Загрузка документа…
Кыргыз Республикасынын
Министрлер Кабинетинин
2023-жылдын 13-декабрындагы № 675
токтомуна ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ѲКМѲТY
ТОКТОМ
2015-жылдын 17-сентябры № 649
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 31-январындагы № 61 "Айыл чарбаны каржылоо - 2" долбоорун бекитүү жөнүндө" токтомуна толуктоо киргизүү тууралуу
Республиканын айыл чарба өндүрүүчүлөрүнө мамлекеттик колдоо көрсөтүү максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 31-январындагы № 61 "Айыл чарбаны каржылоо - 2" долбоорун бекитүү жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй толуктоо киргизилсин:
жогоруда аталган токтомдун тиркемесинде:
- 1-глава төмөнкүдөй мазмундагы он биринчи абзац менен толукталсын:
"Коммерциялык банктар жана адистештирилген финансы-кредиттик мекемелер, эгерде мурда алынган кредиттик каражаттардын максаттуу тармагы "Айыл чарбаны каржылоо - 2" долбоорунун максаттарына шайкеш келсе, айыл чарба өндүрүүчүлөрүнүн жана айыл чарба продукцияларын кайра иштеткен субъекттердин болгон карыздарын, анын ичинде башка банктардагы же адистештирилген финансы-кредиттик мекемелердеги карыздарын кайра каржылоого укуктуу.".
2. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Премьер-министр | Т.А. Сариев |