Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2016-жылдын 28-марты № 159
"Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 20-февралындагы № 78 "Улуттук экономиканы чыңдоо боюнча 2015-жылга Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Иш-чаралар планын бекитүү жөнүндө" токтомун күчүн жоготту деп таануу тууралуу
"Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп таанылсын:
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 20-февралындагы № 78 "Улуттук экономиканы чыңдоо боюнча 2015-жылга Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Иш-чаралар планын бекитүү жөнүндө" токтому;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 17-сентябрындагы № 650 "2015-жылдын 20-февралындагы № 78 "Улуттук экономиканы чыңдоо боюнча 2015-жылга Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Иш-чаралар планын бекитүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу" токтому.
Премьер-министр | Т.А. Сариев |