Загрузка документа…
КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 28-мартындагы № 159 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ѲКМѲТY
ТОКТОМ
2015-жылдын 17-сентябры № 650
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 20-февралындагы № 78 "Улуттук экономиканы чыңдоо боюнча 2015-жылга Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Иш-чаралар планын бекитүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу
Кыргыз Республикасынын Евразия экономикалык бирлигине кошулуусун эске алуу менен улуттук экономиканы чыңдоого багытталган иш-чараларды күчөтүү максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 20-февралындагы № 78 "Улуттук экономиканы чыңдоо боюнча 2015-жылга Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Иш-чаралар планын бекитүү жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Улуттук экономиканы чыңдоо боюнча 2015-жылга Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Иш-чаралар планында:
- 1.3-пункттун "Мөөнөттөрү" графасындагы "01.06.15" деген цифралар "01.09.15" деген цифралар менен алмаштырылсын;
- 1.4-пункттун "Мөөнөттөрү" графасындагы "30.07.15" деген цифралар "30.11.15" деген цифралар менен алмаштырылсын;
- 1.8-пунктта:
"Жооптуу аткаруучулар" графасындагы "ЭМ, ММБФ" деген аббревиатуралар "ММБФ, ЭМ" деген аббревиатуралар менен алмаштырылсын;
"Мөөнөттөрү" графасындагы "15.05.15" деген цифралар "01.12.15" деген цифралар менен алмаштырылсын;
- 1.9-пункттун "Мөөнөттөрү" графасындагы "01.09.2015" деген цифралар "01.11.2015" деген цифралар менен алмаштырылсын;
- 1.10-пункттун "Мөөнөттөрү" графасындагы "01.09.2015" деген цифралар "10.12.2015" деген цифралар менен алмаштырылсын;
- 1.23-пунктта:
"Иш-чаралар" графасындагы "Долбоордук документтерди мамлекеттик эмес экспертизалоо жана кызмат көрсөтүүлөрдү жеке секторго өткөрүп берүү жөнүндө жобонун долбоорун Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн кароосуна киргизүү" деген сөздөр "Долбоордук документтерге мамлекеттик эмес экспертиза жүргүзүү жана кызмат көрсөтүүлөрдү жеке секторлорго өткөрүп берүү жөнүндө жобону иштеп чыгуу жана бекитүү" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
"Мөөнөттөрү" графасындагы "01.06.15" деген цифралар "01.09.15" деген цифралар менен алмаштырылсын;
- 1.25 жана 1.26-пункттар күчүн жоготту деп таанылсын;
- 2.8-пункттун "Мөөнөттөрү" графасындагы "30.07.15" деген цифралар "01.09.15" деген цифралар менен алмаштырылсын;
- 3.8-пункт күчүн жоготту деп таанылсын;
- 3.9-пункттун "Мөөнөттөрү" графасындагы "10.08.15" деген цифралар "10.12.15" деген цифралар менен алмаштырылсын;
- 3.10-пункт күчүн жоготту деп таанылсын;
- 3.12-пункттун "Мөөнөттөрү" графасындагы "01.07.15" деген цифралар "10.12.15" деген цифралар менен алмаштырылсын;
- 3.13-пунктта:
"Иш-чаралар" графасындагы "Колдонуудагы ченемдик укуктук актыларды жана ченемдик укуктук актылардын иштелип жаткан долбоорлорун коррупцияга каршы экспертизалоо жол-жобосун киргизүү" деген сөздөр "Колдонуудагы ченемдик укуктук актыларды жана ченемдик укуктук актылардын иштелип жаткан долбоорлорун коррупцияга каршы экспертизалоону киргизүүнү караган Мыйзамдын долбоорун иштеп чыгуу жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын кароосуна белгиленген тартипте киргизүү" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
"Мөөнөттөрү" графасындагы "01.08.15" деген цифралар "01.12.15" деген цифралар менен алмаштырылсын;
- 3.14-пункттун "Мөөнөттөрү" графасындагы "10.06.15" деген цифралар "30.12.15" деген цифралар менен алмаштырылсын;
- 3.16-пункттун "Мөөнөттөрү" графасындагы "01.11.15" деген цифралар "10.12.15" деген цифралар менен алмаштырылсын;
- 3.17-пункттун "Мөөнөттөрү" графасындагы "10.08.15" деген цифралар "30.11.15" деген цифралар менен алмаштырылсын;
- 3.22-пункттун "Жооптуулар" графасындагы "ЭМ" деген аббревиатура "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Соттук өкүлчүлүк борбору, ЭМ" деген сөздөр жана аббревиатура менен алмаштырылсын;
- 4.3-пунктта:
"Иш-чаралар" графасындагы "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн кароосуна мамлекеттик ишканалардын жана алардын жетекчилеринин ишинин натыйжалуулугунун негизги финансы-экономикалык индикаторлорун киргизүү" деген сөздөр "Мамлекеттик ишканалардын жана мамлекет катышкан чарбалык коомдордун ишинин натыйжалуулугунун негизги финансы-экономикалык индикаторлорун бекитүү" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
"Күтүлүүчү натыйжа" графасындагы "ишинин экономикалык ченемдерин иштеп чыгуу" деген сөздөр ", мамлекет катышкан чарбалык коомдордун ишинин экономикалык ченемдерин иштеп чыгуу жана аларды бекитүү" деген сөздөр менен толукталсын;
- "Жооптуулар" графасындагы "ЭМ, ММБФ" деген аббревиатуралар "ММБФ, ЭМ" деген аббревиатуралар менен алмаштырылсын;
- 4.5-пункт күчүн жоготту деп таанылсын;
- 4.6-пункттун "Мөөнөттөрү" графасындагы "10.08.15" деген цифралар "10.11.15" деген цифралар менен алмаштырылсын;
- 6.3-пункт күчүн жоготту деп таанылсын;
- 6.8-пункт күчүн жоготту деп таанылсын;
- 6.10-пункт күчүн жоготту деп таанылсын;
- 7.5-пункттун "Жооптуулар" графасындагы ", Токой агенттиги" деген сөздөр алып салынсын;
- 10.1-пункттагы "01.05.15" деген цифралар "10.12.15" деген цифралар менен алмаштырылсын;
- 10.2-пункттагы "01.05.15" деген цифралар "10.12.15" деген цифралар менен алмаштырылсын;
- 10.9-пункттагы "15.07.15" деген цифралар "10.12.15" деген цифралар менен алмаштырылсын;
- 11.1-пункттагы "01.06.15" деген цифралар "01.09.15" деген цифралар менен алмаштырылсын;
- 11.3-пункттагы "31.08.15" деген цифралар "10.12.15" деген цифралар менен алмаштырылсын;
- 11.7-пункттагы "15.08.15" деген цифралар "01.11.15" деген цифралар менен алмаштырылсын;
- 14.6-14.8-пункттарда:
"Иш-чаралар" графасындагы "методикасынын долбоорун Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө киргизүү" деген сөздөр "методиканы бекитүү" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
"Мөөнөттөрү" графасындагы "01.06.15" жана "01.08.15" деген цифралар "01.12.15" жана "01.11.15" деген цифралар менен алмаштырылсын;
- 14.9-пункттагы "01.06.15" деген цифралар "01.10.15" деген цифралар менен алмаштырылсын;
- 16.3-пункт күчүн жоготту деп таанылсын;
- 23.1-пункттагы "01.07.15" деген цифралар "30.10.15" деген цифралар менен алмаштырылсын.
2. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Премьер-министр | Т.А. Сариев |