Загрузка документа…
КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 4-майындагы № 250 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ѲКМѲТY
ТОКТОМ
2015-жылдын 21-сентябры № 653
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 23-январындагы № 21 "Кыргыз Республикасынын айылдык товар өндүрүүчүлөрүнө 2015-жылдагы айыл чарбалык талаа жумуштарын өз убагында жана уюшкандыкта жүргүзүүгө мамлекеттик колдоо көрсөтүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүү жана толуктоо киргизүү тууралуу
2015-жылдагы айыл чарбалык талаа жумуштарын өз убагында жана уюшкандыкта жүргүзүүнү камсыздоо үчүн айылдык товар өндүрүүчүлөргө колдоо көрсөтүү, Кыргыз Республикасынын азык-түлүк коопсуздугун камсыздоо максатында, "Кыргыз Республикасынын айыл чарбасын өнүктүрүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 23-январындагы № 21 "Кыргыз Республикасынын айылдык товар өндүрүүчүлөрүнө 2015-жылдагы айыл чарбалык талаа жумуштарын өз убагында жана уюшкандыкта жүргүзүүгө мамлекеттик колдоо көрсөтүү жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү жана толуктоо киргизилсин:
9-пунктта:
- үчүнчү абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"- "Кайыңды-Кант" ачык акционердик коому менен түзүлгөн келишимдердин негизинде кызылчаны кабыл алуу жана иштетүү мезгилинде вагондордун жүктөө жана түшүрүү үчүн туруп калуусунун экономикалык жактан негизделген нормативдерин белгилөө сунушталсын;";
- төмөнкүдөй мазмундагы төртүнчү абзац менен толукталсын:
"- 2015-жылдын 1-октябрынан 31-декабрына чейин кант кызылчасын жана кумшекерди республика ичиндеги темир жол аркылуу колдонуудагы тарифтерди 20%га төмөндөтүү менен убактылуу жеңилдетилген тарифте ташуу сунушталсын.".
2. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Премьер-министр | Т.А. Сариев |