырууда жана милдеттерин аткарууда Ишкананын уставдык максаттарына жана милдеттерине ылайык мамлекеттин кызыкчылыгы үчүн аракеттенүүгө тийиш.
Жетекчилик курамга кирген адамдар мамлекеттик, коммерциялык же мыйзам менен корголуучу башка сыр болуп саналган Ишкананын иши жөнүндө маалыматтын купуялуулугун сактоого милдеттүү.
42. Ишкананын жетекчилик курамына төмөнкүлөр кире алышпайт:
1) чет өлкөлүк жарандар, жарандыгы жок адамдар, кош жарандуулугу бар адамдар, ошондой эле чет мамлекетте жашап турууга уруксаты бар Кыргыз Республикасынын жарандары;
2) менчикке жана экономикалык ишти жүргүзүү тартибине каршы кылмыштар, мамлекеттик жана муниципалдык кызматтын кызыкчылыктарына каршы коррупциялык же башка кылмыштар үчүн соттолгон жактар, анын ичинде соттуулугу жоюлгандар;
3) канааттандырарлык эмес иши үчүн уюмдун жетекчиси кызмат ордунан мурда бошотулгандар;
4) менчигинин түрүнө карабастан чарбалык субъектте мурда жетектөөчү кызмат ордун ээлеп, аны банкроттукка алып келгендер;
5) мамлекеттик, административдик, саясий, атайын кызмат орундарын, саясий жана административдик муниципалдык кызмат ордун ээлегендер.
Ишкананын жетекчилик курамына кирген адамдар кызмат ордун ээлеп турган мезгилде бир эле убакта жеке өзү же ишенимдүү адамдары аркылуу ишкердик жүргүзүүгө, уюштуруучулук-укуктук жана менчигинин түрүнө карабастан коммерциялык юридикалык жактарды башкарууга катышууга укуксуз.
7. Эсепке алуу, пландоо, отчеттуулук
43. Ишкана финансылык-чарбалык ишти стратегиялык өнүктүрүү планына жана анын негизинде иштелип чыккан жылдык бюджетке ылайык жүргүзөт.
Стратегиялык өнүктүрүү планы Ишкана тарабынан үч жылдык мезгилге иштелип чыгат жана мамлекеттик башкаруучу орган тарабынан бекитилет.
44. Ишкананын стратегиялык өнүктүрүү планы төмөнкүлөрдү камтууга тийиш:
1) Ишкананын ишинин максаттарын жана негизги багыттарын;
2) тармакты жана рынокту сыпаттоону, Ишкананын өндүргөн товарларынын (жумуш, кызмат көрсөтүү) мүнөздөмөсүн;
3) Ишкана өндүргөн товарлардын (жумуштардын, кызмат көрсөтүүлөрдүн) рыногунда мамлекеттин катышуусунун зарылдыгын негиздөөнү;
4) Ишкананын финансылык жана мүлктүк абалын баалоону;
5) товарларды (жумуштарды, кызмат көрсөтүүлөрдү) өндүрүү планын;
6) уюштуруу планын;
7) финансылык планын;
8) тобокелдиктерди талдоону.
45. Ишкананын пландарынын негизин узак мөөнөттүү жана Ишкананын жеткирүүчүлөр, ижарачылар жана керектөөчүлөр менен мамилелерин жөнгө салуучу башка келишимдер түзөт.
46. Ишкана келишимдин предметин, милдеттенмелерди, Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарына каршы келбеген чарбалык өз ара мамилелердин бардык башка шарттарын аныктоону эркин тандоого укуктуу.
47. Ишкана Кыргыз Республикасынын бухгалтердик эсеп жөнүндө мыйзамдарына ылайык бухгалтердик эсепти жүргүзөт жана финансылык отчетторду түзөт. Ишкананын финансылык отчету кварталдык негизде жана ар бир финансылык жылдын жыйынтыгы боюнча түзүлүүгө тийиш.
48. Ишкана квартал сайын, отчеттук мезгилден кийинки экинчи айдын 25ине чейин бюджеттин аткарылышынын жүрүшү жана финансылык-чарбалык иштин жыйынтыктары жөнүндө отчетторду төмөнкүлөргө берет:
1) ички аудиторго (ички аудит кызматы Ишкананын уюштуруу түзүмүндө болгон учурда);
2) мамлекеттик башкаруучу органга;
3) мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органга.
49. Жыл сайын, 1-мартка чейинки мөөнөттө Ишкананын директору мамлекеттик мүлк чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органга мамлекеттик башкаруучу орган менен макулдашылган Ишкананын келерки жылга бюджетинин долбоорун жана финансылык-чарбалык ишинин жыйынтыктары, анын ичинде өткөн жылдагы бюджеттин аткарылышы тууралуу отчетту киргизет.
