Загрузка документа…
Тиркеме
|
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 21-сентябрындагы № 655 токтому менен бекитилген |
Кыргыз Республикасында жана анын чегинен тышкары алкоголдук жана тамеки буюмдарына акциздик маркаларды даярдоо жана жеткирүү боюнча кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алуу ТАРТИБИ
1. Жалпы жоболор
1. Ушул Тартиптин максаты Кыргыз Республикасы үчүн мыйзамдуу, ачык-айкын жана экономикалык пайдалуу мамлекеттик сатып алууларды жүргүзүү болуп саналат.
2. Сатып алуучу уюм өз иштеринде "Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын, Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларын жана ушул Тартипти жетекчиликке алышат.
2. Конкурстук комиссияны түзүү тартиби
3. Сатып алуучу уюм өзүнүн буйругу менен Кыргыз Республикасында жана анын чегинен тышкары алкоголдук жана тамеки буюмдарына акциздик маркаларды даярдоо жана жеткирүү боюнча кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алуу жол-жоболорун өткөрүү үчүн конкурстук комиссияны (мындан ары - комиссия) түзөт, жоёт, комиссиянын курамын бекитет жана анын курамынан мүчөлөрдү чыгарат.
4. Ар бир өткөрүлгөн конкурска жаңы комиссия түзүлөт.
5. Комиссиянын курамы Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын өкүлүн милдеттүү түрдө курамга киргизүү менен сатып алуучу уюм тарабынан аныкталат. Комиссиянын төрагасы сатып алуучу уюмдун өкүлү, төраганын орун басары Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын өкүлү болот.
6. Комиссиянын курамына комиссиянын ишине катышуу үчүн расмий чакырылган башка мамлекеттик же коомдук уюмдардын өкүлдөрү кириши мүмкүн.
7. Мамлекеттик кызматчылар комиссиянын ишине катышууга акысыз негизде тартылат.
8. "Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6-беренесине ылайык комиссия мүчөлөрү кызыкчылыктардын кагылышуусуна жол бербеши керек. Комиссия мүчөлөрүндө кызыкчылыктардын кагылышуусу болгон учурда, аларды комиссиянын курамынан дароо чыгаруу жана башка адамдар менен алмаштыруу керек.
9. Комиссиянын курамында мамлекеттик сатып алуулар жаатында тиешелүү сертификаты бар бир адис болууга тийиш.
10. Комиссия түзүлгөн учурдан тартып келишим түзүлгөнгө чейин иштейт.
11. Комиссиянын төрагасы комиссиянын ишин уюштурууга жооптуу болот.
3. Комиссиянын негизги милдеттери жана функциялары
12. Комиссиянын негизги милдеттери болуп төмөнкүлөр саналат:
- сатып алуунун максималдуу үнөмдүүлүгүн жана натыйжалуулугун камсыздоо;
- сатып алууларды ишке ашыруу жол-жоболорундагы катышууларды кеңейтүү жана берүүчүлөрдүн (подрядчылар) ортосунда атаандаштыкты өнүктүрүү;
- конкурстук тооруктарга катышкан бардык берүүчүлөргө (подрядчыларга) карата адилет мамилени камсыз кылуу;
- сатып алуу жол-жоболорунун калыстыгын жана ачыктыгын камсыз кылуу;
- болуучу конкурс жөнүндө кулактандыруунун жарыяланышын камсыз кылуу.
13. Комиссиянын негизги функциясы болуп төмөнкүлөр саналат:
- мамлекеттик сатып алуулар порталында конкурстук документтерди иштеп чыгуу жана жайгаштыруу;
- конкурстук документтерди иштеп чыгууда жардам көрсөтүүчү эксперттерди чакыруу;
- техникалык кызматкерлерди комиссиянын курамына киргизүү жөнүндө чечим кабыл алуу;
- баадан тышкары тандап алуунун кошумча критерийлерин белгилөө;
- конкурстук документтерде белгиленген талаптарга карата акциздик маркалардын үлгүлөрүнүн шайкештигин баалоо үчүн экспертизага жөнөтүү;
- кепилдик камсыздоонун өлчөмүн жана түрүн аныктоо;
- берүүчүлөрдүн (подрядчылардын) каршылык билдирүүлөрүн жана даттанууларын кароо жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык чечим кабыл алуу;
- мамлекеттик сатып алуулар жаатындагы мыйзамдардын талаптарын сактоо маселеси боюнча комиссия тарабынан чыгарылган чечимди текшерүү үчүн аудиторду аныктоо;
- конкурстук документтерде каралган критерийлерди жана талаптарды бекитүү;
- конкурстук документтерде көрсөтүлгөн мөөнөттө конкурстук өтүнмөлөрдү ачуу;
- сатып алуулар жол-жобосуна протокол түзүү;
- экинчи жолу же кошумча кароо үчүн жеңүүчүгө келишимди ыйгаруу же болбосо негиздеме киргизүү жөнүндө сунуш киргизүү.
