Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ѲКМѲТY
ТОКТОМ
2015-жылдын 28-январы № 29
Кыргыз Республикасынын Энергетика жана өнөр жай министрлигинин алдындагы “Кыргызтуракжайкоммунсоюз” мамлекеттик
ишканасынын суу менен камсыз кылуу жана саркынды сууларды чыгаруу объекттерин муниципалдык менчикке өткөрүп берүү жөнүндө
(КР Ѳкмѳтγнγн 2015-жылдын 16-сентябры № 641 токтомдун редакциясына ылайык)
Керектөөчүлөрдү үзгүлтүксүз ичүүчү суу менен камсыз кылуу боюнча жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишинин натыйжалуулугун жогорулатуу максатында, “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 17-беренесине, “Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6-беренесине, “Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонд Кыргыз Республикасынын Энергетика жана өнөр жай министрлигинин алдындагы “Кыргызтуракжайкоммунсоюз” мамлекеттик ишканасы менен бирдикте бир айлык мөөнөттө акысыз негизде белгиленген тартипте ушул токтомдун тиркемесинде көрсөтүлгөн суу менен камсыз кылуу жана саркынды сууларды чыгаруу объекттерин Чүй облусунун Сокулук районундагы Сокулук айыл өкмөтүнүн жана Москва районундагы Беловодск айыл өкмөтүнүн жана Нарын облусунун Жумгал районундагы Чаек айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигине өткөрүп берсин.
2. Чүй облусунун Сокулук районундагы Сокулук айыл өкмөтүнө, Москва районундагы Беловодск айыл өкмөтүнө жана Нарын облусунун Жумгал районундагы Чаек айыл өкмөтүнө төмөнкүлөр сунушталсын:
- жогоруда аталган суу менен камсыз кылуу жана саркынды сууларды чыгаруу объекттерин өздөрүнүн балансына белгиленген тартипте кабыл алуу;
- аларды түздөн-түз максаттуу багыты боюнча пайдаланууну камсыз кылуу.
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматы жогоруда аталган суу менен камсыз кылуу жана саркынды сууларды чыгаруу объекттерин каттасын.
4. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
5. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын өнөр жай, отун-энергетикалык комплекси жана кен пайдалануу бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр | Дж.К.Оторбаев |
Тиркеме
(КР Ѳкмѳтγнγн 2015-жылдын 16-сентябры № 641 токтомдун редакциясына ылайык)
№ | Объекттердин аталышы | Саны | Калдык наркы (миң сом) |
1 | 2 | 3 | 4 |
Чүй облусунун Сокулук районундагы Сокулук айыл өкмөтү | |||
1 | Суу топтомо жайынын имараты | 1 | - |
2 | Суу топтоочу жайдагы өтмө курулма | 1 | - |
3 | Скважина | 1 | - |
4 | Күч жабдуулары | 30 даана | 481,660 |
5 | Өткөрүп туруучу орнотмо (тармак) | 150 км | 469,028 |
6 | Мамлекеттик номери 27-22 SC "УАЗ-452" маркасындагы автомобиль | 1 | - |
7 | Мамлекеттик номери 581 TRSC "ЭО-2621" маркасындагы трактор | 1 | - |
| Бардыгы: |
| 950,688 |
Чүй облусунун Москва районундагы Беловодск айыл өкмөтү | |||
1 | Турак үй | 1 | 217,909 |
2 | Контролдук өткөрүүчү пункт | 1 | 11,548 |
3 | Скважина имараты - 1, 2, 3, 4, 5, 6 | 5 | - |
4 | Тосмо | 440 м | 578,0 |
5 | Күч жабдуулары | 39 даана | 1 442,833 |
6 | Өткөрүп туруучу орнотмо (тармак) | 105 км | 1 480,517 |
7 | Тазалоочу курулмалар имараты | 1 | 296,037 |
8 | Тунма аянтчасы | 1 | - |
9 | Насостук станция | 1 | 1,505 |
10 | Күч жабдуулары | 15 даана | 77,316 |
11 | Өткөрүп туруучу орнотмо (тармак) | 5,9 км | 194,450 |
12 | Мамлекеттик номери 27-23 SC "ГАЗ-52" маркасындагы автомобиль | 1 | - |
13 | Мамлекеттик номери 95-70 ФО "ЭО-2651 маркасындагы трактор | 1 | - |
14 | Мамлекеттик номери 27-21 SC "ИЖ-2715" маркасындагы автомобиль | 1 | - |
| Бардыгы: |
| 4 300,115 |
Нарын облусунун Жумгал районундагы Чаек айыл өкмөтү | |||
1 | Колонка | 45 даана | 94,965 |
2 | Трасса | 25 км | - |
3 | “Чуңкур” суу сактагычы | 300 м3 | - |
4 | “Узун-Булак” суу сактагычы | 500 м3 | - |
| Бардыгы: |
| 94,965 |