Загрузка документа…
Тиркеме
|
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 22-сентябрындагы № 656 токтому менен бекитилген |
Башкаруучу компаниянын уюштуруучуларынын, акционерлеринин (катышуучуларынын) түзүмү жана курамы жөнүндө маалыматтарды берүүнүн ТАРТИБИ
1. Ушул Тартип топтолмо пенсиялык фонддор менен түзүлгөн келишимдин негизинде пенсиялык топтолмо каражаттарды ишенимдүү башкарууну жүзөгө ашырган башкаруучу компаниянын (мындан ары - башкаруучу компания) уюштуруучуларынын, акционерлеринин (катышуучуларынын) түзүмү жана курамы жөнүндө маалыматтарды берүүнүн формасына жана мөөнөттөрүнө талаптарды белгилейт.
2. Башкаруучу компания ушул Тартиптин тиркемесине ылайык формада уюштуруучулардын, акционерлердин (катышуучулардын) түзүмү жана курамы жөнүндө маалыматтарды Интернет желесинде жарыялоо жана электрондук түрдө финансы рыногун көзөмөлдөө жана жөнгө салуу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга аны берүү жолу менен башкаруучу компаниянын жетекчисинин колу жана башкаруучу компаниянын мөөрү менен ырасталып, кагазга жазылган документти дагы жиберүү аркылуу ачыкка чыгарат.
3. Башкаруучу компания уюштуруучулардын, акционерлердин (катышуучулардын) түзүмү жана курамы жөнүндө маалыматтарды төмөнкүдөй мөөнөттөрдө жана учурларда ачыкка чыгарат:
- пенсиялык топтолмо фонд менен келишим түзгөн күндөн тартып 30 күндүн ичинде;
- уюштуруучулардын, акционерлердин (катышуучулардын) түзүмү жана курамы өзгөрүлгөн күндөн тартып 10 күндүн ичинде.
4. Ушул Тартипке ылайык ачылып берилүүчү башкаруучу компаниянын уюштуруучуларынын, акционерлеринин (катышуучуларынын) түзүмү жана курамы жөнүндө маалымат пенсиялык топтолмо каражаттарды ишенимдүү башкаруу келишими колдонулган бардык мөөнөттүн ичинде Интернет желесинде жеткиликтүү болууга тийиш.
5. Ушул эрежеге ылайык Интернет желесине жарыялана турган маалыматтар башкаруучу компаниянын Интернет желесиндеги баракчаларына жана финансы рыногун көзөмөлдөө жана жөнгө салуу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын расмий сайтында жарыяланууга тийиш.
6. Башкаруучу компания аталган маалыматтарга эркин кирүүнү камсыз кылууга, ошондой эле ачыкка чыгарылуучу маалыматтар жайгаштырылган Интернет желесинин барактарынын дарегин бардык кызыкдар жактардын талаптары боюнча билдирүүгө милдеттүү.
|
| Башкаруучу компаниянын уюштуруучуларынын, акционерлеринин (катышуучуларынын) түзүмү жана курамы жөнүндө маалыматтарды берүүнүн тартибине тиркеме |
Башкаруучу компаниянын уюштуруучуларынын, акционерлеринин (катышуучуларынын) түзүмү жана курамы жөнүндө МААЛЫМАТ
20__-жылдын ______________ карата
(дата)
_________________________________________________________________
(башкаруучу компаниянын толук аталышы)
№ | Жеке жак үчүн уюштуруучунун, акционердин (катышуучунун) толук аталышы - аты-жөнү | Жеке/юридикалык жактын дареги (жайгашкан жери) | Юридикалык жактын мамлекеттик каттоо жөнүндө күбөлүгүнүн датасы жана номери | Юридикалык жактын аталышына, уюштуруучулук-укуктук формасына киргизилген акыркы өзгөртүүлөр жөнүндө маалыматтар | Уставдык капиталдагы уюштуруучунун, акционердин (катышуучунун) үлүшү | |
Номиналдык наркы боюнча | Уставдык капиталдын чоңдугунан пайыз менен | |||||
|
|
|
|
|
|
|