Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 22-февралындагы № 93 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ѲКМѲТY
ТОКТОМ
2015-жылдын 16-сентябры № 648
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине толуктоо жана өзгөртүү киргизүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 251-1 жана 251-2-беренелеринин ченемдерин ишке ашыруу максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 14-июлундагы № 491 "Кошумча нарк салыгы жана акциз салыгы боюнча салык отчетунун формаларын, аларды толтуруу жана берүү тартибин бекитүү жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй толуктоо киргизилсин:
- жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кошумча нарк салыгы боюнча отчетту толтуруу жана берүү тартибинде:
45-пунктунун 4-пунктчасындагы таблицасынын "Бошотулган жеткирүүлөр" 200-299" бөлүмү төмөнкү мазмундагы позициялар менен толукталсын:
"
220 | Мектепке чейинки билим берүү уюмдары (жеке менчик формасынын негизинде түзүлгөн бала бакчалар) тарабынан кызмат көрсөтүүлөр |
221 | Кардиохирургиялык багыттагы жеке менчик медициналык мекемелер тарабынан кызмат көрсөтүүлөр |
".
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 20-апрелиндеги № 177 "Кошумча нарк салыгынын эсептик-фактураларынын так отчеттук бланкаларын колдонуу жана эсепке алуу тартиби жөнүндө жобону жана кыйыр салыктар боюнча салыктык отчеттук формаларын бекитүү жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
- 2-пункту күчүн жоготту деп таанылсын.
3. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Премьер-министр | Т.А. Сариев |