Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ѲКМѲТY
ТОКТОМ
2015-жылдын 16-сентябры № 641
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 28-январындагы № 29 "Кыргыз Республикасынын Энергетика жана өнөр жай министрлигинин алдындагы "Кыргызтуракжайкоммунсоюз" мамлекеттик ишканасынын суу менен камсыз кылуу жана саркынды сууларды чыгаруу объекттерин муниципалдык менчикке өткөрүп берүү жөнүндө" токтомуна толуктоолорду киргизүү тууралуу
Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын керектөөчүлөрдү ичүүчү суу менен үзгүлтүксүз камсыз кылуу боюнча ишинин натыйжалуулугун жогорулатуу максатында, "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 17-беренесине, "Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6-беренесине, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 28-январындагы № 29 "Кыргыз Республикасынын Энергетика жана өнөр жай министрлигинин алдындагы "Кыргызтуракжайкоммунсоюз" мамлекеттик ишканасынын суу менен камсыз кылуу жана саркынды сууларды чыгаруу объекттерин муниципалдык менчикке өткөрүп берүү жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй толуктоолор киргизилсин:
- ушул токтомдун тиркемесинде аталган "Кыргызтуракжайкоммунсоюз" мамлекеттик ишканасынын муниципалдык менчикке өткөрүп берилүүчү суу менен камсыз кылуу жана саркынды сууларды чыгаруу объекттеринин тизмегинде:
- "Чүй облусунун Сокулук районундагы Сокулук айыл өкмөтү" бөлүмү төмөнкүдөй мазмундагы 6 жана 7-саптар менен толукталсын:
"
6 | Мамлекеттик номери 27-22 SC "УАЗ-452" маркасындагы автомобиль | 1 | - |
7 | Мамлекеттик номери 581 TRSC "ЭО-2621" маркасындагы трактор | 1 | - |
";
- "Чүй облусунун Москва районундагы Беловодск айыл өкмөтү" бөлүмү төмөнкүдөй мазмундагы 12, 13 жана 14-саптар менен толукталсын:
"
12 | Мамлекеттик номери 27-23 SC "ГАЗ-52" маркасындагы автомобиль | 1 | - |
13 | Мамлекеттик номери 95-70 ФО "ЭО-2651 маркасындагы трактор | 1 | - |
14 | Мамлекеттик номери 27-21 SC "ИЖ-2715" маркасындагы автомобиль | 1 | - |
".
2. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын өнөр жай, отун-энергетикалык комплекси жана кен пайдалануу бөлүмүнө жүктөлсүн.
3. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Премьер-министр | Т.А. Сариев |