Загрузка документа…
КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 30-апрелиндеги № 227 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ѲКМѲТY
ТОКТОМ
2015-жылдын 16-сентябры № 644
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
Товарлардын, жумуштардын, кызмат көрсөтүүлөрдүн коопсуздугун камсыз кылуу максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1997-жылдын 26-сентябрындагы № 556 "Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Дары-дармек менен камсыздоо жана медициналык техникалар департаментин түзүү жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй толуктоо киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Дары-дармек менен камсыздоо жана медициналык техникалар департаменти жөнүндө жободо:
- расмий тилдеги тексттин 6-пунктунун он жетинчи абзацы "о лекарственных средствах" деген сөздөрдөн кийин "на государственном и официальном языках" деген сөздөр менен толукталсын.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 17-майындагы № 271 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик агенттиги жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоо киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик агенттиги жөнүндө жободо:
- бүткүл тексти боюнча "жана уруксат берилген" деген сөздөр алып салынсын, "жана уруксат берилген монополиялар", "жана уруксат берилген монополиялардын" деген сөздөр "монополия" деген сөз менен алмаштырылсын;
- 7-пунктта:
он үчүнчү жана он төртүнчү абзацтар күчүн жоготту деп таанылсын;
жыйырманчы абзацтагы "жана базарлардын администрациялары" деген сөздөр алып салынсын;
кыркынчы абзацтагы ", базарлар" деген сөз алып салынсын;
кырк биринчи абзацтагы ", базарлардын" деген сөз алып салынсын, "жарнама жөнүндө" деген сөздөрдөн кийин ", мамлекеттик тил жөнүндө" деген сөздөр менен толукталсын;
кырк экинчи абзац төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"- Кыргыз Республикасынын товардык рынокторунда үстөмдүк абалды ээлеген чарба жүргүзүүчү субъекттердин мамлекеттик реестрин түзөт жана жүргүзөт;".
3. Ушул токтом Кыргыз Республикасынын 2014-жылдын 29-майындагы Евразия экономикалык бирлиги жөнүндө келишимге Кыргыз Республикасынын кошулуусу тууралуу келишим күчүнө кирген күндөн тартып күчүнө кирүүчү 2-пункттун үчүнчү, тогузунчу жана онунчу абзацтарынан тышкары, расмий жарыяланган күндөн он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Премьер-министр | Т.А. Сариев |