Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ѲКМѲТY
ТОКТОМ
2015-жылдын 22-сентябры № 656
Башкаруучу компаниянын уюштуруучуларынын, акционерлеринин (катышуучуларынын) түзүмү жана курамы жөнүндө маалыматтарды берүүнүн тартибин бекитүү тууралуу
Топтолмо пенсиялык фонддордун ишин жөнгө салуучу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын өркүндөтүү максатында, "Кыргыз Республикасында мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча пенсиянын топтоо бөлүгүн каржылоо үчүн каражаттарды инвестициялоо жөнүндө" жана "Кыргыз Республикасындагы топтолмо пенсиялык фонддор жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Башкаруучу компаниянын уюштуруучуларынын, акционерлеринин (катышуучуларынын) түзүмү жана курамы жөнүндө маалыматтарды берүүнүн тартиби тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Пенсиялык топтолмо каражаттарды ишенимдүү башкарууну жүзөгө ашыруучу башкаруучу компаниялар уюштуруучулардын, акционерлердин (катышуучулардын) түзүмү жана курамы жөнүндө маалыматтарды ушул токтом күчүнө кирген күндөн тартып отуз күндүн ичинде ачыкка чыгарат.
3. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Премьер-министр | Т.А. Сариев |