50. Ишкана компетенттүү мамлекеттик органдарга салык салуу жана экономикалык маалыматтарды жыйноо жана иштеп чыгуу үчүн жалпы мамлекеттик системаны уюштуруу үчүн зарыл болгон маалыматтарды берет.
51. Маалыматка жетүү чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте суроо-талап кылынган маалыматты берүүдөн баш тартуу, толук эмес маалымат берүү же аны бурмалоо, ошондой эле отчетту бурмалоо үчүн Ишкананын директору Кыргыз Республикасынын кылмыш-жаза мыйзамдарына ылайык жеке жоопкерчилик тартат.
52. Ишкананын ишин текшерүү Кыргыз Республикасынын тийиштүү мамлекеттик органдары тарабынан алардын компетенциясынын чегинде жүргүзүлөт.
8. Ишкананын мүлкү жана финансы каражаттары
53. Ишкана мамлекеттик мүлккө чарба жүргүзүү укугуна негизделген жана ага бекитилген мүлккө менчик укугу берилбейт. Мүлктү пайдалануунун негизи болуп Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарында каралган эрежелерди жана жол-жоболорду сактоо менен мамлекеттик менчик болуп саналган жана Ишкананын балансына өткөрүлүп берилген кыймылсыз мүлккө, негизги каражаттарга жана башка мүлккө чарба жүргүзүү укугу саналат.
54. Ишкананын мүлкүн негизги фонддор жана жүгүртүүдөгү каражаттар, ошондой эле наркы Ишкананын өз алдынча балансында чагылдырылган башка материалдык баалуулуктар түзөт.
55. Ишкананын мүлкүн түзүү булактары болуп төмөнкүлөр саналат:
1) чарба жүргүзүү укугуна негизделген Ишканага бекитилип берилген мүлк;
2) бекитилип берилген мамлекеттик мүлктү пайдалануунун жыйынтыгында алынган мүлк, анын ичинде кирешелер, натыйжалар, продукциялар;
3) чарбалык иштин натыйжасында алынган кирешелер;
4) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында тыюу салынбаган бардык башка булактар.
56. Ишкана тарабынан жаңыдан түзүлгөн, өзүнүн финансылык-чарбалык ишинен түшкөн кирешенин эсебинен алынган же сатып алынган же Кыргыз Республикасынын жарандык жана кылмыш-жаза мыйзамдарында тыюу салынбаган башка булактардан алынган мүлк мамлекеттик менчик болуп саналат.
Ишкана уставдык максаттарга жана иш предметине ылайык Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарында белгиленген тартипте мүлккө ээлик кылуу, пайдалануу жана тескөө (ижарага берүү) укуктарын жүзөгө ашырат.
57. Ишкананын мүлкүн ээликтен ажыратуу, ошондой эле аны чарбалык шериктештиктердин жана коомдордун уставдык капиталына салым катары кошуу мамлекеттик мүлктү менчиктештирүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жүргүзүлөт.
58. Ишкана өзүнүн мүлкүн инвентаризациялоого жана инвентаризациянын жыйынтыктарын мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган тарабынан белгиленген мөөнөттө жана тартипте берүүгө милдеттүү.
59. Ишкана жылдык финансы-чарбалык иштин жыйынтыгы боюнча мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын алыш-бериш эсебине, таза кирешенин бөлүгүнүн алар бекиткен өлчөмүн, бирок 50 пайыздан кем эмесин, кийин республикалык бюджетке, отчеттук мезгилден кийинки жылдын 1-апрелине чейинки мөөнөттө жиберүү менен которот.
9. Ишкананы кайра уюштуруу жана жоюу
60. Ишкананы кайра уюштуруу бириктирүү, кошуу, ажыратуу, бөлүү же өзгөртүп түзүү формасында жүзөгө ашырылат.
Ишкананы бириктирүү, кошуу, ажыратуу же бөлүү түрүндө кайра түзүү жөнүндө чечим мамлекеттик башкаруучу органдын же мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын сунушу боюнча Уюштуруучу тарабынан кабыл алынат.
61. Ишкана төмөнкүдөй жоюлат:
1) мамлекеттик башкаруучу органдын же мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын демилгеси боюнча;
2) соттун чечиминин негизинде.
62. Ишкананы жоюу үчүн мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын чечими менен жоюлуп жаткан Ишкананын, мамлекеттик башкаруучу органдын, мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын жана зарыл болгон учурда башка мамлекеттик органдардын өкүлдөрүнүн арасынан жоюу комиссиясы түзүлөт. Жоюу комиссиясын жоюлуп жаткан Ишкананын жетекчиси башкарат.
Жоюу комиссиясы дайындалган учурдан тартып ал Ишкананын ишин башкаруу жана анын мүлкүн тескөө боюнча ыйгарым укуктарга ээ болот.
63. Ишкананын иш процессинде пайда болгон документтер "Кыргыз Республикасынын улуттук архив фонду жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык пайдаланылат жана сакталат.