Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 29-июлундагы № 95 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ѲКМѲТY
ТОКТОМ
2015-жылдын 21-сентябры № 655
Кыргыз Республикасында жана анын чегинен тышкары алкоголдук жана тамеки буюмдарына акциздик маркаларды даярдоо жана жеткирүү боюнча кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алуу тартибин бекитүү жөнүндө
"Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 10-беренесинин 7-бөлүгүнө, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасында жана анын чегинен тышкары алкоголдук жана тамеки буюмдарына акциздик маркаларды даярдоо жана жеткирүү боюнча кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алуу тартиби тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматы Кыргыз Республикасында жана анын чегинен тышкары алкоголдук жана тамеки буюмдарына акциздик маркаларды даярдоо жана жеткирүү боюнча кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алууга конкурс өткөрүү боюнча сатып алуучу уюм болуп аныкталсын.
3. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматы менен бирдикте:
- "Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталуучу сатып алуунун тартибин тактоо бөлүгүндө түзөтүү киргизүүнү караган Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун белгиленген тартипте эки айлык мөөнөттө иштеп чыксын жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн кароосуна киргизсин;
- ушул токтомдон келип чыгуучу башка чараларды көрсүн.
4. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын финансы жана кредит саясаты бөлүмүнө жүктөлсүн.
5. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Премьер-министр | Т.А. Сариев |