Техникалык өз алдынчалыктар же негизги талаптар өзгөртүлгөндө сатып алуу предметин өзгөртпөстөн, мөөнөтүндө толуктоолорду чыгаруу жолу менен берүүчүгө (подрядчыга) конкурстук өтүнмөсүн даярдоодо өз убагында конкурстук документацияларга киргизилген өзгөртүүлөрдү эске алууга жана өзүнүн конкурстук өтүнмөсүн өз убагында жөнөтүүгө мүмкүндүк берүүчү өзгөртүүлөрдү киргизе алат, бирок кандай болсо да конкурстук өтүнмөлөрдү берүүнүн акыркы мөөнөтүнө чейинки үч жумушчу күндөн кечиктирилбейт. Конкурстук документацияга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу маалымат бардык конкурска катышуучуларга милдеттүү түрдө билдирүү менен мамлекеттик сатып алуулардын веб-порталында жарыяланат жана алар үчүн милдеттүү күчкө ээ болот.
4. Конкурстук комиссиянын иштөө тартиби
14. Конкурстук өтүнмөлөр салынган конверттер конкурстук өтүнмөлөрдү берүүнүн акыркы мөөнөтү аяктагандан кийин жана конкурстук документтерде көрсөтүлгөн белгилүү бир жерде дароо ачылат. Конкурстук өтүнмөлөрдү берүүнүн акыркы мөөнөтү узартылган учурда конверттер тийиштүү күнү ачылат.
15. Конкурстук өтүнмөлөрдү ачуу учурунда бардык каалоочуларга катышууга уруксат берилет. Аудио жазмаларга же видео тартууларга уруксат берилет.
16. Комиссиянын жыйыны өтүнмөлөр ачылгандан кийин, жеткирүүчүлөрдүн катышуусуз дароо өткөрүлөт жана андан кийинкилери зарылчылыкка жараша өткөрүлөт.
17. Комиссиянын ишин анын төрагасы жетектейт.
18. Конкурстук өтүнмөлөрдү баалоо комиссиянын толук курамында ишке ашырылышы керек, комиссия иштеп жаткан мезгилде комиссия мүчөсү бир да жолу катышпаса, комиссия түзүү жөнүндө документке өзгөртүү киргизүү зарыл.
19. Төрага жана комиссия мүчөлөрү комиссияга жүктөлгөн милдеттерди жана функцияларды аткарууга жеке жоопкерчилик тартышат.
20. Комиссия мүчөлөрү комиссиянын жалпы чечими менен макул болбогон учурда жазуу жүзүндөгү каршы пикирин даярдоого укуктуу, ал баалоо отчётунда жана сатып алуулар жол-жоболорунун протоколунда жазылышы керек.
21. Комиссиянын бардык мүчөлөрү (ага тете эле анын ишине катышууга тартылган адистер) колдонулуудагы мыйзамдарда белгиленген талаптардын өз ишинде сакталышы үчүн, чечимдерди кабыл алуудагы объективдүүлүк үчүн, ошондой эле конкурстун шарттарына ылайык коммерциялык сыр болуп эсептелген маалыматтарды ачыкка чыгаргандыгы үчүн жоопкерчилик тартышат.
22. Комиссиянын ишин уюштурууну, баалоочу отчетторду, протоколдорду жана башка документтерди тариздөөнү комиссиянын төрагасы тарабынан дайындалган комиссиянын катчысы камсыз кылат. Комиссиянын чечими баалоочу отчётторду карагандан кийин комиссиянын толук курамы катышкан шартта ачык добуш берүү жолу менен кабыл алынат жана эгерде жыйынга катышкан комиссия мүчөлөрүнүн жарымынан көбү ал үчүн добуш берсе кабыл алынды деп эсептелет. Добуштар тең болуп калган учурда комиссиянын төрагасынын добушу чечүүчү болот.
23. Комиссиянын чечими комиссиянын бардык мүчөлөрү тарабынан кол коюлган сатып алуулар жол-жобосунун протоколу менен таризделет.
24. Келишим түзүлгөн учурдан тартып комиссиянын иши токтотулат.
5. Комиссиянын чечимдерди кабыл алуу тартиби жана жоопкерчилиги
25. Конкурстук комиссия баа берүүнүн жана өтүнмөлөрдү салыштыруунун жыйынтыктары боюнча (акциздик маркалардын үлгүлөрүнүн экспертизасынын жыйынтыктарын эске алуу менен) чечим кабыл алат жана тендердин жеңүүчүсүнө келишимди ыйгаруу жөнүндө же башка чечим кабыл алуу үчүн чечим кабыл алат.
26. Комиссиянын чечими менен макул болбогон учурда комиссиянын каалаган мүчөсү баалоо отчетторунда жана сатып алуу жол-жоболорунун протоколунда жазылууга тийиш болгон өзгөчө пикирин билдирүүгө укуктуу.
27. Өткөрүлгөн тендердин жыйынтыгы боюнча тандалып алынган берүүчү (подрядчы) кол койбогон учурда, сатып алуучу уюм комиссиянын чечимине ылайык сатып алуулардын жол-жобосунун протоколунда көрсөтүлгөн кийинки талапкерге келишимди ыйгаруу жөнүндө чечим кабыл алышы мүмкүн.
28. Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө мыйзамдын талаптарына шайкеш келбеген чечимди кабыл алууга катышкан жана баалоо отчетторунда жана сатып алуулар жол-жобосунун протоколунда өзгөчө пикирин билдирбеген комиссиянын мүчөлөрү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчилик (анын ичинде административдик) тартышат.